← Кененим 3/7

Экөөн найза тешпеди, Акимсиген Чойун алп, Алдында минген буудандан, Аңтарылып кеткени, Жер кучактап жыгылды, Эр кишидей асыра, Алдыңда минген атыңды, Дууланып калган Кеңкула, Аттай чуркап кеткени. Кайра айланып жеткинче, Каптап каңгай жеткени. Чойун алптын Кара сур, Айбандын ишин карап тур, Чойун алпты жакадан, Тиштеп тартып коборуп, Эки колу бүгүлүп, Туура тартып оңолуп, Жармашып минип сур атка, Качты капыр чу койуп. Аңгыча каптап көп кошуун, Кулак тунган чуу болуп, Ат тери менен эр тери, Жөө тумандай буу болуп, Чойун алп качып жоголуп, Көпчүлүктү аралап, Манастын уулу Кененим, Эр көкүрөк эрениң: “Каптап келген калмакка, Карбалас кыргыз кошулар, Кызыл кан агып жошулар, Бөөдөсүнөн кыргыздар, Кыргын болор ушулар” Деп ойлонуп алганы, Бактыбайлап бакырып, Эр Сүйүн деп чакырып, Чолпонбай деп акырып. — Кененим кантер экен деп, Калмакка тийбе качырып, Кыргын болуп жүрбөгүн, Бөөдө каның чачылып! Айтып койуп кыргызга, Ач жолборстой чамынып, “Душмандашкан калмактын, Кара аскерде айып жок, Хан буйругу ушул” деп, Келген калмак караан топ, Кененим мындай кеп ойлоп, Каз таман найза карманып, Касаба тоодой жарданып, Качырып тийди алдынан. Кененимди көргөндө, Келген калмак баарысы, Үмүт үзүп жанынан, Келбей койор айла жок, Каар көрөт ханынан. Кең кула менен Кененим, Алдынан чыкты ойнотуп, Күүсү менен найзанын, Кырк-элүүдөй сойлотуп. Качты калмак дүркүрөп, Караанын көрүп көк жалдын, Сийдиги агып бүркүрөп, Калдагай кулак Чойун алп, Темирбек экөө баш кошуп, Кеңешке кирди күбүрөп, Эрдемсиген акмактар, Амалы кетти бүжүрөп. Тажиктердин Темиркөк, Чойун алпка айтат кеп: — Үчүнчү атам Табылды, Андан бери тажиктер, Ээлеп келип жатканбыз, Дүйшөнбүнүн шаарыны, Жан жыргатып жам жайкыт, Жатчу элек эл чайкап. Калдагай кулак Чойун алп, Кыргын кылдың сен чайкап! Кыргыз деген кыйын журт, Кызыгышкан душманын, Кырып келет кан жутуп. Өрттөнүп өлгөн Манастын, Өлбөгөн укум-тукуму, Өөрчүп келет өрт болуп, Арбып кеткен жери жок, Бирден ашык көп болуп. Жалгыз жүрүп Семетей, Ээрчиткен эки чоросу, Он экиде кенедей, Чынкожо менен Толтойду, Бучкагына теңебей, Айчүрөк тартып бир алды, Андан кала бергенде, Карылардын айтканы: Атактуу Коңур алп баштап, Нескара менен Мурадил, Уушаң өңдүү зор баштап, Түп Бейжинге калтырбай, Беш урукту бүт айдап, Таласка келип алалбай, Же муунуп өлүп калалбай, Жатындашы Ороккыр, Нескара менен Мурадил, Сен калмактын Уушаңы, Коңурбайдан башкасы, Баары өлүп сулады. Аны менен жай жатпай, Кызыл-Кыйа сагаага, Коңурбай тузак курганы, Өзү түшүп тузакка, Күлчородон кулады, Коңурбайды жеңди деп, Семетейге ат калды. Казактын эли бузулуп, Жапандакы кызыл дөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Нескаранын Жубатай, Мурадилдин Каратай, Калмактардын Уусанген, Калбай келип баарысы, Бирөө тирүү калбады, Семетейдин ошондо, Абдан ачты арбагы. Маңгыттардын Мадикүл, Жалгызкөздү дагы алды. Бараң менен Шанхайды, Жөөт менен тарсаны, Жуда менен калчаны, Каракалпак, Кыйваны, Баарын мындан куткарды. Канчоро ичтен бузулду, Ошондо далай кысылды, Жедигердин элинде, Жетисуунун жеринде, Сейтек андан туулду, Кыйазды жакын жолотпой, Аташканы Айчүрөк, Албарсты болуп кубулду. Он экиде Сейитек, Эли-жерин эстеди, Тоодой болгон Кыйазды, Тоңкойтуп сойуп кеткени. Элге батпас ант ургур, Жерге батпас кутургур, Беттешип барып кор болду, Мен-менсинген далай дөө, Кыргыз колдуу жоголду. Сейтектен Кененим, Күн батышка бир барып, Жети дөөнү жоготту, Баш булгатпай батышты, Жүрөк курчун мокотту. Иран менен кудусту – Булардын баарын колотту. Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөөнү торойтту. Катышып барып Чиктей хан, Каңгайда өлүп жоголду. Темир тондууШалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Ал экөөн шор болду, Сен экөөбүз бир туруп, Көргөнүбүз бул болду, Коросон менен испандык, Келип калса не болду? Иранкүдүк Чыңгышка, Айткан экен башында: “Тогуз ата болгунча, Томолонбойт Манас” деп, Ал айтканы чын болду, Ажал алып жакалап, Амалыбыз болбоду, Жалаңгыч сарык Кененим, Жалынсак тирүү койобу? Эр Кесилет, Ачакан, Дабытай баштап ал үчөө, Келер кези болжолу. Бул кан ичме кыргызга, Булардан айла болобу, Баарыбызды чогултуп, Ажыдаардай соробу? Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Жөлөк болуп зоройду. Ойлосо бүгүн кыргызды, Замана бизге тар болду. Алып болду күлүктү, Аскерге салды бүлүктү, Тажик менен калмактан, Тентип жолго көп түштү. “Ханыңда күнөө сенде жок, Кайда барсаң баргын” деп, Ат-тонун берип жөн койду, Кантип бизге кайрылсын, Өлбөй калган бар аскер, Кыргыздын кулу болгону. Жандан тойбой, Чойун алп, Көп акылды ойлойлу, Тажик, калмак биригип, Кыргыздан калып жеңилип, Калганга таба болбойлу. Коросон менен испанга, Жону туйук нар бердик, Сандыкка салып зар бердик, Андан кала бергенде, Кыргызды чаап алгын, деп, Сыртынан бийлеп аа бердик, Өз билгенче айабай, Карындан майга мал, дедик, Айткандын баары бөтөн сөз, Акмак болгон белембиз. Деп Темирбек токтолду, Калдагай кулак Чойун алп, Айткан кеби бул болду: — Чын айтасың, Темиркөк, Коркуп калган белемсиң, Кененимден кайгы жеп? Мен кенебей турамын, Мынчалык ишти канча, деп. Элиң сенин Темиркөк, Качып кетип жоголду. Ан үчүн болбо сен капа, Болбос ишке кайгы жеп. Калмактын эли көбүрөөк, Көйкашкалар көмүлүп, Көп да болсо чөбүрөөк, Майдасы калды, чоңу жок, Кенже койдой чөбүрөп. Акимсиген Кененим, Эртең чыгып жекеге, Талпагын ташка керемин, Алдындакы кула атты, Олжого алып минемин. Кандай киши экеним, Темирбек, анда билесиң, Коросон менен испанга, Эки күндө келбесе, Шаарына барып киремин, Таштап койуп калганын, Туздугуна сийемин! Сен Темирбек, байкагын, Чын сырымды айтамын, Айткандай кылам бар ишти, Үкүз кепти айтпадым! Калмактын көрчү айтканын, Баш калкалап жан катып, Качып жүрүп мааналап, Коросон менен испанга, Үкүс кепти айтканын. Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, Кейпи суук калмактын, Сел аккан суудай күжүлдөп, Кабагын ачып ирмесе, Асманда булут бүркөлөт, Намыстанып Чойун алп, Камчы басып сур атка, Кененимге баратса, Хан Дабытай, Кесилет, Ачакан келет жанаша, Эми болот көргөнгө, Өтө кызык тамаша. Аларды көрүп күч алып, Заар жүзүнө айланып, Сом темирди артынып, Чарайнасын тартынып, Кетелегин кошо алып, Кылыч кында кыңгырап, Айбалта белде шыңгырап, Найза колдо зыңгырап, Жолум үйдөй Чойун баш, Такымына кысыптыр, Туулгасын көмөрүп, Баары темир көгөрүп, Көөдөнүндө чарайна, Далысында калканы, Торгой көз темир бадана, Беш кабат катар кийгени, Тизесинде кисепче, Үзөнгүдө калдыркан, Алдынкы ээрдин кашында, Жойкумасы байлалуу, Эки миздүү канджардан, Алтоо-жетөө камдалуу, Сарапча тартып көзүнө, Көргөн киши таң калат, Бул капырдын өзүнө, Өчөшүп жаман келатат, Темиркөккө актанып. Өзү айткан сөзүнө. Ошол капыр чочконун, Ачуу басып акылын, Жан көрүнбөйт көзүнө, Булдурттап тили күрмөлбөй, Түшүнбөй адам сөзүнө, Тик багып киши карагыс, Кысталактын жүзүнө. Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Колундакы найзадан, Жалындаган от жанып, Аркасында чаң калып, Дабытай менен Ачакан, Эр Кесилет жанаша, Карап турду таңданып.