Козубек анда кеп айтат: — Бала төрө Бактыбай, Байкап уккун, — деп айтат, Кикиматтын колунан, Темир капас торунан, Эр Кененим куткарды, Калмакты издеп барарын, Кеңеш кебин бизге айтты. Кутулуп калмак торунан, Аттанып биздер жүргөнбүз, Жылгындуу Кеңкол бойунан, Күндү түнгө уладык, Түк деп алып турбадык, Кеңеш кылып келатып, Арал, Азык, Лопнурга, Кашкар, Жеркен, Котенге, Кабар алып келүүгө, Бирден киши жумшадык. Азыгын анын мол бердик, Болжолдуу күндө кел дедик, Күнүн болжоп бергенбиз, Эми үч күндүн ичинде, Келет деп күйүп жүргөнбүз, Эртеңки күнү хан калбай, Элүү киши бүт келет, Калбай барып чогулуп, Жүдөтөлү тебелеп, Калмак менен тажиктин, Аксын жашы себелеп. Калдагай кулак Чойун алп, Бүгүн кайда экени, Ачык кабар боло элек. Эркин жатып канча жыл, Самаркан, Ташкен, Наманген, Алты шаар, Анжыдан, Испандан башка эл, Аштык сатып киши албай, Чирип жатат короодо, Көмбөй таштап ороого, Кысылып калар жери жок, Бир сапаркы конокко, Куйруктары жарылып, Козу жатат кобо албай, Соорусунан жарылып, Жылкы оонап кобо албай, Соңу жерге чубалып, Төөлөрү жатат басалбай, Үч күн жатып туралы, Эртең келген хандардын, Кеңеш-кебин угалы, Кеткендер келет аңгыча Андан кабар табалы, Андан кийин баарыбыз, Эр Кененим баатырдын. Кыл дегенин кылалы. Мен айтканым Бактыбай, Кулагыңа жагабы, Козубектен кеп угуп, Эр Кененим, Бактыбай – Экөө катар тең угуп, Кененим оозу бүлк этпей, Бактыбай айтат жөн кетпей: — Ар кайда киши чаптырып, Кабар табыш жакшы кеп, Чогулуп хандар келет деп, Бул айтканың кайсы кеп? Ар качан угуп көрөбүз, Кененим турат төрөбүз, Эл чогулуп дүбүрөп, Антип жүрүш не керек? Эгиним көп, ороо жок, Толуп жатат дүйнөм, деп, Эндегей жатып элебей, Кикиматтай айлыңа, Душман келсе тебелеп, Колу бутун байлатып, Кор болупсуң ченебей. Эр Кененим болбосо, Бооруңду жарып өт алып, Чечекей чегип көз алып, Койот эле Кикимат. Калат элең күн көрбөй, Козубек ага, сиз эмес, Баарың ошол болупсуң, Бир сапар келген шамалга, Үй алдырбай амалда, Түпкүлүгүн байкагын, Өзүңдүн карап чамаңа, Эл чекесин ар качан, Он күндө бирден чамала, Жата бербей тайрайып, Өзүң басып арала. “Карабаса мал кетет, Бакпасаң кетет катының” Токтобойт анан акылың, Көп болсо канча үпөндүк, Күн көрөсүң түбөлүк. Төрт айактуу тирүү мал, Кези келсе жоо алат, Кези келсе жут алат, Эгинди сакта, Козубек, Ошондо тирүү жан калат. Жаман киши ар качан, Кылганына мактанат, Элге келбейт эч качан, Сага келет жаман ат. Хан көтөрүп калдайып, Калкың турса сагалап, Курсагы ачып аш издеп, Ар кайда жүрсө сабалап, Сага болот ий наалат. Бүгүн эртең туралы, Кеткендер келсе алдынан, Ачык кабар угалы, Кайда болсо калмакка, Анан биздер жылалы, Деп Бактыбай токтолду, Унчуккан киши жок болду, Ошондой болуп Кененим, Чоң Коконго беш конду. Бир күн конок болгону, “Мен элүү миң кишилик, Коноктун камын кылдым” деп, Келген киши көп болду, Барган киши болбоду, Калган күнү кыргыздар, Жанынан сатып жеп конду. Калмактар мында келгели, Караңгы үйдө көрүнбөй, Көмүктө жаткан келин-кыз, Баары эркин болгону, Күнү бүтүп болжолдуу, Кабарчы келип болгону, Калбай келди кабарчы, Аман келди чабарчы, Хандар келди калдайып, Кененимди көргөндө, Көөндөрү өсүп барбайып, Көчөгө басып көрктөнүп, Курсактары чардайып, Кененимди көрсөк, деп, Эл чогулуп жардашып, Көргөнү менен укканын, Чабарчылар кеп салып, Козубектин чабарчы, Көбүрөөк айтат кабарды: — Кашкарга бардым мындан мен, Жоодар чалга жолуктум, Кебез тоонун кермеден, Таласка барып келгенден, Көрүшкөнчө өзүнө, Болгон ишти айттым мен. Кепке канып эр Жоодар, Мага айтты ал мындай: “Эл ырысы Кененим, Кененим менен көрүшүп, Кайтып мында келгемин, Жакшы менен жаманды, Таамай