Бүткүл бойум көлкүлдөйт, Сөөгүм такыр талканбы? Этимдин баары жанчылып, Шишик басып атканбы? Кырма кызыл дарыдан, Кыйланы мага бериңер, Кайнатма кара дарыдан, Катырып койгон сарыдан, Калтырбай алып келиңер, Канчалык болсо бериңер, Кажырдын өтүн табыңар, Канталаган жерлерге, Калыңыраак чабыңар. Бүркүттүн өтүн тапкыла, Эзип туруп бергиле, Боорго өткөн зардапты, Жууп кетет бир демде. Кашкулак, суурдун өтүн тап, Коймолжун эзип берип бак, Сийдиктин жолун тазалап, Жууп кетет сапа-сак. Аркар өтү, кой өтү, Аралаш эзип экөөнү, Бир жанайак бериңер, Ичеги, карын-курсакка, Калтырбайт кесел билиңер, Айуунун өтүн тапкыла, Берч болгон жерге чапкыла, Кырчылдак кылбай таратат, Буга айла тапкыла, Эми айтарым силерге, Курсагымды баккыла. Отуз болсун санаты, Кашкулак, суур карачы, Аюу эки, ит жети, Бүркүт бир, бөрү бир, Эркек эшек төрт болсун. Кемитпей санын кырк бештен, Бүгүндөн калбай тапсаңар, Этти абдан бассаңар. Отту ченеп жаксаңар, Эки кайнап борк этсе, Боз ала болгон кездерде, Дым чыгарбай жапсаңар, Атала болот эзилип, Анан мени баксаңар. Кырк бештен саны кемисе, Мен тойбоймун деги эле. Жай-жайы менен бүтүргүн, Өз жайында болбосо, Бул олтурган канча жан, Ханынан жарлык алышып, Айткандардын баарысын, Биринен бири табышып, Ичинен эзип ичирип, Тышынан сыйпап чабышып, Жейим деген эттерин, Жалган кылбай кептерин, Көрсөтүп туруп-көзүнө, Жан казанга салышып, Шалкыматты жаткызып, Думбалашып жабышып, Калдаңдап жүрүп чоңдору, Олтуруп орун алышып, Тикесинен тик туруп, Шалкыматты багышып, Кутулабыз мундан, деп, Шанаңдаган дагы бар, Кандай заман болот, деп, Салаңдаган дагы бар, Эси чыгып элеңдеп, Алаңдаган дагы бар, Кылычын алып кынынан, Мойунга ажал минди, деп, Кайыл алган дагы бар, Түз кеп айтса терс алып, Олоңдогон дагы бар. Эчтемени элебей, Короңдогон дагы бар, Көргүн мени дегенсип, Сороңдогон дагы бар, Жакшысы бар, жаман бар, Алдуусу бар, чабал бар, Акылдуу бар, жинди бар. Көпчүлүктүн ичинде, Ар бир түрдүү киши бар. Шалкымат уктап калгалы, Күн тогузга толуптур, Башын өөдө, көтөрүп, Төшөктөн өйдө болуптур. Белендеген тамагын, Тамак салган тамагын, Жалап-жүктөп баарысын, Ашырбастан соруптур. Токоч барбы, бергин, деп, Көбүрөөк алып келгин, деп, Санап туруп Бадирек, Жана кырк беш токоч жеп, Он көөкөр арак дагы ичип, Күрөөкө тонун кийинип, Жоо жарагын бүт алып, Мурункудан күч алып, Буттай темир курчанып, Күүгүмдөгү устадай, Күлгүн тартып сурданып, Учун ууга сугарган, Өткүр найза колго алып, Калмактардын тобунан, Шалкымат чыкты, аттанып, Бүгүн кыргыз калбайт, деп, Калмактар турат шаттанып. Калмактан чыкты бөлүнүп, Каары жүзүнөн төгүлүп, Топчулугун топчулап, Кара бойун опчулап, Бүчүлүгүн бүчүлөп, Минген атын чү-чүлөп, Майданга келди Бадирек, Өрт жалындай күжүлдөп, Колундагы найзадан, Үн угулат күркүрөп. Кыргыздар көрүп караанын, Эми кандай болот, деп, Көбү калды бүжүрөп, Нөөмөт берген ушуга, Кененим кандай киши, деп, Ийкеңдешип күбүрөп. Кененим куруп калсын, деп, Кээ бирлери күпүрлөп, Өз күчүнө ишенип, Иш кылгандыр баатыр, деп, Кээ бирлери так сүйлөп, Олуя Кошой арбагы, Чечдөбө ата колдо, деп, А дүйнө кеткен Манастын, Арбагы, азыр жолдо, деп. Бактыбай айтат баатырга: — Мен барайын алдында! Кененим болбой кеп айтат, — Ой, Бактыбай, — деп айтат, Келе жаткан чоң каман, Пейлин бузуп