← Кененим 4/7

Алп Төштүктүн эр Жоодар, Тоодо жатса мал багып, Малына кошуп жан багып, Калдагай кулак Чойун алп, Талап алып Кашкарды, Анан киши жумшады, Кармап кел деп Жоодарды. Кең ополдун кыркууда, Тайгак таш деген жылгада, Жатчу эле эр Жоодар. Кароолчусу Талпакбай, Шаарда элге барам, деп, Барып келип деп калам, Өзүнүн бойун жыйнабай, Келе жатса далдактап, Капыстан чыгып талпакты, Кармап алды калмактар. Калмактын тилин калтырбай, Канык билет Талпакбай. Жоодардын тилин салышып, Кеңешип калды калмактар. Калмактын кебин бүт угуп, Кашкарды алып, элди алып, Келгенин укту Талпакбай, Калмагынча калдырап, Сүйлөп ийди Талпакбай, Бирин - бири тиктешип, Карашып калды калмактар. — Түпкү жайым калмакмын, Уругум тыргоот талпакмын, Кыргыздын туруп ичинде, Намысын кылам калмактын. Калмакча сүйлөп баарыңар, Жоодардын кебин салдыңар, Жашырбай айткын туугандар, Кайдан келип калдыңар? Такыр билет бул элди, Мендей Талпак карыңар. Учураган Талпакка, Санаты отуз киши экен, Отузунун улугу, Шапар деген неме экен. Кеп баштап Шапар шапылдап: — Угар болсоң сен Талпак, Көкө теңир урсун де, Асылың болсо чын калмак. — Көкө теңир урсун! – деп, Айта салды эр Талпак. — Андай болсо Талпак бай, Бизде кептин кени бар, Жоодарды кайдан табабыз, Талпак баатыр, айта сал, Жоодарды колго түшүрсөң, Жеркен, Котен, Лопнурду – Барсын колго алабыз, Бирине улук боло кал. Кыргыздын жүрүп ичинде, Жетише албай жүрүпсүң, Эмгичекти бир ишке. Деп айтканда Шапарга, Талпак айтат момундай: — Жеркен, Котен, Лопнурду Андан калса Кашкарды, Такыр алчу кимиң бар? Баш кишиң ким айта сал. — Билбейсиң, Талпак кары, сен, Сага айтайын эми мен. Алтайдын түштүк жагында, Куландын сары сайында, Абалтан ата-бабасы, Жер асырап эл баккан, Атагы бар Дөөхандан, Соксо, Сотой балбандан, Кетелик деген калдайдан, Кимисинен билбеймин, Ошолордон калгандан, Темир тондуу Шалкымат, Жезкиндиктүү Кикимат, Калдагай кулак Чойун алп, Түндүктү түгөл башкарган, Каканга салып калбаны, Канча сапар мал алган, Жүктөтүп алтын – зар алган, Коктукатта туруучу, Чиктей деген хан болгон, Эзелден бери калмакка, Кыргыздан кас болгон, Азыркысын кыргызга, Кененим деген баш болгон. Чиктей, Кенен кектешип, Нечен катар беттешип, Качып келип Чиктей хан, Айткан экен буларга, Үч баатыр берген убада, Чиктей менен бар арга, Кабар кылмак хан Чиктей, Таласты карай барарда, Кеткен бойдон кабар жок, Далай жыл өткөн арада, Чиктей ханды Кененим, Өлтүрүптүр сураса. “Түп атабыз Дөө ханды, Соксо Сотой балбанды, Кетеликтей калдайды, Коңурбайды баш кылып, Андай нечен чаңданды, Баарын кыргыз жайлады. Бекер жатпай үчөөбүз, Баарынын кунун алалы, Алаш деген атакты, Биз өчүрүп салалы”. Убада кылып ошончо, Токсон миң аскер, кул алды, Жолдо учур келгенди, Түп көтөрө жайлады, Кыйамы келген жерлерде, Башын кесип байлады. Кашкардагы ханынын, Башын кесип алганы, Алты шаар, Анжийан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Кикимат кетти алганы, Нарын, Кочкор, Жумгалды, Кетмен Төбө, Чамданды, Атбашыда Бактыбай, Шалкымат кетти алганы. Кашкар, Котен, Жеркенди, Лопнур, Азык, Аралды, Алгалы такыр буларды, Дүйшөнбүдө Темирбек, Бүтөшүптүр кеңеш кеп. Калдагай кулак Чойун алп, Тажиктердин Темирбек, Жескиндиктүү Кикимат, Атбашыга чогулуп, Темир тондуу Шалкымат, Баш баатырдан төрт болуп, Жалындан күйгөн өрт болуп, Кененимге барбакчы. Кашкардан сурап кеп угуп, Төштүктүн Жоодар бешими, Бул кыркууда деп угуп, Тарап чыктык арсайга, Жоодарды кармап алмакка, Түлкүдөн бетер уу кылып. Өз кишибиз экенсиз, Талпакбай, калдың жолугуп. Шапар кебин бүтүрдү, Талпакбай бүтүн түшүндү. Кыргыздардын Талпакбай, Кеп угуп көөнү болбой