← Кененим 2/2

Калдагай кулак Чойун алп, Барабанды урдуруп, Жыйырма алты миң аскерин, Жайнатып чыкты чубуртуп. Төбөй деген балбаны, Калдагай кулак Чойун алп, Канча жылдан бер жакка, Ардактаган айбаны, Бөлүнүп сапта коройуп, Төбөй чыга калганы, Жолум үйдөй башы бар, Жолбун иттей кашы бар, Ач жолборстун тиши бар, Анын кыйла иши бар. Чоң мунардай бойу бар, Бир чынардай колу бар, Кайнаган эки көзү бар, Кырчак тоодой мурду бар, Боз талаадай бети бар, Турушу барча бир дөбө, Тогуз кабат кийгени, Баары соот, күрөөкө, Кабаттап калкан тартынган, Буттай темир артынган, Бул кара нээт калмакка, Ажалдуу бенде катылган, Тердебеген Темир көк, Ал кездеги эрлердин, Аңгемеси далай көп. Тердебес тулпар ат минип, Кабаттап темир кийинип, Каар төгүп карарып, Эрди-мурду жаланып, Өткүр миз найза карманып, Акимсип калмак аттанды, Кененим эми сойлойт, деп, Буруттан бирди койбойт, деп, Чойун алп өзү баш болуп, Чогулган калмак шаттанды. Туулгасын башка чөмөрүп, Өчөшкөн доңуз көгөрүп, Каңгайлап ураан чакырып, Кайраты көптү жапырып, Майданга келди лакыйып, Калың кыргыз калкынан, Кененим чыкты бастырып, Жаалысы келип жүзүнө, Баатырдын уулу чунактын, Жан багалбай түсүнө, Бир сары тон жамынып, Күрөөкөнүн үстүнө. Бул белгиси келчү эмес, Бул белгиси келгенде, Жанга ыракым кылчу эмес, Каарданды баатыр, деп, Кандай болор акыр деп, Кыргыздар карап турушту, Төбөй менен Кененим, Баштамак болду урушту, Калмак Төбөй качырып, Катуу тийди акырып, Качырып урган найзаны, Кагып ийип Кененим, Качырып найза салбады, Айнектей көзү жалтылдап, Кененим карап турганы. Найзасын Төбөй бекемдеп, Эми аңтара сайам, деп, Камчы берип атына, Беттеп кирди тепеңдеп. Найзанын учу тийерде, Ирмебей көзүн Кененим, Учунан улай кармады, Катуу кармап бек силкип, Найзаны тартып алганы, Тартып алган найзаны, Жаткан ташка салганы. Сексен барча быркырап, Найза сынып кыйрады. Найзасын колдон алдырып, Төбөй чочко арданды, Жолум үйдөй чойун баш, Булгап колго алганы, Тердебес менен тап берип, Чокудан нары салганы. Кенебеген Кененим, Бендеден чыккан бекзатка, Кайсы кепти мен дейин. Күүлөп урган чокморду, Балта менен камынып, Алдыртан өөдө какканы, Жолум үйдөй чоң чокмор, Асманды карай учканы, Кайта жерге түшөрдө, Түшүрбөй жерге Кененим, Жана какты чокморду, Удаа улай кагылды, Чокмордун башы жарылды, Анталаган чоң калмак, Кылычын тартып кынынан, Жандан тойуп так жадап, Аша кечип жанынан, Жалтылдатып кылычын, Жан алам деп күркүрөп, Түрүн көргөн Төбөйдүн, Далайлар жандан түңүлүп, Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Кыйырдан келип урганы, Кыраандын уулу Кененим, Найза менен камына, Булчуң эткен сайганы. Булчуң эти булт этип, Таначардай булчуң эт, Жерге түштү шылп этип, Карыдан каны чубуруп, Камчы саптай куйулуп, Төбөйдөн аккан канына, Былчылдап ылай жуурулуп, Кененимдин ишине, Өңкөй калмак көп журттун, Заманасы куурулуп, Найза, чокмор, кылычтан, Ажыраган чоң калмак, Балтасын кармап сабынан, Балта чабар шайы жок, Колу какшап абыдан, Сол колго алып балтаны, Кудай бетин нары кыл, Буга окшогон наданды! Оозунан көбүк чачылып, Көзүнөн жалын шыркырап, Мурдунан чыккан көк буусу, Кол ыштыктай буркурап, Оозун ачып эстенип, Ээрдин кесе тиштенип, Башынан калмак сологой, Балта чабат оң колдой. Балтаны шилтеп чабарда, Кармаган балта колунун, Алаканга Кененим, Алдыртан өөдө бир сайды, Шак-шагынын сыртынан, Найзанын учу кылтайды, Балта колдон бош кетип, Жерге түштү так этип, Кайра айланып Кененим, Ач билектен кармады, Тамандай түшүп силккенде, Кармаган колун сөгөрдөн, Солдойтуп сууруп алганы, Сойуп жайган талпактай, Жайылып жатып калганы. Мен-менсинген калмактан, Ошол күнү Кененим, Он сегизди жалмады, Колуна жарык албады. Дердеңдеген кээ бирин, Айландырып жерге чаап, Кээ бирин Кененим, Чыргадан бетер сүйрөтүп, Этин ташка түлөтүп, Тартайып сөөгү калганда, Таштап койду тарбайтып. Күн кеч кирип ангыча, Элге келди түз кайтып, Сүрүп чыкты бир кезде, Келин каш болуп таң атып, Кененим келди майданга, Кең куланы оң тартып, Тажик, калмак кошулуп, Калдагай кулак Чойун алп: — Канча күнү салышып, Темирбек алы келбеди, Тажиктин канча балбаны, Кангайдан Төбөй баштаган, Өлтүрүп кыргыз таштады, Бүгүн өзүм чыгайын, Күм-жан кылып кыргызды, Баарын жерге тыгайын. Кыргыздан бүгүн кечпейин, Келгенинин баарысын, Кара жерге тепсейин, Кененим башын кесейин. Ээрдинен көзөп тешейин, Кайда барсам мен башын, Байланып алып кетейин, Көзүнө күндө сийейин, Мээсинин ордун табактай, Арак куйуп ичейин. Бактыбайды байлайын, Алып барып Таласка, Кылычым канга майлайын, Сүйүн менен Чолпонбай, Койдой башын кесейин, Коондой кардын эшейин, Үйүндө калмак күүлөнүп, Үңүрөңдөп сүйлөнүп, Жаанда аккан кыйандай, Алда канча түрлөнүп, Акырдан атын алдырып. Атка токум салдырып, Оңдоп минип очойуп, Карачкыдай чочойуп, Тогуз кабат темир тон, Кара бойго кийинип. Койнундагы бутуна, Баш уруп калмак сыйынып, Темир ээр калмакча, Атка чыңдап токутуп, Бастырып чыкты лукуйуп, Аркасында аскерге, Барабанын урдуруп, Бар аскер чыкты чубуруп, Майданга келген Кененге, Чойун алп келип чогулуп: — Качантан бери сен бурут, Таанылып элге эр болдуң? Карсылдашып Каңгайга, Качан бизге тең болдуң? Калдаңдап жүрүп Манасың, Калдайдан канга бойолуп, Кара жерге тең болдуң. Кененим атка минди, деп, Кабарың угуп болгомун, Кантер экен мейли, деп, Көрмөмүш болуп койгомун, Алыңа чактап иш кылып, Ойлогондой болбодуң. Сен батышка барганда, Баргандын баарын сойлотуп, Баш көтөрпөй жатканда, Качан болсо батыштык, Чыгышты карай жылабы? Жакшы кылып жатат, деп, Жайыңа, бурут, жөн койдум. Батышты басып алгансып, Бадырайып балбансып, Демиңди жыйбай дардакшып, Чыгышты карай бет алдың. Бүтпөй ишиң калгансып, Хан Чиктейге катыштың, Канча жылы атыштың, Бутуң сынып калганда, Ичериңе аш таппай, Жатарыңа мааналап, Жаан тийбес жар таппай, Карагайдын түбүндө, Какталып күнгө жатыпсың. Кангайдыга хан Чиктей, Кадигине албаптыр, Атайлап издеп барбаптыр, Жаның калып жай алып, Балжууран, ышкын терип жеп, Курсагың тойуп жал алып, Кайта барып уурданып, Хан Чиктейди алыпсың, Уктап жатса өлтүрүп, Жеңдимдеп элге барыпсың, Уктабай басып турганда, Кантип алың келалсын? Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат – Экөөнү котчу мен алдым. Эси жоктор энтелеп, Бирден-бирден барышып, Сенден өлүп калганын! Алын сындап байкадым, Темирбек деген балбандын, Баарынын кунун чогултуп, Кууп алчу мен бармын! Бир денеңде бар болсо, Алты-жети миң жаның, Кыргызыңдан үмүт үз, Жаның тирүү калбайсың! Көргөнүң жарык бүгүнкү, Таласка бара албайсың! Жооп бердим, барып кел, Жакшы-жаман кебиңди, Кыргыздарга салып кел, Тирүү кайта кетирип, Жүрө албаймын сени мен! Деп күркүрөп Чойун алп, Кененимге айтканда, Канкордун уулу Кененим, Карс-карс күлүп жиберип, Күнгө кургап калгандай, Куу сары болгон мурутум, Булкуп кармап имерип, Кан куйгандай кызарган, Керебе сары сакалды, Жулкуп кармап сыланып, Каалгадай кашка тиш, Маңдайынан кылайтып, Кененим турду муну айтып: Мурунтан калмак, адатың, Алдап туруп амалдап, Чыр тапмак ата санатың, Айтканыңча бар экен, Падыша баатыр Манастын. Кечилдин ханы Коңурбай, Кытайлардан Эсенкан, Кидандардан чоң Жолой, Шибелерден Бозкертик, Солондордун Борончу, Калмактардын Уушаңы, Манжулардын Нескара, Анжулардын Кырмуз шаа? Анын уулу Мурадил, Солабанын Соорандык, Акимсинген Чабалай, Андай дөөдөн канча бар, Айжаңжун менен Күнжаңжун, Сандубада Бешкулак, Каңгайлардын чоң Талап, Ордонун ханы Ороңгу, Сазаңшаанын Макил дөө - Баары жүрүп чогулуп, Баатырга алы келалбай, Эсен хан кызы бир Мыскал, Ай жаңжүндүн Бурулча – Эки сулуу кыз менен, Эсен хандын алтын так, Башында конгон сыймык бак – Баарысынан ажырап, Соодой калган ошол чак, Акимсинбе тимеле, Адырайган сен калмак! Далдалап жаның ор казып, Жер алдынан жол казып, Баатырга балта чапканың, Балбандыкбы, ой, калмак?! Айтпайт элем айттырдың, Арсыз калмак, ойлоп бак! Катышпаса катышпас, Манастан калган салтыбыз, Катышып калса баш алмак, Мурунтан берки наркыбыз, Өзү келип катышса, Жок болот бизде тарыныш. Мен барбадым каңгайга, Чиктейиң келди Алтайга, Аттай басып келиптир, Атактуу жер Илеге, Неге барат Чиктейиң, Үйүндө жаткан тынч элге? Бутум сынып жатканда, Жолборстун изин ит баспай, Жүрөксүп мага баралбай, Куландын сары сайында. Хан Чиктей барган айлыңа. Атагың каңгай эл туруп, Кикимат менен Шалкымат, Калдагай кулак сен туруп, Атымды угуп уктабай, Таң аткынча кан жутуп, Баш калкалап үйүңө, Силер баспай койгондо, Өлүп алды уу жутуп, Ачуунун уусун жутканда, Мага тийди оолугуп. Кармай түшүп шайтаным, Чиктейиңди дүйнөдөн Анан койдум жоготуп. Хан Чиктейдин кан карзы, Менде эмес силерде, Адамсынып далдайып, Не келесиң бу жерге?! Ар акчан, калмак, катынча, Амал кылып багасың, Анткен менен амалга, Жетик эмес чаласың. Кекилик кармап алчуудай, Кишиге кылтак жайасың, Түлкү кармап алчудай, Жер көөлөп капкан курасың. Арпа көмчүү немедей, Ороо казып көрөсүң, Жылкы кармап жаткансып, Боолук салып багасың, Баарысын кылды Кикимат, Ойлоп көрчү, Чойун алп, Кайда кеткен уйатың?! Бул кайратың бар туруп, Тажиктердин Темирбек, Аны неге алдадың? Коркпос болсоң,Чойун алп, Жүгү менен нар айтып, Алтын, күмүш зар айтып, Коросон менен испандан, Кандайча кошун сурадың?! Коросон, испан кыргызга, Ирегелеш киши элек, Коңшуга бүлүк салыпсың, Сени ээрчиген Темирбек, Тентип өлөт бир сайда, Коросон менен испандын, Сөөгү калат ар кайда, Калдаңдаган калмагым, Сен өлөсүң майданда, Илегерлик кылам деп, Коңурбай каны кошулду, Күрпүлдөк деген дайрага. Арамдык кылган оңолбос, Акырында соо болбос, Айтканын танып коржоңдоп, Мурадил өлдү Казанда, Нескара өлдү Сайрамда, Уушаң өлдү Нарында, Такыр баарың жем болдуң, Кузгун менен кажырга! Өлүгүң жерге батпаган, Жер койнуна тартпаган, Калмак сендей журт барбы? Көрүнгөн жерге чуу салган, Урган сендей жут барбы? Каңгайда жатпай жериңде, Эминеге келгенсиң? Акың барбы бул жерде? Мыкты болсоң Чойун алп, Мынча киши чыкырып, Убара болгон сен акмак, Айлыңа басып барбадым, Ак тенге пулуң албадым, Кулаңды кууп качпадым, Куржунда пулуң чачпадым, Коржоңдогон, калмагым, Ажалдан коркуп качпагын! Деп Кененим айтканда, Кеп табалбай айтканга, Камчы басып атына, Кененимди качырды. Кең кулага Кененим, Согончок менен теминип, Нойубаган Кененим, Жоо сайгандан эринип, Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп булар сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Качырышты бул экөө, Бир-бирине бой уруп. Көөдөндөкү чарайна, Какпай найза сайышып, Кененимдин найзасы, Каңгып чыкты тайгылып, Чойун алп куру кол калды, Найзасы сынып айрылып. Каңгып чыккан найзаны, Оңдоп кармап имерди, Одурайган чочкону, Капталга муштап жиберди. Кененимдин найзасы, Үзүлүп чыкты белинен, Найза сынып кеткенче, Тийбегенин-тийгенин, Муну чочко билбеди. Кененимдин сайганын, Кенеп койбойт кенедей, Ат үстүндө солк этип, Балбан экен ченебей. Мас болгон нардай кеңгиреп, Этек-жеңи делбиреп, Бадирек турат тултуйуп, Туулгасы тумтуйуп, Сакалы жок мултуйуп, Ачып көзүн каранып, Эрди-мурдун жаланып, Төбөсүндө чыккан чач, Үрпөйүп бирден саналып, Жайылданып кара жүз, Ого бетер карарып, Найзасы жок кур колго, Балтасын алып камданып, Кетемин деп ойунда, Кененим башын байланып, Аты кыргыз болгонду, Тобун бузбай олжо алып, Алаш уулу дегендин, Уулдарын кулданып, Кайра кирди Чойун алп, Каарданып, сурданып: — Муң кыламын, өзүм, деп. Күң кыламын кызың, — деп, Көзүнөн аксын кандуу жаш, Өлбөй туруп себелеп! Одураңдап бул айбан, Кетүүчүдөй тебелеп, Күүлөнүп тийди Кененге, Тең келеби мага, деп, Карап турган Кара көк, Кайраты жандан бир бөлөк, Айнектей көзү жалтылдап, Алтындуу саадак жаркылдап, Качырышты бул экөө, Күн бүркөлүп карарып, Кара нөшөр күн куйуп, Мойну ылдый суу агып, Тиктеген кирпик ирмелбей, Күн карсылдап чагылып, Чакмак чагып жаткандай, Жер силкинип калчылдап, Чарт айрылып аткандай, Тоо козголуп калтылдап, Таштар кулап жаткандай, Көл чайкалып дүрүлдөп, Кургак жерди баскандай, Сел келип кыйан бууланып, Жер бузулуп жаткандай, Кыйын заман иш болду, Чойун алп менен Кененим – Эки баатыр кез болду, Калдагай кулак камынып, Балта менен бир койду. Байкап туруп Кененим, Балта менен балтаны, Жазганбастан какканы. Балтага балта чабылды, Чапкан балта чак этип, Жарылып сырты кеткени, Эр Кененим, Чойун алп, Балталары жарылып, Башкадан шайман колго алып, Кирген суудай бууланып, Өңдөрү саздап бөлүнүп, Жан алчудай көрүнүп, Өткүр найза, бөрү тил, Өлүмдүн жайын анык бил. Бул экөөн көргөн кишинин, Кең дүйнөсү тар болуп, Мурутуна муз тоңуп, Кабагына кар болуп, Алып көнгөн бул экөө, Ачык жолу шар болуп, Эр азамат кармачу, Ар шайманы бар болуп, Агы калбай көзүндө, Ачуу менен кан толуп, Таноолордон буу чыгып, Бетинен сары жүн чыгып, Азуулары кычырап, Куйкалары курушат. Сакалдары бириндеп, Этектери дирилдеп, Эр намысын талашып, Жаалын төгүп, жан ачып, Кабактары бүркөлүп, Кере карыш чүмкөнүп, Кайра жаачу булуттай, Каарданып сурданып, Качырышып киришти, Бүркүттөй болуп кырданып. Найзаларын өңөрүп, Эрдик менен көгөрүп, Калдай-калдай-калдай, деп, Чойун кулак бакырып. Баатыр тууган Кененим, Манастап ураан чакырып, Булгап сунуп найзаны, Күркүрөгөн үн чыгып, Бирин-бири качырып, Кимиси таамай сайалса, Кетмекке шорун катырып, Как өпкөгө чиктешип, Алгыр бүркүт кептенип, Ирмебей көзүн тиктешип, Найза