— Медеркан, сенин эбиң жок, Эчтеке менен кээриң жок, Айыктырып баатырды, Алуучудай жериң жок. Жамандуу күнү жар болгон, Жан чыгарда колдогон, Жаш да болсо Чигитей, Ишин кудай оңдогон. Аттанып чыкса жол болгон, Алышканы кор болгон, Алаш үчүн жаралган, Ааламда болбойт мындай жан, Тилимди алсаң, Медеркан, Мөңкөтайга алпарсаң. Билесиңби сен өзүң, Башыңдан өткөн ишиңди, Куйкаңды тилип туз куйуп, Унутулгусуз иш кылып, Таманыңа шиш кагып, Тырмактарың жок калып, Бүткөн бойуң көк тулуп, Көкүрөктө тынуу бар, Ооз-көзүңдүн дайны жок, Тааныбай киши жатканда, Айыктырган Мөңкөтай, Аттардан ылгап карматкын, Мен да кошо барамын, Катыны жок жетимдин, Кош колдоп муну багайын. Кастарлуу атын карматып, Казактан тыңды ылгатып, Кармайлы десе тору атты, Карматпады чылбырын, Таласты көздөй жөнөдү, Талаанын жели сыдырым, Ар кандай иштер келет го, Айласы көп кылымдын. Медеркан, Көкөй артынан, Такасын таштап жөнөдү, Чигитейдин зарпынан. Ылгаган казак жаштарын: — Таласты карай баспагын, Тайрайып жатып албагын, Кара нээт каңгайдын, Келер жагын байкагын. Капыр каңгай келбесин, Чигитей болсо жарадар, Каңгайлык билет калгандын, Кармашып алы келбесин. Кармашкан жоосу ким экен? Жылантору кайранат, Муну кандай алып келди экен? Кедери изин кубалап, Топтоп, жаштар, баргыла, Тобуңду бузбай калдайып, Каңгайдын жолун чалгыла, Кармашканы ким экен, Кулактап угуп калгыла, Кандай иш болсо тыйакта, Бизге кабар салгыла. Медеркан элге башкартып, Беш кишини кутчу алып Беш төөгө күрүч арттырып, Таласты көздөй тарттырып, Айлынан чыгып кетиптир, Дагы алты күн жол жүрүп, Таласка тору ат жетиптир. Кечкурундап Мадыбек, Жанында эки киши бар, Ийнинде мылтык асынган, Колунда алган кушу бар, Өрдөк карап келаткан, Буткулдуунун сазынан, Тору ат чыга калды эле. Буткул саздын башынан, Тору атты көрүп Мадыбек, Кыла албай калды Кабызет. Туман басып күн бүркөк, Борошо болуп жаткандай, Тиктесе көзгө көрүнбөйт, Эси ооганда Мадыбек, Элейип туруп калганда, Кишинеп Тору ат жакындап, Билип калды ал чакта, Бардап ачып тиктеди, Бар экен жаны саламат. Жигиттерин түш деди, Өзү түштү Мадыбек. Ортосу түштүк жол эле, Тору атты жөөлөп жетелеп, Жанындагы жигиттер, Кабар салып айылга, Кирип келди энтелеп, Садагага чабуучу, Сары эркечин жетелеп. Кескилетип талатчуу, Таргыл уйун айдашып, Айылдаш болгон кыргыздын, Эркек-айал, кары-жаш – Баары калбай чуулдап, Эшикке чыгып карашып, Жаны барбы, жокпу, деп, Биринен-бири сурашып. Жаныбар деп укканда, Арбагы эбеп жөлө, деп, Айкөл эрге жалынып, Чигитейдин жолуна, Нечен бээлер чалынып. Мөңкөтай көрүп өңгүрөп, Мадыбектин тили жок, Бурулбай турат күңгүрөп. — Түшүрбөйлү көкжалды, Айкөл эрдин күмбөзгө, Түнөтөлү биз аны! Кирдүү көйнөк кийбеген, Өз бойуна ишенген, Мен тазамын дегенден, Бирге барды дуулашып. Алтымыш киши барыптыр, Аңгычакты ал жерге, Медеркан келип калыптыр. Медеркан, Көкөй барганы, Ээрчип барган беш казак, Басып бара албады. Босогонун түбүнө, Айкөл шердин күмбөзгө, Жаткырып койду баланы. Ошо күнү чаршемби, Чаршемби агы болор, деп. Колдосо айкөл зор Манас, Чаршемби дагы келгинче, Чалкалап баатыр кобоор, деп. Болбой койду Мадыбек, Мен ушул жерде коном, деп. Калганы тарап кайтышты, Калк башкарган жакшылар, Калгандарга айтышты: — Кеңколдун башы жети төр, Калбай, жаштар, баарыңар, Касташкан бизде киши көп, Байкап жолду караңар, Баатыр бала бар чактай, Беймаал жатып албаңар, Байкоосуз келип душмандар, Талоонго кетип калбаңар. Көпкөн балдар андан көп, Күрпүлдөп жолго салышты. Медеркан, Көкөй, Мадыбек, Мөңкөтай анда калыптыр, Калгандары жаныптыр. Мадыбектин алганы, Бай Калилдин кызы