← Кененим 3/3

— Жүр бастырыгын, Жаманбай, Жоодар чалды ээрчитип, Бактыбай келе жатат деп, Сен айлыңа айтып бар. Бактыбай деген кепти угуп, Жаманбайдын көөн тынып, Сакалы жок немеле, Кененимдин үстүнө, Кирип барды мулжуйуп, Сүйүнгөндөн Жаманбай, Саламды калган унутуп. Жаманбай кирип барганда, Кененим айтты мамындай: — Мен жумшаган жумушка, Барбадыңбы, Жаманбай? Же болбосо Жоодарды, Таап алдыңбы, Жаманбай? Кеп жандырды Жаманбай, Сүйүнгөндөн Жаманбай, Маңдайдан терин шыпырып: — Аттанып жолдо баратсам, Келайтыптыр Бактыбай, Жалгыз эмес Бактыбай, Жанында Жоодар дагы бар. Келип калды эшикке, Мен турбайын ат албай! Кайра кетти калдаңдап, Айагы тийбей далдаңдап, Этектери далбаңдап, Теке жаргак сары шым, Багалеги балбаңдап. Эшикке чыкса Жаманбай, Жоодарды салып алдына, Босогонун түбүнө, Келген экен Бактыбай. — Ой, Жаманбай, Жоодарды, Алып барып бир үйгө, Буттарына кишен сал! Үйгө кирди Бактыбай, Эки колу боорунда, Салам айтып оозунда, Таазим кылып турганда, Кененим айтат мындай деп: — Кой, Бактыбай, койгунуң, Кел колуңду сунгунуң, Өз колум менен узаттым, Жалгызек абам уулусуң, Жашырбай чынын айтканда, Кара кыргыз туурусуң. Урматыңа ашамат Төргө өткүн, бөбөгүм. Мен агаңмын, сен бөбөк, Бирибизге бирибиз, Баш тартышпас чоң жөлөк. Бактыбай айтты бул сөздү: — Таластагы көп иштер, Мага жүргөн угулбай, Кулагым чалып калганда, Мен жөнөдүм туралбай. Ачарчылык бар деди, Түгөнүп калды мал деди, Кеселмен болуп залкар тоо, Таластын күнү тар деди. Ошол кепти мен угуп, Туралбадым удургуп, Төө менен аттан топтотуп, Токсон миң алдым унааны, Идишке эгин салдырдым, Аркамжы менен таңдырдым, Айлыңызга келайтып, Жоодар чалга кабылдым. Кезигип калып кеп уктум, Өзүң менен Жоодар чал, Айылым бирге деп уктум. “Ноокасы катуу баатырдын, Унаа алып келем деп, Бадакшан бара жатамын, Барып тирүү көрбөйсүң, Тилимди алсаң барбагын” Деген кепти укканда, Мундан күмөн мен алдым. Эли болсо жедигер, Унаага барса Бадакшан, Биз чакырсак арпага, Кебелбей койгон Темирбек, Темтеңдеген Жоодардын, Тажикке бара жатканы, Ачык- айкын болду кеп. Койо бердим баргын деп, Акмаладым артынан, Анык кабар алсам деп. Белги- бетте көп болду, Айдап келдим жүргүн деп. Жаманбайга карматтым, Бутуна кишен салсын деп. Бактыбайдан кеп угуп, Баатыр тууган Кененим, Сылап жакшы кондуруп, Эки күн өрүүн алганда, Кепке- сөзгө канганда, Ат менен төөсү чубуруп, Алды келди аңгыча. Батпай аштык жык толду, Казынада бар тамга, Эгин экпей Таласка, Эгин келди караса. Кырылып кеткен бодо мал, Төө менен жылкы жык толду, Жылгындуу Кеңкол сазына. Кеңколдун башы жети төр, Келсин деди баарысын, Чубап жаткан элди көр, Келгендин сурап баш, малын, Берип жаткан аларга, Эгинди көр, малды көр. Бактыбайдын барганын, Жоодарды кармап алганын, Анжийан, Кокон, Маргалаң, Наманген, Ташкент, Самаркан- Баары уккан кабарын, Баш көтөрүп Кененим, Кирип- чыгып калганын, Кеңеш кылып улуктар, Үй башына бирден мал, Төөсү бардан төө алды, Жылкысы бардан жылкы алды, Көбү жылкы, азы төө, Койбой элден бүт алды. Куру унаа калбады, Эгин артты, тон тартты, Аз артпады мол артты, Мал эсеби санаты, Токсон миң унаа уратты. Алып барган Бактыбай, Эгин менен малдарын, Элге берип жатканда, Кокондон барган токсон миң, Токтосуз келип калганы, Эгин менен тонду алды, Малынан бирди албады, Алып барган кишилер, Таштап атып малдарын, Качып кетип калганы. Таластын эли тойунду, Мурункудай койулду. Тондору жалпы бүтөлдү. Төлдөп малы түтөдү, Жыдыгы чыгып кеткенби, Мурункудан күчөдү. Муну мындай таштайлы, Кененимдин сыйкырдуу, Жомогунан баштайлы.