аттанган, Бүгүн ага беттешип, Тирүү калат чанда жан, Кан ичер түрү кармаптыр, Келе атканын байкасам. Көп беттешкен мындайга, Эң алдында мен барам, Угуптургун, Бактыбай, Бир кебим бар сага айтам. Атам Манас жар болсо, Маңдайда багым бар болсо, Күн бешимге барганда, Сайып алам мен болсом, Четке калмак качырбай, Курчап калгын сен болсго, Аралатып кыргызды, Калмактарга тийгизбей, Кыйкырып чыксын калмакта, Кыйын баатыр эр болсоң. Атасы өлгөн уулдун, Кайраты бар, эмеспи, Жетим болбойт, билгиниң. Энеси өлгөн кыз жетим, Эри өлгөн эл жетим, Ханы өлгөн калк жаман, Баласы жок багарга, Тууганы жок карарга, Карыганда эри өлгөн, Катын болот эң жаман. Булардан башка жаманды, Жаман деген бүт жалган, Караан калган калмакка, Бөөдө салба сен арман. Бас десе баскан хандары, Букарада не жазык? Мен-менсинип келген бири жок, Буларда намыс талашып, Кырылып кетсе жакшы эмес, Бөөдөсүнөн кан агып. Деп тапшырып Кененим, Кандуу найза карманып, Каары толук жүзүнө, Бузулуп өңү сурданып, Жаалысы келип бетине, Жалын толуп көзүнө, Тик багып киши карабай, Баатыр шердин өзүнө, Топтон чыкты бөлүнүп, Чоң дөбөдөй көрүнүп, Маңдайынан караса, Жааган күндөн төгүлүп, Аркасынан караса, Ачылчуу күндөй сөгүлүп, Төбөсүнөн караса, Алып кара куш түр чыгып, Астыртан түрө тиктесе, Ажыдаардай сүр чыгып, Кулак тунуп куу чыгып, Алдындагы Кула аттын, Куйругунан чуу чыгып, Эртеден кечке чапкандай, Таноосунан буу чыгып, Күүлөгөн найза күркүрөп, Күнгөй – тескей кабышып, Үн чыгып жерден дүркүлөп, Баатырдын көрүп бараанын, Бара жаткан караанын, Алат деп мурун шаттанган, Шалкыматтан түңүлүп, Баарына кирди бүлкүлдөк, Кыштын ызгаар суугундай, Ат үстүндө сүлкүлдөп, Балакет баскан Шалкымат, Кененимге бакырат: — Амалың кетип, айлаң жок, Эсиң коркуп асталап, Канчалык амал кылсаң да, Бүгүн тирүү жан калбайт. Кайратыма карк болдум, Тирүү сени койбоймун. Ат башы, Нарын турмайлык, Таласыңды жойлоймун! Күң кыламын кызыңды, Кул кыламын уулуңду, Тул кыламын алганың, Ата уул кылып бөлөмүн, Дене кул кылып калганын! Сен өлөсүң, Кененим, Кимге айтат арзын алашың? Мен Шалкымат турганда, Кур намысты талаштың, Мөөнөт берип тогуз күн, Акылыңан адаштың, Кем-керчим жок камдандым, Мага кантип жан ачтың?! Бүгүн мага келгениң – Кудайыңа жазганың! Акылыңдан шашканың, Күнүң бүткөн экен го, Жер кучактап жатканың! Муну угуп Кенен бакырат: — Бүттүбү кебиң, Шалкымат?! Алдастаган кезиңби, Чыдай албай лакылдап? Кардың ачса амалсыз, Нөөмөт сурап такылдап. Кардың тойсо, калмагым, Мактанасың бапылдап, Ажалың жеткен кез экен, Мойнуңа минип жакындап. Тойгуча тамак жедиңби? Ырыскыңдын бүткөнүн, Шалкымат айбан, билдиңби? Кайырдашып калкыңа, Кол тартышып келдиңби? Ажал алып жакадан, Алактатып жатыптыр, Аны анык билдиңби?! Бүгүн барсың, эртең жок, Атаңдын көрү дүйнө шок, Күн бешимге барганда, Бул дүйнөдөн болдуң жок, Менин атым Кененим, Айтканым айткан, чын кебим, Тогуз күндүк ичкен аш, Бул дүйнөлүк керээзиң, Арканча кыйын болсоң да, Калыбектей эмессиң. Кайратың сенин канчалык, Хан Чиктейдин жанында? Мактанасың бабырап, Байкап сүйлө алыңа! Кененимдин бул кеби, Кыйын тийди капырга, Сөөктөн өтүп жүрөккө, Октой тийди жакырга. Жан аябай Шалкымат, Найза сайды баатырга, Туруп берди Кененим, Эки имерип сайгыча. Эми сайсам алам, деп, Кантип жаны калар, деп, Каарданып