айрып билгемин. Туш-тушка киши жибердим, Темир суу, арал, азыкты, Кербенчиси калмактын, Конолго кылып алыптыр, Күн-түнү жок бергин деп. Алым салык салыптыр, Чыдайалбай алымга, Жукаргансып калыптыр. Лопнурга калмак барыптыр, Четинен тийип мал алып, Күндө бүлүк салыптыр. Котенге кеткен калмактан, Укпадым кабар айактан, Жеркен менен Кашкардан, Тажикке азык жеткир деп. Ар күнүнө беш жүз төө, Эгин артып чубаткан, Чыгыш жакка карата, Куландын сары сайына, Буйак жагы Дүйшөнбү, Темирбектин шаарына, Тарттырып жатат күнүгө, Эгинди койбой барынча” Жоодар абам айтышы, Калдагай кулак Чойун алп, Дүйшөнбүнүн шаарына, Кечээлерде жетти дейт, “Чыгышка тарткан эгинге, Жылдыз менен кетүүчү, Эчкиликтин белинде, Кызыл тайдын кыркууга, Жеркен дайра бойуна, Үч бөлүп жолун тостурдум. Чыгышка баскан төөлөрдү, Бирин нары бастырбай, Алып жатам калмактан, Колго тийген немесин, Сойуп жатам калмактан, Койбой тирүү немесин. Күн батышка басканга, Батынып бара албадым, Темирбек менен Чойун алп, Ортосунда калам деп. Ошо жагын карадым.” Мени кайта жумшады, Жоодар абам кайткын, деп, Менден уккан бар кепти, Кененим баштуу хандарга, Калтырбай баарын айтың деп, Уксаңар менден ушул кеп, Хандын баары калдайып, Карап турат далдайып, Жалгызектин Бактыбай, Айтат кебин камданып, Кененимди бир карап, Алдыңкы ээрдин жаланып: — Аман турат төрөбүз, Ажал жетсе өлөбүз, Колбуп минтип олтурбай, Туш тарапка жөнөйлүк, Наманген, Ташкен, Самаркан, Өз элиңе жаныңар, Жатып албай кеп келсе, Бадакшан, Балык, Испандын, Жолун тосуп калыңар, Кашкар, Котен, Жеркенден, Эгин артып жөнөткөн, Төөсүн тартып алыңар. Угуп жүргөн кабарда, Иран менен Иракта, Ачарчылык анда бар. Кара нээт калмактар, Темирбекке береби, Аларга сатып пайда албай? Кайра бергин Кашкарга, Түшүрүп төөнү сен албай. Аралап сага келгендер, Үч айдан ашык турбады, Бир жылдан ашып баратат, Калмактар келип тургалы, Котен, Кашкар, Жеркендин – Булардын эли куурады. Айдарлуу Жоодар абама, Козубек ага, өзүң бар, Элден алман алдырбай, Ошол жакты тосуңар. Калмактан келсе канчалап, Ачып жолду шар бергин. Жатып конуп өтүшкө, Алар десе шаар бергин, Кыскасы ага тийбегин, Жолун тосуп жолгошуп. Калмакча толук билгениң, Темирбектин шаарына, Токтобой айдап жибергин. Бөлүнүп элден кеткенде, Бел-белден ашар кездерде, Кайта артына каратпай, Сай-сайдын оозун тосуп кал, Аты-тонун тоноп ал, Айдап өзүн чогултуп, Бизден кабар болгунча, Жер айдатып шорго сал, Козубек, Жоодар агалар, Чыгыш жакка азыр бар, Чычканга кебек алдырбай, Жоокерлигиң билгизгин, Душманга сырың чандырбай. Лопнур менен Котенге, Убара болуп барбаңар, Ага барчу бизде бар. Кабарчылар барышат, Катыраң айта салышат, Кабар уккан калмактар, Калдайып анда туралбай, Чойун алпка барышып, Чогулуп өлүм табышат. Бактыбай кеби акыл, деп. Баары кетти макул деп. Наманген, Ташкен, Самаркан, Хандар өзү баш болуп, Жол-жолду тосуп барышты, Чычкан улак мал бербей, Жарым табак дан бербей, Бир ыштандык бөз бербей, Баарын тартып алышты. Колго түшкөн калмакты, Ал жетпеген суу чыкпас. Жер арыкка салышты, Бир күн кабар болот деп, Эр Кененим төрөнүн, Келерин күтүп калышты, Алты Шаар, Анжыдан, Кокондоку Козубек, Өзү менен жүз болуп, Жоодарга келди темселеп, Далай акыл Козубек, Бактыбайдан уктум деп, Унчукпады эр Жоодар, Кабыл алдык макул, деп, Козубек, Жоодар кары экен, Хандын оозун караган, Кынына батпай суурулган, Далай эрлер бар экен, Кебез тоонун керүүдө, Эки күн өрүүн алышып, Эки кары баш болуп, Аттанып жолго салышып, Хан Жоодарды көргөндө, Калктын баары чубашып, Жеркен менен Кашкарды, Калмактарга ээ кылбай, Заматта тартып алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.