← Кененим 3/4

Арбагың арстан жөлө, деп, Айкырганы андан көп; Кызыл жолборс келди, деп, Кыйкырганы мындан көп; Сары эчкини өңөрүп, Садагага белендеп, Чапкылаган сандан көп, Ак боз бээни тапкын, деп, Айкөл Манас баатырдын, Арбагына тийсин, деп, Арнап бээни чалгын, деп. Анталаган мындан көп, Сарбашыл уйду тапкын, деп, Түктүү сан кылып талатып, Баатырдын жолун ачкын, деп, Кеңкол ата, чоң Талас, Ээң келди көргүн, деп, Жерге айтканы дагы бар. Жоголмок элек тайынсыз, Жолборс келди аралап, Жоголбойбуз эми, деп, Элге айтканы дагы бар. Какшымак элек соолуп, деп, Жер-сууңду соруп, деп, Дүрүлдөп чалкый бергин, — деп, Көлгө айтканы дагы бар. Бугу менен кулжа, деп, Куурайт элек кумда, деп, Мылтык атып, жаа тартып, Сени аңдыр киши жок, Курбуда ойноп чуба, деп, Бугу менен кулжага, Муңун айткан дагы бар. Карасууда каз-өрдөк, Караан калар кезинде, Хан Кененим келди, деп, Какылдагын эми, деп, Казга айтканы дагы бар. Суурултуп минип улоодон, Суу укурук колго алып, Сүрөт эле мени, деп, Куйругуң салып сыртыңа, Кутуруп ойно эми, деп, Жылкыга айткан дагы бар. Жонуңа тоодой жүк артып, Чубатат эле жол тартып, Алабата жулуп жеп, Поп деп эми жаткын, деп, Төөгө айтканы дагы бар. Бышылдатып мурдуңду, Шорголотуп богуңду, Айра чаап жонуңду, Табат эле жолуңду, Сазды бойлоп өлөң жеп, Салкындап сазда жаткын деп, Уйга айтканы дагы бар. Байлык атка кондурган, Балекет кыргыз койу деп, Күндө нечен сойуп жеп, Чуркуратып чубатып, Айдайт эле сени, деп, Адырлуу жерде топ болуп, Суу бойуна токтолуп, Чөбү калың суу кенен, Эч бир кайгың жок болуп, Жуушап жаткын эми, деп, Койго айтканы дагы бар. Асман менен тирешип, Бойуңду керип заңкайып, Арактиш болуп арсайып, Үч күндүк жерден көрүнүп, Таанымал көзгө даңкайып, Таластын тоосу дедирип, Туура болдуң эми, деп, Тоого айтканы дагы бар, Орто жериң ор болуп Эки четиң көл болуп, Сымаптай болуп жылтылдап, Кирген күнү кылкылдап, Кыз күлгөндөй шыңкылдап, Жорго басык жылкыдай, Ар бууланып кылтылдап, Эми агар чагың, деп, Сууга айтканы дагы бар, Өрөөнүң токой чер болуп, Өзөнүң менен жел согуп, Өйүз-бүйүз адырга, Төрт түлүктүү мал толуп, Көркүңө чыгар кезиң деп, Тоого айтканы дагы бар. Күнгөйүң четин, табылгы, Төө куйрук, арча – баарысы, Аралап чыгып ичиңе, Аркар оту дарысы, Кайыңдар көккө керилип, Мор байлап талың ийилип, Тескейиңде карагай, Койкойуп кыздай жарашып, Бой сунуп кырдан карашып, Кандай сонун жердир, деп. Көргөндөр турчуу таң калып, Манастын жери Талас, деп, Кылымга атың даңкталып, Кудай ура жаздады, Айрылып сенден кур калып, Эр Кененим келди, деп, Койнуңан орун бергин, деп. Төргө айтканы дагы бар. Төшүңдү жайгын сазың, деп, Үн алышып каркылдап, Өрдөк менен казың, деп, Жээгиңде желек камышың, Сыдырым соксо шуудурап, Жагымдуу назик табышың, Бөлөк- бөлөк чулдугуң, Буткулда суунун тунугун, Кымыз ичкен немедей, Жутканда канат суусунуң, Саргарат элең тепселип, Салтанаттуу эр келип, Залкайып эми жаткын, деп, Сазга айтканы дагы бар. Күн тийгенде жаркылдап, Жаан жааганда жылтылдап, Төбөңдө өнүп эңилчек, Гелемдей жумшак былпылдап, Алтын элең таш эмес, Ээң келип Кененим, Эркин болгон чагың, деп, Ташка айтканы дагы бар. Таласты кыргыз аркалап, Кыргызды турган калкалап, Ак калпак кыргыз элиңди, Айкөл Манас падыша, Арбагың менен багып ал, Сен бакпасаң ким багат, Атагың элге таанымал, Кененимдей уулду, Султан Манас, колдоп ал... Ойго айтып, тоого айтып, Өзөнгө айтып, төргө айтып, Сууга айтып, сазга айтып, Чыккан жыгач чөпкө айтып, Адам тургай малга айтып, Ар бир түркүн жанга айтып, Кары- жашка тең айтып, Ак калпак кыргыз элге айтып, Душмандар камап келгенде, Айласын таппай күйүгүп, Шер Кененим келгенде, Терге батпай сүйүнүп, Бирине бири айтышып, Сүйүнчүлөп жүгүрүп, Кудайга наалат дарт айтып. Арбагың