← Кененим 7/7

Кол астында эр жалгыз, Чабдар күрөң ат минген, Куйругун ача шарт түйгөн, Жеңишке салчу күлүктөй, Көкүлүн көккө шүйдүргөн, Бар кийгени темирден, Күн чагылып жаркылдайт, Кара бойу кем эмес, Кара тоонун сеңирден. Жер козголуп калтылдайт, Алдында минген чабдар ат, Алоолонуп алкылдайт, Саадагы сары жез экен, Көз уйалтып жалтылдайт, Доолбасы кызыл мис, Чымын тийсе зыңкылдайт, Айбалта сабы күмүштөн, Күн чагылса жылтылдайт. Айдары кара түпөктөй, Бетиндеки сары түк, Беш байпактуу жүн экен, Карап турат эки эрен, Келаткан киши ким экен? Ангычакты болбоду, Жол бойунда дардайган, Чойун алптын тарпына, Атын тартып токтотуп, Жанына келбей кошууну, Көргөн жерде токтоду. Камчысын булгап чакырды, Келген киши беш болду, Келгендин бири бүк түштү, Бакырып ыйлап какшады, Көзүнүн жашы сел болуп, Жакасы ылдый акканы: — Тирүүңдө неге көрбөдүм? Өзүңдөн мурун өлбөдүм? Ким экен сени өлтүргөн! Дүмүрүн казып көрөйүн, Күркүрөп бирөө кеп айтты, Баатыр сендей болобу? Ыйлабагын, деп айтты, Ким экенин билем, деп, Жоодар чалың баратты, Баары турду дүрбөшүп, Көрө сала караанды, Көк темир кийген кеп айтты: — Ким болосуң? – деп айтты, — Ким болойун мен бир чал, Жумушчулап келатам, Коркуп кетип коктуда, Жашырындым байатан, Көркүң башка адамдан, Ким болосуң, айта сал. — Ким экеним сурасаң, Атым Сакта билип ал, Атамдын аты Чиктей хан, Өлтүрүптүр Кененим, Кунун кууп келатам, Калдагай кулак Чойуналп, Жез киндиктүү Кикимат, Темир тондуу Шалкымат – Үчөө экен бир тууган, Чиктейдин өчүн алам, деп, Кайраттанып бел бууган. Ыйлап жаткан тетиги, Чойун алптын баласы, Атын уксаң Саранжа, Камынып жаткан кези экен. Атасын издеп барарга, Чойун алп өлүп жатыптыр, Ушу жерде келатсак, Ким өлтүргөн экендир, Угат элек сурасак, Сактадан Жоодар кеп угуп, Кеп баштады оолугуп, Көптөн бери сүйлөбөй, Калган экен буулугуп: — Атың Сакта калмакпы? Коктукаттан кол тартып, Койбой элди чубатып, Кененимден доо доолап, Чиктейдин кунун алмакпы? Кунун кууп өлгөндүн, Көзүң көрүп турасың, Чойун алп жолдо өлгөнүн. Шалкымат өлдү Таласта, Жалаңгыч сарык Кененим, Жолуна чалды Манаска. Атбашыда Кикимат, Катар өлдү үч калмак. Алтын берип, зар берип, Аны артып нар берип, Коросон менен испандан, Андан калмак кол алган, Тажиктердин Темирбек, Аны алдап дагы алган, Барысы жүрүп тең келбей, Кененимден сойулду, Өлгөндөрдүн майына, Карга-кузгун тойунду. Сакта менен Саранжа, Катышып барсаң баатырга, Кара көзүң ойулду! Же болбосо бул сөздү, Чын айттыңбы, ойнуңбу? Ойноп айтсаң ойлой айт, Тилимди алсаң экөөңөр, Ушул жерден кайра тарт, Кененимге кездешсең, Койдой кезет башыңды, Коондой жарат ичиңди, Ачып көздү жумганча, Бүтүрүп койот ишиңди, Сындырат бүктөп белиңди, Шыпырат аттан ээриңди, Жетим кылат балаңды, Жесир кылат алганды. Темирбек өлүп сулады, Тажиктин эли чуулады. Коросон менен испанга, Кол салат эми душманга, Алар да калат бушманда, Ажал айдап келипсиң, Жаш өмүрүң кыскарта! Атым Жоодарбешим мен, Келе жатсам бул жерде, Четин чардап элимдин, Мени менен кез болду, Калдагай кулак Чойун алп, “Бар кыргызды түгөтүп, Келатам” деп кан жалап, Аңгычакты аркадан, Кененим жетти кубалап. Кененимди көргөндө, Туулгасын башка көмөрдү, Чоң найзасын өңөрдү, Ачууланып көгөрдү, Анткен менен калмагың, Бул дүйнөдөн жөнөлдү. Ат чалдырып Кененим, Ар