← Кененим 2/4

Эр Саламат, Кесилет, Жекеге чыгып бетме-бет, Бар кайратын жыйнашып, Түпөктүү найза ыргашып, Коросон, испан бир тарап, Карап турат көз сатып. “Саламатты Кесилет, Сайып алат эми” деп, Коросон, испан ойлонот. Өткүрдөн найза карманып, Аркасында чаң калып, Качырышып киргенде, Көргөндүн баары таң калып. Экөөнүн орто жеринен, Кызыл жалын от жанып, Найзаларын кагышып, Кайта айланып жанышып, Жаандан ашкан эрендер, Калган окшойт табышып. Адистиги билинип, Калар эмес ал экөө, Найза учуна илинип. Күркүрөп үнү угулуп, Жамгырдай тери куйулуп, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады. Көөдөнгө найза такылдап, Туулгага балта чакылдап, Сынып кеткен найзалар, Асманга учуп чыркырап, Аттан учкан даңкандар, Төбөсүндө быркырап, Кабактары чүмкөлүп, Кар жаачу күндөй бүркөлүп, Колтуктарын чойушуп, Кош колдоп туруп койушуп, Олпокторун булушуп, Тартып силкип жулушуп, Сооторун жыртышып, Буулумдарын кырчышып, Дембелеп уруп найзаны, Бирине-бири зыргытып, Аттан түшпөй урушуп, Жакалашып тартышып, Этектерин чойушуп, Үзөнгү боого басышып, Аттарын бура тартышып, Эңишке салып жарышып, Капталга келсе жанашып, Заар төгүп жаны ачып, Аңтарып көзүн карашып, Өргө салып аттарын, Өпкөлөтө теминип, Жери түтөк Кеңколдун, Өпкөсү көөп демигип, Кулактарын кайчылап, Тулпарлары элирип, Кандыргалап жарышып, Кара темир үзөнгү, Какылдашып кагышып, Күндүн нурун батырды. Бөлүнүшө бастырып, Саламатты кыргыздар, Сылап-сыйпап чакырып, Жанчылып калган этине, Кашкулак өтүн чаптырып, Кара-Суунун Шабырдан, Алып келип чаптырып, Ат жетер жерге чаптырып, Карышкыр өтүн алдырып, Кажырдын өтүн коштуруп, Эзип туруп жуткуруп, Айуунун өтүн алышып, Ар жарага чабышып, Таңга жакын болгондо, Эс алып калды Саламат, Кыңкыс үнү басылып, Көзүн жуумп сеп алып. Саламат болуп жарадар, Кыргыз болду санаадар. Эртең чыкса Кесилет, Кездешип кимдер баралар? Эстүү баштуу кишилер, Кененимди эстешип, Таң атканча көз жумбай, Арбагың Манас колдо, деп, Келаткандыр Кененим, Аман болсо жолдо, деп. Аты Талас болголу, Ээси Манас болголу, Беттешип келип бендеде, Алган киши болбоду. Ар качан кыргыз кыйналса, Арбагы менен колдоочу, Деп буркурап карылар, Чуркурап ыйлап катындар. Үшкүрүшүп уландар, Олжого кетип өлдүк, деп, Убайым тартып жубандар, Кыздардын жашы кылгырып, Арак ичкен немедей, Өрттөнүп ичи сыйрылып, Атагы кыргыз элинен, Күлкү чыкпай ый чыгып, Бардык үйдүн баарынан, Арбагың Манас колдо, деп, Заркыраган үн чыгып, Таң атып чыкты аңгыча, Жер жаркырап күн чыгып. Ак калпак кыргыз караса, Арстан эрдин күмбөздөн, Турган экен сүр чыгып, Бир четинен көп элдин, Сүйүнчү деген үн чыгып, Түкүтай деген бар эле, Төлгө билчү бала эле: — Төлгөмдү салдым, сүйүнчү, Кененим келет кечкече, Мени мууздап салгыла, Бешимден калып кечиксе! Далычы Калбай бакырып: — Кызыл ээк карың, ук, Кылым кыргыз, баарың ук, Кызыл муштум жашың, ук, Элдин тарткан эмгегин, Эл башкарган жашың ук, Жазыгы чыкса кебимден, Өлтүрүп ташта мени уруп. Аркардын көрдүм далысын, Анык билдим баарысын Чойун алпты сойуптур, Сонун жумуш болуптур. Ангычакты Каңгайдан, Каптап аскер толуптур, Эки баатыр баш экен, Өздөрү кырчын жаш экен, Эр Кененим төрөгө, Эрегишип келиптир Келген менен оңбоптур, Катар өлүп сойлоптур, Элин айдап ийиптир, Эреним жолго кезиптир. Кеңкула тери кургабай, Кербен кыргыз нетти деп, Келе жатат бир тынбай. Алды-аркасын арыткан, Батасы журтту байыткан, Падыша Кошой тукуму, Биздин элден Бактыбай, Кесилетти ал тосот, Илгери кадам бастырбай. Кененим келип кыргызга, Кешиктин кени ачылды, Коросон