← Кененим 1/4

Өзүнчө дүрбөгөн Коросон менен Испандын тоздурулушу

Антип-минтип арадан, Даалай күн өтүп кеткени, Кыргыздар кандай болду, деп, Кененим жөнөп кеткени, Чойун алпты Кененим, Кууп кеткен кездерде, Коросондун Кесилет, Бастырып чыкты жекеге. Кыргыздардан Чолпонбай, Бөлүнүп чыкты жекеге. Бет келгенде кесилет, Кылган иши кесирет, Өзүнө өзү ишенсе, Адамзат түркүн эсирет, деди, — Атың сенин ким?- — Менин атым Чолпонбай, Мени менен беттешкен, Болгон эмес көөнү жай. Токтоло калып Кесилет: — Кененим кайда, не келбейт? Кененим келсе мен бармын, Мени менен жөөлөшпөй, Жөн эле кетип сен калгын, Чолпонбай ага болбоду, Найзаны күүлөп кескерип, Капталдан ары бир койду, Найзасы сынып белинен, Козголуп койбойт көчүгү, Минген аттын ээринен. Эрегишип Чолпонбай, Эшик эндүү айбалта, Туруп берген Кесилет, Чокуга чапты кезенип, Бүткүл күчтүн барынча, Туулга темир жарылды, Кесилет буга ар кылды. Камчылап атын сабады, Чолпонбайдай мыктыны, Белден туура кармады. Аттан алып түшүрүп, Жана мыктың келгин деп, Карап турду күтүнүп. Эр Сүйүн жетти ат койуп, Эр кайраты тез болуп, Кесилетке жетишти, Сондуруп найза кез болуп, Найзасын улай кармады, Силкип тартып алганы, Куру кол калган Сүйүндү, Атынан алып таштады. — Турган экөөң кет, — деди, Элиңе ылдам жет, — деди, Кененимден башкаңар, Атка минбей жат, — деди, Чолпонбай, Сүйүн кайтканы, Бактыбайга айтканы, Бактыбай угуп каарданды, Атка камчы салганы, Жеткен жерде Бактыбай, Камындырбай сайганы. Бактыбайдан найза жеп, Мыкты жигит экен, деп, Качырып кирди Кесилет, Эки буту тепеңдеп, Төрт карыш келет сакалы, Шамал тийсе сепеңдеп. Бактыбайдын найзасын, Кагып таштап Кесилет, Как далыга бир койду, Топчу кулак кер аттан, Тоодой болгон Бактыбай, Томолонуп торойду. — Бол атыңа мин, деди, Мен Кесилет бил, деди, Менден коркуп Кененим, Бул майданга келбеди. Эртеңки күнү жүрөмүн, Таласка барып киремин, Кененим келсе кагышып, Как боорунан тилемин, Манастын тагын минемин, Калганда өзүм билемин. Силер менен сүйлөшүп, Убара болуп жүрбөймүн, Силерге бүгүн тийбеймин, Кененим келген күндөрдө, Үчөөңдү каттап сойомун, Кара көзүң ойомун, Карап турсун Кененим. Кабакка таштап койомун, Андан кийин Кесилет, Баатырлык атка кономун! Деп ошентип Кесилет: — Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Бачым мындан кет, — деди, Бар элиңе жет, — деди. Кененимди тапкыла, Баш-айагың жыйгыла, Тайарланып тургула, Таласка барам түз мындан, Эркек киши койбоймун, Кененим чыккан уруудан! Коросондон кутулуп, Таалайы андан пас болуп, Кужулдашып олтуруп! “Токтоо кылбай бул жерден, Таласка жетип тыналы, Кененим келер ангыча, Кеңеш-кепти угалы.” Дүбүрөшүп жөнөдү, Мурункудай боло албай, Бүжүрөшүп жөнөдү. Муну мындай таштайлы, Башкадан кепти баштайлы. Кутургурдун Саламат, Күн батыш барып келгели, Кененим атка мингели, Абам Бакай, хан Семей, Каныкей энең, шер Гүлүс, Айдай жеңең Айчүрөк, Кайып болуп кеткели, Чоң Таласка келбеди. “Аксакалдын баарысы, Элден кетти алыстап, Ошондон бери барбадым, Таласка барып келейин, Айкөл шердин күмбөзгө, Алакан ачып кол жайып, Бата кылып келейин” Эки бала ээрчитип, Жез билекти кошо алып, Таластан келип кеп угуп: “Эр Кененим баштаган, Элинен эркек ылганып, Тажиктердин шаарына, Калмактар келди чогулуп, Урушка кетти” деп угуп, “Мындай эмес Кененим, Бармактай бала кезинен, Жалгыз өзү барчу эле. Кантип калган эми, — деп, Ээрчитип элди дүрбөтүп, Минтип жүрүш кандай кеп?” Деп ойлонуп Саламат, Таласта жаткан кезинде, Колдун алды келди, деп, Кабар болду бешимде. Алдынан тосо барам, деп, Шер