← Кененим 5/9

Бактыбайды котчу алып, Кырк беш миң беш жүз кол алып, Үлдүрөп араң келатат, Антип-минтип карпаңдап, Кол башкарган Бактыбай, Кененим дени өлүптүр, Оозунан жалгыз кеп чыкпай. Чоң калмак айтат: - Ой, Чыныбай, Оозуңа сенин кеп жукпай, Кебиң менен алдайсың, Түлкүлүк кылып менден сен, Кутулуп кете албайсың. Бактыбайга кеп салсаң, Кароолдун кебин салбастан, Элчини кошуп айтыпсың, Ошол кебиң ал кандай? Амалы канча кыргыздын, Атымды угуп жалтанбай. Сенден угуп кабарды, Бактыбай ойлоп амалды, Эки күнү жол тосуп, Элчилерди кармады, Келер жылы келет деп, Санаасын басып алганы, Шалкымат менен Кикимат, Эси жоктой иш кылып, Алар өлүп калганы. Акыл менен иш кылып, Мен өңдөнүп албайбы! Мындай айтып Чойун алп, Чыныбай уруп чыңыртып, Сабаарына калганы, Карбалас түшүп бир жакта, Лопнур менен Котенден, Качкандардан барганы, Чойун алп менен Темирбек, Бузулуп өңү саргарды. Кайран Чыныбай комдонуп: — Унутупмун, Чойун алп, Дагы кебим калганы, Шибе, солон, муңгулдан, Кошулуп ага манжудан, Он беш миң аскер беш балбан, Саа жардамга аттанган, Жоодар менен Козубек, Чымкенттке камап бүт алган, Темирбек экөөң айтыңар, Манастын укум тукуму, Ак калпак кыргыз балдары, Качан жоодон жазганган? Мааналап келдиң тажикти, Чойун алп ченеп мактансаң. Коросоңго жалындың, Испанга барып зарылдың, Күпүлдөйсүң кулдурап, Байкасаң болот алыңды! Чойун кулак алпты деп, Чыныбайды барып Темирбек, Төрт-бешти салып жиберет, Ал ошондон Чыныбай, Күүгүм кире күдүңдөп, Айлына качкан кептенип, Кыргызга барды бүжүрөп, Бактыбайга кеп салды, Бар абалын күбүрөп. Чыныбай менен короолош, Бир жүз сексен үй экен, Таш коргонду бет алып, Качып кетти дүбүрөп. Андан бери карата, Тажикке барып кошулбай, Бөлөк болуп жүрүшөт. Калдагай кулак Чойун алп, Темирбекти чакырат: — Мен муңгулдан, сен тажик. Мынабу келген Кененим, Экөөбүзгө тең шерик. Жер түгөткөн Кененим, Адыр койбой кыдырып, Эл түгөткөн Кененим, Найза сайып, кылыч чаап, Ар жылында кан жалап. Кан түгөткөн Кененим, Калгандын башын маң кылып, Эр түгөткөн кененим, Элдин башын маң кылып, Түгөтпөсө неткени. Темир тондууШалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Катар өлүп кеткени. Экөөбүз турсак жанаша, Кененим тирүү кетеби? Испан менен Коросон, Кутулбайт кыргыз ошондон. Жекелешип сайышып, Күч сынашып көрөлү, Көмө сайып таштасак, Ак калпак кыргыз болгонду, Дене кул кылып бөлөлү. Жыгылгалы баратсак, Тар кыйага ор казып, Аралашта тор салып, Амал кылып көрөлү, Айла тапса амалга, Коросон менен испанга, Качып барып көрөлү. Тажиктердин Темирбек: — Жөөлүгөндөй темтиреп, Бул айтканың кандай кеп, Бир беттешип жүз келбей, Келер иштин камын жеп, Мен качпаймын дегеле, Качмак тургай Кененди, Байлап келем мен эле. Кол салышып кыргызга, Катышым менин жок эле, Азгырдың мени сен эле, Алтымыш уруу алаш деп, Бирге келген эл эле. Айныйт экен деп калба, Сөзүмдү бузбайм дегеле. Кыргыз колдуу мен өлсөм, Кыргыз, тажик – эки урук, Агарышпайт дегеле, Түпкүлүгү эң жаман, Так кыйамат болгунча, Кызыл канга бөлөнүп, Кырылышат жөн эле, Жалгыз уулум Көкбөрү, Ат жалын тартып мингенде, Атышып барат жөн эле, Кыргыз ээсиз калабы, Калчаңдабайт ал дагы, Кылчылдашып эки урук, Кылычты канга жуубайбы, Жок кепти салып олтурбай, Жоо, жаракты кылдайлы, Оодарылып калбаска, Ат жабдыгын чыңдайлы, Чыгып кетти Темирбек, Жарабады кебим, деп, Чойун кулак кеңгиреп, Ачып оозун эстенип, Мас болгон нардай зеңгиреп, Келин каштап таң сүрдү, Ак көйнөктөй делбиреп. Калдагай кулак Чойун алп, Уктатпай элин тургузуп, Кулак мээни тундуруп, Барабанын ургузуп, Желегин жерге жапырып, Бол, аттан! деп