Чигитейдин дүйнөдөн өтүшү
Айдаган колу алты сан, Айгайлап баатыр үн салган, Алды-аркасы боло албай, Тизилип ондон бараткан, Алты күнү жүргөндө, Алдынан чыкты бир атчан. Келген киши Каратил: — Ой, кагылайын чырагым, Каратил агаң мени бил. Батай, Катай качкалы, Тобуке өлүп жаткалы, Отор тилим укпады, Эми өлүп уктады, Өзүңө айтып мен келем, Кулагым менен укканды. Батай, Катай – балдарым, Кыргызга көзүн алайтып, Бармак эмес болучу, Ээ кылбай айдап кан качкан, Отор капыр болучу. Эки-үч сапар бузулду, Жерин таштап кете албай, Отордун жайган торуна – Тузагына түштү бу. Өзүңдүн бардыр эсиңде, Тобуке өлөр мезгилде, Мен учурадым өзүңө. Сатайдын өлүп кеткенин, Сага кабар мен бердим, Ак нийетим болбосо, Бүгүн, балам, не келдим, Батай менен катайдын, Күнөөйүн, балам, маа бергин. Өлгөн атаң Сомбилек, Дептерин ачып карагын, Кызмат кылган атаңа, Жазылуу аты мен бармын, Өлүп кеткен Сатайды, Өзүңө айтып мен бардым. Ошондон бери карата, Учур келе албадым, Качып элге барганда, Батай, Катай ар кылбай, Алдыңдан утур мен салдым, Тилкат кылып, мөөр берем, Тынч жатууга мен бармын. Кыйалыңда не болсо, Кыңк этпей таап берели, Кылымдын баарын тап десең, Былк этпей таап келели, Элчилешип сөз байлап, Элдешсең эби келеби? Эрегишип эр өлсө, Деги эле жакшы эмес, — деп, Кулдан он миң десең да, Каңгайдын эли берет, — деп, Кыздан кырк миң десең да, Көп эмес эби келет, — деп, Тобурчак, чалыш, аргымак – Жылкынын нечен түрү бар, Айры өркөч туйук нар – Төөдөн чыккан пили бар, Куру эмес келген тартуу мал, Үстүндө арткан жүгү бар. Айтпаганы калбады, Атайын барган Каратил, Алда канча карганды. Жээн жайлоонун тоосунда, Сыдырымдын коосунда, Ыйлап турат Каратил, Кудайын алып оозуна. — Жүр, Каратил, баскын, — деп, Мен уктум кебиң айттың, — деп, Атыңды бура тарткын, — деп, Илгерилей чапкын, — деп, Коктукаттын коргонун, Темир капка ачкын, — деп, Батай, Катай качпасын, Менин кебим айткын, — деп, Айтканды кулдар угабы? Жолборс изин жазабы? Жигит сөздөн качабы? Өчүгүшсө мен менен, Ойлоп көрсүн ал экөө, Кимге болот кырылган, Ушунча элдин убалы? Каратил угуп баатырдан, Катуулата бастырган, Аңдып турган немедей, Батай, Катай алдынан, Чыга калды капыстан. Жалт этип карап Каратил: — Жан болбой экөөң жерге кир, Эмне келдиң бул жерге, Көрсө көөнү болот кир, Батай, Катай кобурап, Тайынын айтып божурап: — Атабыз өлгөн атасыз, Ата ордуна агасыз, Элибиз кайра жабылып, Тынчытпай бизди кырдың, деп, Качып келдик эми биз, Өлтүрүп койсоң талаада, Өзүңүз, ага, билиңиз, Өлүмдү алган мойунга, Экөөбүз сизге инибиз, Отордун уулу он тогуз, Алды анын чоң болуп, Аскерин баштап колбушуп, Киргизбей шаарга биздерди, Урушуп чыкты жол тосуп. Кайра качып биз келдик, Ошолордон коркконсуп, Кара шаарда жай жаттык, Камбылда жүрүп мал таптык, Отордун кебин тыңшабай, Же козголбой биздер жатпапбыз, Коктукаттын шаарына, Бүгүн бир түнөөгө батпапбыз! Сыр айтышып, муң чечип, Аңгычакты артынан, Отордун уулу он тогуз, Он миң аскер кол менен, Кубалап келди ал жетип. Илгери басса Чигитей, Атка айланса он тогуз, Батай, Катай турушту, Маңдайга бүткөн шор болуп, Аңгычакты Чигитей, Жете келди ал жерге, Отуз миң аскер кол болуп, Арстан эрди көргөндө, Батай, Катай бүгүлдү, Кара жандан түңүлдү, Артынан түшүп жүгүрдү, Мойунга саадак салышты, Кылычты чечип алышты, Кендиргелеп жүгүнүп, Келин болуп барышты, Колунан кетип экөөнүн, Ошол жерде намысы. Унчуктурбай экөөнү, Каратил кебин салыптыр, Көрүнүп турган он тогуз, Тааныштыра калыптыр. Отордон калган отуз миң, Чуркурашып кеп баштап: — Уруксат бергин биздерге, Калдыктан бери карата, Канын төктү