← Чигитей 6/7

— Кекенген менде кектүүңөр, Кеңешип туруп бириң кел, Корксоңор жалгыз келгенден, Кошулушуп экөөң кел! Чигитей айтып ийди эле, Кубатай кулак салбады, Ырыскан тыңшап калбады, Басылбады күчөдү, Бул экөөнүн жаңжалы, Бастырып барып Чигитей, Чылбырдан экөөн кармады: — Не болдуңар, баатырлар, Эмне кеп бар айтыңар. Арбын кошуун кол болуп, Үч бөлөк түшкөн эл болуп, Келгениңер жол тартып, Коросон, Ооган жер болуп, Жедигер кошо келиптир, Айланып башы тел болуп, Сайышып калдың не үчүн Талашыңар не болуп? Баатырлык менен Чигитей, Экөөнүн эки колунан, Кармап туруп айтканда, Ашыгып калды Кубатай, Абалкы кебин айтканга. Ырыскан калды толгонуп, Кубатайга каш серпип, Ички сырын айтпаска. Серпкен кашын билген жок, Кубатай кирди оозу шок: — Арага түшкөн сен кимсиң? Урушуп жаткан кишинин, Ортосуна киришкен, Обу жок кандай жиндисиң? Кайдан келген кишисиң? Кагышып жаткан кишинин, Арасында киришкен, Акылсыз кандай кишисиң? Кайдан келе жатасың? Кайсы жакка барасың? Каарым жанбайт меники, Ырыскандан кан ичип, Талап албай кыргыздын, Такоол болгон Таласын, Жедигердин Шооругун, Жеп жутамын баарысын! Кетирейин бул жерде, Тийгизбей колго намысын! Кеңколду айдап көчүрүп, Жедигер менен оогандын, Өкүмөт атын өчүрүп, Жеке жалгыз болбосом, Менин Кубатай атым куурасын! Угуп болуп Чигитей: — Таластакы кыргызда, Канбаган кандай өчүң бар? Баарын ирмеп жутуучу, Ийилбес канча күчүң бар? Үчөөңдү катар жутучу, Мен Чигитей өзүм бар! Байкап турса Мадана, Шоорук хан калды баскалы. Чигитейге жок жерден, Бир шылтоону тапкалы, Өзү кылган иштерди, Ырсканга жапкалы. — Атымды кармап тарткын, — деп, Жигитин Шоорук жумшады. — Өлгөнүң өлүп калгын, — деп, Өлбөгөнгө мен бар! – деп, Койо берип ал экөөн, Чигитей бура тартканы. Көрүп турган Мадана, Торой алдын басканы. Өжөр чыйрак Мадана, Жаш баладай жүгүргөн, Чигитейге жакындап, Чукул кирип келгенде, Көзүнөн жаш төгүлгөн: — Айланайын өзүңдөн, Карааныңды көрдүм мен, Козголоң салган баарыга, Кубатай деп угамын, Кеңештеш киши эмесмин, Эшиткен менин кулагым, Оогандын ханы Ырыскан, Шоорук экөө тилдешип, Темир шааны куруткан. Жесир кылып катынын, Жетим кылып балдарын, Кайгылуу кылып калганын, Муңдуу кылып тууганын, Кубанчы берип душманын, Өз ичине кетирди, Темир шаанын бушманын. Мындан мурун укпапмын, Түндөкү өткөн түнүндө, Шоорук хан бар үйүндө, Ырыскан менен Кубатай, Кычыртып кетти күүгүмдө. Кайта келди бир кезде, Кобурап сүйлөп кеп салат, Уйкуга көзүн ирмесе. Мен кат билбеген кара түрк, Унутуп калам кокус, деп, Он сыйра айтып жаттадым, Сага кандай айтам, деп, Кирпигимди какпадым, Ошондо угуп жүрөмүн, Бул үчөөнүн чогулуп, Бир масилет тапканын. Укканым жок, билбеймин, Темир шаанын өлүгүн, Кай корумга катканын. Атым менин Мадана, Угуп койгун, арстаным. Таластакы кыргыздан, Түп насилим айтайын. Алчын кыргыз уругу, Атам мурун Таласта, Алты жүз үйдүн улугу, Жедигерге барышты, Эр Бекбача буйурду. Жолдо угуп-көргөнүм, Уккун, баатыр, бу болду. Айтканын укту Чигитей, Көрбөгөн Темир баашаны, Мадыбектен угучу, Көбүнчө атын Чигитей. “Арамдык жок кыргызга, Ал кишиде кенедей, Армандуу өлгөн экен, — деп, Кайран баашам ченебей!” Четке чыгып Чигитей, Чендеп көрдү буларды. Кубатай менен Ырыскан, Курчалышып урушкан, Баш тарткан жок кайрылып, Алдындакы жумуштан. Жан айабай салышып, Жамбаштан канды агызып, Чыдаштык кылбай темирлер, Быркыратып чабышып, Колунда жарак жок калып, Койгулашып киришти, Камчы менен салышып, Коросондон Балтыркан, Кокус баатыр неме