Өкүрүк менен акырык, Оң-тескери бакырык, Отор калмак кыйкырат: Абдумаалүк, колдо! деп, Койнунда бутун чакырып, Найзасы тийсе кара таш, Кумдай болуп чачылып, Аркасында тозоңу, Жөө тумандай жазылып, Караган жанды жадатып, Караган бенде таң калат, Калтаарып баары калышып, Кагышып чыкты кечкече, Аппак шордо салышып, Кайра жанбай артына, Өчүгүшүп тайышып, Өлүмдөн башка кеби жок, Өзөктөн канды жайышып, Токтолуп калган жери жок, Чаалыккансып талышып. Кезеги менен кээри жок, Кел бери деп айтышкан, Дегеле кептен бири жок. Колтуктарын чойушуп, Койгулашып киргенде, Чокмордун баары быдырап, Чабарга чокмор жок болуп, Бирөө сынса, бирөө жок, Мурункудан беш бетер, Дагы эле кирет октолуп. Бир кезекте кара көк, Кара бойун безеди, Канкор Манас баатырдын, Арбагын бүгүн эстеди: “Түп атам Манас сен болуп, Семетей атам эр болуп, Сейтек өткөн шер болуп, Кененим өттү дүйнөдөн, Периште менен тең болуп. Сейити өтүп кетиптир, Күн батыштын жети дөө, Он төрт жашта тең болуп, Дөөнүн баары кыйраган, Арбагы мындан кем болуп. Асыл атам, бек атам, Атагы өчпөй келаткан, Дөө-периге көтөртүп, Дүйнө бетин чайкаган, Дөөлөр келип беттешип, Кутулуп кете албаган, Арбагың менен колдогун, А дүйнө кеткен жаш атам! Чама келип, чарк жетпей, Бала кезден бер жакка, Бадырек Отор ит менен, Басташкансып келатам. Эки күн болуп баратат, Эми бир күн урушсам. Эңкейтип мени жадатат, Ошондой кийин кыргыздын, Намысын ким талашат?!” Кара мүртөс неменин, Кара көздөн жаш чыгат, Дагы кирди ал Отор, Минген атын камчылап, Беттешип Отор жеткенде, Периштенин үнүндөй, Бек ачуу үнү жетти эле, Белдүүдөн тирүү Күлүстөн, Үн угузуп өттү эле, Күлүстөн үнүн угабы, Күлүстөн үнүн укканда, Көмөрүлбөй турабы! Шайы кеткен шалдырап, Жаш Чигитей чыйралды. Көргөнү жок үн укту, Кара бойун чыйратса, Чигитейден сүр чыкты, Качырып тийген Отордун, Каары менен найзасы, Кара ташка батычу, Кумдай тозуп жатычу. Балага келип сайганда, Сайганын баатыр туйбады, Отуз барча найзасы, Каршы-терши кыйрады, Асманды көздөй зыркырап, Учуп жатат сынганы. Былк этпей туруп бергенге, Бечара Торгой таң калды. Көзүнүн агып кандуу жаш, Өлдүбү, тирүү бар бекен, Дайынын көрө албады, Арстаның айбат үн берген, Абасы кайрат күү берген, Жаш баатыр карап турабы. Алдында минген тору аты, Жетилбайдын Жээрде атча, Жеткилең катуу чуркады. Баатырдан найза жеткенде, Тоону талкан жерди бас, Кургак жерден суу чыгып, Көл айланып болгон саз, Отор аттан кулады. Өчөшкөн бала Чигитей, Өлүгүн илип найзага, Так көтөрүп муну алды. Өйүзү сеңир ак урчук, Жээн жайлоонун чоң тумшук, Күүлөп-күүлөп имерди, Урчукка койуп жиберди, Урчуктун ташын камдады, Өчөшкөн калмак Отордун, Эти турмай сөөгүнүн, Дегеле дайны калбады. Отор өлүп кеткенде, Эки жагын караса, Маңдайда калың кол да жок, Топурак учуп, жер чаңдап, Чачкандай болуп жатыптыр, Куткарбайын бирин, деп, Куп кыйамың келди, деп, Тору атты бура тартыптыр. Кыйардын эли кытайды, Отордун эли өзүнчө, Талап алып жатыптыр, Карсылдашып эки аскер, Кагылышып атыптыр, Каны суудай агыптыр, Батай, Катай – эки кул, Кара калмак эл менен, Непак эле качыптыр. Отор менен кытайдын, Колдорун бөлүп айрыды, Отордун элин тургузду, Кытайдын элин чуурутту, Санап санын алганы: — Сатылып келген сенсиң, — деп, Элиңе айта кеткин, — деп, Эсен-аман жеткин, — деп, Жакшы-жаман талаада, Бир кишиге айтпа кеп. Улугуңа бар, — деди, Эмне көргөн-билгенин, Жашырбай айта сал, — деди, Каалабайым кан ичпейим, Киймиң чеч, аттан түш, Олжо алам дебейим, Өчөшсө келсин кытайың, Өткөрөйүн санаттан, Карматамын дагы эле, Кылып көнгөн адат ал. Кытайды калмак козгоду, Сенин Кыйарың өлүп жок болду, Кеткиниң, — деп айтканда, Кырк миң кытай аскери, Кымылдап баары кош болду. — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, Бейбаштыгың ар качан, Өзүңө пайда бербеди, Коктукаттын шаарына, Кошуунуң калбай жүр! – деди. Чубатып калган колдорун, Колбутуп айдап алыптыр, Куруп калган Торгой кыз, Жээн жайлоодо калыптыр. Муну мындай таштайлы, Манастын соңгу урпагы, Чигитейдин дүйнөдөн, Өткөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.