← Кененим 10/10

Кимиң кабар кылмаксың, Чыгыш менен батышка, Жайнап жаткан көп элге, Эртеңки күнү жекеге, Сен чыгасың чекеге, Өзүм барсам кантесиң, Саламат барбай ал жерге? Өзүңдү салам, Ачакан, Өзүң казган кандекке, Пейлиңердин карасы, Качан болсо ашкере. Таласты алам дегениң, Жарабаган бир кебиң. Айкөл Манас баатырдын, Күмбөзү турса заңкайып, Коргону турса даңкайып, Бакай менен Манастын, Бактары турса карарып, Азуусун айга бүлөгөн, Ак калпак кыргыз эл турса, Бай чечекей башында, Бадырайып калдайып. Деп айтканда баатыр шер, Ачакан айтат алдырап, Кайсы экенин биле албай, Акыл качып шалырап: — Сурадың, баатыр, кулак сал, Баарыбызды башкарган, Саламат болгон биздин хан. Батыш менен чыгышка, Саламат кабар бермекчи, Батышта жаткан дөлөрдөн, Жети дөөнүн элине, Айтумуштун жерине, Күн чыгышта кытайга, Анжу менен манжуга, Муңгул менен киданга, Шибе менен солонго, Кабар берчү элдердин, Аттары, баатыр, ошончо, Эртең менен болгондо, Калганын байка ошондо, Анык белги болот го. — Андай болсо, Ачакан, Кененимге айттым деп, Саламатка айтпагын, Абийиримди ачат деп, Жер кучактап жатпагын, Жакшы-жаман иштерин, Өз билгимче байкайын, Ушу деп менин дегеним, Кайра тартты Кененим. Аңгыча сүрүп таң атты, Тоо бөксөлөп күн чалды, Испандыктын аскери, Түп көтөрө аттанды Байракты көрүп Саламат, Атка минип басканы, Кой, Саламат, барба, — деп, Кененимдин айтканы, - Канча күндөн бер жакка, Карчалыштың кармашып, Коросон менен испандык, Койгон окшойт чарчатып. Өткөн күнү өкчөштүк, Жан айабай салышып, Ошол күндү өткөздүң, Ойноп чүкө карчаштың, Каруулашып кармаштың, Мен барайын алдында, Тилимди алсаң барбагын. Саламат ага болбоду, Найзасын күүлөп имерип, Сапырылтып топону, Салган бойдон чу койду. Испандан келген Ачакан, Саламат менен бет келди, Ачакан сайды айанбай, Саламат сайды айарлай. — Ой, Саламат, Саламат, Турасың азыр эсен- сак, Айткан сөзүң канаке, Кененимди аздырып, Келмек элең тар жерге, Таң аткынча жол тостум, Келбей койдуң ал жерге. Айлабыз эми не болот, Амалын тапкын! — деди эле. Саламат айтат мамындай: — Эки имерип сайышып, Качып бергин калдаңдап, Мен кууп калам далдаңдап. Кененим айтат койгун, деп, Мен кетемин болду, деп. Бүгүн жаткан жеринде, Сага келем, Ачакан, Кененимдин башын жеп, Айтканындай Ачакан, Качып калды калдайып, Аркасынан Саламат, Кууп кирди далбайып, Кууба дебей Кененим, Карап турду калкайып. Жетмексен болуп Саламат, Кайра тарта албады, Качырып найза салбады. Кеңкула менен аргытып, Кененим жетип барганы, Ажалым жеткен экен, деп, Ачакан шашып калганы. Ачуу басып Саламат, Ажалы мунун айдады: — Сен алдынан, Ачакан, Мен артынан салам! — деп, Айкырып айтып калганы. — Апкаарып калдым, Саламат, Алдынан чыга албаймын, Аркасы кең, алды тар, Анык арстан Кененим, Бар сырымды айтайын. Ачакандан кеп угуп, Сыр айтамын деп угуп, Түнкү менен кээри жок, Айтат экен чынын, деп, Ачылат экен сырым, деп, Ачаканды бет алып, Ачуу менен Саламат, Атка камчы бир салып, Жандап өтө бергенде, Эр Кененим кеп айтат: Кой,Саламат, койгун, — деп, Болду, баатыр, болду, — деп, Эки