Каңгайдакы көп элди, Кан какшатты деп келди, Беттешип бенде чыгалбай, Камалып калды деп келди. Эми бүгүн Чигитей, Сен экөөңө кез келди. Бирден-бирден барганда, Эрлик жолун талашып, Биз калбайлы ушинтип, Өлүм жагын карашып. Аскер келип айылга, Чигитей калды жаны ачып. Жекелешип жүрбөйлү, Жекеге барып бир-бирден, Өлүп кетип кокустан, Жетелешип жүрбөйлү. Үч бөлөлү аскерди, Санап туруп бул элди, Жиберели кыр-кырга, Туйгузбастан билгенди. Айлана курчап тулгадай, Үч тараптан кирели. Ичи ачып, боор ооруп, Кары-жашы дебестен, Утуру келген немесин, Боорунан кармап тилели, Тулпарын кармап минели, Тузуна мунун сийели, Манасынын күмбөзүн, Отко жагып ийели, Коңурбай кирбес сыр коргон, Колбуп биздер кирели, Кыздарын катын кылалы, Уланын жумшап тыналы, Орто жаш акыл тапчуусун, Силерге, балдар, эп келсе, Бирөөн койбой кыралы. Үч тараптан тийгенде, Өз ичинен чыкпайбы, Айталбай дарттуу бар болсо, Ичине батпай убайы. Бузулса кокус биз үчүн, Бул кыргыз мууну бошоочу, Кубат кыла каларбыз, Кошула келген ошону. Кубатай, Ырыс, Шооруктун, Масилети токтоду, Кайта келип туйгузбай, Аскерин булар жоктоду. Шоорук келсе аскерге, Маданасы жок болду. Чыгып Шоорук кеткенде, Чыдай албай Мадана, Чатырынын тушуна, Чуркаган бойдон жетти эле. Угуп алды бар кебин, Шоорук кайра басканда, Чатырга кайра келе албай, Чигитей тапсам айтам, деп, Табалбасам баатырды, Таласка барсам табам, деп, Арамдын ушул кептерин, Баатырга барып айтпасам, Канткенде карал табам, деп, Чигитейге барам, деп, Жөлөндү төшкө карагын. Чигитей издеп баратып, Алдынан бирөө жолукту, Минген атын жаратып. Таанышпаган ал экөө, Бирин-бири карашып, Мадана байкуш жөө басып, Сүрүп кетти таң атып. Алы-жайын сурашты, Аттуу келген адамзат, Мадана жайын сурады. Жашырган жок Мадана, Баары Талас эли деп: — Баатырды издеп келатам, Менден уксаң кебим, — деп, Учураган аттуу жан, Ал Мөңкөтай болучу, Кийик уулап уулу жок, Издеп жүргөн болучу. — Менин жайым сурасаң, Чигитейдин агасы, Чымындай сырды жашырбас, Чечекейдин карасы, Барыбызга баш баана, Баатыр Манас баласы. Кай кеткенин билбеймин, Үч-төрт күн болуп баратат, Көрүнгөн жок карааны. Угуп болуп Мадана, Өз башынан өткөндү, Ортодо болгон кептерди, Такыр айтып бергени. Угуп болуп Мөңкөтай, Оңунан келген экен, деп, Кантип турат кубанбай: — Андай болсо, Мадана, Баралбасаң Шоорукка, Эңиш тартып баса бер, Кыргыз эли өтө кең, Утуру келген кыргыздын, Эшигин коркпой ача бер, Жайлуу жерге кез келсең, Чалкаңдан түшүп жата бер, Бизден укса кабарды, Кош аттап киши чаптырып, Алдырып кетер Чигитей. Деп Мөңкөтай далбастап, Учкаштырып албастан, Оголе жаман шашканы, Мадананы туу белге, Кебин угуп таштады. “Кечикпей үйгө жетем, — деп, Өөдө-төмөн кеп кылса, Чаар ичигин жамынган, Мадыбекти кекетип, Жазайын колго берсем, — деп, Алжан, алчын бир элек, Эки уруктун ичинен, Бөлүп турсам экен, — деп, Анан мыктысынган Чигитей, Карап турсам экен” — деп, Ат айабай кайра чаап, Айылына жете барыптыр. Алжан, алчын уруусун, Аксакал менен жакшысын, Айылды билген башчысын, Кишиге жакын ыктуусун, Тилге жакын шыктуусун, Балта чабар мыктуусун, Өзүнө тайын Мөңкөтай, Чыкыртып алды үйүнө, Мадыбектин айылына, Аңдуучу киши койдурду, Маданадан укканын, Буларга айтып олтурду: — Алжан, алчын – эки урук, Сыртынан кыргыз биз болуп, Жашырбай чынын айтканда, Баш көтөртпөй барыңды, Мадыбекке кул болуп, Сомбилектин Чигитей, Ага бакма уул болуп, Кечээ жарадар болуп келгенде, Көөнүмдөн кеткис меники, Мадыбек айткан кептери, Айрыкча кетпейт көөнүмдөн, Мадыбекти кубаттап, Көкөй катын иштери. Чигитейге жөлөнүп, Казак катын тилдеди. Айталбай, балдар, жүргөмүн, Арыктап кеттим санааркап, Абайлап, балдар, билбедиң. Бүгүнкү кырда талаада, Маданага жолугуп, Уккан кебим бул болуп, Кычырып эми олтурам, Баарыңарды чогултуп. Үч белден ашып калың кол, Үркөрдөй кирет Кеңколго, Биз эмине кылабыз, Эй, жигиттер, ошондо? Аксакалы Мөңкөтай, Абыдан кеңеш салыптыр, Кутурган экен боз улан, — Болду, болду, ага! – деп, Бөлүнүшө калыптыр. Укурук боолук алышып, Өлчөп минчүү аттарын, Кармап келе калышып, Кетичүдөй эми эле, Чигитей менен чабышып, Алжан-алчын – эки урук, Тайарланып калыптыр. Бузулмак ичтен биздерге, Мурунтан калган нарыктыр. Муну мындай таштайлы, Чигитейдин жоолорун, Жеңгенинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.