← Чигитей 2/2

Каңгайлардын Бетери, Кыйынсынып алыптыр, Кыргыздан келген Чигитейдин, Кыйырынан тиймекке, Бөлүнүп жолго салыптыр. Ээги кетип карыса да, Карылык басып ал кетип, Эби кетип калса да, Жарылдап турду ал жетип: — Жалгыз атчан, жалгыз баш, Жаныңда жок акылдаш, Кайдан келе жатасың? Кабарың мага айтасың. Керектүү болсоң өтөөрсүң, Керексиз болсоң кетээрсиң, Тил албай койсоң өчөшүп, Тим эле өлүп кетесиң! Атым менин Бетермин, Келе жаткан көп колдун, Жайын айта кетейин. Калдуубеттин Отору, Коктукаттын шаарына, Хан кылганбыз ошону. Сатай ханды баш кылып, Калгандын көзүн жаш кылып, Кары-жашы дебестен, Кылчайып карап койгонду, Калтырбай баарын отоду. Каңгайды чаап алсак, деп, Кара кытай козголду, Баатырын сайып түшүрдү, Кытайдын ишин бүтүрдү, Каңгайдын калкын качырды, Кайратын журттан ашырды, Батай, Катай касташып, Чак келалбай жашынды, Таштап берди эл-журтун, Акырыйа тиктеген, Калбай баары чачылды. Токсон миң кытай эл менен, Барамын дейт Таласка, Ушунчалык дем менен, Кыргызга барып келдим, — дейт, Кан агызып сел менен, Ээн талаада сербеңдеп, Келаткан киши ким элең? Мактанып Бетер бүт айтып, Ойундакы барлыгын, Калтырган жок эч сырын. Бириндеп өзү бөлүнүп, Калган экен каңгай, деп, Аа Чигитей кайгырбайт. “Чогуу болбой баары, — деп, Кытай, каңгай биригип, Кырылышып жатканда, Көрүп турбай аны, — деп, Талашканың менмин, — деп, Талаптууң бери келгин, деп, Такыр баарын кыйратып, Кетпейт белем деги, — деп, Отор келер бекен” деп, Ойлонуп турган жери жок, Оолуккан чунак баланын, Эрдигинде чеги жок. — Атың кимсиң, аксакал? Атыңды айтчы мен уксам, Андан кийин атымды, Сага айтып угузсам. — Сурасаң атым Бетермин. Тайынсыз киши эмесмин, Тактада Отор барында, Такыр элге керекмин. Улугум Отор эр менен, Олтурса бирге олтурам, Басса-турса бир турам. Баш бурбайым жумшаса, Башкага айтпайт кылайтып, Сырын менден башкага. Сатайдын шаарын алганда, Карылык кылбай сура, деп, Айткан эле ал мага. Муну менен касташкан, Калды баары балаага, Ага-ини кектешип, Батарына жер таппай, Тайанарга эр таппай, Батай, Катай - ага-ини, Алар калды талаада. Өзү келет манжулар, Өзү келет таңгыттар, Кытай келип кырылды, Ээрчитип келем сандалтып, Өлбөй тирүү калганды. Көөдөнүн өөдө көтөрүп, Көйрөңсүп Бетер кеп салды, Отордун атын укканда, Ачуусу келип Чигитей, Кара бойу калтылдап, Өрттөй көзү жалтылдап, Азуулары кычырап, Ууртунан көбүк буртулдап, Титиреген немедей, Токтоно албай солкулдап. Оторду угуп коркту, деп, Бетер болот куш убак. Токтолуп бала кеп айтты, Токмоктон жаман бек айтты: — Угуп ал, Бетер чалым, сен, Мен Чигитей! – деп айтты. Беттешер болсо Оторуң, Барып кабар бере сал, Келе албаса Оторуң, Акылдаш киши мен, дедиң, Кошо ээрчип кетип кал! Батай, Катай, Дөрбөндү, Андан башка жүргөндү, Түп калтырбай түгөтөм, Баш көтөргөн көйрөңдү! Коктукат бүгүн барамын, Өз колум менен хан кылган, Сатайдын кунун аламын, Бооз болсо катыны, Ичин анын жарамын, Жалгызмын деп ойлобойум, Жандан тойгон баламын! Жасаган айкөл атам бар, Арбагы качан дапдайар, Атагын уккан душмандар, Апкаарышып баш тартар. Мен өңдөнүп жашырбай, Алты атасын ким айтар. Айтканыңа кош болдум, Айтпасаң атың жашырып, Сени өлгөндөргө кошмокмун. Турба, бастыр ылдам! – деп, Алайа карап тиктеди. Чаарын көрүп көзүнүн, Каарын көрүп жүзүнүн, Бетердин мойну шылк деди. Убайым тартып, кайгы жеп: “Учурап кайдан калдым, — деп, Карыбай катып калсамчы, Калдайган кара талаада, Калтырбай айтып бокту жеп” Кет деди деп кете албай, Же кетпеймин деп айта албай, Ыргылжың болуп турду эле. Оолуккан бала Чигитей, Унчукпастан Бетерге, Кошуунду алды кекерге: — Токсон миң кошуун көп кытай, Атаңдын көрү чөп кытай, Каңгайга келип эмине, Кан төгүлүп жүрөсүң? Топтуу караан кол болуп, Топтоп бир чал айдаса, Топоңдоп басып жүрөсүң. Баш кишиң жок силерде, Мен катышпаймын бул жерде, Ханыңа айтып баргыла, Баары көргөн-билгениң, Баштан-айак айткыла, Өчөшкөн болсо улугуң, Өлүмдү жүрсө сагынып, Үч ай күйөм келгиле, Келе албаса улугуң, Келбес жолун билдирип, Мага кабар бергиле. Баатырыңдан айрылып, Баш кишиң жок айдоодо, Жүрүптүрсүң кайгырып. Олжо албаймын бүлдүргө, Убайым салбай кеткиле, Жолдо жүргөн элдерге. Куткарган киши ким? десе, Чигитей кыргыз деп баргын, Кайсы кыргыз дебесин, Манастын уулу экен деп, Жашырбай айтып сен баргын. Билбесе эмики хандарың, Илгертен бери сактаган, Чоң дептерин карасын, Караса эле көрөт го, Аты чыгат Манастын. Деп Чигитей буйдалбай, Токсон миң кошуун кытайды, Токтотпой кайра чубатты, Кажы-кужу кыжырап, Калбай баары чуулашты. Ичинен эки кишини, Эл башкартып