Мен Төштүктүн өз уулу, Сен Эламандын бир уулу, Жакшылык менен жамандык, Экөөбүзгө тең болчу. Айтып Жоодар тапшырып, Айал кылып тура албай, Жүрүп кетти бастырып. Анык тулпар кыл кара, Топуракты тоз кылып, Жөө тумандай сапырып, Тайгакташ ашып бөксөлөп, Анжийандан эр Жоодар, Атбашыга барыптыр. Бактыбай менен Шалкымат, Салгылашкан кездерде, Бактыбай алын чамалап, Тоо аралап сабалап, Чоң Таласка барыптыр. Кененимге жолугуп, Көргөн–билген иштерин, Кулагы уккан кептерин, Баарын айта салыптыр: — Карсылдашып Бактыбай, Катуу урушуп жатыптыр, Анткен менен байкасам, Шалкымат калмак эң жаман, Кайраты артык көрүнөт, Азыркы жүргөн көп жаштан. Баш бербестей көрүнөт, Өзүң амал кылбасаң. Менин жашым барыптыр, Жетимиштин үстүнө, Кол салгандай кишиге, Абалым жок бул күндө. Кетип калсаң Кененим, Бактыбайга барам деп, Кикимат келип калабы, Кең Таласты тебелеп. Көрбөсөм да көргөндөй, Көрүнүп турат көзүмө, Чойун кулак Кикимат, Аралаган элдердин, Көзүнөн жашы себелеп. Алты шаар, Анжийан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Кол кайтарар киши жок, Бошотот шаарды мына деп. Карсылдашып салышып, Азамат өлүш, ат өлүш, Азыраак болор аларда, Баш кишини калтырбай, Баарын жайлап салат да. Бир келгилик келген дейм, Азыркысын алашка. Арбагына сыйынып, Иш кылалы Манаска. Жоодардан арбын кеп угуп, Кайраттанып Кененим, Кыргыз үчүн белин бууп, Ак калпак кыргыз эли үчүн, Кененим калган туулуп, Кабар кылды элине, Керне, сурнай урулуп, Кернейдин үнүн укканда, Келип жатат чубуруп. Кененим керней урчу эмес, Кененим атка конголу, Сурнайлап кабар кылчы эмес. Эмне болуп кетти, деп, Кандай укмуш жетти, деп, Карылары үрпөңдөп, Кабактарын бүркөшүп, Укмуштанган жаштары: “Оңой эмес бул сурнай, Арзан эмес бул керней, Койгун, балам, шүк” дешип, Эл чогулуп келгенде, Кененим айткан кеп эле: — Атагың алаш ак калпак, Келдиң кыргыз эл чубап, Урушка айдап барбайын, Чогултуп сени мен жыйнап, Жоодар абам келиптир, Кең Кашкардан жан кыйнап. Калмактан чыккан үч каман, Алардын пейли эң жаман, Токсон миң аскер келиптир, Аскерин үчкө бөлүптүр: — Аскеринин бир тобу, Лопнур, Азык, Аралга, Котен, Жерген, Кашкарга, Калба салга аларга; Бир бөлүгү калмактын, Алты шаар, Анжидан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Шаар аралап кириптир; Бир бөлүгү алардын, Атбашыга келиптир. Эр Бактыбай башташып, Катуу калба салыптыр, Калмакты сайып албаптыр, Же сайдырып ага салбаптыр. Анжийан кеткен немеси, Кандай кылып жатканын, Абакем биле албаптыр, Айтканымды угуптур, Кыргыздан тажик бөлүнүп, Калмак жакка туруптур. Ополдогу кыргыздар, Эчкидей ташка бааналап, Булардын күнү куруптур. Чечдөбөнү эмгиче, Душман алып көрбөгөн, Алмак түгүл аралап, Ат изин салып келбеген. Таласка келген далайлар. Келген менен кете албай, Арбагы колдоп Манастын, Байлаган багын андайлар, Таласка келип өлгөн көп, Нечен-нечен калдайлар. Мен барамын Нарынга, Ал жердеги кыргызды, Бактыбайды баш кылып, Куткарып жоодон алууга. Таласта калган кыргыздар, Даярлангын баарыңар, Үч бөлүнгөн калмактан, Келип калса Таласка, Айанбай калба салыңар, Байкайынчы силерди, Канчалык бар алыңар. Бошотуп берип ордону, Калмакка берип борборду, Жок кылбаган коргонду. Жакшысынып кээ бириң, Жатып алып үйүңө, Жамансытып кебирин, Айдап бербе черүүгө. Тонуң бүтүн, атың тың, Топтун тургун алдында. Шаар сактап, малың бак, Элик болуп жаныңа. Качан келет калмак деп, Карап турсам бул жерде, Убал болуп калбайбы, Атбашыда элдерге. Эзелтен бери карата, Алты хандын элисиң, Айтканын кабыл алгыла, Баш булгабай бийлерге, Баарыңардын