экен, Коросондун ичинде, Мен жалгызмын, дээр экен. “ Ырыскан менен Кубатай, Буларды карап турамбы, Көмө чаап алайын, Кыргыздан келген кыйынсып, Тээ муштумдай болгон баланы!” Кийгени көпкөк темирден, Сүрөтү киши шекилдүү, Кеми жок бойу сеңирден, Үңкүр кабак, кең таноо, Ичине эңшер, дүмчүк бел, Кишиден башка неме экен, Турган жерден бурулуп, Кел Чигитей, кел! деген, Кулакка кеби угулуп, Кайра тарта басканда, Улугу анын Кубатай, Кулагы угуп калыптыр: — Кулжуңдаган чунак кул, Менден болбой уруксат, Барар болсоң кыргызга, Убара болбой жата тур, Кой, Балтыркан кой! – деди. Кубатай айткан кептерин, Ал кутурган Балтыркан, Кулагына илбеди, Чигитейди келгин деп, Атынын оозун имерди. Бура тарта бергенде, Качырып келип Кубатай, Көмө сайып жиберди. Укпаган кулдун кулагы, Сагынган өлүм убагы, Коборбой туруп Кубатай, Басып туруп мууздады. Кайра атына жабышып, Ырыскан менен Кубатай, Жана кетти чабышып. Темир шааны эстенип, Эр Чигитей кайышып: — Жедигердин Шоорук хан, Кел бери сен эр болсоң! Падыша Темир не болду, Жообун берчи сен болсоң! Бир сууга сени хан деген, Абам айтчуу Мадыбек, Жетисууну башкарган, Темир бааша бар деген. Коросон менен Ооганга, Кошуп берип буларга, Сени кимдер бар деген? Айтарына кеп таппай, Апкаарып Шоорук тердеди, Токтолуп калды былк этпей, Мадана жетип келгени: — Айланайын чырагым, Атадан артык чунагым, Эл намысын талашып, Атка минген убагың, Каңгайды сайып жеңди, деп, Каттоочудан угамын. Билесиң, баатыр эр жигит, Ортодо жердин ыраагын. Айтпадымбы жана эле, Темир шааны Шооруктан, Эминесин сурадың? Башын алсаң бааша сен, Башын катса банаа сен, Ийбелген жок баашага, Күрмөөгө тили келбеди, Шоорукта эми ал канча? Өлтүрсөң өзүң билесиң, Өлтүрүп таштап Шоорукту, Өкүмдү берип бирөөнө, Айдасаң айдап ийесиң. Жетисууда жедигер, Жери, баатыр, сеники, Жети суу толуп жайкалган, Эли, баатыр, сеники, Илгертен бери кас чыккан, Теңдеше албай пас чыккан, Эри, баатыр, сеники, Толтойдон бери карата, Теги, баатыр, сеники. “Түбү бирге кошулат, Учу бирге жазылат” Айтар кебим мына бул. Түбүбүз бирге эмесби, Бу түгөнгүр меники, Кубатай менен Ырыскан, Кимиси жеңип ким алат, Урушуп жатса ал экөө, Талап алсаң жедигер, Атага наалат ат калат, Өзүңө калат жаман ат, Сабыр кылып байкап тур, Айагы болот кандайрак. Мадана айтып болгону, Байкап туруп Чигитей, Баарын акыл болжоду, Кычырбай кайра Шоорукту, Унуткан болуп жөн койду. Ырыскан менен Кубатай, Күүгүм кирип кеткинче, Сайышып чыкты түк тынбай. Көз байланган бурүлдө, Күдүңдөп кайра жанышты, Кош-кошуна барышты. Жедигердин Шоорук хан, Караңгынын чапанын, Калкалап башка жамынып, Кылганы түшүп эсине, Кыйаматтык кыл боолук, Мойнуна калды тагылып. Кубатай менен Ырыскан – Ал экөөнө жолугуп, Айтып таттуу далай сөз, Бир чатырга чогулуп, Жараштырды экөөнү, Үчөө бирге болушуп, Ортого окту койушуп, Чигитейге беттешмек, Чың кайрат менен чогулуп. Жашы кары Шооруктун, Далай акыл ойлоптур, Ойлогонун, акылын, Айтпай элге койбоптур: — Кубатай менен Ырыскан, Ырысыма табылдың, Басыранды киши элем, Шоорук хан деп ат берип, Абийрим менин жабылдым, Ооган менен коросон, Колуңда экөөң элиң бар, Кулагың салып уккула, Айтар менин кебим бар. Эби келсе силерге, Бирден-бирден барбаңар, Алы канча, жай канча, Коросондук балбандан, Сегизи бар дапдайар, Үчөө-төртөөн жумшаңар, Байкап туруп баатырдан. Чигитейди сынап кал, Мен уккамын кабардан, Кудай урсун Чигитей, Өтө кыйын жаман ал. Угушумча Чигитей, Кудай бетин салбасын, Утур келип ошого, Жумуру баш калбасын!