чоң кылды. Тобуңду бузбай баргын, деп, Таркап кетип калба, деп, Бекеринен катылып, Не кыламын, сага деп, Айдап ийип Чигитей, Кылчайып артын караса, Кетпей Бетер жүрүптүр, Кетердин жайын таба албай, Же өлүп жерге кире албай, Өзүн-өзү билиптир, Бир күндө Бетер карыган, Кетиптир кейпи абыдан. Өңү саздай бөлүнүп, Саруулаптыр абыдан. Баштагыдан бешбетер, Каары менен бир карап: — Бастыр, Бетер карыйа, Оторуңа баргын, — деп, Коктукатка барам, — деп, Бала баатыр Чигитей, Бастырып кетти делбиреп. “Өлтүрбөдү мени, — деп, Алда кандай кең экен, Бул кыргыздын пейли” деп, Кайра тартып артына, Каратилге келди дейт, Баары көргөн-билгенин, Кытайларды Чигитей, Жерине айдап ийгенин, Такыр айтып берди эле. Каратил угуп кылчайып, Бир кыйла туруп кыйкайып, Оозунда жалгыз тиши жок, Ачылып оозу ылжайып: — Андай болсо сен, Бетер, Ылдамыраак желе көр, Оторго кабар бере көр. Коктукатка барбасын, Кол салышып кыргызга, Кокус өлүп калбасын. Куру намыс кылбасын, Кокжойуп карап турбасын, Атынын башын бурбасын, Дөрбөнгө барып кеп салсын, Дөрбөн табар айласын. Моңгул, кытай, манжуга, Каңгайда жаткан баарына, Кыргыз кылбайт жакшылык. Бирине-бири эгешип, Түгөнүп кетип жүрбөсүн, Эл баатырдан какшынып. Батай, Катай - эки итке, Артынан жете барайын, Айтып кабар салайын, Атынын башын бурайын, Айыкпас оору экенин, Азыркы келген Чигитей, Ачыгын айтып аларга, Алып келе калайын. Бетер кетти Оторго, Каратил кары жөнөдү, Батай, Катай - чоңдорго. Бура тарткан Чигитей, Буркуратып Тору атты, Кайра элине жиберип, Чуркуратып кытайды, Эч нерсе менен кээри жок, Коктукат көздөй баратты. Ай караңгы түн болуп, Абыдан күүгүм кеч болуп, Кетип бара жатканда, Байкабай калды Чигитей, Бетер калды кез болуп. Арам өлгөн бул кары, Караанын көрүп баланын, Танап койуп тузактап, Ат бутуна салганы. Ат кыйшайып кылт этип, Аскадан түшүп кеткиндей, Бир тар жерди таап алды. Жерди казып ойуптур, Жер казык капкан болуптур. Өзү жайчы арам ит, Күндү жайлап жиберип, Жердин бети көрүнбөй, Агарып кар алыптыр, Жылантору тулпары, Жер капканга кол салып, Мүдүрүлүп калыптыр. Мүдүрүлүп ат кетти, Төшү кайсы, ой кайсы, Билбей келе жатканбы, Аскадан түшүп эр кетти. Аты калды кыйада, Өзү калды бир аңда, Жылантору жолотпойт, Жанына Бетер барарга. Колун сууруп алыптыр, Бөкжөңдөгөн Бетерди, Койкоңдогон Тору ат, Кууп жөнөп калыптыр. Кутулуп Бетер кетерде, Куйун шамал эпкинде, Кууп Тору ат жетти эле. Далыдан барып тиштеди, Башын булгап силккени, Бетер аттан ажырап, Оозуна чыгып Тору аттын, Бу дагы түшүп кетти эми. Атты Тору ат кажады, Ырп этер чама калбады, Сөөктөрү көрүндү, Эттери эчен бөлүндү, Таштап койду Тору ат, Болгонунда өлүмчө. Изди көрсө билер, деп, Ичи жаман душмандан, Мында келсе көрөр, деп, Атты айдап тар жерге, Куйругу менен шыпырып, Изди койбой бар жерге, Таң агарган мезгилде, Жыгылган өзү байакы, Тар кыйага келди эле, Түрсүлдөгөн бир табыш, Кулагына кирди эле. “Достон мында жок эле, Душман эмей бу ким?” — деп, Кайчылап Тору ат кулакты, Эки жагын каранып, Токтой албай элеңдеп: “Тай жарышым тар эле, Баса берсем бурулбай, Талаага мени чыгарбай, Кармап алар бекен, — деп, Жылбай турсам бул жерде, Кокус болуп көрүнөө, Коктудан баатыр көрүнсө, Кастык кылар бекен, — деп, Эр көкүрөк Чигитей, Эчтекени элебей, Жаштык кылар бекен” – деп, Ар тарап акыл ойлонуп, Айбан да болсо ал тору ат, Алда нече толгонуп, Заманасы куурулуп, Барган сайын дүбүртү, Келе жатат угулуп. Байкап Тору ат тыңшаса, Бейчеки эмес бейбаштай, Карандай эмес балбандай, Чобур эмес тулпардай, Айра таанып болгондо, Кайра тартып жөнөдү, Таакат кылып туралбай. Улуу жолго салбады, Бура тартып кылт берип, Өтө берсе кетем, деп, Кабакка кире калганы. Ойлоп турат ал Тору ат, Медерканга барганды. Кабакка кире бергинче, Калмак Отор капташты, Тааный койуп Оторду, Талаалап Тору ат качты. Көмөскөлөп баратат, Көрүнсөм атып салар, деп. Тору атты Отор тааныбай, Кубалай түшүп токтонду, Бастырып кетип баратып, Тарп болгон Бетер атына, Учурап калып токтолду. Тумшугун көрүп тарп аттын, Бетердин аты белем, дейт, Ээр-токумун караса, Эч нерсеси билинбейт, Эмне болгон ат экен, Жайдак жылкы белем, дейт. Чигитейдин Тору аты, Кажаганда бул атты, Ээр-токум, жүгөндөн, Калтырбай такыр бир неме, Зоого салып кулатты. Отор жөнөй бериптир, Ойуна Тору ат келиптир: “Медерканга барармын, Караанымды көрсөтүп, Жалдырап карап турармын, Сүйлөөрүмө тилим жок, Анда кандай кылармын? Оторго барсам көрүнүп, Кетер Отор сүйүнүп. Таласты карай каңгайлар, Калбай барды чубуруп. Баатыр калды аскада, Беттешип чыгар Таласта, Киши жок мындан