Таластагы кыргызды, Үч жылы багаар чамам бар, Бир мал калбай өлдү деп, Мен угамын шум кабар. Анчүн кетип барамын, Атбашыда туралбай. Жолуккан чал кеп айтты: — Атым Жоодар, — деп айтты. Уругум менин Жедигер, Кененим менен айлым бир, Королош жүрөм жай-кышы, Жайыттагы малым бир, Үч күндө бирден даам ичем, Ошол үчүн жанымбир, Өлүп кетти Кененим, Бул кезгече баарыбир. Кебимди ук, Бактыбай, Даныңды жеп жаның бак, Өз элиңде көөнүң жай. Жедигерге барамын, Жеримен кабар аламын, Алып келип унаа таап, Көчүп кетип каламын, Кененимден айрылсам, Кимди карап турамын? Бадакшанда жээним бар, Жедигерге жетпесем, Жээнимен унаа табылар. Кош эмесе, — деп койуп, Бура тартып жөнөдү, Бактыбай ачык түшүндү: «Бул жөөттүн өнөрү, Далайдан бери Темирбек, Тажикти бөлүп кыргыздан, Каңкай менен кабарлаш, Ар кимден сурап угушсам, Атамдын ашын берерде, Чакыртсам Тажик келбеди, Уккандын баары чын болду, Ачык турат күмөнү, Кененим ооруп калды, деп, Ачарчылык Таласта, Дарманы кетип кыргыздын, Дайынсыз болуп калды, деп, Бараткан экен жоодар чал, Тайыны кеткен Таласка, Темирбекти баргын деп. Айттырып сөзгө канайын, Жоготпостон караанын, Чакырып келе калайын, Убара кылбай бирөөнү, Өзүм эле барайын, Жол узарып кетпесин, Бачымыраак чабайын» Деп ойлонуп Бактыбай, Бура тартып чуу койду, Көмөскөгө жоодар чал, Кире берип жоголду. Байкап барат Бактыбай, Төмөн жаккы белестен, Башы чыгып коройду. Ойуна алды Бактыбай: «Ойлогонум чын болду, Куткарып ийсем бул чалды, Түгөнгүсүз чыр болду.» Бура тартып Бактыбай, Жоодар чалга туйдурбай, Адырды карай бет алды, «Жаш Бактыбай адырдан, Аркар көргөн экен» деп, Алдастаган Жоодар чал, Ат айабай жол жүрүп, Күндөп-түндөп мол жүрүп: «Бактыбай кайра кеткиче, Тажиктердин кошуунун, Баштап келсем үлгүрүп, Кош олжолуу болдук» деп, Бити батпай ичине, Жоодар чал барат сүйүнүп, Жолду байкап Бактыбай, Жоодар чалдан оозуптур, Жолу каткан бул чалдын, Жолунан чыгып тосуптур. Элеңдеген жоодар чал, Чыга калса сеңирден, Алдында турат Бактыбай, Кылмуруту керилген. Сырымды билген, экен деп, Ойуна алып Жоодар чал, Кутулам кантип, деп, Акыл-эси болду дал. Кеп сурабай Бактыбай: — Жүр бастыргын, Жоодар чал, Ачарчылык Таласта, Үйүңө жетер аштык ал! Деп катуулап айтканда, Арамзаада Жоодар чал: — Ээ, кулунум Бактыбай, Айтар сага кебим бар, Сен жаштык кылбай тилим ал, Барган менен Таласка, Уйат болуп калбагын, Кененимди табалбай. Жылмайа түшүп Бактыбай: — Бул айтканың чын болсо, Сен экөөбүз биригип, Бачымыраак баралы, Эр Кененим төрөдөн, Жетип кабар алалы. Жакшылыгы бар болсо, Учурашып жанайын, Жамандыгы бар болсо, Көзүм менен көрөйүн, Алып барган соогамды, Аман калган тууганга, Ата уулу кылып бөлөйүн, Амандашып калганга, Андан кийин жөнөйүн. Бастыргының, болгун, — деп, Жоодардын атын соорулап, Бактыбай жөнөй берегенде, Баспаймын деп айта албай, Баш булгап кайра тарталбай: «башыма боолук түштү, — деп, Башын жесе Кененим, Башым тирүү каламын. Бар болсо тирүү Кененим, (Барбай баскан экемин) Башымды билдим алаарын» «Үйрөнүшкөн жоо болсо, Айтышарга ийиги» деп, Элден калган бул бир кеп. Акылдан танып эндиреп, Айласы кетип темселеп: «Өтөгү бай эр эле, Унутуп калар бекен» деп, Эсинен чыкпайт Жоодардын, Эси жок айткан чогоол кеп. Бастыраарда Жоодар чал, — Барасыз кайда өзүң? — деп, Сураган экен Чыныке, Жайын айтпай түз кебин, Чогоол айткан ал жерде: — Бастырамбы, турамбы, Эрк өзүмдө меники, Ооруп жатат Кененим, Ошону багыш сеники. Дагыдаарбай, Чыныке, Сен жайыңча жүргүнчү! Деп аттанып кеткен болуучу. Бир буудайга семирген, Акылсыз