эле, Көзүн жумуп үргүлөп, Чочуп кетип кеп айтчуу, Касиеттүү киши эле. Көрө албаган катындар, Айың кылып артынан, Муну чала жинди дешчү эле. Катындан аты Зулпукан, Үргүлөп үйдө олтуруп, Шылк этип көзү жумулган, Жумулуп көзү кеткенде, Көрүнө түштү бир адам: “Мен Айчүрөк энеңмин, Белгисин айтып берейин, Башка киши барбасын, Мадыбекти жиберген, Оштун башы чоң Кокон, Үстүндөгү бөксөдө, Ысык булак деген бар, Жайы-кышы суубаган, Үстүнөн түтүн арылбай, Күн-түнү жок буулаган, Аркан бойу жерге аккан, Узараалбай жер жуткан. Ошого барып Мадыбек, Үч түнү катар түнөсүн. Айбат укса, үн укса, Адам коркор сүр чыкса, Качып кетип жүрбөсүн. Сүйкүмдүү үндөр угулса, Сүйөр шамал жел урса, Замана нечен кубулса, Сүйүнүп кетип чыдабай, Сүйлөп ийип жүрбөсүн. Башка киши барбасын, Барган менен башкасы, Табалбай калат айласын, Көрө албайт уулум пайдасын. Зулпукан келин, кулак сал, Ургаачы туруп шай колдоп, Ааламга аты угулган, Кайненем ошол жерде бар. Белги берсе кайненем, Алып келсин Мадыбек, Чигитейге берсеңер, Айыктырсаң жетимди, Аңтара сайып түгөтөт, Акимсинген кечилди. Болжолу бар билип кал, Башка киши укпасын, Мадыбекке өзүң бар. Көргөнүңдү ага айт, Көбүрөөк болсо бергени, Көп жашка чыгат Чигитей, Бул кудайдын бергени, Ак калпак кыргыз алаштын, Ак жолтой чагы келгени. Азыраак болсо бергени, Жетим уулум Чигитей, Өмүрүнүн ченеги, Көзү өтсө жаш жетим, Көп жылга журтум баралбай, Сыймыгыңдын кеткени. Чачыласың ар кайда, Он үйүң бирге боло албай, Кокту-кокту, сай-сайда.” Кызбы десе катындай, Ургаачы десе уулдай, Ургаачыдай үнү бар, Толук уулдай сүрү бар, Зулпукан көргөн түшүндө, Айчүрөк деген аты бар, Андан башка белги жок, “Ай, энеке, токто!” деп, Айтмак эле Зулпукан, Ачылып оозу калыптыр, Ошол үйдө бенде жок. Талмоорсуган Зулпукан, Талып калган немедей, Отун терип сай-сайдан, Арып калган немедей, Ордунан ылдам туралбай, Карып калган немедей. Олтуруп далай ченебей, Түшүндө көргөн эми эле. Эчтекени элебей, Кеңкийип кыйла олтурду, Бир катуу үн чыкты ченебей: — Ой, чолок этек туума күң, Мадыбек көздөй жүгүргүн! Коркконунан үнүнөн, Үндүн катуу түрүнөн, Алат экен мени, деп, Өз жанынан түңүлгөн, Мадыбекке барам, деп, Баш-аламан жүгүргөн. Башын жөлөп баатырдын, Мадыбек кармап олтурчуу, Кучактап бутун баатырдын, Медеркан карап олтурчуу. Колунан келген дарысын, Чогултуп алып баарысын, Уламдан кармап тамырын, Мөңкөтай карап олтурчуу, Казактан барган Көкөйү, Отун терип, суу алып, Казан асып, от жагып, Аларды багып туруучу. Башын өөдө көтөрүп, Ошол кезде Мадыбек, Коргон жакты карады, Чукул келип калыптыр, Зулпукандын карааны: “Кудай урган бул жинди, Таап алганбы балааны? Талаага таштап келгенби, Бешиктеги баланы? Кош акылдуу немени, Келтирбеймин мында” – деп, Астынан басып барганы. Мадыбек тосо барганда, Атайын келген Зулпукан, Айал-үйөл кылбады. Айта түшүн салганы. Айланып артка Мадыбек, Медеркан менен Мөңкөтай, Ак нээт келин Көкөйгө, Айтып койуп жөнөөргө, Бура баса берерде, Зулпукан кармап этектен: — Кылчайып артың карабай, Ылдамыраак баргын, — деп, Бастырбай муну турду эле. “Жулунсам кошо барабы? Урушуп калба салабы? Багып муну чоңойткон, Үнүн укса Чигитей, Эсинен танып калабы?” Ойлонуп муну Мадыбек, Кайра басып баралбай, Калгандарга айта албай, Зулпукан көөнүн кайтарбай, Үйүнө барып туралбай, Эч кимге сырын чыгарбай, Сур жорго деген аты бар, Сурап жаткан Таласты, Мадыбектин атанган. Сур жорго кармап токуду, Тердигин салып, эр артып, Басмайылын тартарда, (Карап койуп туруучу) Күмбөздүн арка жагында, Кишинеген тору аттын, Кулакка үнү угулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.