башка да. Кайран элди какшатса, Журтун бузуп таласа, Эр Чигитей аксаса, Медеркан барып нетемин? Таласка барып нетемин? Таштап атып көкжалды, Санаа тынып, көөнүм жай, Кантип басып кетемин, Акылымдан мен айнып, Ашыгып калган экемин. Коктукатка бул Отор, Бүгүнкү күнү баралбайт, Талаага байлап арчага, Чалкадана түшүп саздаңга, Карды ачып жатканда, Аңдып барып жакындап, Аттай чуркап өтсөмбү? Жара басып курсагын, Таштап анан кетсемби? Ыктуу жерге уктаса, Эмгектен нары тепсемби? Катуу болуп шум башы, Кызматым бекер кетерби? Же бутунан тиштеп сүйрөсөм, Башын өөдө кылгынча, Зоого салып жиберсем, Сөөгү сөпөт болорбу? Мен сүйрөөчү тар жерге, Конбой капыр койорбу?” Буралган шибер чөптөрдөн, Жайылып жаткан көк төрдөн, Жалтылдап сонун өскөндөн, Керт этип чөптөн үзбөдү, Мөлтүрөп аккан суулардан, Кылт этип жутуп ичпеди. Эртеден кечке акмалап, Мергенден бетер жаныбар, Караанын көздөн чыгарбай, Ал Оторду шыкаалап, Ойго кире бергенде, Дөбөгө чыгат Тору ат, Белге чыга бергенде, Аңга кирет Тору ат, Мына минтип Отордун, Атынан ээрчип баратат. Ээрчисе Отор жатпады, Күн-түн дебей басканы, Коктукатка жетерге, Жарым күндүк аз калды. Асты корум таш экен, Үстү агын катуу суу, Өйүз-бүйүз заңкайып, Көпүрөсү бар экен, Байкап көрсө кайран ат, Ал көпүрө тар экен. Эңиш тартып баратат, Желе-жорто Тору ат, Жетип барды жакындап, Көпүрөгө киргенде, Отордун минген сур атын, Тиштеп тартты такымдап, Элөөсүз бара жатканда, Энектен тиштеп тартканда, Күч келип тулпар сур атка, Түйүлүп ыргый бергенде, Үстүндө Отор тоңкойуп, Агын сууга кирди эле. Агыны катуу корум таш, Алты жерден айрылды, Казандай болгон кайран баш, Бир колу сынып коройду, Бир буту сынып чолойду, Тору ат тиштеп тартканда, Үзүлүп кетип кулагы, Башы сонун молойду, Колу менен буту жок, Кулагы жок молойуп, Бүткөн бойдо бүтүн жок, Түшүп кетти кудукка, Өтө терең түбү жок. Өлтүрдүм деп Оторду, Ойротто жок Тору аттын, Ойлогону шо болду, Чигитей баатыр кантти, деп, Кайра тартып чу койду. Айабай тору ат жүгүрүп, Анча-мынча жар келсе, Катар-катар аң келсе, Туйагын какпай мүдүрүп, Турбай аттай жүгүрүп, Өзү түшкөн байагы, Күн батардын алдында, Түшкөнчөктү караңгы, Жете барып кайран ат, Эңкейип алдын карады. Чалкасынан суналып, Түшкөн баатыр куланып, Ирмебей көзүн тиктесе, Тынуусу чыгат бууланып. Тирүү экен баатыр, — деп, Тиктеп муну турайын, Кыска түн мурун атар” деп. Тигилип тиктеп турганы. Агарып таң сүзүлдү, Байкап көрсө Тору ат, Олтуруптур көчүктөп, Чигитей тирүү көрүндү, Караанын көрсө Чигитей, Карарып көзү кетер, деп, Эсинен кетер бекер, деп, Элесин түк бир көрсөтпөй, Ар кайсы жерден баш салып, Карап турат бекемдеп. Олтурган бойдон Чигитей, Күн оодарып, түн келди, Түн айланып, күн келди, Ошо күнү шашкеде, Ордунан кооп сенделди, Нары-бери жаш чунак, Түз басалбай делдейди. Эки жагын караса, Эңкейе бүткөн зоо экен, Алды жагын караса, Аскасы бийик тоо экен. Адам чыгар жери жок, Төгөрөгү тең туйук, Асманы турат көгөрүп. Эки күн турду тар жерде, Эс-акылын жыйа албай, Эси оогандай ал жерде. Алдындагы аскадан, Эңкейип кирди бир кезде, Жылантору караса, Чыңырып үнү чыкпады, Өйүз-бүйүз таштардын, Бети канга чыкталды, Кылычтары шагырайт, Балталары калдырайт, Үн жаңырып кошулуп, Зоонун баары каңгырайт. Балбан тору ат байкаса, Найза бойу бар экен, Кийик атчуу мергендер, Үч бута өлчөөр жар экен. Көрүнбөй калды көзүнө, Айлана зоону жүгүрүп, Өзөндүн жетти түзүнө, Он бир күнчө болду эле, Ошондон бери күн-түнү, Чөп жебеген Тору атты, Ысыкта турган жар тиктеп, Суу ичпеген Тору аты, Ырысына жараша, Эр Чигитей балага, Жетип барды тору аты, Барса тирүү Чигитей, Ырп этерге алы жок, Жандан башка дайны жок, Жамбаштап турар шайы жок, Кубарып өңдө каны жок, Керсар тартып калыптыр. Келип Тору ат караса, Бүткөн бойдо тарпы жок, Баары тегиз жарыктыр. Тору ат мында келгели, Эки күн жатты солк этпей, Тиктеп Тору ат турду эле, Төрт айагы былк этпей. Үстү жакта эки-үч күн, Асты жакта эки-үч күн, Талаада жатып күнү-түн, Кансыраган аш ичпей, Суусу жок кургак сай экен, Түгөнгөн, кандын ордуна, Кочуштап ууртап суу ичпей, Көзүн ачып эр неме, (Ал Көкжалдын тукуму Кайраты толук тың неме) Кирпигин ирмеп көз ачып, Ээрин тиштеп бел басып, Ыргып тура калды эле, Кишинеп ийип аркырап, Тору ат желип барды эле. Ыйык жалдан кармады, Үзөңгүгө бут салды, Атына мине калганда, Мингенин биле албады, Ырысына ылайык, Минген тору тулпары, Жал-куйругун жайганы, Тынч болот деп айтчуу эле, Түр сайак жылкы тору аты, Жорголой басып алганы. Түндөсү салып чоң жолго, Күндүзү өрдөп коолорго, Медерканга алпарды, Алты