Чигитейдин Ооган, Коросон хандарын жеңиши
Тайарланып Мөңкөтай, Такалап атын турушсун, Эми кайта угалык, Мадананын жумушун. Мөңкөтайдан айрылып, Түштүктү карай кайрылып, Идирмек кырда жөө басып, Уктабай жүрүп түн катып, Суусуну жок, карды ачып, Кыйналып жаны баратып, Таалайы бар Мадана, Чигитейге туу белде, Келип калды жанашып. Чигитей атын откозуп, Күлбөй тиктеп томсоруп, Уруша кеткен немедей, Турган экен мостойуп. “Өзүмөн кичүү болсо да, Аты улук бала” – деп, Салам айтты Мадана. Саламга алик албады, — Кайдан келдиң, аке? – деп, Дайынын сурай салганы. — Түндө чыктым көп колдон, Бир кишиге жолуктум, Тээ өөдөкү кайкы туу жондон. Ага айттым бар кебим, Сага айтсам экен деп, Түн бойунча келгемин. Кубатай, Ырыс, Шооруктун, Кеңешин айтып берейин. Үч бөлмөк болду элдерин, Үч белден ашып киришке, “Чигитей жалгыз бир киши, Бирибизге кездешсе, Экөөбүзгө ким келер? Таласын талап алалы, Таш талкан кылып күмбөзүн, Талкалап аны салалы, Орто жашын өлтүрүп, Кыздарын катын кылалы” Кырда жатып бул үчөө, Убада мындай кылганы. Угуп туруп, кулунум, Мадана агаң турабы? Өөдөгө келдим мөкжөңдөп, Ылдыйга келсем бут аксам, Агаңдын келген убагы. Токтолбостон Чигитей, Учураган кишинин, Минген атын, кийимин, Кебетесин сурады. Маданадан сураса, Мөңкөтай экен тааныды. Эсинен чыгып кетпеген, “Калемкаш айткан, бир кеп бар, Ошол ырас экен” деп, Ойуна эми алганы. Жалганын-чынын билүүгө, Жайын айтып үй-жайдын, Мадананы жумшады: — Мадана ага, бар, — деди, Мен айтамын далай кеп, Чыгарбай эске ал, — деди, Эңиш тартып, жол басып, Маңдайдан шордоп тер агып, Көп жапаа менен барасың, Бадырайга дандуу үй, Айылды көрүп табарсың. Мен чыкканда Кеңколдон, Чогула айыл эл конгон, Керүүлөй тарткан имерүү, Уй мүйүз сыйак жер болгон. Үзгүлтүк эмес жыш айыл, Аз айыл эмес көп айыл, Абай кылып байкасаң, Көрүнүп турат дапдайын. Баккан атам менин бар, Абыдан дайынын айтайын, Сакалы узун бириндеп, Узун бойлуу чал сакал, Кара сур эмес ак жүздүү, Жасанып кийим кийбеген, Жалтылдашты билбеген, Бүкмөсү жок бүдөмүк, Билгенин таамай сүйлөгөн, Үйүнө кирсең зайыбы бар, Билбеген аны жинди дейт, Анткен менен энемдин, Билгенин такыр эл билбейт. Так кырк күнү жатсаң да, Бир күнчөлүк билдирбейт, Жинди деген кеп эле, Талыкпастан көп сүйлөйт. Саа жолуккан кишинин, Барлык иши билинди, Илегер өзү чоң табып, Эл ичинде киши эле, Алдында келип ким айтса, Ошонун кебин ээрчиген, Ооп бермерээк ит эле. Иттиги анын кармаса, Каап алат карс этип, Талап кетет арс этип, Байкоосуз чатак табылат, Бекеринен баш кетип, Мадыбекти таба көр, Ылдам барып сен жетип. Мөңкөтай көөнү бузулса, Алжан, алчын – эки урук, Бир атанын уулу имиш, Кыргыздан башка белгиси – Ала сызма боо тагып, Жүрүчү эле үй тигип, Алжан, алчын айылы, деп, Сурабай аны эл билип. Жыш айыл эки болгондур, Бөлүнүп четтей койгондур, Бөлүнүп үйү конбосо, Аттарын байлап койгондур, Кермесине жергелеп, Келишкен аттар толгондур. Азыр болсун Мадыбек, Абайласын айылын, Кычырса басып барбасын, Ошол өңдүү айылга, Козголбой жатсын үйүндө, Чигитей аман барында. Түз болсо көөнү Мөңкөтай, Ушул сапар Жедигер, Баштап аны кошо алпар. Бузулса көөнү кокустан, Маңдайында шору бар, Мадана ага, ал кезде, Жедигерди ээлеп кал. Мабу жерде үч урук, Айтышыңча, Мадана, Бүгүнкү күнү түш менен, Аттанат аскер чубуруп, Саатына кетип Шооруктун, Кетет экен кан агып, Санаксыз киши кырылып, Келген экен бул иттер, Коросон, ооган, жедигер, Калбай баары жыйылып, Мындан кийин бул үчөө, Келгис болсун Таласка, Кан буугандай тыйылып. Кеңколго бирөөн киргизсем, Көпчүлүк карап турбайбы, Ат изин