жай: — Шапар сенин атыңбы? Билдиң душман кашыңды, Аттарын айттың мен билдим, Каңгайдан келген баатырды, Алдап кармап алалы, Жоодар бешим бакырды. Азыр өтө кары эмес, Миңден төмөн кишиге, Баш берүүчү чал эмес. Ишенсеңер алдыда, Мен барайын айылга, Кашкарда жумуш чыкты деп, Алып келе алайын, Шапар баатыр, алдыңа, Жашырбай мени кошуп айт, Чойун алпка барганда. Ушул жерде тургула, Айтканга мойун сунгула, Тар жылгага келгенде, Жалпы кылыч сунгула. Айтып койуп Талпакбай, Эки этегин жыйнабай, Жүрүп кетти салпактай. Сай менен сабап суу кечип, Жоодар бешим айлына, Токтобой келди ал жетип. Чоң сарайдын жанына, Түшө калды далп этип, Чочуп кетти кул-күңдөр: — Кандай бейбаш адам?! — деп, Алыстан түшүп бул үйгө, Акырын келбей кандай кеп! Аңгычакты болбоду, Кирип келди Талпакбай, Салам айтып тартынбай: — Тур ордуңан, Жоодар сен, Ашыгыш келдим мында мен! Жата бербей тайтайып, Бооруң бүтүн, башың сак, Көөнүң куунак немедей, Бейкут жүрдүң хан туруп, Эчтекени элебей, Кудай уруп таштады, Ушу бүгүн ченебей, Калмак келди үстүңө, Токсон миң аскер тебелей! Лопнур, Азык, Аралды, Каранды кылып аларды, Котен, Жеркен, Кашкарды, Камал кылды буларды. Алты шаар, Анжидан, Наманкен, Ташкен, Самаркан, Жол үзүлдү булардан, Кетментөбө, Жазыдан, Атбашы, Нарын, Жумгалдан, Ажырадык баарынан, Башын тарпайт калмактар, Кең Таласка баруудан. Азык алып келем деп, Жакага түшүп баратсам, Учурап калды топ адам, Баары калмак эли экен, Шапар деген баштаган. Ополдун кокту–колотун, Чала койбой кыдырып, Ат боройун сыдырып, Сени издеп келе аткан. Мен калмак деп катыштым, Калтырбай сырын айткыздым, Атын айтып койойун, Калмактардын башчысын – Калдагай кулак Чойун алп, Жез киндиктүү Кикимат, Темир тондуу Шалкымат, Сага ушул айтышым, Кош жылганын оозуна, Калмактарды кел дедим, Жоодарды барып туйгузбай, Баштап келем мен дедим. Кашкардын шаарын маа берди, Сени кармап бер, деди, Хан болбогум келди мен, Амалың кетип болупсуң, Кененимге жетпесең. Кош жылгадан Шапарды, Койонду колоп кыр таштан, Ат жолу менен ачадан, Ойолго түшүп ан үчүн, Жети айрыктын куйуштан, Жетип тосуп калалы, Тереңдин сайын чеп кылып, Баарысын кармап алалы, Тынчытып койуп бул элди, Кененимге баралы. Уккан кебин шашырбай, Кеңеш кебин калтырбай, Баарын айты Талпак бай. Жоодар угуп сөз кепти, Кулакка жакпас куу кепти, Кыл караны токунуп: — Акылың акыл, Талпагым, Кош жылгада Шапарды, Эми талап алайын, Жети айрык куйушта, Андан кийин барайын. Талпакбай, Жоодар аттанып, Кош жылгага барыптыр, Талпак байды көргөндө, Жоодарды баштап келди деп, Көкө Теңир берди деп, Кубанып калмак калыптыр. Шашыла жүрүп Талпакбай: — Жалгыз алп мен келдим, Кармап алгын калмактар! Деп, бакырып Талпакбай, Айак жагы тар колот, Жалгыз аттын жолу эле, Өзү жетип жол тосуп, Тура калды ал жерге, Шапар Чоңун баш кылып, Башын кести тар жерде, Жети айрыктын куюшка, Талпакбай, Жоодар бастырды, Мен кармадым Жоодарды, Калбай баары келсин, деп, Туш-тушка киши чаптырды, Алды–аркасын карабай, Өлөрүн калмак санабай, Ар жылгадан топ болуп, Келип жатат сабалай. Тереңдин сайын чеп кылып, Эки түндүн ичинде, Бир миң үч жүз кишини, Жоодар сайып алыптыр. Шаарда жаткан чоңдорго, Жоодар өзү бара албай, Жеркен, Котен, Лопнурга, Жетип кабар сала албай, Башы бошбу, байлануу, Анык аны биле албай, Башын катып мааналап, Таш аралап, ата албай, Жай алып жаны жата албай, Жоодар айтат момундай: — Мени менен тең жүрүп, Чыдабайсың Талпакбай, Жети күндө жетейин, Чоң Таласка мен калбай, Башы жети учу бир, Жон атагы Тайгакташ, Миңден ашуу айу бар, Жакшы тосуп жолдорун, Багып тургун тар кылбай, Бүгүндөн баштап кыпчакка, Ээ болгунуң, Талпакбай.