күнүн болжолдо. Барганда Тору ат айлына, Медеркан, Көкөй кайгыда, Карбаластап дүрбөшүп, Калбай келди кары-жаш, Алтымыш уруу алашта, Нечени бар айылдаш. Кемпирлер келип бүжүрөп, Чалдар келип бөкчөңдөп, Орто жаштар келишип, Ойротто жок тың эле, Оо, кудай өзүң колдо, деп, Алдырап-шашып чогулуп, Ак сарбашыл кой айтып, Ак боз бээден дагы айтып, Айткан малын алдырып, Түктүү сан кылып талатып, Көтөрүп аттан аларда, Салынган көрпө-көлдөлөң, Кош колдошуп багарда, Көкөй анда кеп айтат: — Медеркан, сенин эбиң жок, Эчтеке менен кээриң жок, Айыктырып баатырды, Алуучудай жериң жок. Жамандуу күнү жар болгон, Жан чыгарда колдогон, Жаш да болсо Чигитей, Ишин кудай оңдогон. Аттанып чыкса жол болгон, Алышканы кор болгон, Алаш үчүн жаралган, Ааламда болбойт мындай жан, Тилимди алсаң, Медеркан, Мөңкөтайга алпарсаң. Билесиңби сен өзүң, Башыңдан өткөн ишиңди, Куйкаңды тилип туз куйуп, Унутулгусуз иш кылып, Таманыңа шиш кагып, Тырмактарың жок калып, Бүткөн бойуң көк тулуп, Көкүрөктө тынуу бар, Ооз-көзүңдүн дайны жок, Тааныбай киши жатканда, Айыктырган Мөңкөтай, Аттардан ылгап карматкын, Мен да кошо барамын, Катыны жок жетимдин, Кош колдоп муну багайын. Кастарлуу атын карматып, Казактан тыңды ылгатып, Кармайлы десе тору атты, Карматпады чылбырын, Таласты көздөй жөнөдү, Талаанын жели сыдырым, Ар кандай иштер келет го, Айласы көп кылымдын. Медеркан, Көкөй артынан, Такасын таштап жөнөдү, Чигитейдин зарпынан. Ылгаган казак жаштарын: — Таласты карай баспагын, Тайрайып жатып албагын, Кара нээт каңгайдын, Келер жагын байкагын. Капыр каңгай келбесин, Чигитей болсо жарадар, Каңгайлык билет калгандын, Кармашып алы келбесин. Кармашкан жоосу ким экен? Жылантору кайранат, Муну кандай алып келди экен? Кедери изин кубалап, Топтоп, жаштар, баргыла, Тобуңду бузбай калдайып, Каңгайдын жолун чалгыла, Кармашканы ким экен, Кулактап угуп калгыла, Кандай иш болсо тыйакта, Бизге кабар салгыла. Медеркан элге башкартып, Беш кишини кутчу алып Беш төөгө күрүч арттырып, Таласты көздөй тарттырып, Айлынан чыгып кетиптир, Дагы алты күн жол жүрүп, Таласка тору ат жетиптир. Кечкурундап Мадыбек, Жанында эки киши бар, Ийнинде мылтык асынган, Колунда алган кушу бар, Өрдөк карап келаткан, Буткулдуунун сазынан, Тору ат чыга калды эле. Буткул саздын башынан, Тору атты көрүп Мадыбек, Кыла албай калды Кабызет. Туман басып күн бүркөк, Борошо болуп жаткандай, Тиктесе көзгө көрүнбөйт, Эси ооганда Мадыбек, Элейип туруп калганда, Кишинеп Тору ат жакындап, Билип калды ал чакта, Бардап ачып тиктеди, Бар экен жаны саламат. Жигиттерин түш деди, Өзү түштү Мадыбек. Ортосу түштүк жол эле, Тору атты жөөлөп жетелеп, Жанындагы жигиттер, Кабар салып айылга, Кирип келди энтелеп, Садагага чабуучу, Сары эркечин жетелеп. Кескилетип талатчуу, Таргыл уйун айдашып, Айылдаш болгон кыргыздын, Эркек-айал, кары-жаш – Баары калбай чуулдап, Эшикке чыгып карашып, Жаны барбы, жокпу, деп, Биринен-бири сурашып. Жаныбар деп укканда, Арбагы эбеп жөлө, деп, Айкөл эрге жалынып, Чигитейдин жолуна, Нечен бээлер чалынып. Мөңкөтай көрүп өңгүрөп, Мадыбектин тили жок, Бурулбай турат күңгүрөп. — Түшүрбөйлү көкжалды, Айкөл эрдин күмбөзгө, Түнөтөлү биз аны! Кирдүү көйнөк кийбеген, Өз бойуна ишенген, Мен тазамын дегенден, Бирге барды дуулашып. Алтымыш киши барыптыр, Аңгычакты ал жерге, Медеркан келип калыптыр. Медеркан, Көкөй барганы, Ээрчип барган беш казак, Басып бара албады. Босогонун түбүнө, Айкөл шердин күмбөзгө, Жаткырып койду баланы. Ошо күнү чаршемби, Чаршемби агы болор, деп. Колдосо айкөл зор Манас, Чаршемби дагы келгинче, Чалкалап баатыр кобоор, деп. Болбой койду Мадыбек, Мен ушул жерде коном, деп. Калганы тарап кайтышты, Калк башкарган жакшылар, Калгандарга айтышты: — Кеңколдун башы жети төр, Калбай, жаштар, баарыңар, Касташкан бизде киши көп, Байкап жолду караңар, Баатыр бала бар чактай, Беймаал жатып албаңар, Байкоосуз келип душмандар, Талоонго кетип калбаңар. Көпкөн балдар андан көп, Күрпүлдөп жолго салышты. Медеркан, Көкөй, Мадыбек, Мөңкөтай анда калыптыр, Калгандары жаныптыр. Мадыбектин алганы, Бай Калилдин кызы эле, Көзүн жумуп үргүлөп, Чочуп кетип кеп айтчуу, Касиеттүү киши эле. Көрө албаган катындар, Айың кылып артынан, Муну чала жинди дешчү эле. Катындан аты Зулпукан, Үргүлөп үйдө олтуруп, Шылк этип көзү жумулган, Жумулуп көзү кеткенде, Көрүнө түштү бир адам: “Мен Айчүрөк энеңмин, Белгисин айтып берейин, Башка киши барбасын, Мадыбекти жиберген, Оштун башы чоң Кокон, Үстүндөгү бөксөдө, Ысык булак деген бар, Жайы-кышы суубаган, Үстүнөн түтүн