киши болуучу, Ичкенин кузган оозунан, Чабалдын иши болуучу, Бергенин алган доолашып, Жамандын иши болуучу, Ичкен тузга кас кылган, Качан киши оңуучу? Бактууга барып тийишкен, Башын жеп анан тынуучу, Байыртан калган бар элге, Бабаңдын салты болуучу, Кылымдар бойу кыдырган, Кыргызга калган нарк ушу. Зордук менен Бактыбай, Соорулап атын айдаган, Кайра качып кете албай, Калбалуу Жоодар бараткан, Таласка булар баратса, Алдынан бирөө келаткан. Тандап атын жараткан, Жан айабай келаткан, Көргөн жерде кааранын, Тааныды аны Жоодар чал. Жаманбай деген бар эле, Кененимдин үйүндө, Казан басар бала эле. Көргөн жерде Жоодар чал, Көзүнүн жашы буурчактап: — Айланайын Бактыбай, Жаманбай бала келатат, Ат айабай ыкчамдап, Жыгылган бейим Кененим, Жылмайып жерди кучактап. Ак калпак кыргыз көп алаш, Эми кандай жан сактайт? Душманга кылын алдырбай, Кыраан эле Кененим, Кыргызды баккан сак сактап. Бактыбай байкап караса, Жоокалатып Жоодар чал, Кайра качар чагы бар. — Жүр, Жоодар чал, Жоодар чал, Өлүмдөн качып ким калган?! Алдына салып айдады, Аңгычакты болбоду, Жаманбай келип калганы. Бактыбайды көргөндө, Жаманбай тили байланды, Бузулуп ойу саргарды. Жоодар чалга Жаманбай, Кебин айта алалбай, Бактыбайды тааныбай, Жан кыйналып калганы. Аны көрүп Бактыбай, Жайын сурап калганы: — Ат жаратып минипсиң, Тон жаратып кийипсиң, Качкын кууган немедей, Карбаластап жүрүпсүң. Айткын, жигит, кебиңди, Айтпасаң да жумушуң, Жүрүшүңдөн билинди. Аман барбы Кененим? Кененимге жолгошуп, Кетейин деп келгенмин. Кара кыргыз калкынан, Атбашыдан келгенмин. Деп Бактыбай айтканда, Көзүнүн жашы он талаа, Көөдөндө бар көп санаа, Чыдай албай Жаманбай, Сөзүн айтты мамындай: — Кененим аман элде бар, Далай күндүн алдында, Ордунан калган туралбай, Эми эшике чыгып кире алат, Элдин көөнү болду жай. Кененим мени жумшаган, Бара турган иш мындай: Мына турган Жоодар чал, Кененим менен бир жүргөн, Күнүнө бир убак туз ичкен. Кененим киши тааныбай, Кер сары болуп жатканда, Ат жаратып тон кийген, Караан тутуп Чыныке, Жүрчүү экен курдашсып, Күнүгө кирип-чыкканда, Жакын келип сырдашып. «Барасың кайда, Жоодар?» деп, Чыныке антип сураса, «Дакдаарыба, Чыныке, Эрк меники» деп айткан. Үч күндөн бери Кененим, Баш көтөрүп калганда, Жоодар чалды сураган. Билген киши жок экен, Жаман кеп уккан Чыныке, Ичи жалын чок экен. Мурдун чүйрүп Чыныке: «Жоодарың менен куруп кал, Тонун кийип толуктап, Атын минип бел чыңдап, Бастыргалы жатканда, Барасың кайда, Жоодар деп, Жай сурасам жөн эле, Ооруп жатат Кененим, Багып алгын эриңди. Бастырамбы, турамбы, Эрк өзүмдө меники, Деп ошентип Жоодарың, Жаман айтты мага» деп, Ыйлап салды Чыныке. Чыныкеге Кененим, Жакшы-жаман кеп кылбай, Олтуруп алды унчукпай. Чыныкени Кененим, Жумшап ийип, жумушка, Чыныке жокто мага айтты: «Тур Жаманбай, бастыргын, Эл четинде акмалап, Жүргөн болсо Жоодарды, Чакырып кел, Жаманбай. Тил албаса Жоодарды, Байлап келгин, Жаманбай, Жакшы-жаман дебестен, Жүндөй сабап Жоодарды, Айдап келгин Жаманбай. Эл ичинде болбосо, Күндү күнгө улагын, Түндү түнгө улагын, Чырым уйку албагын, Чыканак жерге салбагын. Ат айабай жол жүрүп, Атбашыда Бактыбай, Айтып кабар сен салгын, Кененим айтты деп баргын. Тажиктердин Темирбек, Тентек эле бендеден, Тажиктин жолун байкасын.» Барар жумуш бул эле, Жоодарды таптым бул жерде, Тааныбайым, баатыр,мен, Атың сенин ким эле? Жаманбай кебин бүтүрдү, Бактыбай угуп түшүндү, Улутунуп Жоодар чал, Опсуз жаман ич күйдү. Опул-топол Бактыбай:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.