менен колдо, деп, А дүйнө кеткен Манастын, Арбагына арыз айтып, Жабырап жаагы басылбай, Жайма сүйлөп жатканда, Таласка тепсеп келгенде, Капкайдан келген элдерге, Жаны ачып Кененим, Ак калпак кыргыз көп элдин, Ыйлаганын көргөндө, А дүйнө кеткен Манасты, Арбагың менен колдо, деп, Сыйлаганын көргөндө, Садага чапчуу эчкисин, Аксарбашыл уйларын, Сүттөй аппак бээлерин, Жыйнаганын көргөндө, Эркек- айал, карысы, Уул- кыздын баарысы, Жамгырдай жашын төгүшүп, Ыйлаганын көргөндө, Унутулбай Манасты, Көзү кыйбай Таласты, Аманат жанды кайран эл, Кыйнаганын көргөндө, Жамгырдай болгон кара жаш, Тыйбаганын көргөндө, Душмандын кылган зордугу, Көөдөнүнө батышып, Сыйбаганын көргөндө, Күзгү чөптөй саргарып, Кубарганын көргөндө, Жыргал күндү унутуп, Жубанганын көргөндө, Шилекейи куйулуп, Суусу агып мурдунан, Чубалганын көргөндө, Күлүмсүрөп күлбөгөн, Күлгөнүн бенде билбеген, Күйүт тарткан немедей, Кабагы карыш түйүлгөн, Элди карап Кененим, Ителгидей баркылдап, Каалгадай кашка тиш, Маңдайында жаркылдап: — Жериң Кеңкол, чоң Талас, Элиң кыргыз ак калпак, Кабыл болуп айтканың, Арбагы менен колдосун, А дүйнө кеткен зор Манас. Абаң Бакай, Каныкей, Хан Семетей, Айчүрөк, Шер Гүлүстөн төрөнү, Унутпайлы буларды, Унутуп калсак буларды, Бизди кудай урбайбы. Эр Сейитек зардалды, Эл чайкаган балбанды, Андан мурун алдында, Өтүп кеткен Чанданды, Алмамбет, Чубак - шерлерди, Баатыр Сыргак, эрлерди, Олуйа Кошой карыны, Музбурчак, Төштүк- баарыны, Айдаркандын Көкчөнү, Унутпайлы өткөндү, Алымсарык агамды, Айкөл менен бир жүргөн, Жакшы күндү тең көргөн, Жаман күндү бир көргөн, Кырк баатырдын арбагы, Унутулуп калабы? Ажыбайдай чечени, Андай сонун нечени, Кысылса тийген кереги, Кымбат баасы Сереги, Төлгөчү кара Төлөгү, Төлгөсү журттан бөлөгү, Актай далы көрүчү, Ашкере айтып берүчү, Алымдардын Алакен, Унутулчуу жан бекен? Кадыр, Жайнак, Шууту, Караңгыда жол жүрсө, Калк башкарган мына ушул, Түмөн Жайнак куусу, Түн ичинде жол жүрсө, Түлкүнүн изин жаңылтпас, Душмандын изин куучусу, Эл башкарган Эламан, Калк кармаган Калкаман, Топ башкарган Токоной, Кырктын башы Кыргыл чал, Ушунун баары өлгүнчө, Кыргызга кызмат кылышкан, Кызматында көкжалдын, Кыйкырып бирге турушкан. Ырчуул, Боз уул ыктуусу, Эр Тазбаймат мыктуусу, Кенедей эстен чыгарып, Унутпаймын мен муну. Өткөндөрдүн баарынан, Өтүнүп жардам суранам, Ошентип кыргыз эл турсаң, Кантип тынып жай жатам? Батаңды бергин, баары журт, Арбагына айкөлдүн, Алакан жайып кол ачам, Айыгышкан иттердин, Агызып канын мен чачам! Ак калпак журтум кыргыз эл, Ата конуш мурдакы, Атактуу Талас биздин жер, Таластын жерин чаң кылып, Кыргыздын башын маң кылып, Душман турса камалап, Мен Кененим уулуңар, Кантип тынчып жай алат! Үйүнө түшүп кирбестен, Бир пиала чай ичип, Анан атка минбестен, Кеңкула менен болкойуп, Зыңгырап найза коңкойуп, Сырттаның чыкты бастырып, Эр Кененим зоңкойуп. Баатыр шер атка мингенде, Бастырып жөнөй бергенде, Таластын жери түрдөнүп, Кыргыздын эли сүрдөнүп, Жайнап жаткан чөптөрү, Чечекей төгүп түр берип, Карагай, кайың калкылдап, Каз-өрдөк учуп баркылдап, Дүркүрөп көлдөр жылтылдап, Балыктар ойноп кылтылдап, Тоодоку улар чакырып, Токойдо элик бакырып, Белде турган аскердей, Бой жасап терек закыйып, Бугусу ойноп тарбаңдап, Бүркүттөр учуп далбаңдап, Кулжа менен тоо теке, Мүйүздөрү калдаңдап, Төөлөр ойноп тайраңдап, Уйлары ойноп сайгактап, Чөөлөрү күлүп шыңкылдап, Жагалмай учуп зыпылдап, Сүйкүм шамал жел айдап, Кеңколдун ичи зыркырап, Ачылсын баатыр жолуң, деп, Атбай кыргыз чуркурап, Көөнү ачылып кыргыздын, Жубандары суйсалып, Белдемчи жерде чубалып, Суусар, кундуз, бөрк кийип, Саамайын кыздар сыланып, Кеп айтаардан эринип, Мырзалары керилип, Беттеп чыкты Кененим, Кеңкула атты теминип.