жаккы агын бойунда, Силерди мындай келет деп, Дегеле жок ойунда. Жоодар мындай дегенде, Сактанын айткан кеби эле: — Чын болсо кебиң карыйа, Кененим канча киши экен, Келалбайт менин алдыма. Келатканым көргөн бейм, Карааным көрүп алыстан, Жүрөгү менден өлгөн бейм, Көөдөндө жаны бар туруп, Башкаларга жалынып, Жан сакташы кандай кеп? Коросон менен испандан, Кол сурашы болбоптур, Колунда барды аа берип, Түбүндө жакшы болбостур, Аларды колго чакырып, Болбогон ишти ойлоптур, Баш көтөртпөй муңгулду, Өзүнүн жолун тордоптур. Кыргыз менен кас болуп, Кырылып жатсак маминтип, Алардан өлсө аттуудан, Аты угулган баштуудан, Алардын ага-иниси, Сен үчүн муңгул өлдү, деп, Изин кууп келбейби, Күндө айылдан доо кетпей, Эдепти эки бербейби. Өз башы менен ар кимдин, Болгону жакшы мындайда. Кененим менен кездешем, Керт башыма беттешем, Тирүүлүктөн үмүт жок, Өлүм жагын жиктешем. Чойун алпты жарганда, Кумардан чыгып канганда, Кайра кетти Кененим, Коркпосо келип көрүшсүн, Жазайын анын берейин, Куйкасына чач койбой, Бирден санап берейин! Терисин тетир сойойун, Саман салып толтура, Жыгачка асып койойун. Эки көзүн чекпесем, Суу ордуна ичпесем, Сакта болбой өлөйүн, Сабыңды бузбай жөнөгүн! Сапырылтып топону, Сабын бузбай черүүсүн, Сакта баштап жөнөдү, Жоодар кайра салганы, Кайда кетти каары деп, Сакта менен Саранжа, Кадигине албады. Кененимге жетиптир, Көргөн-билген баарысын, Такыр айтып берди эми. Анда туруп Кененим, — Жоодар аба кайт, — деди, Кененим келди, мына деп, Акмактарга айт деди. Сакта менен Саранжа, Кун алгалы келбеди, Жан бергели келгени, Деп айткының, — дегени. Желип жетти Жоодарың, Алдын тосуп балдардын, Кайда барып келгениң. Кененимдин бар кебин, Калтырбай айтып бергени. Сакта менен Саранжа, Унаадан жүгүн түшүрүп, Чатырын тигип күтүнүп, Кеңеш кебин бүтүрүп: “Жекелешип баралы, Жеке уруш салалы, Пил болсо да бу чакка, Чаалыккандыр Кененим” Каңгайдын көрүп байрагын, Жоодар сайды бир жерге, Кененимдин желегин. Мен-мен дешип талашып, Сакта менен Саранжа, Талашып калды далайга. Эстүүлөрү калмактын, Түшүп жатып арага, Мурун өлгөн Чиктей хан, Бул барса болот туура, деп, Уруксат кылды Сактага. Каңгайдан келген эр Сакта, Бойу тоодой бир барча, Саадагын салып мойнуна, Жебесин алып колуна, Бар сайманы бойунда, Бастырып чыкты буркундап, Ылат-мылат булардын, Колдой турган кудайы, Катылуу жүрөт койнунда. Сом темирин артынып, Чарайнасын тартынып, Бузулуп өңү сур чалып, Буттай темир курчанып, Кара буурул ат минип, Каттай темир кийинип, Баатырлыгы билинип, Бастырып чыкты эр Сакта, Балакет баскыр жекеге. Сайышаар жери ээн топо, Эпсиз жаман жер ошо, Кененим, сакта бет келди, Ойунда Сакта Кененди, Оодара сайам деп келди, Кара буурул атына, Камчы берип тап берди. Найзалардан үн чыгып, Жан алчудай сүр чыгып, Жандаша түшкөн жеринде, Найзаларын кагышып, Кайта-кайта сайышып, Балталашып чабышып, Балтанын сыртын жарышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырышып урушуп, Олпокторун булушуп, Соотторун жулушуп, Канжарлашып кармашып, Кара бойго жармашып, Калтырбай күчүн арнашып, Талкаланып тарамыш, Сөөктөрү зыркырап, Кабыргалар калбастан, Калгандай болуп быркырап. Бирин бири тиктесе, Көздөрдөн жалын шыркырап, Темирден чыккан ширөөдөй, Жылт-жылт этип чыркырап, Зыркаар жүрүп эпкиндеп, Шамал чыгып