← Кененим 1/5

Кененимдин сыйкырдуу жоолорун жеңиши

Айлар аттап айланып, Арадан канча жыл өттү, Арыстан шер Кененим, Айылдан карыш жылбады, Эркектин ишин кылбады. Кужуру түшүп ичине, Куршугу мунун кармады. Түндө уйку келбеди, Жүрөгү тойлоп турбады, Балтыры тартып балактап, Алаканы кычышып, Кененим болду тынч албас. “Алда эмне болдум, — деп, Багыма келген иш болсо, Баш тартпастан көрдүм, — деп, Жети өрөөн Кеңкол жеримди, Ак калпак кыргыз элимди, Ар жагында Жетисуу, Жедигердин элдерин, Бир айланып келейин” Деп ойлонуп Кененим, Желденип минди атына, Ашкере белги шек берип, Эр Кененим баатырга. Жети өрөөн Кеңкол жерлерин, Ак калпак кыргыз элдерин, Аралады бүт жерин, Ак калпак кырыгз байыган, Желеде жылкы кайкаган, Көргөндө бенде таң калган, Элим аман экен, деп, Жерим бай кер, деп, Жетип барып келейин, Жедигер аман бекен, деп, Кеңколдон түшүп түз менен, Кетип барат Кененим, Кеңкула аты кекендеп, Жолунан бир кыз жолукту, Саамай чачы теңселет. Кайдан жүргөн кызсың деп, Кабарын анык билгиче, Мурдун чүйрүп Кененге, Бура тартып кубулду, Ак кулжа болуп маңкайган, Шаңданып сонун даңкайган, Кулжаны кармап алам, деп, Кененим кетип бараткан. Башын булгап ак кулжа, Качып барат дардаңдап, Артына түштү Кененим, Топурак учуп жер чаңдап. Кеңкула менен чуратып, Кененим жетти жакындап, Колунда бар найзасы, Күн чагылып жаркылдап, Качалбай калды ак кулжа, Муунуна кирип калтылдак. Көмөскөгө көрүнбөй, Кире берди алдына, Кененим жетип караса, Бойго жеткен сулуу кыз, Чачын тарап олтурат, Көмөскөдө булакта. Ак кулжа кайда кетти, деп, Алаңдап карап калыптыр, Чач тараган сулуу кыз, Ошондо кебин салыптыр: — Өңүң сары, көзүң көк, Өзүң кимсиң, кебиңди айт, Өткөрбөймүн бул жакка, Өлбөй тирүү кайра тарт! Сурабай атың билемин, Көрсөм деп сени жүрөмүн, Менин атым Кубулжан, Сенин атың Кененим, Сен жалаңгыч Сарык атансаң, Мен эр түгөткөн атангам. Жер алдында эрлерден, Боз чаар минген Бороонбай, Баш кылып отуз эр алдым, Эрмектешер эр таппай, Сени издеп келе жатамын, Убара кылбай Таласка, Учурап жолдо сен калдың. Кыз болуп сага көрүндүм, Бөлөйүн деп көңүлүн, Көзүңдү салып койбодуң. Кулжа болуп калжактап, Качкан болсом дардактап, Аркаман куудуң салбактап, Эч нерсени билбеген, Ойлосом сендей жок акмак. Жер бетинде жандар көп, Ар уруусу андан көп, Бирине ашып бирине, Калган дүйнө мындан көп. Менин өткөн алдымда, Жер алдынын шаарында. Кубулке деген өтүптүр, Жүйрүн дөөдөн үйрөнүп, Сокусун минип ат кылып, Жетимиш миң сыйкыр жат кылып, Сокбилек менен камчылап, Жолугуп калган жандардын, Көзүнүн жашы тамчылап, Эламандын Төштүгүн, Азгырып келди Кубулке, Айыгышкан көп күнү, Адамзат арбы зор экен, Айтышкан баары кор экен, Өлүп кетти Кубулке, Маңдайында шор экен. Жер алдында жети дөө, Эламандын Төштүккө, Алы келбей эч бирөө, Багынды болду баарысы, Жер үстүнө эр Төштүк, Кайтып келип калышты, Жер алдында эрлердин, Колунан кетти намысы. Адам уулу, угуп тур, Аз келгенсип анысы, Жүйрүн дөөнүн алышы! Жүйрүн дөөнү сен алдың, Ошол күнү мен бармын, Алмамбеттин алма баш, Асынып турдуң ийиниңе, Коркуп бара албадым, Бир беттешсем дечүү элем, Ичиме батпай арманым! Далай жылдан бер жакка, Күн-түнү жок сагаалап, Кененим, сени кайтардым, Көп күндөн бери уйку алдым. Тосуп жүрүп жолуңду, Бүгүн сени мен таптым, Жердин тартып танабын, Кулжа болуп качканда, Таласыңдан бер жакка, Кырк күндүк жерге узарттым, Алма башты албапсың, Кутулуп кете албассың! Деп Кубулжан айтканда, Эр Кененим баатырдын, Ачуусу келип абыдан, Көргөн адам өлгөндөй, Өңүнөн чыккан заарынан. Каарданган кара