Жетелеп жөнөй берди эле. Селт эте түшүп Чигитей, Байкап көрсө “жигитти”, Эркек эмес катындай, Анык байкап караса, Энеси болчу асылдай, Ошон үчүн Чигитей, Медерканга катылбай, Оң жагына бурулду, Оң жакта Торгой турду бу. Сыпаты башка бир бала, Сурмасы көзгө урунду. Сурмалуу көздү көргөндө, Султандын уулу Чунактын, Суу агып бойдон жуурулду. Анык тааный албады, Айнектей жүзүн бир көрбөй, Ичинде калды арманы! Сайган айчык кызыл туу, Чапчый колго кармады, Чуу болот деп айылда, Бастырып жөнөп калганы. Баатырың мойнун бурганда, Балакеттүү Торгойго, Таң агарып күн чалды: Алты менен тогуз жыл, Унутулуп ал калды, Айланасын караса, Жайнаган кызыл гүл алды, Жарылып кетчү немедей, Жүрөгү балкып кубанды, Бастырганын биле албай, Балакет Торгой кулады. Тааныбай казак Торгой, деп, Жинди болду бой-бой! деп, Айылдан кийиз алышты, Төрт бурчунан көтөрүп, Айылга бара калышты, Чуркураган үндү угуп, Туйунуп Көкөй калышы, Жете барып балага: — Жинди болгон кишиге, Тегеректеп турбаңар, Ай менен күндүн кулагы, Тийишип казак элинде, Айлыңда турса душмандар, Жай-жайына тараңар, Жан сактоо жагын караңар! Ырас айтат, Көкөй, деп. Эли тарап кетиптир. Бетин ачып шыкаалап, Баласын байкап караса, Жан үзүп койгон немедей Эти муздап кетиптир. Чамасы кетип, так чарчап, Чакчелекей ал Көкөй, Баласынын сандыгын, Барып ачып карады. Асылга ороп алты кат, Салган экен түбүнө, Жанын огун байагы. Туйдурбай алып колуна, Чуркаган бойдон кызына, Жетип Көкөй барганы. Жан кишиге шек бербей, Ок менен бетин сылады. Мойнуна асып боосунан, Жүрөгүнө түз койуп, Туйгузбай бетин жаап койуп, Билмексен болуп турганы. Ашыктын оту ар кандай, Ошол Торгой байкуштан, Чыгып кеткен жан калбай. Чай кайнамча турганда, Салмагы темир даты өттү, Жалындуу жүрөк чогу өчтү. Көзүн ачып алайды, Төрт тарабын карады, Үйдө жаткан шекилдүү, Кай кеткенин биле албай, Дагы кайта кубарды. Күнү түнгө уланды, Торгой кайда кеткен? деп, Медеркан үйдө сурады. — Ооруп кызың жатат, — деп, От күйүп ичи атат, — деп, Көкөй айта салганы, Жакшы жаман Көкөйгө, Кеп кылалбай калганы: — Эмне кесел болду эле? Качантан бери оору? – деп, Анык дайнын сурады. — Кечээ тургай түндө сак, Мен багып жүрдүм сак сактап, Бүгүн жинди болуптур, Дартына дабаа ким табат? Көрөйүн деп баламды, Медеркан басып ал барат. Укмуштуу киши Медеркан, Маңдайынан сылады, Билектен тамыр кармады, Балага тийген кеселди, Башка кебин салбады. Ашкере атын таап алды, Кылмышкер болгон немедей, Кылчайып артын карады, Карагандын иши бар, Артында Көкөй киши бар, Жаш кезинде Медеркан, Ээрчип жүрүп Көкөйдү, Күйүп жүрүп алган ал. “Башыман өткөн ишим, — деп, Байкап көрсөм балама, Башка эмес кесели, Чигитей окшойт билдим, — деп, Мурун балам сак болсо, Эртең менен сак копсо, Кечээ күнү шашкеде, Таза туруп жин тийсе, Улам-улам кубулса, Ичкен ашын билбесе, Ашык эмей эмине? Билейин абдан муну” — деп, Өзү молдо Медеркан, “Чигитей” деп кагазга, Жети жерге чийди эле, Эзип туруп суу менен, Тамызып аны оозуна, Ичирип аны ийди эле, Алкымдан өтүп болгунча, Өңүнө кызыл кирди эле. Медеркан сындуу казактын, Кызы күйгөн кишиси – Кездешип жүргөн душманы, Ичине батпай үшкүрүп, Медеркандын бушманы, Ичкен ашын биле албай, Же өлтүрүп кызын ийе албай. Же өлүп кетип Медеркан, Кара жерге кире албай, Олтурган жерден кобо албай, Мурун кудай боло албай, Пейлимен кайра жандым, деп, Безилдеп ыйлап кан какшап, Чигитейге баралбай, Же кетип калгын кайра, деп, Кычырып келген каркыттап, Кытай менен моңгулга, Таңгыт менен манжуга, Айтып муну баралбай, Санаасы миң, кыйал көп, Жатып уйку алалбай, Өзүнчө оору болуптур, Күнү-түнү толгунча, Саргарып өңдөн