учу жетерде, Мылгып кирип кетерде, Найзага найза каңк этип, Учунда темир жарк этип, Сайдырбастан найзаны, Найза менен кагышып, Бели катуу эрендер, Адистигин таанытып, Ителгидей айланып, Баштакыдан беш бетер, Огобетер каарданып, Жылан менен чайандай, Уусун чачып заарданып, Алам деген Чойун алп, Таамай найза сайалбай, Өлүүчүдөй арданып, Буурадай тиши качырап, Көзүнөн жалын чачырап, Оозунан көбүк чачылат, Жана кирди түгөнгүр, Минген атын камчылап. Көк түпөк найза карманып, Көргөн бенде таңданып, Көрктөнүп калмак шаңданып, Карап турат Кара көк, Канчалык киши калмак деп, Катын баасы арбак, деп, Калмактан найза жеткенде, Учу келип олпокко, Тийе турган кездерде, Кол балтаны имерип, Кара нээт калмактын, Найзасын кагып жиберип, Күү менен келген Чойун алп, Жандап өтө бергенде, Кеңкула оозун имерип, Калдаңдаган калмакка, Карчыганын балык эт, Аркадан найза жиберип, Баатырдан найза жеткени, Жети кабат темир тон, Бешөөнөн өтүп кеткени. Экөөн найза тешпеди, Акимсиген Чойун алп, Алдында минген буудандан, Аңтарылып кеткени, Жер кучактап жыгылды, Эр кишидей асыра, Алдыңда минген атыңды, Дууланып калган Кеңкула, Аттай чуркап кеткени. Кайра айланып жеткинче, Каптап каңгай жеткени. Чойун алптын Кара сур, Айбандын ишин карап тур, Чойун алпты жакадан, Тиштеп тартып коборуп, Эки колу бүгүлүп, Туура тартып оңолуп, Жармашып минип сур атка, Качты капыр чу койуп. Аңгыча каптап көп кошуун, Кулак тунган чуу болуп, Ат тери менен эр тери, Жөө тумандай буу болуп, Чойун алп качып жоголуп, Көпчүлүктү аралап, Манастын уулу Кененим, Эр көкүрөк эрениң: “Каптап келген калмакка, Карбалас кыргыз кошулар, Кызыл кан агып жошулар, Бөөдөсүнөн кыргыздар, Кыргын болор ушулар” Деп ойлонуп алганы, Бактыбайлап бакырып, Эр Сүйүн деп чакырып, Чолпонбай деп акырып. — Кененим кантер экен деп, Калмакка тийбе качырып, Кыргын болуп жүрбөгүн, Бөөдө каның чачылып! Айтып койуп кыргызга, Ач жолборстой чамынып, “Душмандашкан калмактын, Кара аскерде айып жок, Хан буйругу ушул” деп, Келген калмак караан топ, Кененим мындай кеп ойлоп, Каз таман найза карманып, Касаба тоодой жарданып, Качырып тийди алдынан. Кененимди көргөндө, Келген калмак баарысы, Үмүт үзүп жанынан, Келбей койор айла жок, Каар көрөт ханынан. Кең кула менен Кененим, Алдынан чыкты ойнотуп, Күүсү менен найзанын, Кырк-элүүдөй сойлотуп. Качты калмак дүркүрөп, Караанын көрүп көк жалдын, Сийдиги агып бүркүрөп, Калдагай кулак Чойун алп, Темирбек экөө баш кошуп, Кеңешке кирди күбүрөп, Эрдемсиген акмактар, Амалы кетти бүжүрөп. Тажиктердин Темиркөк, Чойун алпка айтат кеп: — Үчүнчү атам Табылды, Андан бери тажиктер, Ээлеп келип жатканбыз, Дүйшөнбүнүн шаарыны, Жан жыргатып жам жайкыт, Жатчу элек эл чайкап. Калдагай кулак Чойун алп, Кыргын кылдың сен чайкап! Кыргыз деген кыйын журт, Кызыгышкан душманын, Кырып келет кан жутуп. Өрттөнүп өлгөн Манастын, Өлбөгөн укум-тукуму, Өөрчүп келет өрт болуп, Арбып кеткен жери жок, Бирден ашык көп болуп. Жалгыз жүрүп Семетей, Ээрчиткен эки чоросу, Он экиде кенедей, Чынкожо менен Толтойду, Бучкагына теңебей, Айчүрөк тартып бир алды, Андан кала бергенде, Карылардын айтканы: Атактуу Коңур алп баштап, Нескара менен Мурадил, Уушаң өңдүү зор баштап, Түп Бейжинге калтырбай, Беш урукту бүт айдап, Таласка келип алалбай, Же муунуп өлүп калалбай, Жатындашы Ороккыр, Нескара менен Мурадил, Сен калмактын Уушаңы, Коңурбайдан башкасы, Баары өлүп сулады. Аны менен жай жатпай, Кызыл-Кыйа сагаага, Коңурбай тузак курганы, Өзү түшүп тузакка, Күлчородон кулады, Коңурбайды жеңди деп, Семетейге ат калды. Казактын эли бузулуп, Жапандакы кызыл дөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Нескаранын Жубатай, Мурадилдин Каратай, Калмактардын Уусанген, Калбай келип баарысы, Бирөө тирүү калбады, Семетейдин ошондо, Абдан ачты арбагы. Маңгыттардын Мадикүл, Жалгызкөздү дагы алды. Бараң менен Шанхайды, Жөөт менен тарсаны, Жуда менен калчаны, Каракалпак, Кыйваны, Баарын мындан куткарды. Канчоро ичтен бузулду, Ошондо далай кысылды, Жедигердин элинде, Жетисуунун жеринде, Сейтек андан туулду, Кыйазды жакын жолотпой, Аташканы Айчүрөк, Албарсты болуп кубулду. Он экиде Сейитек, Эли-жерин эстеди, Тоодой болгон Кыйазды, Тоңкойтуп сойуп кеткени. Элге батпас ант ургур, Жерге батпас кутургур, Беттешип барып кор болду, Мен-менсинген далай дөө, Кыргыз колдуу жоголду. Сейтектен Кененим, Күн батышка бир барып, Жети дөөнү жоготту, Баш булгатпай батышты, Жүрөк курчун мокотту. Иран менен кудусту – Булардын баарын колотту. Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөөнү торойтту. Катышып барып Чиктей хан, Каңгайда өлүп жоголду. Темир тондууШалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Ал экөөн шор болду, Сен экөөбүз бир туруп, Көргөнүбүз бул болду, Коросон менен испандык, Келип калса не болду? Иранкүдүк Чыңгышка, Айткан экен башында: “Тогуз ата болгунча, Томолонбойт Манас” деп, Ал айтканы чын болду, Ажал алып жакалап, Амалыбыз болбоду, Жалаңгыч сарык Кененим, Жалынсак тирүү койобу? Эр Кесилет, Ачакан, Дабытай баштап ал үчөө, Келер кези болжолу. Бул кан ичме кыргызга, Булардан айла болобу, Баарыбызды чогултуп, Ажыдаардай соробу? Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Жөлөк болуп зоройду. Ойлосо бүгүн кыргызды, Замана бизге тар болду. Алып болду күлүктү, Аскерге салды бүлүктү, Тажик менен калмактан, Тентип жолго көп түштү. “Ханыңда күнөө сенде жок, Кайда барсаң баргын” деп, Ат-тонун берип жөн койду, Кантип бизге кайрылсын, Өлбөй калган бар аскер, Кыргыздын кулу болгону. Жандан тойбой, Чойун алп, Көп акылды ойлойлу, Тажик, калмак биригип, Кыргыздан калып жеңилип, Калганга таба болбойлу. Коросон менен испанга, Жону туйук нар бердик, Сандыкка салып зар бердик, Андан кала бергенде, Кыргызды чаап алгын, деп, Сыртынан бийлеп аа бердик, Өз билгенче айабай, Карындан майга мал, дедик, Айткандын баары бөтөн сөз, Акмак болгон белембиз. Деп Темирбек токтолду, Калдагай кулак Чойун алп, Айткан кеби бул болду: — Чын айтасың, Темиркөк, Коркуп калган белемсиң, Кененимден кайгы жеп? Мен кенебей турамын, Мынчалык ишти канча, деп. Элиң сенин Темиркөк, Качып кетип жоголду. Ан үчүн болбо сен капа, Болбос ишке кайгы жеп. Калмактын эли көбүрөөк, Көйкашкалар көмүлүп, Көп да болсо чөбүрөөк, Майдасы калды, чоңу жок, Кенже койдой чөбүрөп. Акимсиген Кененим, Эртең чыгып жекеге, Талпагын ташка керемин, Алдындакы кула атты, Олжого алып минемин. Кандай киши экеним, Темирбек, анда билесиң, Коросон менен испанга, Эки күндө келбесе, Шаарына барып киремин, Таштап койуп калганын, Туздугуна сийемин! Сен Темирбек, байкагын, Чын сырымды айтамын, Айткандай кылам бар ишти, Үкүз кепти айтпадым! Калмактын көрчү айтканын, Баш калкалап жан катып, Качып жүрүп мааналап, Коросон менен испанга, Үкүс кепти айтканын. Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, Кейпи суук калмактын, Сел аккан суудай күжүлдөп, Кабагын ачып ирмесе, Асманда булут бүркөлөт, Намыстанып Чойун алп, Камчы басып сур атка, Кененимге баратса, Хан Дабытай, Кесилет, Ачакан келет жанаша, Эми болот көргөнгө, Өтө кызык тамаша. Аларды көрүп күч алып, Заар жүзүнө айланып, Сом темирди артынып, Чарайнасын тартынып, Кетелегин кошо алып, Кылыч кында кыңгырап, Айбалта белде шыңгырап, Найза колдо зыңгырап, Жолум үйдөй Чойун баш, Такымына кысыптыр, Туулгасын көмөрүп, Баары темир көгөрүп, Көөдөнүндө чарайна, Далысында калканы, Торгой көз темир бадана, Беш кабат катар кийгени, Тизесинде кисепче, Үзөнгүдө калдыркан, Алдынкы ээрдин кашында, Жойкумасы байлалуу, Эки миздүү канджардан, Алтоо-жетөө камдалуу, Сарапча тартып көзүнө, Көргөн киши таң калат, Бул капырдын өзүнө, Өчөшүп жаман келатат, Темиркөккө актанып. Өзү айткан сөзүнө. Ошол капыр чочконун, Ачуу басып акылын, Жан көрүнбөйт көзүнө, Булдурттап тили күрмөлбөй, Түшүнбөй адам сөзүнө, Тик багып киши карагыс, Кысталактын жүзүнө. Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Колундакы найзадан, Жалындаган от жанып, Аркасында чаң калып, Дабытай менен Ачакан, Эр Кесилет жанаша, Карап турду таңданып. Аңгычакты болбоду, Кең кула менен аргытып, Артынан чаңды баргытып, Асман көктү каратып, Атырылтып каргытып, Аркасында чаң калып, Көк түбүк найза карманып, Өңү сары, көзү көк, Бузулуп жаман сурданып, Сакалы сары сеңселип, Кармашарга жоо десе, Каарданып эңсенип, Качырып чыкты Кененим, Манастап ураан чакырып, Калтаарытып бар элди, Жапырып чыкты Кененим. Көзүнөн жалын от чыгып, Кара көк туулган берениң, Калдагай кулак Чойун алп, Качырып найза салганы, Сайдырбастан Кененим, Балта менен какканы, Балта тийген куу найза, Талкаланып жатканы, Карап калмак турбады, Айбалта менен урганы, Чаптырабы Кененим, Балтага балта кагылды, Чойун алптын балтасы, Уңгусунан жарылды, Кан ичме доңуз Чойун алп, Кылычына камынды. Кылычты кындан суурганда, Кыйкырыгын күчөтүп, Кыйрынан келип урганда, Балтаны таштап Кененим, Найзаны оңдоп имерди, Кылыч чапчу оң колдон, Каржиликтен булчуңга, Найзаны муштап жиберди. Күчтүү тийген бул найза, Колундакы кылычы, Ыргып кетти капкайда, Калдагай кулак Чойун алп, Чокмор алар колу жок, Өлбөй калар жолу жок, Манастын уулу каракөк, Өтө баатыр колу шок, Көкжалдык эмей неткени, Көзүрсүнгөн калмакты, Көмө койуп өттү эми. Тоңкойуп калмак жыгылды, Топого башы тыгылды, Кайра айланып сайгыча, Темирбек келип кабылды, Беймаал өлүм табылды. Калмакка сунган найзаны, Тартып алып Кененим, Темирбекти муштады, Ичеги-боорун аралап, Омуртканын тышынан, Найзанын учу чыкканы. Чойун алп кетти кутулуп, Темирбек калды өлүмгө, Бурула албай тутулуп. Чойун алп басты санаасын, Дабытайга кошулуп: — Кесилет менен Ачакан, Курбалдашым Дабытай, Сен үчөөңө кошулдум, Эминеден кемим бар? Темирбек өлдү көрдүңөр, Болбой калган жерим ал, Бир капталым бек ооруйт, Аңтара сайды кан ичме, Как өпкөмө кабыргам, Кадалып калган чени бар... Карбаластап калдаңдап, Ит куугандай барбаңдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Этектери далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Эки жеңи балбаңдап, Өкүрүгүн басалбай, Жумулган көзүн ачалбай, Чалды-куйду түшүрүп, Сөзүн жакшы айталбай, Коркуп калган кези экен, Кара жанын каталбай. Майданда турат Кененим, Эңишип келген душмандан, Эринбеген береним, Испандан келген Ачакан, Жанындакы Ууданы: — Кененимге бар, — деди, Кепти ачык сал, — деди, Ачакан менен Дабытай, Эр Кесилет, кел, — деди, Биз түшөлү жайланып, Жан тумшукка келгенде, Кара жанын калкалап, Качып келди Чойун алп, Башын катып мааналап, Эртеңден баштап көрөлү, Кимдер өлүп, ким калат. Ачакандан кеп угуп, Ууда кетти бурулуп, Кебин салды калтырбай. Кененимге жолугуп. Кепке канып Кененим, Кең пейил тууган эрениң: — Келген киши, кайтып бар, Менин кебим ханыңа, Төкпөй-чачпай айтып бар, Ачакан менен Дабытай, Испан менен коросон, Козголуптур жан калбай. Буулугуп калган кезиби, Урунарга тоо таппай, Урушарга жоо таппай, Айдарына мал таппай? Алданып малга келиптир, Аманат жаны жай таппай, Баркы кетет хандарың, Баш калкалаар бай таппай, Кетиреби Кененим, Селдей толкуп кан акпай! Айкөл Манас, Чынача, Урушканда Ооганда, Коросон менен испандык, Коңурбайга алданып, Барган экен башында, Кечириптир күнөөсүн, Келбеттүү Манас падыша, Испан менен Коросон Жана келип калыптыр, Анткор калмак алдаса. Алданып койуп тажиктер, Темирбекке капташты, Кан төгүлүп каргаша. Карыдан кабар укпайбы, Ачакан менен Дабытай, Укса дагы жукпайбы, Эки хан эстен азыптыр, Эмгектүү жолду басыптыр, Ажал алып жакадан, Хан талашып шашыптыр. Коросон менен испанга, Кол салып кыргыз барбаса, Топтошуп жүрүп не пайда, Төө берип калмак алдаса? Ат берейин жөө болсо, Тон берейин жок болсо, Калмак менен тажикти, Түп көтөрө берейин, Арык болгон, ач болгон, Алы начар эл болсо, Кетип калсын эки хан, Оор албаса, эп болсо, Деп Кененим жөнөттү, Кайра барып Уудасы. Көргөнү менен укканын – Баарын айтып түгөттү. Аскер түшүп жатышты, Жан казанын асышты, Уйкунун даамын татышты. Аскерди уйку басканда, Торойушуп жатканда, Дабытай менен Ачакан, Эр Кесилет үчөөнө, Чойун алптын айтышы: — Карап турду көзүңөр, Угуп турдуң өзүңөр, Бул кан ичме Кененим, Айткан кептин туркун көр. Чаары турат көзүндө, Чалгырты турат сөзүндө, Айткан кеби баары заар, Ичи мунун такыр чаар. Мени менен силерди, Чагыштырып айтканын, Манаста болгон урушту, Салыштырып айтканын, Бириң баатыр, экөөң хан, Кептин тегин байкагын. Кыр көрсөтүп биздерге, Жакшылык жактын шеги жок, Жамандык жагын издерге, Беттешкенин мент кылып, Алып келди бул кезге, Касташканын капшырып, Басып келди бул кезге. Кылымды кыргыз басты, деп, Айтылып калды кеп болуп, Жашы-жаман иш болсо, Не дегени эп болуп, Катышкамын кыргызга, Келечек кепти ойлонуп, Белге таңуу бектер деп, Кабар айттым сиздерге, Калың кошуун кол менен, Келипсиздер бул жерге. Акылым айтам баарыңа, Жашырбаймын дегеле, Жекелешип урушуп, Ал келбестей Кененге, Акылды арбын жыйалы, Кызык жумуш кылалы, Эртеңден баштап бөлүнүп, Үч бөлүнүп чыгалы, Туш-тушунан кыргызга, Кылгылыкты кылалы. Бир бөлүгү биздин эл, Кас тилеги Кашкарда, Жоодарды кармап сойолу, Жоготуп аны койолу. Бир бөлүк кол баралы, Атбашы менен Нарынга, Калтырбайлы кыйратып, Кыргызды койбой барынча. Бир бөлүк кол түз жүрүп, Таласына баралы, Таш-талканын чыгарып, Такыр чаап алалы. Мен барайын Кашкарга, Ачакан