бакырып, Ажал алып жакадан, Сүйрөп турат шаштырып, Баштап чыкты бадырек, Касаба туусун жайылтып, Барабан үнүн укканда, Барлык тажик козголду, Темирбек баштап тажикти, Өзү бөлөк топ болду. Чойун алптын элинде, Үч баатыр бар болучу, Биринин аты Бадыра, Беттебейт бенде капырга. Бастырып чыкты чекеге, Күрөөкөнүн сыртынан, Мөшкөй кызыл жамына. Бактыбайдын Сүйүнү, Баштатан бери тобуна, Маалым болчу түйшүгү, Күн тийгендей жаркырап, Күлүмсүрөп бастырды. Бадыра, Сүйүн барышып. Баатырлар найза сунушуп, Күн күркүрөп жаткандай, Бадыра чочко бакырып, Калдайлап ураан чакырып, Катуу тийди бадырек, Сүйүндү беттеп чакырып, Мындайын көргөн канчасын, Кетпейт Сүйүн шашылып. Келе жаткан Бадыра, Алоолонуп бетинен, Жалын чыгып жаткандай, Бир белгисин караса, Кара нөшөр жаандай, Кабагы карыш чүмкөлүп, Капкара болуп түмпөйүп, Кара жанга күч келип, Баатыр Сүйүн Илегер, Бет алганга кеменгер, Бирин-бири сайдырбай, Найзаларын кагышты, Бир беттешип жатышты. Кайра айланып киришти, Чамалашып бир-бирин, Абалдарын билишти. Жан алуучу бакырык, Жан айабай качырып, Тандамал күлүк аттары, Топуракты сапырып, Ирмебей көзүн тиктешип, Эми өлдүк шүк дешип, Ачыгы жок кемир тон, Найзанын учу такылдап, Туулгага балта тийгенде, Таш чапкандай чакылдап, Күн кечкирип ангыча, Кош-кошуна кайтышты, Кайгуулчу, изчи жол сактап, Калгандар жатып уйку уктап, Агарып аппак таң атты, Барабандар кагылып, Сурнайдын үнү жаңырып, Аскер атка жабылып, Эң алдында Бадыра, Жекеге чыкты чамынып, Сыртынан кызыл жамынып, Кечээкиден бүгүн сүр, Караганга таанылып, Ак жал сары ат минип, Кыл куйругун шарт түйүп, Күрөөкөнүн сыртынан, Буладан олпок тон кийип, Найзасынын учунан, Жалындаган от күйүп, Кылдай кызыл бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыргыздан Сүйүн басканы, Майданда турган калмактан, Жалттангансып качпады. Манастап ураан чакырып, Ач кыйкырык бакырып, Алдында минген сары аттын, Артындакы тозоңу, Жөө тумандай жазылып, Каарданып эр Сүйүн, Катуу тийди жапырып. Карап турган Бадыра, Эр Сүйүндүн найзасын, Камынып турат кагарга, Машы чыккан Сүйүндүн, Ылаачындан шамдагай, Жандай тартып кактырбай, Как туурага келгенде, Найзадан өтө бергенде, Капка тоодой калмакты, Карчыттан туура муштады. Соотторун тоздуруп, Олпокторун боздуруп, Бөйрөккө тийди аралап, Ат күүсү менен өткөндө, Суурулуп найза кеткенде, Кан куйулуп салаалап, Бадыранын капталы, Жол-жол болуп талаалап, Тунарган көзүн ача элек, Турганда калмак темселеп. Жана Сүйүн жеткени, Тоодой болгон чочкону, Тоңкойто койуп өттү эми. Тоодой болуп кулады, Топого башы шурдалды, Кындан тартып кылычын, Сүйүндүн көрчү кылышын, Шилиге тартып жиберди, Кайдасындай чоң башты, Чачынан кармап сүйрөтүп, Шер Кенендин алдына, Алып барып таштады, Алып келип Бактыбай, Үстүнө кызыл жапканы. Жапкан тонду байкады, Турган кыргыз таң калды, Кара кыргыз калкына, Хандык менсеп тапканы, Ажыңа бийлик бергенде, Манас жапкан алтын тон, Сүйүнгө хандык берерде, Кененим менен кеңешип, Бактыбай жапты алтын тон. Бадырадан өөдөрөөк, Татан деген балбаны, Калдагай кулак Чойун алп, Өзүм менен тең дечү, Бул кутурган наданды. Таталаңдап барбайды, Бөлүнүп саптан чыкканда, Жарты тоодой дардайды. Кара ташты муштаса, Чак этип кайра жанбаган, Кандуу найза карманды, Майданга келе жатканда, Кененим көрүп таң калды. Салкыны желдей зыркырап, Жалыны көздөн шыркырап, Алдында минген тулпары, Учкан куштай дыркырап, Туйагы тийген канча таш, Кумдай тозуп быркырап, Каңгайлап ураан чакырып, Майдандакы Сүйүнгө, Жаман тийди жапырып, Кыргыздын кыраан жолборсу, Кылт этип койбойт шашылып.