дыркырап, Төбө чачтар үрпөйүп, Сакалдары үксөйүп, Муруттары бириндеп, Этектери дирилдеп, Зым-зым этип зымылдап, Салтанаттуу Кененим, Ак мейкин зоодой зымырап, Жер бетинде айбандар, Курт-кумурска көп жандар, Коркконунан кобо албай, Былк этпей жатат кыбырап. Чиктей хандын эр Сакта, Ээрдин кесе тиштенип, Аманат жанга күч келип, Жана тийди айкырып, Найзасын булгап кезкерип, Салтанаттуу кара көк, Амалы журттан бөпбөлөк, Күүлүү келген найзаны, Сайдырбастан какканы. Кененим каккан оңобу, Балта тийген бул найза, Сан барча болуп жоголду. Буга Сакта арданды, Балтасын колго алганы, Чаптырбастан Кененим, Кар жиликтин булчуңга, Найза менен сайганы, Каруу кылар булчуң эт, Как бөлүнүп кетиптир, Кан какшап булчуң какшады, Колундакы балтасы, Жерге түшүп жатканы. Бирөө жара, бирөө сак, Куруп калган бул Сакта, Кантер айла таппады, Таппаганга болобу, Жалаңгыч сарык Кененим, Бакалоордун безине, Найза менен бир койду, Кара буурул тулпардан, Калпактай учуп торойду. Көрүп туруп Саранжа, Күркүрөп чочко ат койду, Келгенинче бул чочко, Кененимге шарт койду. Тулпарларды арытып, Жаш өмүрдү карытып, Амал издеп айла таап: — Андай уруш кылбайлы, Какпай найза сайышып, Качпай балта чабышып, Колтуктарды чойушуп, Чокмор менен койушуп, Этек-жеңди түрүшүп, Эрдик менен күрөшүп, Турушалы Кененим. Мындан айла болбосо, Кезектешип нөөмөткө, Чыдашалы, Кененим. Кимдин жолу шар болот, Кимдин жолу тар болот, Кими баатыр ким коркок, Ошондойдо ылганат. Деп ошентип айтканда, Макул болуп Кененим, Күүлүү найза алышты, Күркүрөтө сунушту, Кагышпастан найзаны, Как өпкөгө урушту. Чарайнасы чатырап, Быркырады Саранжа, Саранжанын найзасы, Кененимге тийгенде, Канча барча бөлүндү, Сыныктары чыркырап, Көктө учуп көрүндү. Колуна балта кармады, Барлык күчүн Саранжа, Кененимге арнады. Кененимдин туулгасы, Жалпайа түшүп токтоду, Саранжанын туулгасы, Дал-дал болуп жок болду, Кылычын тартып кынынан, Тең жарам деп ойлонду, Кененимди кырынан, Кененимдин кылычы, Жүйрүн дөөнүн мурасы, Кыйын кылыч мына ошо, Армансыз болсоң калмак деп, Карап турду Кененим, Кылычын кындан тартканда, Жылтылдады калмактын; Алдында минген тулпары, Жорголой басып арыштап, Кылтылдады калмактын; Күлкүсү чыгып кылыңдап, Шылкылдады калмактын. Кыйкырыгын күчөйтүп, Күүлөп урду Кененге, Кесип өтүп кетти, деп, Саранжанын ойу эле, Кененимдин кийгени, Акым дөөнүн сооту эле, Күүлүү чапкан бул кылыч, Кырк жеринен сынганы. Эр Кененим жолборско, Кенедей зыйан кылбады, Кылычы жок кур болду, Саранжага сыр болду, Салтанаттуу Кененим, Бел тушуна болжоду, Мелжеп туруп бир койду. Кылыч кесип өткөнүн, Билбей калды Саранжа, Чапкан кылыч кана деп, Сурайын деп козголду, Тоорактай эки бөлүнүп, Томолонуп жоголду. Кезенишип Кененге, Кекенише келгенде, Калдагай кулак Чойун алп, Хан Чиктейдин эр Сакта, Чойун алптын Саранжа – Үчөө катар сулады. Жыйырма миңден колу бар, Чуркурашып ыйлады, Саадагын илип мойнуна, Салбырашып турганы, Буркурашып баш уруп, Жан соогасын сурады. — Айдоого келген, сен аскер, Сенде жазык жок, – деди, Жөн кишиге катышпай, Жолуң менен кет, — деди, Кайра келип калмактар, Каңгайга барсак айдайт деп, Куландын сары сайында, Эсепке бизди албайт, деп, Үч кошут менен жылдызга, Үйүр алышып жердеди. Аны андай таштайлы, Кененим менен Кесилет, Кез келгенин баштайлы.