барсын Нарынга, Дабытай барсын Таласка, Кесилет жарайт намыска. Айтканың акыл, баатыр, деп, Атагы кыргыз болгонду, Түгөтөлү такыр деп, Эртеңки түнү бөлүнүп, Туш-туш жакка жөнөргө, Убадасын бекитти, Өздөрүнүн салтынча, Ант кылышып бекишти. Бет келгенди кыйратып, Самарканга чогулмак Болуп тарап кетишти, Жай-жайына жатышты. Аңгыча таңдын атышы, Чуркурак чыгып башталды. Тажиктердин качышы. Кара нээт Чойун алп: Тажиктерди камчылап, — Бузук салган кимиң? деп, Тениңден башың кесемин, Аксын каның тамчылап! Деп жекирип турганда, Кененим киши жиберди, Ээсиз калган элди деп. “Коржоңдогон бул калмак, Неге бокту жеди деп? Мен колдуу өлдү Темирбек, Эл меники эми, — деп, Кызыкса калмак жашынбай, Азыр чыга калсын!” Кененимден кеп келди, Бул эреже ырас деп, Тийбес болуп тажикке, Баарысына эп келди, Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Карап тажик кеткени, Майданга чыгып бир киши, Жекелешип келбеди. Дабытай менен Ачакан, Калдагай кулак Чойун алп, Кол башкарган мыктысын, Койбой баарын келтирди: — Тайарлыгың кыл, — деди, Тайар болуп тур, — деди, Керней тартып чуу салып, Сурнайдын үнүн чыгарбай, Доолбасты урбастан, Айал кылып турбастан, Коросонго караган, Таласты карай бас, — деди, Ачаканга караган, Атбашыга түш, — деди, Чойун алпка караган, Кең Кашкарга бар, — деди. Кармап алып Жоодарды, Тажиктен качып мааналап, Кашкар жакка барганды, Алып келе кал! – деди, Кеңеш кеби бүтүштү, Кеч киришти күтүштү. Бактыбайдын элинде, Сакадай деген бар эле, Салтанаттуу иш кылган, Салттуу эрдин бири эле, Кененимдин элинде, Сары айар деген бар эле Сак сакташкан мезгилде, Сактын бири ал эле. Сакадай менен Сары айар, Кеңеш кыла калышты, Жай алып жатты келгендер, Жакшылап кабар алышты, Сакадай кийди испанча, Сары айар кийди калмакча, Ашпоз боло калышты, Чай сунуша барышты, Кебин угуп алышты, Кененимдин алдына, Булар келе калышты, Барганынан келгенин, Бар кебин айта салышты. — Айтканыңар чын болсо, Өтө жаман иш экен, Үч тараптан чыр болсо, Сүйүн менен Чолпонбай, Таласка баргын сен болсо, Кашкардагы Жоодарга, Каралашам мен болсо, Аркаңдан жете барамын, Ачык жолум шар болсо, Атбашыга, Бактыбай, Ата журтуң ээ болгун. Конгон жерде жөн койбой, Кол салыша бергиле, Манастап түндө тийгиле, Кара боорун тилгиле, Күүгүм кире бүрүлдө, Жалпы атка мингиле. Бөлүнүп жөнөй бергенде, Астыртан утур тийгиле, Аралап өтүп тубастан, Арткы колго киргиле. Бирикпесе бөлүнүп, Айткан жерге баргыла. Азыр болуп калгыла, Чогулушса баарысы, Биз да чогуу туралы. Бөлүнүп чыкса талаалап, Биз чыгалы алдынан, Жолун торгоп сабаалап. Деп Кененим тапшырып, Эр Сүйүн менен Чолпонбай, Таластын элин бир бөлүп, Аттарын токуп жакшылап, Жан казанын байланып, Жоо жарагын шайланып, Чылбырын кармап аттардын, Буйрук күтүп калыптыр. Зор Бактыбай кер атка, Ээр-токумун токутуп, Атбашы, Нарын элдерин, Бар керегин жам кылып, Тайарланып калыптыр. Көк жал төрө Кененим, Кеңкула атты белендеп: — Кызыталак Чойун алп, Кең Кашкарга жеткирбей, Талпагың ташка керем, — деп, Жолум үйдөй башыңды, Жол бойуна илем, — деп Томолотуп көргөндөр, Көзүңө балдар сийер, — деп, Сенден көөнүм жай кылып, Коросон менен испандын, Кыйындыгын билем деп! — деп, Кыжырланып алганы, Шабыркандын сайынан, Сүйүн менен Чолпонбай, Жол тосуп тура калганы. Айалдап аста жүргөн деп, Аркасында калганды, Аттанып чыккан коросон, Колу келип капташты. Тосо чыгып Чолпонбай, Ким болосуң жүргөн, деп, Жолун сурай баштады, Кол баштаган немеси, Коржоңдоп жооп кылбады, Кужуру кармап Чолпонбай, Жыга чаап таштады, Ач кыйкырык ызы-чуу, Кызыл кыйан сел агып, Кыйын уруш башталды. Таластын эли талаада, Капташып калды коросон, Эр Сүйүн менен Чолпонбай, Жан алуучу балаага. Манастап экөө бакырып, Аралап кирди жапырып, Ким капташса буларга, Каны-жини чачылып, Кайра качты коросон, Дабытай көздөй шашылып. Кыргыздан аскер кирбеди, Сүйүн менен Чолпонбай, Далайын кырып жиберди. Камынып кыргыз тосконун, Хан Дабытай билди эми, Хан Дабытай, Кесилет, Камынып атка миништи, Кыргыздын эли экен, деп, Манас деген үндү угуп, Калмакка барып тийишти. Калмактын каны сел болуп, Кагылып башы алмадай, Кара жерге тең болуп, Испандагы Ачакан, Кеп угучу кез болуп, Атбашыны бетке алып, Аттанып жолго салыптыр. Инектин сайы дегенде, Жолун тосуп Бактыбай, Жолугушуп калыптыр. Ачакан калган аркада. Аскер келе жаткан кез, Бактыбайдын кайраты. Башка жаштан болгон кез. Жолун тосуп кеп сурап, Барасың кайда, деп сурап, Сакер баштап келейткан, Ачакандын кишиси, Караңгыда калдаңдап: — Жөн сураган сен кимсиң? Ачакандын кошууну, Абдан жайын билгиниң, Жоодурабай жооп сурап, Өз жолуңа киргиниң! Бастырып жөнөй берерде, Жана айтты Бактыбай: — Ачакандын кошууну – Колу барат кай жерге? Жол баштаган жооп айтты, Кобурабай тургун, деп, Колду баштап басканы, Колун сунуп Бактыбай, Далысынан кармады, Чымчыктай аттан алганы, Чымырканып сурады. Атбашы, Нарын барабыз, Коргон салган Кошойдун, Койбой элин чабабыз, Кумардан чыгып калабыз. Чын кумардан чыктык! деп, Жакадан муунта кармады, Осуртпай жанын алганы, Байрагын булгап көтөрүп, Кайра артына жанганы. Калмак менен коросон, Койгулашып жатканда, Колду алпарып салганы. Коросон, калмак, испандык, Шаркырап суудай кан агып, Ангычакты болбоду, Таң көрүндү агарып, Хан Дабытай, Кесилет, Мойнун буруп карашып, Кырылган элдин саны жок, Кылайган кыргыз бири жок, Коросон, испан, калмактан, Өлгөн өлүк саны жок, Кырылган элди көргөндө, Чоңдордун ичи жалын, чок, Калдайай кулак аттанып, Кашкарды карай бет алып, Бастырып чыга бергенде, Кененим калды капташып. Караанын көрүп көкжалдын, Жүрөгү коркуп апкаарып: “Жолумду тосуп бекемдеп, Куткарбайт экен эми, — деп, Эрдемсиген Чойун алп, Өмүрүм бүткөн экен, — деп, Мындай уруш курусун, Куландын сары сайына, Качып кетсем белем, — деп. Коросон менен испанга, Койгулашып Кененим, Өлүп калса угармын, Өлбөй калса Кененим, Өзү издеп баргынча, Узартып өмүр турайын”, Сур аттын башын бурганы, Созултуп качып жөнөдү, Аттанып жаткан аскерге, Аралап кирип жоголду. Таң агарган болжолдо, Из таанылар болгондо, Айкөлдүн уулу арстаның, Ат изин чалып карады. Кырылышкан элдердин, Жанына басып барбады. Кашкарды карай бет алып, Качкан экен кара нээт, Аттын изин таап алды. Кеткенин билип калмактын, Катын баасы арбактын, Сары жашыл жалпак бет, Намысы жок акмактын, Аркасында аскерди, Абалы кантер экен, деп, Акмалап туруп калганы. Күндүн мурду чачыла, Тунарыктар жазыла, Коросон менен испанды, Чойун алпты таппады. Кыргыздын элин караса, Кыбырабай жай жаткан, Коросон, испан, калмактан, Селдей болуп кан аккан, Атайын киши жиберип, Кыргыздан муну сураткан, Биз билбейбиз деп