айтса укпады, Кененим жетип баргыча, Ачаканды Саламат, Как бөйрөккө муштады, Кош бөйрөктөн өткөрүп, Найзаны канга чыктады, Саламат, деп бир айтты, Жаныштап үнү чыкпады, Жалпайып жерди жыттады. Саламатка Кененим: — Сайба десе болбодуң, Болбой муну сойгонуң, Арамдык бар бул жерде, Ачыгын айткын кебиңдин, Ашкере билип турамын, Арам ит, сенин пейлиңди, Бул эмине кылганың?! Кененимдин кебине, Жооп бербей дегеле: — Чыйраксынба, Кененим, Чакчырылып сен эле, Акимсий берсең жөн эле, Абийириң ачам эми эле! Атамдын кунун аламын, Эрке тукум бар туруп. Албай кантип каламын?! Энем эркек деп тууган, Элимдин кегин аламын! Деп күпүлдөп Саламат, Бакырыгы баш жарып, Сарыбай деп үн салып, Өткүр найза колго алып, Үңүрөңдөп качырды, Кагып ийип найзасын, Кененимдин айканы: — Ойнойсуңбу, чыныңбы, Чын эле нээтиң бузулуп, Кылып жаткан чырыңбы? — Ойлоп койгун ойнум жок, Ичим жалын, боорум чок, Кененим, сенден саламат, Жалтанып калар жерим жок! Жалаңкыч сары сен болсоң, Кутургурдун уулумун, Суудай төгөм каныңды, Бош кыламын шаарыңды, Кыдыртып жүрүп кылымга, Жоготом кыргыз баарыңды! Ажыдаардай арбаймын, Айанып сенден калбаймын, Түптүү кыргыз журтуңду, Түп көтөрө жалмаймын, Обур-добур сөз айтып, Оозунан көбүк чачылып, Оттой жанып эки көз, Ок жыландай атылып, Опсуз тийди бакырып. Салгылаша келгенде, Атасы өлгөн Сарыбай, Кутургурдан кем эмес, Адам болжор эр эмес. Найзаларын кагышып, Карсылдашып чабышып, Жер силкинип суу агып, Тоо козголуп таш кулап, Асман ачык, жер бүркөк, Жерден учкан топурак, Күн бүркөлүп бузулуп, Күн көрүнбөй тутулуп. Акыр-такыр бул дүйнө, Акыр заман болгондой, Жер танабы үзүлүп, Аңтарылып кетчүдөй, Булуттун жиги ажырап, Жерге түшчү немедей, Ар бир шумдук кубулуп, Болуп жаткан ченебей. Кармашканын кылган түз, Каары катуу заары күч, Канкордун уулу Кененим, Манастап ураан чакырып, Саламатты бетке алып, Жан айабай киргенде, Кара жерге калтырак, Дыр-дыр этип тийгенде, Чыккынчыны Кененим, Найзага илип алганы, Көтөргөндө күү менен, Колумда жарак калбады, Төрт айагы тарбаңдап, Өлгөн төөдөй дардайып, Күүлөп-күүлөп алганы, Күүсү менен Кененим, Үрчүк тоого салганы, Ушаланып жоголду, Сөөгүнөн тайны калбады, Ачакан менен Саламат, Катар өлүп сойлоду. Испандыктын элдерин: — Өлбөй тирүү калганың, Өз жериңе кет, — деди, Өз элиңе жет, — деди, Ачакандын уулу бар, Атанын ордун басуучу, Ханыңар болсун ал, — деди. Колбуп жаткан кошуунду, Элине айдап жиберди. Саламаттын найзасын, Ачакандын таажысын, Ала кетти Кененим. “Коросон барып нетемин, Коркпос болсо Дабытай, Батыш менен Чыгышка, Кабар берип баарына, Баштап келсин эрлерин, Бадыректин ошондо, Мен беремин эдебин. Жамандык жерге жатканы, Ачакан менен Саламат, Катар өлүп кеткенин, Бирөөлөр барып айтпайбы, Кек алам деп кектеше, Ат изин салып кыргызга, Таластын жерин тепсетсе, Тартынбай туруп баарысын. Талкалайын күл кылып. Бүгүн неге барайын, Арып-чарчап, ач-арык Араң барган элдердин, Башына каран түн кылып?” Деп ойлонуп Кененим, Бурулуп жолго салыптыр, Муну мындай койуп тур, Коросондун улугу, Дабытайдан угуп тур.