көк, Казабы элдин бейбөлөк: — Ой, Кубулжан шум канчык, Кутуласың сен кантип?! Сокунун минээр ат кылып, Сокбилекти камчы деп, Темир ирек, ор ирек, Кутулбайт мундан түк бир деп, Сага үйрөткөн Жүйрүн дөө, Ойуна келген кепти угуп, Бүтүн дүйнө жер жүзүн, Кыймылдаткан менмин деп, Кур семирген Чанданды, Кутулбады Жүйрүн дөө, Түп атаң Манас шер турса, Теңдешип мени ким жеңет? Жалынасың бир демде, Көзүңдүн жашы себээлеп, Көз ачылбай токмоктойм, Кутулганын көрөйүн, Кеңкула менен тебелеп! Деп Кененим айтканда, Чачын тарап олтурган, Таза бойлуу Кубулжан, Тура калып ордунан, Сокуга минди чапа-чап, Сокбилек менен камчылап, Каары толуп жүзүнө, Көзүнөн жалын шаркырап, Темир ийрек колго алып, Карсылдатып курсагын, Тырмап жатат ал бетбак. Бул кара бет долунун, Темир ийрек колунда, Адамдын көзүн уйалткан, Калканы бар жонунда. Жаргылчагы чарайна, Аны тартып бооруна, Найза кылып куургучун, Кошо кармап колуна, Чирене тээп туткучун, Үзөнгүнүн ордуна, Супурасы кисепчи, Эки буттун томукта, Осурагы доолбас, Тарс-тарс деп үн чыгат, Жоолуктун учун имерип, Оозун бейбак думчулап, Минип алган сокусу, Тулпардай туйлап булкунат. Минген соку шаңданып, Аргымактай элирип, Качырып кирди Кубулжан, Кененимге теминип. Карап турат кара көк, Коргошун жүрөк, таш билек, Козголбой турат Кененим. Кубулжанды карасаң, Жалмап ийчүү немедей, Катуу тийди ченебей. Эки имерип сайгыча, Кененим турду кебелбей, Зымыраган Кененим, Бучкагына теңебей. Үч сайдырбай камынды, Найзасынан көрсөтүп, Күркүрөгөн жалынды. Качырып барып сайганда, Ташкасайган немедей, Найзанын учу чак этип, Кайра какты так этип. Денеси кара ташпы, деп, Карап көрсө Кененим, Кубулжан эмес таш экен, Шыйкырга канчык маш экен, Шаңкылдап күлүп Кубулжан: — Мен Кубулжан, сен Кенен, Эрегишсем тең келем. Кубулжан атым курусун, Жүрөгүң сууруп жебесем! Теңдешпес болсом бу жерге, Сени издеп не келем? Көргөнүңөн көбүрөөк, Көрө элексиң сен Кенен! Деп айкырып кара бет, Алдындагы сокусу, Кетүүчүдөй тебелеп: — Ор, Ийрегим, оргун, — деп, Орбой койбо муну, — деп, Чал, Ийрегим, чалгын, — деп, Чалбай калба аны, — деп, Кылычтай кылып ирегин, Жалтылдатып Кубулжан, Жан жагына каранып, Жан айабай келаткан. Токтоо кылбай Кененим, Тосо чыкты алдынан, Ийрегинин алдында, Кызыл жалын келаткан. Кененим кылыч албады, Найзаны чыңдап кармады, Шыңкылдаган канчыкка, Качырып найза салганы. Кененим сайган оңобу, Жүйрүндөн алган бул найза, Кубулжандын Ийреги, Тийбей туруп мокоду. Кайта имерип сайарда, Карт кекирип, шаң күлүп, Куургучу-куу найза, Таштан тайбас көп найза, Тарк оосуруп кара бет, Жердин бети топурак, Туман түшүп боз болуп, Найзасы менен Кененди, Май сооруга бир койуп, Соорудан тийген куу найза, Боорунан учу чыкты, деп, Майдандын чыгып четине, Бул кара бет олтурду, Сокусу менен чойкойуп. Мунун алы канча, деп, Байкабай турган Кененим, Соорусунан найза жеп, Найза тийген жеринен, Кан чубуруп дирилдеп, Ачуусу келип кара көк, Муруттары бириндеп, Манастап баатыр бакырып, Катуу тийди качырып. Беттеп найза сайалбай, Кубулжан калды шашылып, Кененим жетип сайарда, Сокусун таштап таш кылып, Карап турду чакыйып, Тарпка конгон кажырдай, Көөдөнүн салып лакыйып, Таш болгон ушул сокуну, Кененим келип сайганда, Таруудай болду чачылып, Минээр аттан ажырап, Кубулжан калды шашылып. Эми сайса Кененим, Жок кылат экен мени, деп, Курчалган кызыл тоо кылды, Кыргыйек учуп кеткисиз, Тиктеген менен адамдын, Кырына көзү жеткисиз, Кырынан канчык үн салды, Көзү алайып чекчейип, Ийилбей бели мекчейип: — Кененим, алың канчалык, Калдыңбы тоодо камалып?!