койду, Билбегенге жооп жок, Аны менен тим болду. Калдагай кулак Чойун алп, Каңгайлыкта көрүнбөйт. Кызыл жолборс Кененим, Кыргыздарда билинбейт, Көптүгүнө алыптыр, Коросон менен испандык, Таласты карай бет алып, Аттанып жолго салыптыр. “Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Маана болор элге, — деп, Баш душманым кангайлык, Калдагай кулак эле, — деп, Куткарбайын аны” деп, Аттын изин кубалап, Артынан түштү Кененим, Кең куланы камчылап, Борбуйдан тери тамчылап, Омбул-домбул түйүлтүп, Ой-дөңү жок жүгүртүп, Опсуз катуу жөнөдү. Кара нээт Чойун алп, Аска ташты мааналап, Атын байлап далдалап, Кененим өтө бергенде, Сур атка минип калдайып, Кара аскадай далдайып, Кайра артына салганы, Коросон менен испанга, Кошулуша калганы. Үч бөлүнүп ургандар, Кыргызды үйрүп камады, Жекелешип барбады. Мылтык алды, жаа алды, Мылтык алып тарсылдап, Жебе тартып зыркырап, Салмоордун ташы чыркырап, Асманга учуп топурак, Милтенин баары кызыл чок, Боздоп учат аткан ок, Жандан тойуп кыргыздар, Баарысында жан-ман жок. Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Жалтайгансып калган жок. Бирде өөдө, бирде ылдый, Атаңдын көрү дүйнө шок! Манастап ураан чакырып, Бактыбай тийди качырып, Кыйкырыгы таш жарып, Эр Сүйүн кирди бакырып, Эми калган кыргызга, Чолпонбай айтат шашылып: — Жаманатты болбогун, Ар кайда качып чачылып, Жалпы кыргыз баарың ук, Туу козголсо качты, дейт, Бизден кыргыз шашты, дейт, Тууну кармап мен турам, Баатырдын атын эске алып. Баарың киргин турбастан, Туруп берип окко өлбөй, Душманга барып күч көрсөт. Кудай бетин нары кыл, Манас деген бакырык, Бар кыргыз ураан чакырып, Жер силкинип калтылдап, Аралашып киргенде, Сойулга сойул чакылдап, Келип калган кептенип, Кыйамат кайым жакындап, Шер Бактыбай, эр Сүйүн, Кылычтан канын чубуртуп, Калың жерин суйултуп, Коросон менен испанды, Таштап койуп унутуп, Калмактын кирип тобуна, Найзаны кадап баратат, Жер тайантып бооруна. Тура калды Чойун алп, Эр Сүйүндүн жолуна, Келе жаткан Сүйүнгө, Көрүнбөй туруп ал калмак, Капыстан найза урганы, Саргыл аттан эр Сүйүн, Камгактай учуп кулады, Бактыбай көрө салганы, Жебеден мурун жеткени, Калдагай кулак капырды, Капталга койуп өттү эми, Алдындагы сур аттан, Аңтарылып кеткени. Бала баатыр Бактыбай, Чойун алпка карабай, Аксаргылга Сүйүндү, Миндирип кетти тайманбай, Испандардын Ачакан, Чойун алпка жетиптир, Куткарып алып кетиптир, Туу түбүндө Чолпонбай – Чоктой кызыл жалынга, Беттеп бенде баралбай, Буулугуп калган кыргыздар, Кылча жанын айабай, Кылчайып артын карабай: “Жаным тирүү турганда, Жандан тойгон калмактан, Аз болгондо алтыны, Көп болгондо алтымыш, Жаздана жатсам экен” деп, Алы жогун алдуусу, Аңтара тартып атынан, Көзгө чаап баратат, Күчү жогун күчтүүсү, Көчүккө сайып найзалап, Кан агызып баратат. Башы-көзү челектей, Көзү күүгүм электей, Жулкуш болуп ченебей, Кызык уруш кези эле, Эр Кененим изин кууп, Кара кырдан ашканда, Аз канакей кыргызды, Кай тарапка кетти, деп, Калдагай изин чалганда, Кайта артынан чапканы, Келе жатып кез болду, Кеткен аттын изине, Издин дайнын таппады, Алда эмне кылды, деп, Жалын түшүп ичине, Кең кула менен желгени, Кызыл кыргын кезинде, Элге жетип келгени, Жазганбастан сайышкан, Көзү көрдү элдерди, Баатырдын туусу сайылуу, Желеги көккө жайылуу, Жанын айап калбады, Кабылан тууган Кененим: — Калдагай кулак кайда, — деп, Канчалык кылсаң айла, — деп, Бир жаныңа табылбайт, Кутулар менден арга! – деп, Ачуу үн чыгып акырып, Манастап салып бакырык, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Кененим кирди качырып, Калдагай кулак эр айтат, Дабытай менен Ачакан, Чакыртып келген элге айтат: — Үнүн угуп турасың, Жалаңгыч сарык келайтат, Бетке келсе куткарбайт, Бел сындырып жан тартат, Башынан келе жатамын, Кененим менен кектешип, Мен чыгамын беттешип. Жол бошотуп силерге, Аны азгырып мен кетип, Таластын тарпын чыгаргын, Токтоо кылбай түз жетип. Бөлүнбөй бирге жүргүлө, Таласты алсаң бел сынат, Такыр акыл билгиле. Деп ошентип Чойун алп, Кененимдин алдынан, Утур чапты жол тосуп. Келе жаткан Кенендин, Кебетесин байкады, Күүгүмдөгү устадай, Өңү күүгүм сурданып, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Мурутуна муз тоңуп, Кабагынан кары жаап, Жаалы чыгып бетинен, Жалын чыгып көзүнөн, Көргөн адам айбыгат, Келе жаткан түрүнөн. Кененимдин белгисин, Көрүп туруп Чойун алп: “Беттешермин эрдемсип, Кетчүдөй турат баш кесип. Коросон менен испандын, Көзү карап турганда, Темирбектей тепселип, Мында өлүп бергенче, Качыра түшүп тап берип, Күн кеч кирип калыптыр, Топ аралап кирейин, Көз байланган бүрүлдө, Качып жолго жөнөйүн” Акыл ойлоп алганы, Арамзаада түгөнгүр, Кез керип найза чунайтып, Кездемдин боосун чубалтып, Тик качырып жөнөдү. Барып найза сайалбай, Жандап өтүп булт берип, Нары качып ойт берип, Бери качып шойт берип, Күн кеч кирди аңгыча, Калың кара кошуунга, Кирип кетти кылт койуп. Карааны көздөн жоголду, Караңгыда жылт берип, Анткор калмак кайда, деп, Арстан тууган Кененим, Бактыбайга жол кошуп: — Кангайдан келген калмакты, Как боорунан жарбасам, Кең куладан түшпөймүн, Коросон менен испанга, Катылышып жүрбөймүн, Чойун алпты албасам, Мен Таласка келбеймин. Коросон, испан кетпесе, Кезенишип диттесе, Амал менен урушуп, Айла кылып тургула, Туйдурбастан жылыштап, Таласты карай жылгыла. Кезектешип урушпа, Адам уулу чыдагыс, Кесилет менен урушта, Кейпи суук көрүнөт, Ким эрдемсип беттешсе, Беймаал каны төгүлөт. Деп тапшырып Кененим, Жүрүп кетти бастырып, Кара нээт Чойун алп, Чокудан чыгып шашылып, Тоо аралап жашынып, Чыгышты туура бетке алып, Кетип барат ашыгып. “Түбү тууган бирге эле, Кызыл чапан, жайдак төш, Мунун эли көп эле, Баш калкалап мен барсам. Маана болуп береби? Чыгыштан жалкып калышты, Кененимди көргөндө, Же кармап мени береби?” Санаасы сан, кыйал миң, Калдагай кулак өзү бир, Мээнет акыл таптырбай, Ачылбай келет көөнү кир, Тоо кылкалап жол басып, Корум таштуу бел ашып, Күн алтыга жеткенде, Кашкарга келди жанашып. “Алты күндөн бери жакка, Аркамдан кабар болбоду, Кененим калган белем деп, Изимди таппай адашып, Жоодарды сойуп кетем” деп, Качып жүрүп жаны ачып, Кез дайранын бойунда, Жоодарга калды капташып, Дүйшөмбүнүн шаарынан, Кененимге баратып, Көрө салып Чойун алп, Ал Жоодарга муну айтат: — Кайда кетип барасың, Чал сакалың калдаңдап? Дүйшөмбүдөн мен келем, Кыргызды кырып канжалап. Кыргыздан тирүү калбады, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Кененимди баш кылып, Кажыр-кузгун талады. Баш калкалап Жоодарың, Мааналар жериң калбады, Мен келатам сени издеп, Башыңды кесип алгалы, Жолумдан чыктың мага, — деп, Найзасын колго