арылбай, Күн-түнү жок буулаган, Аркан бойу жерге аккан, Узараалбай жер жуткан. Ошого барып Мадыбек, Үч түнү катар түнөсүн. Айбат укса, үн укса, Адам коркор сүр чыкса, Качып кетип жүрбөсүн. Сүйкүмдүү үндөр угулса, Сүйөр шамал жел урса, Замана нечен кубулса, Сүйүнүп кетип чыдабай, Сүйлөп ийип жүрбөсүн. Башка киши барбасын, Барган менен башкасы, Табалбай калат айласын, Көрө албайт уулум пайдасын. Зулпукан келин, кулак сал, Ургаачы туруп шай колдоп, Ааламга аты угулган, Кайненем ошол жерде бар. Белги берсе кайненем, Алып келсин Мадыбек, Чигитейге берсеңер, Айыктырсаң жетимди, Аңтара сайып түгөтөт, Акимсинген кечилди. Болжолу бар билип кал, Башка киши укпасын, Мадыбекке өзүң бар. Көргөнүңдү ага айт, Көбүрөөк болсо бергени, Көп жашка чыгат Чигитей, Бул кудайдын бергени, Ак калпак кыргыз алаштын, Ак жолтой чагы келгени. Азыраак болсо бергени, Жетим уулум Чигитей, Өмүрүнүн ченеги, Көзү өтсө жаш жетим, Көп жылга журтум баралбай, Сыймыгыңдын кеткени. Чачыласың ар кайда, Он үйүң бирге боло албай, Кокту-кокту, сай-сайда.” Кызбы десе катындай, Ургаачы десе уулдай, Ургаачыдай үнү бар, Толук уулдай сүрү бар, Зулпукан көргөн түшүндө, Айчүрөк деген аты бар, Андан башка белги жок, “Ай, энеке, токто!” деп, Айтмак эле Зулпукан, Ачылып оозу калыптыр, Ошол үйдө бенде жок. Талмоорсуган Зулпукан, Талып калган немедей, Отун терип сай-сайдан, Арып калган немедей, Ордунан ылдам туралбай, Карып калган немедей. Олтуруп далай ченебей, Түшүндө көргөн эми эле. Эчтекени элебей, Кеңкийип кыйла олтурду, Бир катуу үн чыкты ченебей: — Ой, чолок этек туума күң, Мадыбек көздөй жүгүргүн! Коркконунан үнүнөн, Үндүн катуу түрүнөн, Алат экен мени, деп, Өз жанынан түңүлгөн, Мадыбекке барам, деп, Баш-аламан жүгүргөн. Башын жөлөп баатырдын, Мадыбек кармап олтурчуу, Кучактап бутун баатырдын, Медеркан карап олтурчуу. Колунан келген дарысын, Чогултуп алып баарысын, Уламдан кармап тамырын, Мөңкөтай карап олтурчуу, Казактан барган Көкөйү, Отун терип, суу алып, Казан асып, от жагып, Аларды багып туруучу. Башын өөдө көтөрүп, Ошол кезде Мадыбек, Коргон жакты карады, Чукул келип калыптыр, Зулпукандын карааны: “Кудай урган бул жинди, Таап алганбы балааны? Талаага таштап келгенби, Бешиктеги баланы? Кош акылдуу немени, Келтирбеймин мында” – деп, Астынан басып барганы. Мадыбек тосо барганда, Атайын келген Зулпукан, Айал-үйөл кылбады. Айта түшүн салганы. Айланып артка Мадыбек, Медеркан менен Мөңкөтай, Ак нээт келин Көкөйгө, Айтып койуп жөнөөргө, Бура баса берерде, Зулпукан кармап этектен: — Кылчайып артың карабай, Ылдамыраак баргын, — деп, Бастырбай муну турду эле. “Жулунсам кошо барабы? Урушуп калба салабы? Багып муну чоңойткон, Үнүн укса Чигитей, Эсинен танып калабы?” Ойлонуп муну Мадыбек, Кайра басып баралбай, Калгандарга айта албай, Зулпукан көөнүн кайтарбай, Үйүнө барып туралбай, Эч кимге сырын чыгарбай, Сур жорго деген аты бар, Сурап жаткан Таласты, Мадыбектин атанган. Сур жорго кармап токуду, Тердигин салып, эр артып, Басмайылын тартарда, (Карап койуп туруучу) Күмбөздүн арка жагында, Кишинеген тору аттын, Кулакка үнү угулду. “Кишинеди Тору ат, — деп, Кандай болду Чигитей?” Эси кетип Мадыбек, Энтелеп артын караса, Тору ат келип калыптыр. Мадыбектин колунан, Артайыл алып ыргытып, Ээри менен токумун, Сур жоргодон түшүрүп, Мадыбектин астына, Келип турду бул тору, Чөгө түшүп бүгүлүп. Мени минсең болот, деп, Келген экен Тору ат, деп, Үйүнө басып кирбеди, Тору атты баса мингени, Сур жорго калбай ал жерде, Артынан кошо жүргөнү. Жоргосу кошо жүргөнүн, Көргөнү жок Мадыбек, Ээри жок жайдак келерин, Билгени жок Мадыбек. Ошту көздөй жол алып, Кара буурул Чаткалдан, Мадыбек кары аттанып, Зулпукан айткан жерлерди, Унутуп кокус калам, деп, Улам-улам жатка алып, Белди ашып кете албай, Караңгы кирди кеч калып. “Кара кум артуу, кыйын бел, Көрбөпмүн да, укпапмын, Келгеним ушу кайсы жер?” Мадыбек айран калыптыр. Барган эмес ал Тору ат, Андан мурун Ош жакка, Мадыбектин сур жорго, Барган экен үч сапар, Тилек тилеп жаныбар. Зулпукан айткан булакка, Жол табалбай Мадыбек, Барамын эми кайда, деп, Каңкайып карап турганда, Салып өттү сур жорго, Чаңын көзгө илинтпей, Минилбеген кур жорго, Канча жылдан бер жакка, Буулугуп калган бул жорго, Чигитейдин Тору аты, Кара темир ооздук, Капшыра тиштеп алыптыр, Мадыбекке ээ бербей, Сур жоргонун артынан, Закымдап жөнөп калыптыр, Канча күндө барганын, Канча күндө келгенин, Кабарын билген киши жок, Аттары минтип жүрүшөт, Мунун ачыгын билген киши жок. Тунарыгы жазылып, Туманы жерден сүрүлүп, Шашке мезгил болжолдо. Астына