жерге салдырсам, Арбагы тирүү арстандын, Мени жакшы кыларбы! Айтып болуп жаш жигит, Бойуна кирди кылчылдак, Маңдайдан тери бөлүндү, Бурчак-бурчак чылпылдап: — Тура тургун, Мадана, Эми эле алып беремин, Минериңе тулпар ат. “Тулпар минип барам, — деп, Кеңколдо жаткан туугандан, Туйгузбай кабар алам, — деп, Күлүктү минсем чабам, — деп, Көрүнүп турган Кеңколго, Көз ачкынча барам” – деп, Токтоно албай Мадана, Басып турат элеңдеп, Жаш баатыр минди атына, Бар жарагын белендеп. Үйүнө барып Шооругу, Мадананы табалбай, Чигитейге алдында, Жолукканын бир көргөн, Алда кандай болду, деп, Алапайы куурулду. “Жашырып койуп кантейин, Туйбасын деп мен муну.” Ырыскан менен Кубатай – Буларга айтып угузду. Ачуусу келип Кубатай, Шорукка айтып турушу: — Тынч жаткан элди козгодуң, Бүжүрөп келип арыз айтып, Ырыскан менен Кубатай – Катар бизге дос болдуң. Үч күндөн бери экөөбүз, Жер талашып жоо болдук, Койгунуң деп не тостуң? Үч бөлөлү элди, деп, Үч бөлүнүп кирели, Биз алабыз анда, деп, Жиберип ийип кишиңди, Кыргызыңды камдан, деп, Акчыланып жашооруп, Айтып келиш кандай кеп?! Буйрук кылды Кубатай: — Бузук кулду карма! – деп, Желдеттери дапдайар, Жыйырмасы келди жыйылып, Укмамыш болуп жер тиктеп, Ырыскан турду кылыйып. Желдеттери келип кармады, Көөдөндөн чыкпай бир жаны, Ырп этерге чама жок, Жалдырап Шоорук турганы. Ырыскан айтат ошондо: — Үчөөбүз келип ыраактан, Чогулушуп келгенбиз, Ашып белди түшөрдө, Сен билесиң жолду, деп, Шоорукка билги бергенбиз, Сен экөөбүз талаада, Таластын жерин талашып, Чабыша кеттик жана да. Сени жеңип мен албай, Мени жеңип сен албай, Өзү келип катышып, Шооруктун жаны жай албай, Айтканын угуп акыл, деп, Биз кошулдук макул, деп. Эми келип туруптур, Качты кулум уккун, деп, Буйрук кылдың, Кубатай, Шоорук ханды туткун, деп, Чабышып жүрсөк экөөбүз, Чигитей болду арачы, Кишиде сырттан неме экен, Ал Манастын баласы. Көөнүм менин бузулду, Кошулуп кетем ырасы. Жергеси толук неме экен, Жети атасы эр экен, Жетимиш балбан бириксе, Жер бети такыр чогулса, Киши жеңбес неме экен, Өмүрү кыска болбосо, Өткөзө сырттан бенде экен. Көрүлүп калды бар сыры, Баш көтөрсө Жедигер, Башын булгап көөн буруп, Тирилип көнгөн эл экен, Шоорукту сойуп нетели, Үч бөлүнүп жүрбөйлү, Атайы келдик Таласка, Бир беттеше кетели, Келбей чама баратса, Биз кептеше кетели. Чабышып чама жетпеген, Чакташып бенде жеңбеген, Өлгөн сайын өрчүгөн, Өткүр Манас дечү эле, Ошол ырас кеп экен. Күрөшүп күчү жетпеген, Күчтүүлөр келип жеңбеген, Өлгөн сайын өрчүгөн, Күчала Манас дечү эле, Мунусу ырас кеп экен. А көрүктү, Кубатай, Чигитей менен беттешип, Сыр чечишип кептешип, Жедигерди экөөбүз, Бөлүп алсак эп экен. Ырыскан айтып турду эле, Угуп туруп Шоорук хан, Өлүмгө мойун бурду эле. — Коросондон Таласка, Кошуун жыйнап, кол курап, Көрүнгөндөн жол сурап, Араң келип бул жерге, Кошулушам дегениң, Жарабаган кеп эле. Сен кошулуп, Ырыскан, Мен калбаймын дегеле. Чогулалы бир туруп, Бөлүнбөйлү бузулуп, Азыркысын Шоорук хан, Акылын ойлоп жетилсин, Артыгы болсо кечирсин, Кемтиги болсо бүтүрсүн, Эмне үчүн келгенин, Эми ойлоп түшүнсүн. Өлтүрбөс жакка көөн буруп, Ырыскан жолун тоскону. Кармаган бойдон мууздатып, Өлтүрө албай Кубатай, Бу дагы араң токтоду. Түндөсү бөлгөн үч аскер, Үч бөлөк жерге топ болду. Байрагын булгап баштыктар, Бастыргалы калганда, Ашып түшсө туу белден, Эндекей жаткан элдерди, Шаштыргалы калганда, Мадананы кетирип, Бастырган бойдон Чигитей, Жете барды аларга. Чигитей жетти капкайдан, Кара бороон удургуп, Ала Тоодон бурулгуп, Асман тиреп заңкайган, Көкжалың жетти капкайдан.