Аңгычакты болбоду, Кең кула менен аргытып, Артынан чаңды баргытып, Асман көктү каратып, Атырылтып каргытып, Аркасында чаң калып, Көк түбүк найза карманып, Өңү сары, көзү көк, Бузулуп жаман сурданып, Сакалы сары сеңселип, Кармашарга жоо десе, Каарданып эңсенип, Качырып чыкты Кененим, Манастап ураан чакырып, Калтаарытып бар элди, Жапырып чыкты Кененим. Көзүнөн жалын от чыгып, Кара көк туулган берениң, Калдагай кулак Чойун алп, Качырып найза салганы, Сайдырбастан Кененим, Балта менен какканы, Балта тийген куу найза, Талкаланып жатканы, Карап калмак турбады, Айбалта менен урганы, Чаптырабы Кененим, Балтага балта кагылды, Чойун алптын балтасы, Уңгусунан жарылды, Кан ичме доңуз Чойун алп, Кылычына камынды. Кылычты кындан суурганда, Кыйкырыгын күчөтүп, Кыйрынан келип урганда, Балтаны таштап Кененим, Найзаны оңдоп имерди, Кылыч чапчу оң колдон, Каржиликтен булчуңга, Найзаны муштап жиберди. Күчтүү тийген бул найза, Колундакы кылычы, Ыргып кетти капкайда, Калдагай кулак Чойун алп, Чокмор алар колу жок, Өлбөй калар жолу жок, Манастын уулу каракөк, Өтө баатыр колу шок, Көкжалдык эмей неткени, Көзүрсүнгөн калмакты, Көмө койуп өттү эми. Тоңкойуп калмак жыгылды, Топого башы тыгылды, Кайра айланып сайгыча, Темирбек келип кабылды, Беймаал өлүм табылды. Калмакка сунган найзаны, Тартып алып Кененим, Темирбекти муштады, Ичеги-боорун аралап, Омуртканын тышынан, Найзанын учу чыкканы. Чойун алп кетти кутулуп, Темирбек калды өлүмгө, Бурула албай тутулуп. Чойун алп басты санаасын, Дабытайга кошулуп: — Кесилет менен Ачакан, Курбалдашым Дабытай, Сен үчөөңө кошулдум, Эминеден кемим бар? Темирбек өлдү көрдүңөр, Болбой калган жерим ал, Бир капталым бек ооруйт, Аңтара сайды кан ичме, Как өпкөмө кабыргам, Кадалып калган чени бар... Карбаластап калдаңдап, Ит куугандай барбаңдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Этектери далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Эки жеңи балбаңдап, Өкүрүгүн басалбай, Жумулган көзүн ачалбай, Чалды-куйду түшүрүп, Сөзүн жакшы айталбай, Коркуп калган кези экен, Кара жанын каталбай. Майданда турат Кененим, Эңишип келген душмандан, Эринбеген береним, Испандан келген Ачакан, Жанындакы Ууданы: — Кененимге бар, — деди, Кепти ачык сал, — деди, Ачакан менен Дабытай, Эр Кесилет, кел, — деди, Биз түшөлү жайланып, Жан тумшукка келгенде, Кара жанын калкалап, Качып келди Чойун алп, Башын катып мааналап, Эртеңден баштап көрөлү, Кимдер өлүп, ким калат. Ачакандан кеп угуп, Ууда кетти бурулуп, Кебин салды калтырбай. Кененимге жолугуп. Кепке канып Кененим, Кең пейил тууган эрениң: — Келген киши, кайтып бар, Менин кебим ханыңа, Төкпөй-чачпай айтып бар, Ачакан менен Дабытай, Испан менен коросон, Козголуптур жан калбай. Буулугуп калган кезиби, Урунарга тоо таппай, Урушарга жоо таппай, Айдарына мал таппай? Алданып малга келиптир, Аманат жаны жай таппай, Баркы кетет хандарың, Баш калкалаар бай таппай, Кетиреби Кененим, Селдей толкуп кан акпай! Айкөл Манас, Чынача, Урушканда Ооганда, Коросон менен испандык, Коңурбайга алданып, Барган экен башында, Кечириптир күнөөсүн, Келбеттүү Манас падыша, Испан менен Коросон Жана келип калыптыр, Анткор калмак алдаса. Алданып койуп тажиктер, Темирбекке капташты, Кан төгүлүп каргаша. Карыдан кабар укпайбы, Ачакан менен Дабытай, Укса дагы жукпайбы, Эки хан эстен азыптыр, Эмгектүү жолду басыптыр, Ажал алып жакадан, Хан талашып шашыптыр. Коросон менен испанга, Кол салып кыргыз барбаса, Топтошуп жүрүп не пайда, Төө берип калмак алдаса? Ат берейин жөө болсо, Тон берейин жок болсо, Калмак менен тажикти, Түп