түшкөн сур жорго, Минген тору тулпары, Мадыбек – үчөө булакка, Барып калган убагы. Же тийип турган күн эмес, Же түндө чыккан ай эмес, Асманда чолпон дагы эмес, Адам таанып болгусуз. Көрүнөт көзгө бир элес, Сур жоргону чылбырдан, Алып кетти жетелеп. Тору ат калды ал жерде, Мадыбек түштү кай жерге, Булагы ушул экен, деп, Тилекти кудай берер, деп, Мадыбек тиктеп калыптыр, Байагы көргөн элеси, Дагы келип алыптыр: — Ой, Мадыбек, уккунуң, Мен Каныкей болчумун, Баштап келген сур жорго, Сур жорго эмес Аккула, Өзүмдүн атым экен, деп, Ойлонбогун сен буга, Ала баргын мамуну, Эзип ичир балага, Энең белек берди, деп, Айтып койгун балама. Ак калпак кыргыз журтуна, Ата-баба мурасы, Болсун балам садага. Колуна берген немени, Кандай неме экенин, Мадыбек таанып билбеди, Айткан үнү кулакта, Ме деп колго бербеди, Көзүндө жок элеси. Бура басып Мадыбек, Жүрбөгөн киши бей даарат, Беш иманга сак эле. Кызмат кылаар кыргызга, Мадыбек көөнү ак эле, Атайын келген булакка, Эңкейип колун салды эле, Ууртап сууну жаланып, Колун ачып караса, Жабышып колго калыптыр, Төрт эличе бир балык. “Белгиси ушул белем, — деп, Берен энем Каныкей, Берип болгон экен, — деп, Үнүн уктум энемдин, Көзүм өтүп кеткинче, Өзүм упурак болом дебеймин. Уйкудан кечип жол тартып, Онтоп жаткан Чигитей, Бул балыкты берейин.” Тулпардан минди Тору атты, Мадыбек эми көргөн жок, Байагы келген сур атты. Жете келди Таласка, Ак сарыбашыл жети кой, Окшош таргыл эки уй, Карача каймал сары төө, Субай сурдан беш боз бээ, Айта келди Манаска. Алып барып балыкты, Чигитейге бере элек, Айтпай кетсек болобу, Ортодо өткөн далай кеп. Мадыбекти Зулпукан, Алып кеткен жетелеп, Көрүп туруп Медеркан, Бул күүлөндү кетем, деп. Бирге турган Мөңкөтай: “Кете берсем бул жерден, Кесири урат баатырдын, Кетпей койсом бул жерден, Жалгыз кандай жатырмын, Шек болбоду эмгиче, Арбагынан баатырдын.” Деген ойго батыптыр, Кетемин деп Медеркан, Чапанын кийип атыптыр, Медеркандын Көкөйү, Көзүнүн жашын чачыптыр, Оголе жаман шашыптыр: — Медеркан менен Мөңкөтай, Акылыңдан аздыңар, Ал эмине болуптур, Кай себептен качтыңар? Айылдаш жүрдүң, Медеркан, Айта албаймын атынан, Ал кайнага, мен келин, Кетип калган жаңкы агам. Кайнагамдын катыны, Сыры маалым баарыңа, Ошончолук акылы, Аны ушак кылар киши эмес. Кээ-кээсинде капырдын, Сыйкыры бар киши эле, Араң туруп шөлбүрөп, Далай ишти билчү эле. Белгиси кармап келгенби, Атайын өзү бул жерге, Кайнагамды кычырып, Жиберейин дегенби. Барса барып үйүнө, Кайтып келер кайнагам, Алда кандай иш болсо, Айтып келер кайнагам, Барып жатып алалбас, Басып келер кайнагам, Билинбес кандай сыр болсо, Ачып келер кайнагам, Калмак, каңгай журтунан, Угулган бизге чыр болсо, Айтып келер кайнагам. Кетербиз деп камындың, Сен экөөңө тең айтам. Кайнагамдын кеткени, Эки күн болбоң арадан, Кечээ кетти, түндө жок, Бүгүн келип калар, деп, Өз ойумда мен турам. Келбесе мейли, келбесин, Эл унутса, унутсун, Унутпагын, Медеркан, Чигитейдей чунактын, Сага берген белегин. Катарда жок жан элең, Казакка качан хан элең? Каранды болбой кишиге, Колуңда малың бар элең. Анткен менен ат минип, Эл башкарган жигитке, Бужүрөгөн кар элең. Хан көтөрдү казакка, Медеркан, сени белгилеп, Сыймыгыңды ашырды, Өлгөн уул Сомбилек. Көтөрүп жүрөт Чигитей, Атамдын иши экен, деп. Кайнагам кетсе бир күнү, Кай бетиң менен кобосуң, Чапаның алып кетем, деп? Чапаның кийсең чабарсың, Казактын элин табарсың, Тай семизин жыгарсың, Арак ичип тунарсың, Аралап Каңгай бир келсе, Анда кандай кыларсың? Арак ичпей уу ичип, Кымыз ичпей суу ичип, Күлкү укпай чуу угуп, Колуңда хандык жоголуп, Конжурга сөөгүң калбайбы, Коктуларда коройуп. Жыргап келе жатасың, Чигитей атка мингели, Баш көтөрүп чоңойуп. Кой, Медеркан, койгун, деп, Мөңкөтай кайним, саа айтам, Жакшы менен жамандын, Пайда менен залалдын, Баркын айрып билбеген, Сен экөөңө тең айтам. Каңгайдан көрүп кордукту, Карандай кылган зордукту, Катын башым эр кылып, Кара чачым куу кылып, Караңгыда каңгайды, Арбагын айтып айкөлдүн, Таң аткынча чуу кылып, Минген атым Карала, Кара бойдон аккан тер, Келе жатсам бул жакка, Учурап калды алдыман, Өөдө жакта топ бала. Кимди таанып, ким билет, Ошолордун ичинде, Чоңураагы экенсиң, Ой, кайын иним, сен анда. Унчукпай турду Чигитей, Эрлиги бар жаштыгы, Эч нерсени кенебей. Сен сурадың эпилдеп, Мен айтып кирдим жепилдеп, Арка чачым делпилдеп, Саамайдан чыккан чачым бар, Ошо кезде мен Көкөй, Жыйырма беште жашым бар, Келген жайым мен айттым, Баатырдын уулу мабу, деп, Чигитейди көрсөтүп, Анда туруп сен айттың. Чигитей жоолоп