менен испандын, Суудай каны чачылды, Ажал айдап бул экөө, Кыргызга келип асылды. Кененим келет деп укса, Кесилет келбей жатпайбы, Пендеби деп бейлейби, Кененимден башканы? Саламаттан Кесилет, Кебелип мындан шашпады, Калбай минтип айтканы: “Май оозуңа балам” деп, Бары-жогу айтканы. Коросондун бул элде, Айары бар билинбей, Эл менен бирге турду эле, “Минтип айткан далычы, Эми мени билет” деп, Акырында качты эле. Анда айтат Калыбай: — Коросондон араңда, Кеп тыңшаган бирөө бар, Көрмөмүш болуп койуңар, Көргөнүңдөн көрбөсөң, Пайдалуу иш билип ал. Коросондун айары, Төлгөчү менен далычы, Элге айткан кептерин, Койбой айтып барганы. Дабытай менен Ачакан, Эр Кесилет кеп угуп, Кесилет кетти оолугуп: — Жекеге чыкпай мен бүгүн, Кам кыламын күтүнүп, Кыргыздын туусун жыкпасам, Кененимдей балбанын, Аттан сайып түшүрүп! Ачакан баатыр, өзүң бар. Саламат келер алы жок, Сайышка чыгар чагы жок, Андан башка кыргыздар, Саа беттешер дагы жок. Кесилеттен кеп угуп, Ачакан чыкты жулунуп, Туулгасын көмөрүп, Буттай темир өңөрүп, Найзасын болгоп бакырып, Жекеге чыкты качырып: — Мыкты болсоң келгин, — деп, Желегин жерге жапырып, - Бирден коркуп келбесең, Экиден, үчтөн келгин, — деп, Кайратым көптү жапырган, Ачакан деген менмин, — деп, Ажалың жетип күн бүткөн, Өлүүчүң болсо келгин, — деп. Кыргыздын кыраан баласы, Кайраты толук Чолпонбай, Манастап ураан чакырып, Кененим келет, деп угуп, Чолпонбайдын көөнү ток. Ачакан менен Чолпонбай, Бир беттешип алышты, Найзаларын кагышты, Кайра айланган кездерде, Кандим болгон Ачакан, Чолпонбайга сайдырбай, Жандап өтүп булт берип, Машыккан экен минген ат, Балыктан бетер кылт койуп, Аркасынан айланды, Кабуусуна келтирип, Капталдан нары бир сайды. Ойротто жок Чолпонбай, Ооп аттан кыйшайды, Ээрден көтү бултайды, Үзөнгүдөн бут тайды, Тоңкойуп жерге жыгылды, Топого башы тыгылды. Аксаргылды аргытып, Ат койуп Сүйүн жөнөдү, Жолу каткан Ачакан, Чыга берип кылт этип, Жандап өтө бергенде, Жапдысына келгенде, Жалпайта сайды Сүйүндү. Жалгызектин Бактыбай, Алды-артына карабай, Аманат жанды айабай, Бактыбай өзү камбыл эр, Ар кылганы даңгыл эр, Чолпонбай, Сүйүн кутулду, Катар сайып эки эрди, Ачакан жаман кутурду. Бактыбай менен Ачакан, Сырдаш эмес баштатан, Укмуштуу уруш баштады. Топчу кулак кара кер, Жер тайанар мал эмес, Катар чыкса жуп кемер. Ачакандын мингени, Кандай жазгап бурулса, Бурчалтпады Каракер, Күн чагылып жаркылдап, Алтындан кылган чоң кемер, Амалы ашты Бактыбай, Жаш да болсо кеменгер. Бирин бири сайалбай, Бир кабуусун табалбай, Жаман катуу урушту, Деги тынчтык алалбай. Оңтойуна бир келди, Ойрон болгон Ачакан, Найзасын муштап жиберди. Капталга найза тийгени, Ат жалынан оңолуп, Кайра атына минди эми. “Мен Бактыбай болголу, Карап туруп капырга, Алдатканым кайсы кеп?!” Жагалданып Бактыбай, Кыйамына келтирип, Кең көкүрөк, ай балкай, Найзаны уруп өттү эле. Ооп барып Ачакан. Оңолуп минди атына, Оодара сайып алалбай, Күчү жетпей капырга, Жыгылбаган Ачакан, Жыгылмакчы болуптур, Кабыргасы сынганбы, Кан ичине толуптур. Ачакандын кеби бул: — Мен Ачакан болголу, Ат жалын тартып мингели, Сен өңдөнүп найзасы, Мага киши тийбеди. Эртең менен шашылып, Тамак ичпей келгемин, Сенин мындай экениң, Беттешпепмин, билбепмин. Болот тонум кийинип, Анан жетип келейин, Уруксат барбы бизге? – деп, Сөзүм ушул сизге, — деп, Жашылданып турду эле. — Барсаң барып келгин, — деп, Баатырлык кылып Бактыбай, Алдында өткөн иштерди, Унутуп аны кек кылбай, Ачакан жөнөй бергени, Аңгычакты Кененим, Келбеттүү баатыр келгени.