көтөрө берейин, Арык болгон, ач болгон, Алы начар эл болсо, Кетип калсын эки хан, Оор албаса, эп болсо, Деп Кененим жөнөттү, Кайра барып Уудасы. Көргөнү менен укканын – Баарын айтып түгөттү. Аскер түшүп жатышты, Жан казанын асышты, Уйкунун даамын татышты. Аскерди уйку басканда, Торойушуп жатканда, Дабытай менен Ачакан, Эр Кесилет үчөөнө, Чойун алптын айтышы: — Карап турду көзүңөр, Угуп турдуң өзүңөр, Бул кан ичме Кененим, Айткан кептин туркун көр. Чаары турат көзүндө, Чалгырты турат сөзүндө, Айткан кеби баары заар, Ичи мунун такыр чаар. Мени менен силерди, Чагыштырып айтканын, Манаста болгон урушту, Салыштырып айтканын, Бириң баатыр, экөөң хан, Кептин тегин байкагын. Кыр көрсөтүп биздерге, Жакшылык жактын шеги жок, Жамандык жагын издерге, Беттешкенин мент кылып, Алып келди бул кезге, Касташканын капшырып, Басып келди бул кезге. Кылымды кыргыз басты, деп, Айтылып калды кеп болуп, Жашы-жаман иш болсо, Не дегени эп болуп, Катышкамын кыргызга, Келечек кепти ойлонуп, Белге таңуу бектер деп, Кабар айттым сиздерге, Калың кошуун кол менен, Келипсиздер бул жерге. Акылым айтам баарыңа, Жашырбаймын дегеле, Жекелешип урушуп, Ал келбестей Кененге, Акылды арбын жыйалы, Кызык жумуш кылалы, Эртеңден баштап бөлүнүп, Үч бөлүнүп чыгалы, Туш-тушунан кыргызга, Кылгылыкты кылалы. Бир бөлүгү биздин эл, Кас тилеги Кашкарда, Жоодарды кармап сойолу, Жоготуп аны койолу. Бир бөлүк кол баралы, Атбашы менен Нарынга, Калтырбайлы кыйратып, Кыргызды койбой барынча. Бир бөлүк кол түз жүрүп, Таласына баралы, Таш-талканын чыгарып, Такыр чаап алалы. Мен барайын Кашкарга, Ачакан барсын Нарынга, Дабытай барсын Таласка, Кесилет жарайт намыска. Айтканың акыл, баатыр, деп, Атагы кыргыз болгонду, Түгөтөлү такыр деп, Эртеңки түнү бөлүнүп, Туш-туш жакка жөнөргө, Убадасын бекитти, Өздөрүнүн салтынча, Ант кылышып бекишти. Бет келгенди кыйратып, Самарканга чогулмак Болуп тарап кетишти, Жай-жайына жатышты. Аңгыча таңдын атышы, Чуркурак чыгып башталды. Тажиктердин качышы. Кара нээт Чойун алп: Тажиктерди камчылап, — Бузук салган кимиң? деп, Тениңден башың кесемин, Аксын каның тамчылап! Деп жекирип турганда, Кененим киши жиберди, Ээсиз калган элди деп. “Коржоңдогон бул калмак, Неге бокту жеди деп? Мен колдуу өлдү Темирбек, Эл меники эми, — деп, Кызыкса калмак жашынбай, Азыр чыга калсын!” Кененимден кеп келди, Бул эреже ырас деп, Тийбес болуп тажикке, Баарысына эп келди, Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, Карап тажик кеткени, Майданга чыгып бир киши, Жекелешип келбеди. Дабытай менен Ачакан, Калдагай кулак Чойун алп, Кол башкарган мыктысын, Койбой баарын келтирди: — Тайарлыгың кыл, — деди, Тайар болуп тур, — деди, Керней тартып чуу салып, Сурнайдын үнүн чыгарбай, Доолбасты урбастан, Айал кылып турбастан, Коросонго караган, Таласты карай бас, — деди, Ачаканга караган, Атбашыга түш, — деди, Чойун алпка караган, Кең Кашкарга бар, — деди. Кармап алып Жоодарды, Тажиктен качып мааналап, Кашкар жакка барганды, Алып келе кал! – деди, Кеңеш кеби бүтүштү, Кеч киришти күтүштү. Бактыбайдын элинде, Сакадай деген бар эле, Салтанаттуу иш кылган, Салттуу эрдин бири эле, Кененимдин элинде, Сары айар деген бар эле Сак сакташкан мезгилде, Сактын бири ал эле. Сакадай менен Сары айар, Кеңеш кыла калышты, Жай алып жатты келгендер, Жакшылап кабар алышты, Сакадай кийди испанча, Сары айар кийди калмакча, Ашпоз боло калышты, Чай сунуша барышты, Кебин угуп алышты, Кененимдин алдына, Булар келе калышты, Барганынан келгенин, Бар кебин айта салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.