жоо сайды, Медеркан менен Мөңкөтай, Үйдө жатып көрдүңөр, Сен экөөңөр жыргалды. Ак калпак кыргыз алаш, деп, Ата-бабам жолу, деп, Кордукту көрүп жатпаса, Куураган кыргыз сен үчүн, Зордукту көрүп жатпаса, Бир кишиче жан сактап, Жүрбөйт беле Чигитей. Ит агытып, куш салып, Он-он бештен котчу алып, Келин-кызды жыйнатып, Шерне ичип, той берип, Байге бөлүп, кунан чаап, Күлбөйт беле Чигитей. Бенде беттеп тийе албайт, Таластын элин кайтарса, Жүрбөйт беле Чигитей. Эрте туруп, кеч жатып, Барлыгы алаш дебесе, Же буга келбесе киши бой уруп, Эркин ойноп эркин жай, Өрдөгүн атып сазынан, Аркарын атып адырдан, Текесин атып ташынан, Кулжасын атып төрүнөн, Бугуну атып черинен, Маралды атып аралдан, Жейренди атып сай-сайдан, Кыргоолун атып токойдон, Уларын атып тоолордон, Кулатып теке зоолордон, Сонун кумар жаш өмүр, Сүрбөйт беле Чигитей. Кыргый сөөк, кымча бел, Мөлтүр сулуу, моймол көз, Ээрди жука, таттуу сөз, Эрмекке сулуу кыз алып, Сүйбөйт беле Чигитей. Тогуз менен он жаштын, Ортосунда аттанды, Азап тартса бул тартты, Жыргалды көрсө эл көрдү, Аралаша жыргатты, Ак калпак кыргыз алашты. Элге кылган кызматты, Жалгыз кара бир башы, Көрбөйт беле Чигитей. Эки күн чыдап туралбай, Алдырайсың экөөң тең, Жараткан жаман кудурет, Сен экөөңдү ченебей! Тебетей башта эр туруп, Алсаңар көөнгө алыңар, Акылың жок экөөңдө, Жарым сирке кенедей... Көкөй айтып баратса, Айттырбай тосуп алдынан, Мөңкөтай турду күүлөнүп, Көкөйдү карай сүйлөнүп: — Баарын тапкан сен, Көкөй, Эчтемени элебей, Үйдө жатчуу Чигитей, Калкыңды Каңгай чапты, деп, Капкайдан келип айтып кеп, Ээрчитип алып баланы, Эрте жатып, кеч туруп, Сен кай барганың ким билет? Жарадар болгон Медеркан, Алып барып Алтайга, Өз шаарында бакпастан, Сен дебесе Чигитей, Таластакы кыргызга, Медерканды бактырган. Элден чыккан Медеркан, Эпсиз жаман кар беле? Чигитей ойноо кезинде, Биз укканбыз хан эле, Кыдыртып айтып далай сөз, Сен кардайсың аны эле. “Катын деген неменин, Акылы кыска, чачы узун” Карылар айткан кеп эле, Көпкөлөң чалса катындын, Көзү көрбөйт деди эле. Медерканды сен, Көкөй, Жемелейсиң жөн эле! Мөңкөтай кебин укканы, Айтса, айтпаса ырас, деп, Адырайып Медеркан, Көкөйдү карап турганы. Катын Көкөй каарданып, Каарын төгүп бетине, Чаар чыгарып көзүнөн, Ачууланып сурданып, Сур жибек бедер чалган боо, Бүктөмө саптуу ак тинте, (Акун хан арнап жасаткан, Биринен көрүп усталар, Атаандашып жасашкан, Бай эле Көкөй атасы, Ага-ини жок эле, Жалгыз кызым Көкөй, деп, Алтымыш тай, алты нар, Алты жүз ирик, алты атка, Алып берген кеп эле.) Кармай алды сабынан, Тартып алды кабынан: — Никелүү эрим дебесем, Садага кылып баатырга, Медеркан, сени жебесем! Мөңкөтай башын кеспесем, Жакшылыкты билбеген, Көзүңдү чукуп ийбесем, Көөдөнүңө минбесем, Көрүнөө кылып жазааны, Бастырып кетип алаштан, Башкага барып бирөөнү, Жаратып туруп тийбесем! Айтып болуп ал Көкөй, Кармалуу канжар колунда, Медеркан менен Мөңкөтай, Өлтүрмөк болуп калды эле, Чигитейдин жолуна. Аңгычакты Мадыбек, Келип калды ал жайга, Атактуу шаар чоң Оштон. Талас-Оштун арасы, Далай күндүк жол болчу, Отуз беш күндө бармакчы, Орто эсеби болжолу. Чигитейдин тулпары, Күнү эки, түн эки, Барып келди болжолу. Ат ооздугун какканы, Ат табышын укканда, Көкөй артын карады, Келип калган жакындап, Мадыбектин карааны. “Кайнагам көрсө уйат, — деп, Канжарын кармап колуна, Эмне кылып турат” деп, Ойуна кетип далай кеп, Жашырып эптеп канжарды, Кынына салып байланды, Жете барып алдынан, Жүгүнүп тура калганы, Мадыбекке жүгүнсө, Ого бетер Медеркан, Өлүчүдөй арданды. “Бузулган экен катын, — деп, Мадыбекти кайната, Кылган экен акыр” деп, Көрүнөө айтып ийалбай, Медеркан турат кайгы жеп. “Арам катын бейбакты, Эри менен жат кылдым, Тааптырмын акыл» деп, Мөңкөтай ойлоп калыптыр. “Табармын бир күн эбиң” деп, Көкөйү ойго алыптыр, Атынан түшүп Мадыбек, Асталай басып барыптыр. — Абалың кандай, баатыр? – деп, Бетин ача салыптыр. Эртеден бери арада, Уруш болуп талаада, Караган киши жок болуп, Бир жагына кыйшайып, Калыптыр бала козголуп. Мадыбек катуу сүйлөнүп, Теңтуш эле дегенсип, Кара эмес хан эле, Айтайын ага дегенсип, Медерканга тийди эле: — Казактан келген Медеркан, Кай жеримден кем тартып, Мен койгомун мурунтан? Ээ болалбай элиңе, Каңгайга берип казакты, Ошондон бери карата, Мага салдың азапты. Куткарам деп куу тумшук, Алтымыш уруу алашты, Он жашынан бер жакка, Нечен дөөгө жанашты. Жарадар болсоң, Медеркан, Алып келип Таласка, Азабыңды тарттырды, Айылыңа кайра кеткинче, Айабай мага бактырды, Мөңкөтайды чыгарбай, Төрүмө менин