Кененим төрөгө, Саламат жолго салыптыр, Бара жатып жол тосуп, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Капташып жолдо калыптыр. Саламга алик алышып, Эсен-соону сурашып, — Кененим кана мында жок? Саламат сурай калыптыр, Кененимдин кеткенин, Өздөрү мында келгенин, Бактыбай айта салыптыр. Угуп алып Саламат: — Андай болсо азамат, Үйгө тарап кетпеңер, Бириң аттан түшпөңөр, Коросон менен испандык, Кошо түшөт эми эле, Коргонго кирип жай алса, Таласка ээлик кылалбай, Тим каласың жөн эле, Арамдык менен Кесилет, Алдап келген турбайбы, Чогуу туруп төртөөбүз, Коргонду берсек душманга, Арбагы Манас урбайбы. Алыстан келген баатырлар, Кайыл болду макул, деп. Жылгындуунун бойуна, Үч Кошойдун ойуна, Чатырды тигип салышты, Тайарланып калышты. Эртеси күнү түш менен, Испан менен коросон, Колбуп келип калышты. Түптүз басып чатырга, Түшкөлү келе жатышат, Алдынан киши жиберди, Атайлап ага Саламат. Саламат атын угушуп, Тайарланды урушка, Барабанын урушуп. Барабандар кагылып, Испан менен коросон, Катар туруп сап тизип, Байрак тиктеп туу сайып, Желпилдетип желекти, Жоого болор керекти, Кызыгышып кан төгөр, Унутулбас белекти. Ачакандын элинде, Искен деген балбаны, Бадырайып баш жуткур, Майданга чыга калганы. Кыргыздардын Чолпонбай, Токтоо кылып туралбай, Үстүнө кызыл жамынып, Ач жолборстой чамынып, Кыргыздан чыкты жекеге. Чолпонбай, Искен бет келди, Чолпонбайды ал Искен, Томолотом деп, келди. Желегин желге жапырды, Саламат кеби акыл, деп, Жекелешип качырды, Жеткен жерде Чолпонбай, Искендин шорун катырды. Катпаганда неткени, Чолпонбайдын найзасы, Карчыттын этин аралап, Тепчип өтүп кеткени, Ушул күнү Чолпонбай, Кара жерге жастанды, Испандан жети жексенди, Искен менен сегизди, Телегейи тегизди, Ырысын анын жегизди. Күн кеч кирип эл жатты, Кайгуулчу менен торолчу, Аскерди сактап туруучу, Таң атканча турушту. Бүткүл Талас элине, Душман келип жатканын, Түп көтөрө угузду, Эркек-айал, кары-жаш, Калбай баары угушту. Арбагың Манас колдо, деп, Муунта кармап жакасын, Тилек тилеп турушту, Дагы жерге күн тийип, Баштамак болду урушту. Чолпонбай чыкты жекелеп, Кыргыздан четке чекелеп, Испандан киши чыкпады, Коросондон бир баатыр, Келе жатат мекелеп. Келгендин аты Тепке экен, Жекеге чыгып далайды, Жексен кылган эр экен. Чолпонбай, Тепке беттешип, Ээрдин кесе тиштешип, Өткүр найза колдо бар, Өлөөр жерин чектешип, Качырып найза урушуп, Каңк-каңк этип үндөрү, Найзаларын кагышты, Бирин-бири ичинен, Чамалашып алышты. Жана айланып күчөнүп, Жан айабай сайышты, Тепке кулдун найзасын, Кагып ийип Чолпонбай, Оңтойума келди, деп Бу кулду кудай берди, деп, Такыр колтук ушу, деп, Так өпкөнүн тушу, деп, Качырып найза муштады. Өпкөнүн кара канына, Найзанын учун чыктады, Коросондон Чолпонбай, Бешти сайып жыкканы. Күн төбөдөн кыйшайды, Жекеге киши чыкпады. Ортодон чыкты Чолпонбай, Кыйын заман, мүшкүл күн, Кыргыздын эли тынч албай, Күндүзү сайыш жоо бети, Түнкүсү малдын күзөтү, Кирпик ирмеп уйку албай, Жата албай чыкты Чолпонбай, Таң атканча уктабай. Күн үчүнө жеткенде, Испан менен коросон, Аламан койуп аттанды. Малын талап короодон, Катын-кыздар шекшинип, Эшикке чыкпай бекинип, Зор Саламат, Бактыбай, Сүйүн менен Чолпонбай, Коросон менен испанды, Жөн койуп жатып алалбай, Ар жерде болду жулушуш, Баш аламан урушуш. Сарыбайдын Саламат, Сардалдын бири эмеспи, Манастап ураан чакырып, Коросондун кошуунун, Айдап кирди жапырып. Каскактын учун кан кылып, Коросон башын маң кылып, Чыдай албай Кесилет, Четке чыкты бастырып, Саламат тийди Манастап, Кесилетти шаштырып.