каңгайдын, Отордун уулу он тогуз, Кебеп кылып эт илип, Биз кактайлы шиштерге. Айтып болуп чу койуп, Аламан аскер жөнөдү, — Кошулса мейли бириксин, Кошулбаса кырылсын, Бирин-бири өлтүрүп, Булардын жаны тынышсын! Деп жөн койуп эркине, Сөз берген жок Чигитей, Алдынан тоскон беркине. Каратил койбой каш серпип, Ал экөөнү эркине, Атына мине калышы, Отордун уулу он тогуз, Ошону көздөй барышты, Кайдан кылсын байкуштар, Кара күчкө намысты, Эки бөлөк топ болуп, Каңгайдын эли чабышты, Отордун уулу он тогуз, Өлтүрүп булар салышты, Хан Калдыктын саркынды, Түп тамыры үзүлдү, Түгөтүп кыргыз бүтүрдү, Ошондон кийин каңгайдын, Көбөйүп келет түтүнү, Ач көзүн элге сатпаган, Ак калпак кыргыз эли, деп, Каңгайдын белин ашпаган, Каратил айткан кебинен, Бүткүл каңгай кайтпаган, Кыргызга болгон бүлүктү, Кара калмак баштаган. Коктукаттын шаарына, Козголбой түштү кара көк, Батай, Катай – ал экөө, Каратил кары баш болуп, Айда тууга малы көп, Алтын күмүш зары көп, Күң-кул кылып берерге, Уул-кызы дагы көп. Боз улан, сулуу кыз албай, Болушунча пул албай, Буркутуп айдап мал албай, Ала берсе арбын мал, Эсине түшсө ушул эл, Жамбашынан таш өтүп, Калат экен жаталбай, Дүнүйө мүлкүн албады, Каратилге сөз берип, Дөрбөн менен Отордун, Хан көтөрдү ордуна. Батай, Катай – балдарды, Катылышпай жүрүүгө, Канча жылдык кат алды, Канкордун уулу кабылан, Кайра тартып аттанды. Алтайдын жолун баспады, Көөрүктүн белин ашканы, Алматы бойлоп түз басып, Таласка барып жатканы, Унутуп калбайт жаш жигит, Оозунан чыгып айтканды. Медерканды чыкыр, деп, Эки жигит аттантты, Баатырдан кабар барыптыр, Кызыл кан жутуп кайгыдан, Кыйактай мойну узарып, Медеркан казак карыптыр, Аппак болуп сакалы, Жаш кезинде арыптыр, Тирүүлүктүн дайны жок, Коркунучу батпай жүрөккө, Сүлдөр болуп калыптыр. Барайын десе Медеркан, Барган жерде өлөм, деп, Барбайын десе Медеркан, Айласын таппай элеңдеп: — Торгойду алып тартууга, Ала барсам белем, — деп, Көкөйгө салды кеңеш кеп. Көкөй кеңеш таап берди: — Сен эле өзүң бар, деди, Жамандык кылбайт саа, — деди. Мөңкөтай экөөң тилдешкен, Жашырбай айткын бар кепти, Мадыбекке айткының, Торгой жаткан бир кепти. Мадыбек уулга угузар, Уламалап угушар, Куда болуп келишсе, Сенин жигит сүйөөр кызың бар, Энеси бар узатар, Зулпукан бизге байбиче, Кыска колу узарар. Келтирип бер деп кеп кылса, Намыс кылбай жеткиргин, Кызыңды алса Чигитей, Кыйаматка баргынча, Кем-керчи жок жетилдиң. Жээн жайлоонун түзүндө, Кылып кеткен күнөөңдү, Ошо күнү кечирип, Козголбой үйдө сен жаттың, Көп калбаны сен таптың, Кыйаматта кантээрсиң, Капыр менен мусулман, Кызыл канын көп чачтың. Гүрүчү кемчил дечү эле, Алты атанга гүрүч арт, Алты куржун зар артын, Алты киши котчу алгын, Жети болуп, Медеркан, Желе-жорто сен баргын, Мөңкөтайдай сырыңды, Жашырсаң тирүү эмессиң, Жашырбай айтсаң чыныңды, Сен күнөөлүү эмессиң. Көкөй айтып узатты, Көңүлүндө бар кепти. Аттанган казак элинен, Жээн жайлоо Алтай жеринен, Таласка барып Медеркан, Мадыбектин айлына, Барып кирди четинен, Бута атым жакын калганда, Атынан түшүп жетелеп, Амандык сурап энтелеп, Жүрөгү коркуп эрк бербей, Медерканды көргөндө, Мүдүрүлүп темтеңдеп. Мадыбек кеңир киши эле, Кир албаган көөнүнө, Өзү аппак киши эле. Колун берип көрүшүп, Эсен-соосун билишип, Өз үйүнө түшүрбөй, Көтөргөн үйгө киргизип, Көөнүндө кири бардыгын, Ошондой жерде билгизип, Амандык сурап жатканда, Мадыбек сөздү тийгизип, Медерканды коркутуп, Ыштанына сийгизип: — Келдиңби, Медер ханыбыз? Эсенби малы жаныңыз? Амандыгың тиледик, Ушул турган баарыбыз, Көбүнчө тилейт амандык, Мөңкөтай биздин байыбыз.