бийиңер, Атын угуп алгыла, Көлбай бүгүн силерге! Деп угузуп Кененим, Кеңкула минип камына, Ок өтпөс тонун жамына, Атбашыга барууга, Жоодарды алып жанына, Караңгынын чапанын, Калдайтып башка жамына, Талыкбай жүрүп түн катып, Эртеси жетип барууга, Бешимде кеткен Таластан, Уруксат алып жөнөгөн, Арбагы азыр Манастан, Арстаның жетти талыкпай, Атбашыга намаздан. Он күн өтүп болжомдо, Бактыбай менен Шалкымат, Майдан курган кез экен. Үч күн өткөн арада, Бактыбай, Сүйүн жарадар, Калың эл калган санаада, Ал экөөнөн башкасы, Барганы тирүү жанбаган, Шалкыматтай балага, Өлүгүн ондун таштаган, Дардайтып сойуп талаага. Сүйүн чыккан жекелеп, Бөлүнүп элден чекелеп, Ал кандай заман деп, Бактыбай турган мекелеп. Шалкымат турган майдаңда, Күнүң түгөп, суу бүткөн, Бачым, бачым келгин, деп. Баатыр Сүйүн бакырып, Манастап ураан чакырып, Шалкыматтай капырга, Катуу тийди жапырып, Кайраттанып Шалкымат, Алда тийди качырып, Топуракты артына, Жөө тумандай сапырып. Жеткен жерде сүйүндү, Антаңдатты шаштырып, Эки имерип сайдырбай, Ыргыта сайды жапшырып. Башын кесип кетет, деп, Бактыбай жетти бакырып, Сүйүнгө сайган найзасын, Тартып алды Шалкымат, Бактыбайды качырып. Топчукулак кер менен, Тоодой болгон калмакка, Токтобой тийди Бактыбай, Бактыбайдын найзасын, Кагып ийди сайдырбай, Бешимге чейин сайышты, Жаш Бактыбай алдырбай. Айласы кетип, алы жок, Шайы кеткен Бактыбай, Шалкымат турат кекенип, Байлап кетем сени, деп, Кайта артына тартынбай. — Бактыбай! – деп, чакырды, Кененим чыдап тура албай. Баатырдын үнүн укканда, Кайраттанды Бактыбай, Эң алдыңкы күнүндөй, Айбаттанды Бактыбай, Шайы кеткен шалдырап, Кайраттанды Бактыбай. Кынына батпай калкылдап, Кададай болгон кашка тиш, Оозуңда жаркылдап, Качырып тийди каманга, Катуу үн чыгып Манастап. Баштатан калган нарк экен, Эр намысты талашмак, Бактыбай менен Шалкымат, Бирин-бири талкалап, Аянып калган жери жок, Кара башын калкалап. Аманат жалгыз бир жанды, Кылга байлап таштады, Жан аябай Бактыбай, Жаман уруш баштады, Анткени менен чоң калмак, Анча-мынча шашпады, Күүгүм кирип аңгыча, Бөлүнүшүп кайтканы. Жан айланып агарып, Шоолалап таңдын атканы, Аңгычакты болбоду, Калмактар доол какканы. Кыргыз, калмак бет келди, Жекелешер кез келди, Көйрөңсүнүп Шалкымат: — Чык, Бактыбай! – деп келди. Кече келген Кененим, Аны калмак билбеди. “Бактыбай келсе алам, — деп, Башына каран салам, — деп, Жымыктырып бул жерди, Таласка анан барам, — деп, Кененим алып келейин, Кикимат менен Чойун алп – Алар билбей калсын” – деп, Жеке баатыр болмокко, Жер бетине даң салып, Баатырлык атка конмокко, Бастырып чыкты бул чочко, Топчу кулак кер менен, Бактыбай жүрдү ошондо. Эки имерип айланды, Үч имерип сайдырбай, Топчу кулак кер аттан, Томоро сайып таштады, Кылычты сууруп кынынан, Кетип барат чапканы. Шер Кененим ошондо, Жебеден мурун жеткени, Тоодой болгон калмакка, Каршылаша кеткени. Кененимди жалт карап, Шалкымат айткан кептери: — Өзүң сары, көзүң көк, Көрүнүп көзгө бөпбөлөк, Көзүңөн жалың чачырап, Жүзүңөн каарың төгүлөт. Мен көргөнмүн Чандаңды, Көзгө чоочун сен өңдүү, Көрө албадым адамды. Атың кула кең соору, Айбандын түркү турбайбы, Аты дагы, өзү да, Башкача карап көрөргө, Кайдан келген адамсың? Бактыбайга кулсуңбу? Байың аттан куласа, Кошоматка чыктыңбы? Каргаша болуп сен мага, Не келесиң жаныма? Кылычымды камдайын, Бактыбайдан канына! Жарк эттирип кылычын, Сууруп алды колуна. Кененим айтат ошондо: — Баймынбы, кулмунбу, Койотуруп сен муну, Мойнуңа алгын өлүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.