алганы. Жоодар анда кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Кыргызды кырып түгөтүп, Келатпапсың кан жалап, Качып келе жатыпсың, Аркаңды карап кылчаңдап, Башыңды кесип байланып, Жолбостун жолун тосойун, Атаңдын көрү кап, калмак! Жоодар алды найзасын, Кайрат кылып тырпаңдап, Ак сакалын жаркытып, Жааган кардай барпаңдап. — Качкан киши менби? – деп, Каарданып чоң калмак, Баш алуучу сенби? – деп, Улуу жолго сойойун, Ичиңди жарып, томайак, Талаага таштап койойун, Келгендер көрсүн көзү, — деп, Жүрөгү өлсүн өзү, — деп, Ашкере билсин ап-ачык, Чойун алптын иши деп! Уга салып эр Жоодар, Арсаңдап күлүп жиберди: Атаңа наалат ой, калмак, Качкандыгың билинди, Жаныңды катып мааналап, Келгендер көзү көрсүн деп, Бул айтканың кайсы кеп? Кара күчкө байатан, Мактанасың бокту жеп! Карылардан калган кеп, “Капкан жоону чындаса, Кайраттуу катын алат” деп. Качып келе жатыпсың, Ашкере сени билдим, — деп, Мөкүбалдуу найзаны, Булгап алды Жоодар чал, Кайраты жаштай толкуду, Качырып кирди карган чал. Чойун алпка сайдырбай, Найзасын кагып жиберип, Кылкараны оң тартып, Кайта тийди имерип, Тартынып калар жери жок, Чойун алптан ийменип. Жоодар чалдын найзасын, Кангыта кагып Чойун алп, Сур ат менен тап берип, Түп этектен алам, деп, Айтканындай Жоодарды. Жол бойуна жарам, деп, Атына камчы басканы, Кайран Жоодар шашканы, Кылкараны койгулап, Сойодой болуп качканы, Кош кезек деген Мойнокту, Катары менен ашканы. Утур чыгып жолунан, Шер Кененим капташып, Жоодардын ичи кызыл чок, Салам айтса Кененим, Алик алар шайы жок. — Жоодар ага, не болду? Кайратың кайда жоголду? Жоодар жооп бергенче, Көрүнө түштү Чойун алп, Шер Кененим чу койду. Кайра качар жай таппай, Качырып кирди Чойун алп, Ажал алып жакадан, Аптыгып кирди чоң калмак. Ачуусу келген Кененим, Жоготкон жоосун жолунан, Кудай өзү бергени, Ачып көзүн каранып, Кызыл түпөк найза алып, Беттеп кирди Кененим. Өпкө-боордун тушу, деп, Жиктеп кирди Кененим. Качырган жерде калмактын, Найзасын кагып жиберди, Оңолуп калмак келгенче, Кеңкула оозун имерип, Калдаңдаган калмакты, Кара бойун жыйнабай, Далдаңдаган калмакты, Шамалга учкан камгактай, Далбаңдаган калмакты, Тайган кууган кийиктей, Барбаңдаган калмакты, Эки этеги жыйылбай, Салбаңдаган калмакты, Токойдо жапа доңуздай, Дардаңдаган калмакты, Карчыганын балык эт, Найза менен муштады, Табарсыкты аралап, Найзанын учу чыкканы, Калмакты сайып алганы, Кара жерди майлады, Башын кесип байланды. Карыган Жоодар чалына, Сур атты ага карматты, — Ага Жоодар, кулак сал, Унутуп калбай кебимди ал, Башка хандан көбүрөөк, Саа караштуу жерлериң, Баарысынан кабар ал, Жеркен, Котен, Лопнур бар, Азык, Арал, Кум дайра, Ээлик кылгын буларга, Улуктарын үч жылда, Бирден оодар тил алсаң. Элдин көөнүн оорутпай, Багалганын албасаң, Эл нааразы болгонун, Көөнүн карап салбасаң, Унутуп калат пейилсип, Үч жылда бирден барбасаң. Кокон менен колдошкун, Кол үзгөндө болбоссуң, Бактыбайды балам де, Бар кеңешим салам де. Айкөл Манас барында, Жүргөн Төштүк жанында, Алым келсе кадырлайм, Нааразы болбо карыйа. Кененим, Жоодар кеңешип, Кеби тамам болгончо, Чыгыш жактан чаң чыкты, Токтоо кылбай шар чыкты, Кара байрак туу чыкты, Калдайган кошуун кол чыкты, Кабаттап темир кийинген, Капкалуу тоодой зор чыкты. Жоодар менен Кененим, Ким экенин билүүгө, Бура тартып бурууда, Башмактап турду бир жерде. Кол астында эр жалгыз, Чабдар күрөң ат минген, Куйругун ача шарт түйгөн, Жеңишке салчу күлүктөй, Көкүлүн көккө шүйдүргөн, Бар кийгени темирден, Күн чагылып жаркылдайт, Кара бойу кем эмес, Кара тоонун сеңирден. Жер козголуп калтылдайт, Алдында минген чабдар ат, Алоолонуп алкылдайт, Саадагы сары жез экен, Көз уйалтып жалтылдайт, Доолбасы кызыл мис, Чымын тийсе зыңкылдайт, Айбалта сабы күмүштөн, Күн чагылса жылтылдайт. Айдары кара түпөктөй, Бетиндеки сары түк, Беш байпактуу жүн экен, Карап турат эки эрен, Келаткан киши ким экен? Ангычакты болбоду, Жол бойунда дардайган, Чойун алптын тарпына, Атын тартып токтотуп, Жанына келбей кошууну, Көргөн жерде токтоду. Камчысын булгап чакырды, Келген киши беш болду, Келгендин бири бүк түштү, Бакырып ыйлап какшады, Көзүнүн жашы сел болуп, Жакасы ылдый акканы: — Тирүүңдө неге көрбөдүм? Өзүңдөн мурун өлбөдүм? Ким экен сени өлтүргөн! Дүмүрүн казып көрөйүн, Күркүрөп бирөө кеп айтты, Баатыр сендей болобу? Ыйлабагын, деп айтты, Ким экенин билем, деп, Жоодар чалың баратты, Баары турду дүрбөшүп, Көрө сала караанды, Көк темир кийген кеп айтты: — Ким болосуң? – деп айтты, — Ким болойун мен бир чал, Жумушчулап келатам, Коркуп кетип коктуда, Жашырындым байатан, Көркүң башка адамдан, Ким болосуң, айта сал. — Ким экеним сурасаң, Атым Сакта билип ал, Атамдын аты Чиктей хан, Өлтүрүптүр Кененим, Кунун кууп келатам, Калдагай кулак Чойуналп, Жез киндиктүү Кикимат, Темир тондуу Шалкымат – Үчөө экен бир тууган, Чиктейдин өчүн алам, деп, Кайраттанып бел бууган. Ыйлап жаткан тетиги, Чойун алптын баласы, Атын уксаң Саранжа, Камынып жаткан кези экен. Атасын издеп барарга, Чойун алп өлүп жатыптыр, Ушу жерде келатсак, Ким өлтүргөн экендир, Угат элек сурасак, Сактадан Жоодар кеп угуп, Кеп баштады оолугуп, Көптөн бери сүйлөбөй, Калган экен буулугуп: — Атың Сакта калмакпы? Коктукаттан кол тартып, Койбой элди чубатып, Кененимден доо доолап, Чиктейдин кунун алмакпы? Кунун кууп өлгөндүн, Көзүң көрүп турасың, Чойун алп жолдо өлгөнүн. Шалкымат өлдү Таласта, Жалаңгыч сарык Кененим, Жолуна чалды Манаска. Атбашыда Кикимат, Катар өлдү үч калмак. Алтын берип, зар берип, Аны артып нар берип, Коросон менен испандан, Андан калмак кол алган, Тажиктердин Темирбек, Аны алдап дагы алган, Барысы жүрүп тең келбей, Кененимден сойулду, Өлгөндөрдүн майына, Карга-кузгун тойунду. Сакта менен Саранжа, Катышып барсаң баатырга, Кара көзүң ойулду! Же болбосо бул сөздү, Чын айттыңбы, ойнуңбу? Ойноп айтсаң ойлой айт, Тилимди алсаң экөөңөр, Ушул жерден кайра тарт, Кененимге кездешсең, Койдой кезет башыңды, Коондой жарат ичиңди, Ачып көздү жумганча, Бүтүрүп койот ишиңди, Сындырат бүктөп белиңди, Шыпырат аттан ээриңди, Жетим кылат балаңды, Жесир кылат алганды. Темирбек өлүп сулады, Тажиктин эли чуулады. Коросон менен испанга, Кол салат эми душманга, Алар да калат бушманда, Ажал айдап келипсиң, Жаш өмүрүң кыскарта! Атым Жоодарбешим мен, Келе жатсам бул жерде, Четин чардап элимдин, Мени менен кез болду, Калдагай кулак Чойун алп, “Бар кыргызды түгөтүп, Келатам” деп кан жалап, Аңгычакты аркадан, Кененим жетти кубалап. Кененимди көргөндө, Туулгасын башка көмөрдү, Чоң найзасын өңөрдү, Ачууланып көгөрдү, Анткен менен калмагың, Бул дүйнөдөн жөнөлдү. Ат