акырып, Казабынан чочконун, Кара жерден чаң чыгып, Мейкин түз Чечдөбөдөн, Туйук аң деген жар чыгып, Өтө берип аптыгып, Кайра айланып качырып, Кененимди кетем деп, Кара жерге тапшырып. Найза келип тийерде, Балта менен баатыр шер, Найзасын кагып ийди эле, Кененим каккан оңорбу, Токсон барча бөлүнүп, Найзасы сынып жоголду. Колуна жарак алгыча, Камбыл тууган кара көк, Тил качырып чу койду. Өтө берген күү менен, Өрөпкүгөн Шалкымат, Темир тону калдайып, Арка этеги чочконун, Көндөй болуп калыптыр, Көрүнүп калган көчүккө, Көк жалын найза сайыптыр, Найзанын учу аралап, Жүрөгүнө барыптыр, Көмөлөтө сайбастан, Көтөрүп көк жал алыптыр. Илип алып найзага, Калмакка жакын барганда, Чогулган топтун четине, Бута атымга калганда, Калмактарды курчады, Кыргыздар жетип аңгыча. Аттуу киши калбады, Томолонуп кулады, Чылбырын салып мойнуна, Амандык сурап турганы. Амандык калмак сураса, Кошой дөөнүн Бактыбай, Эртең менен уккан кеп, Кененим кебин улады: — Келген калмак сен, — деди, Айдап келген силерди, Шалкымат өлгөн эр, — деди. Кара калкта не жазык, Ичерге жок аш – азык, Жаныңды багып кеткиле, Тоо аралап жол басып. Атыңды алсам нетесиң? Куландын сары сайына, Жөөлөп качан жетесиң? Кашкар менен жандырсам, Кетпейсиң тирүү бир адам, Кашкардан басып аралап, Баркөл белин ашкыча, Арада бар көп адам, Мында келе жатканда, Жолдо кылган иштериң, Өтө сенин эң жаман! Атыңды алып нетейин, Атыңды алып силердин, Кай мураска жетемин, Тонуңду алып нетемин, Тонуңду тоноп алгыдай, Тонсуз кыргыз эмесмин. Кында менен ашкыла, Ак сай менен баскыла, Көбүргөндү тайгакташ, Ашуучу белиң басыраак, Ара сырттан кетип кал, Жүрө бербей тамталап. Жолдо элдер далай бар, Жөн кеткиниң алайбай, Кулагым укса шум кепти, Минерге атым дапдаяр. Келгенде отуз миң элең, Бүгүн калдың жыйырма миң, Силерге кылдым кеңчилик, Минген атың мингизип, Кең пейил кыргыз элди бил. Алты жигит кошомун, Анык билгин ошонун, Куландын белин ашырып, Кайта келет жигитим. Так кырк күндө болжодум, Так кырк күндө келбесе, Жолуңан чыгып тосомун. Бактыбайдан кеп угуп, Аттуу кеткин, деп угуп, Баарысы кетти чуу туруп: — Кудай урсун биздин хан, Түп көтөрө айдаган, Атыңды минип кеткин деп, Тонуңду кийип кеткин деп, Айланабыз кыргыздан. Убара кылба эриңди, Бузбайбыз айткан кебиңди, Кашкар менен кетпе, деп, Биздин камды жедиңби? Качкан качкын экен, деп, Талап алат болучу, Такыр бузуп пейилини. Жамандык жатпайт жашынып, Жылдыздан Манас шаарына, Адырда кыргыз бар анда, Манастан Баркол барчыга, Казактар бар аларда, Беш алтыдан бөлүнүп, Жөөлөп кетсек кантет, Түк көрүнбөй аларга, Куландын сары сайына? Кеп укканда Бактыбай, Томсоруп туруп унчукпай, Жасоолдорго санатты, Кынданы карай чубатты, Баш кылып Сүйүн баатырды, Беш кишиге айдатты. Кененимден кат алды, Баатыр Сүйүн аттанды, Күн айдады тындырбай, Түн айдады уктатпай, Баспай калган аттарды, Мелжемдүү жерге таштатты, Айдап жүрүп чубатып, Далайдын бутун аксатты. Салбардын белин ашырды, Кайта Сүйүн бастырды, Таштап кеткен аттарды, Калтырбастан аттырды, Он жети миң ат экен, Бактыбайга тапшырды. Санап алып аттарды, Жыйнап келип калктарды, Аламан болгон урушта, Азамат өлгөн, ат өлгөн, Ошолорго карматты. Муну мындай таштайлы, Кененимдин Кикиматты, Сойгонунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.