оңуптур. Элебей кылган иш жаман, Эндекей кийген тон жаман, Элинен азып ыраакка, Ээрчип келген кол жаман. Капташып калды казакка, Айрыкчасы Медеркан. Биригишип “беш жаман”, Коркутуп кирген түш жаман, Короодо турса көп душман, Жалгыз кара бир башын, Сан миң колго баалаган, Сайышып турса жаш балбан, Не кыларын биле албай, Медеркан башы айланган. Кармаган бойдон колуна, Кызыл тууну Чигитей, Бөксө менен салыптыр, Чигитейди көргөндө. Дөрбөн менен Отору, Батай, Катай – ал төртөө, Такыр таанып алыптыр, Кытайдан келген Кыйарга, Булар айтып барыптыр. Качкан экен менден, деп, Ойуна Кыйар алыптыр. Кытай Кыйар кылыйып, Күлүп койду мылыйып. Корккон экен менден, деп, Кыйалында бул экен. Батай, Катай – ал экөө, Кыйардын билди кылыгын. Качыралы баштан деп, Чигитейдин сыймыгы, Буйрук берди калкына: — Калбай, калмак чубургун! Батай, Катай – экөө тең, Чигитейге куугандай, Аркасынан жөнөдү, Менден мурун бул алса, Жаман аттуу болом, деп, Кыйар кытай жөнөдү, Дөрбөн, Отор туралбай, Дүрбөп калбай жөнөдү. Ээн жайлоо бош калды, Айдама кошуун кол кетип, Казактын эли кубанды. Сыйлыгып көбү казактын, Илени көздөй айланды, Эбине келсе наары ашып, Үч каркыра баргалы, Же болбосо тоо бойлоп, Капалга кетип калгалы. Туйгузбай көчүп чоң байдан, Капалга кетти алты бай, Алты байдын казак деп, Капалда бүгүн дагы бар. Ойго түштү баатырың, Оолугуп бала Чигитей, Буулугуп ичин муң алып, Айлана курчап жоо алып, Асман тиреп заңкайган, Үстүндө Алтай тоо алып, Айагы жагы сыр койук, Адамы жүргүс чөл алып, Орто жери Арал көл, Каз кечпеген көл алып, Жүрөгү күйүп жалындап, Кыз торгойдун нуру алып, Кайратка толду жаш баатыр, Айлана курчап кол түштү, Каңгайдан келген беш баатыр, Күндө кызык урушу, Бүтпөй күндө күч алып, Арбып барат жумушу. Кел бери, деп марашып, Булар кезенишип турушту. Күндүзү кезек урушта, Түндөсү баатыр Чигитей, Түйшүктү салды бул журтка. Түндө чырым албады, Түнүндө чатак салганы, Күндүзү тыным албады, Сайышкан бирден балбаны, Өтүп барат далай күн, Бешөө келип чогулуп, Бир баланы албады, Кезектешип беш каапыр, Бирден-бирден барбады, Күндө уруш чуу менен, Жердин бети чаңдады. Баш кошкон жерде чогулуп, Чыгыштан келген беш урук, Чын эле баатыр экен, деп, Чигитейди даңдады. Ортодо Отор оолугуп, Ойлонуп чочко олтуруп, Он миң киши кол бөлүп, Өзүнө кийин туруучу, Он эки мыкты зор бөлүп, Туйбасын деп Чигитей, Бир кишини купуйа, Түн ичинде узатып, Медеркан кошо барат, деп, Таласты көздөй жол берип, Билбемиш болуп жатыптыр, Жиберген киши алдыртан, Медерканга айтыптыр. Жан кишиге туйдурбай, Камынып калды Медеркан, Бармак болуп алыстан, Койгунуң деп айтпастан. Эки күндү болжошуп, Табышмак болду Медеркан, Чаганчыда жол кошуп. Угуп Көкөй калганы, Кандай айла болот деп, Торгойго жете барганы. Барса Торгой үйдө жок, Күндө келсе – күндө жок, Кайда кеткен Торгой? деп, Кайгыга Көкөй калганы, Торгой кыздан, кыргыздар, Эми азыраак кабар алалы, Атасы эзип суу берип, Көзүн ачып жер көрүп, Ордунан коппой солк этип, Эки күн жатып көгөрүп, Караңгыда жөнөдү, Жылдыздан шуру тагынып, Башына чүмкөй чапанды, Калдайта кара жамынып, Жатарга таппай айланы, Жаш баатырды сагынып. Кыраакы өзү укмуштуу, Бастырган жерден баатырдын, Атынын изин карады. Канча күн өткөн арадан, Бурултпай муну таап алды. Аттын изин кубалап, Ар күнү топо дубалап, Адырды басып аралап, Кырга чыгып олтурса, Өргөн иттей сабалап, Ойдо жатат көп калмак. Беш жерде калың топ турат, Жазайыл мылтык, жаа кошо, Жайнатып төккөн ок турат, Байкап көрсө белгиси, Жалындап күйгөн от турат, Жайы-кышы өчкүсүз, Жайнаган кызыл чок турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.