чалдырып Кененим, Ар жаккы агын бойунда, Силерди мындай келет деп, Дегеле жок ойунда. Жоодар мындай дегенде, Сактанын айткан кеби эле: — Чын болсо кебиң карыйа, Кененим канча киши экен, Келалбайт менин алдыма. Келатканым көргөн бейм, Карааным көрүп алыстан, Жүрөгү менден өлгөн бейм, Көөдөндө жаны бар туруп, Башкаларга жалынып, Жан сакташы кандай кеп? Коросон менен испандан, Кол сурашы болбоптур, Колунда барды аа берип, Түбүндө жакшы болбостур, Аларды колго чакырып, Болбогон ишти ойлоптур, Баш көтөртпөй муңгулду, Өзүнүн жолун тордоптур. Кыргыз менен кас болуп, Кырылып жатсак маминтип, Алардан өлсө аттуудан, Аты угулган баштуудан, Алардын ага-иниси, Сен үчүн муңгул өлдү, деп, Изин кууп келбейби, Күндө айылдан доо кетпей, Эдепти эки бербейби. Өз башы менен ар кимдин, Болгону жакшы мындайда. Кененим менен кездешем, Керт башыма беттешем, Тирүүлүктөн үмүт жок, Өлүм жагын жиктешем. Чойун алпты жарганда, Кумардан чыгып канганда, Кайра кетти Кененим, Коркпосо келип көрүшсүн, Жазайын анын берейин, Куйкасына чач койбой, Бирден санап берейин! Терисин тетир сойойун, Саман салып толтура, Жыгачка асып койойун. Эки көзүн чекпесем, Суу ордуна ичпесем, Сакта болбой өлөйүн, Сабыңды бузбай жөнөгүн! Сапырылтып топону, Сабын бузбай черүүсүн, Сакта баштап жөнөдү, Жоодар кайра салганы, Кайда кетти каары деп, Сакта менен Саранжа, Кадигине албады. Кененимге жетиптир, Көргөн-билген баарысын, Такыр айтып берди эми. Анда туруп Кененим, — Жоодар аба кайт, — деди, Кененим келди, мына деп, Акмактарга айт деди. Сакта менен Саранжа, Кун алгалы келбеди, Жан бергели келгени, Деп айткының, — дегени. Желип жетти Жоодарың, Алдын тосуп балдардын, Кайда барып келгениң. Кененимдин бар кебин, Калтырбай айтып бергени. Сакта менен Саранжа, Унаадан жүгүн түшүрүп, Чатырын тигип күтүнүп, Кеңеш кебин бүтүрүп: “Жекелешип баралы, Жеке уруш салалы, Пил болсо да бу чакка, Чаалыккандыр Кененим” Каңгайдын көрүп байрагын, Жоодар сайды бир жерге, Кененимдин желегин. Мен-мен дешип талашып, Сакта менен Саранжа, Талашып калды далайга. Эстүүлөрү калмактын, Түшүп жатып арага, Мурун өлгөн Чиктей хан, Бул барса болот туура, деп, Уруксат кылды Сактага. Каңгайдан келген эр Сакта, Бойу тоодой бир барча, Саадагын салып мойнуна, Жебесин алып колуна, Бар сайманы бойунда, Бастырып чыкты буркундап, Ылат-мылат булардын, Колдой турган кудайы, Катылуу жүрөт койнунда. Сом темирин артынып, Чарайнасын тартынып, Бузулуп өңү сур чалып, Буттай темир курчанып, Кара буурул ат минип, Каттай темир кийинип, Баатырлыгы билинип, Бастырып чыкты эр Сакта, Балакет баскыр жекеге. Сайышаар жери ээн топо, Эпсиз жаман жер ошо, Кененим, сакта бет келди, Ойунда Сакта Кененди, Оодара сайам деп келди, Кара буурул атына, Камчы берип тап берди. Найзалардан үн чыгып, Жан алчудай сүр чыгып, Жандаша түшкөн жеринде, Найзаларын кагышып, Кайта-кайта сайышып, Балталашып чабышып, Балтанын сыртын жарышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырышып урушуп, Олпокторун булушуп, Соотторун жулушуп, Канжарлашып кармашып, Кара бойго жармашып, Калтырбай күчүн арнашып, Талкаланып тарамыш, Сөөктөрү зыркырап, Кабыргалар калбастан, Калгандай болуп быркырап. Бирин бири тиктесе, Көздөрдөн жалын шыркырап, Темирден чыккан ширөөдөй, Жылт-жылт этип чыркырап, Зыркаар жүрүп эпкиндеп, Шамал чыгып дыркырап, Төбө чачтар үрпөйүп, Сакалдары үксөйүп, Муруттары бириндеп, Этектери дирилдеп, Зым-зым этип зымылдап, Салтанаттуу Кененим, Ак мейкин зоодой зымырап, Жер бетинде айбандар, Курт-кумурска көп жандар, Коркконунан кобо албай, Былк этпей жатат кыбырап. Чиктей хандын эр Сакта, Ээрдин кесе тиштенип, Аманат жанга күч келип, Жана тийди айкырып, Найзасын булгап кезкерип, Салтанаттуу кара көк, Амалы журттан бөпбөлөк, Күүлүү келген найзаны, Сайдырбастан какканы. Кененим каккан оңобу, Балта тийген бул найза, Сан барча болуп жоголду. Буга Сакта арданды, Балтасын колго алганы, Чаптырбастан Кененим, Кар жиликтин булчуңга, Найза менен сайганы, Каруу кылар булчуң эт, Как бөлүнүп кетиптир, Кан какшап булчуң какшады, Колундакы балтасы, Жерге түшүп жатканы. Бирөө жара, бирөө сак, Куруп калган бул Сакта, Кантер айла таппады, Таппаганга болобу, Жалаңгыч сарык Кененим, Бакалоордун безине, Найза менен бир койду, Кара буурул тулпардан, Калпактай учуп торойду. Көрүп туруп Саранжа, Күркүрөп чочко ат койду, Келгенинче бул чочко, Кененимге шарт койду. Тулпарларды арытып, Жаш өмүрдү карытып, Амал издеп айла таап: — Андай уруш кылбайлы, Какпай найза сайышып, Качпай балта чабышып, Колтуктарды чойушуп, Чокмор менен койушуп, Этек-жеңди түрүшүп, Эрдик менен күрөшүп, Турушалы Кененим. Мындан айла болбосо, Кезектешип нөөмөткө, Чыдашалы, Кененим. Кимдин жолу шар болот, Кимдин жолу тар болот, Кими баатыр ким коркок, Ошондойдо ылганат. Деп ошентип айтканда, Макул болуп Кененим, Күүлүү найза алышты, Күркүрөтө сунушту, Кагышпастан найзаны, Как өпкөгө урушту. Чарайнасы чатырап, Быркырады Саранжа, Саранжанын найзасы, Кененимге тийгенде, Канча барча бөлүндү, Сыныктары чыркырап, Көктө учуп көрүндү. Колуна балта кармады, Барлык күчүн Саранжа, Кененимге арнады. Кененимдин туулгасы, Жалпайа түшүп токтоду, Саранжанын туулгасы, Дал-дал болуп жок болду, Кылычын тартып кынынан, Тең жарам деп ойлонду, Кененимди кырынан, Кененимдин кылычы, Жүйрүн дөөнүн мурасы, Кыйын кылыч мына ошо, Армансыз болсоң калмак деп, Карап турду Кененим, Кылычын кындан тартканда, Жылтылдады калмактын; Алдында минген тулпары, Жорголой басып арыштап, Кылтылдады калмактын; Күлкүсү чыгып кылыңдап, Шылкылдады калмактын. Кыйкырыгын күчөйтүп, Күүлөп урду Кененге, Кесип өтүп кетти, деп, Саранжанын ойу эле, Кененимдин кийгени, Акым дөөнүн сооту эле, Күүлүү чапкан бул кылыч, Кырк жеринен сынганы. Эр Кененим жолборско, Кенедей зыйан кылбады, Кылычы жок кур болду, Саранжага сыр болду, Салтанаттуу Кененим, Бел тушуна болжоду, Мелжеп туруп бир койду. Кылыч кесип өткөнүн, Билбей калды Саранжа, Чапкан кылыч кана деп, Сурайын деп козголду, Тоорактай эки бөлүнүп, Томолонуп жоголду. Кезенишип Кененге, Кекенише келгенде, Калдагай кулак Чойун алп, Хан Чиктейдин эр Сакта, Чойун алптын Саранжа – Үчөө катар сулады. Жыйырма миңден колу бар, Чуркурашып ыйлады, Саадагын илип мойнуна, Салбырашып турганы, Буркурашып баш уруп, Жан соогасын сурады. — Айдоого келген, сен аскер, Сенде жазык жок, – деди, Жөн кишиге катышпай, Жолуң менен кет, — деди, Кайра келип калмактар, Каңгайга барсак айдайт деп, Куландын сары сайында, Эсепке бизди албайт, деп, Үч кошут менен жылдызга, Үйүр алышып жердеди. Аны андай таштайлы, Кененим менен Кесилет, Кез келгенин баштайлы.