жаткырды, Жараатыңа, Медеркан, Жакшылап дары чаптырды. Карабапсың баатырды, Кыйшайып калган турбайбы, Ошонум сага жазыкбы? Туугандуу киши тууганга, Тууган деген угарга, Алаштын уулу казактан, Кылганы мабу, Медеркан, Жакшы карап бакпапсың, Мөңкөтай, сени байкасам. Кеткеним эки күн болду, Эки күндө эки түн, Эсеби төрткө толгону. Барбагамын уккамын, Барып келген жеримдин, Отуз күндүк болжолу. Арбагы улуу арстандын, Аркасында чунакты, Аккуласы жол баштап, Акырын уулун колдоду, Караанын көрдүм эненин, Көзүм көргөн элести, Мен энем эмес дебеймин. Алып келген белегим, Мен балама берейин. Медеркан менен Мөңкөтай, Жаштыгыңды билдирдиң, Армандуу эми не деймин! Көкөй балам келиним, Акылың болсо бергиниң, Мөңкөтай, эптүү эр элең, Мен табыпмын дээр элең, Мына муну жедиргин, Белеги ушул энемдин. Кайда барып келгеним, Кийин айтып берейин. Мадыбекти көргөндө, Медеркан менен Мөңкөтай, Кеп кылалбай калтаарып, (Чигитейдин атасы) Сүрдөп булар жалтайып, Астында абдан бок жеген, Мөңкөтай чочко тамтайып. Ачуусу келип Медеркан, Көкөйдү көрсө көз көрбөй, Кетичүдөй жүз көрбөй, Акылы кыска арам ит, Асыл Көкөй катынды, Мурункудай түз көрбөй, Ого бетер өч көрүп, Өлүчүдөй өчтөнүп, Акылдуу келин, келгин, деп, Мадыбек айтып койгонго, Жалындап ичи өрттөнүп, “Кары-жашы кыргыздын, Калкы билет экен, — деп, Эркек-айал-ургаачы - Жалпы билет экен, — деп, Чигитей мага күйөт, деп, Мен жүрүпмүн бекер, — деп, Туурук таман эски күң, Алтайга кайра барармын, Сапса кылып саргартып, Айдап сени салармын. Хандык өкүм колумда, Жатпай-коппой койнуңа, Кетирип ийбей жолуңа, Арамдык кылган ишиңди, Ашкере айтып мойнуңа, Эркиндик бербей колуңа, Жайдак атка мингизип, Кыдыртып казак тобуна, Андан кийин таштайын, Азабың берип колуңа!” Ойунда турат Медеркан, Оозу барып айталбай, Мадыбек кебин кайтарбай, Барып карап турганы. Мөңкөтай барып жанына, Балыкты колго аларда, Алда кандай кеп болду, Айбан да болсо Тору атка, Бошонуп чылбыр кетиптир, Бурулбай Тору ат жетиптир, Мөңкөтайды Тору аты, Томолото түрттү эми, Медерканды Тору аты, Каңтара тартып жыкты эми, Жал-жал карап жалжылдап, Ээсин карап турду эми. Айран калып Мадыбек, “Алда кандай шумдук, — деп, Жаныбарым бул Тору ат, Айтты белем бербе деп” Акылына Мадыбек, Далай арман кеп келет. Ошондо Көкөй келини, Оолжуй басып теңселет. Бурчак-бурчак кара жаш, Көзүнөн агып себээлеп: — Атагы кыргыз уулусуң, Айтпайын атың, кайнага, Ким ыраазы болбосун, Тору ат өңдүү айбанга, Медеркан менен Мөңкөтай, Болгон эмес айбанча. Көзү ачык Тору аттын, Көргөнүнө айранмын, Кишиден бетер жаныбар, Билгенине айранмын. Баштан өткөн кептерди, Айталбайым мен сизге, Байбичеге айтармын. Көкөй кеби бүткүнчө, Сыйкырлуу катын Зулпукан, Жетип келип калыптыр, Эңкейе түшүп Зулпукан, Мадыбектин колунан, Ал балыкты алыптыр, Карап алып балыкты, Каңгырап ыйлап калыптыр. Узунун өлчөп бир карап, Жоонун өлчөп тутамдап, Көзүнүн жашы он талаа, Токтобой акты бурчактап. Аккан жашын куйултуп, Саамай чачы чубалып, Бузулуп өңү кубарып: — Эр кишиге катындын, Эби болот дечү эле, Баласына энеси, Эми болот дечү эле, Атасынын каргышы, Аткан октой деди эле, Энесинин каргышы, Чычкан боктой деди эле, Өз колуң менен, Мадыбек, Бере койчу сен эле. Муздап балык калбасын, Ылдамыраак баргын, деп, Жумшаган мени дегеле. Эмчек сүтүн бербесе, Сөөк сүтүн берген Зулпукан, Баламды багып олтурсам, Болбой мында жумшаган. Берейин деп бер десе, “Бышырбаган балыкты, Бала чийки жебесе, Эм болбой калар бекен” – деп, Мадыбек кылат эндеше. Зулпукан сүйлөп ашыгып, Оголе жаман шашылып: — Муздап балык кетет, — деп, Болгун ылдам, болгун, — деп. Ойуна кетти Мадыбек: “Айбан катын Зулпукан, Муздап балык калат, деп, Бул айтканы кандай кеп?” Кармап жүрүп билбеген, Кандайлыгын Мадыбек. Карап көрсө балыкты, Тышынан майы сызылган, Кууруп майга бышырган. Четинен кармап баланын, Оозуна алып барганы, Башын ылдый каратса, Куйулуп майы акканы, Ооз толгунча козголбой, Ооруган бала жатканы, Аниткен менен баланын, Онтогону бастады. Кармап турса бир далай, Эти да жок, сөөгү жок, Эчтемеси калган жок. Куру калды Мадыбек, Ушундай болгон экен, деп, Элге айтса кыйын кеп. Анча-мунча кишиге, Айткан менен ишенбес. Келатканда Мадыбек, Эчен малды түлөө, деп, Ак жолуна арнаган, Айтпаган малы калбаган. Баш көтөрүп сенделип, Эр Чигитей жаш арстан. Сүйүнгөндөн Мадыбек: — Бол, Медеркан, тургун, — деп, Мөңкөтай, сен да тургун, — деп, Тулпарды минип камчы бер, Токтоо кылып турба, — деп, Жолдо арнаган түлөө мал, Экөөнө айтып жиберет. Зулпуканды, бол бас, деп, Баламдын өзү тапкан дүнүйө, Дасторконду кең ач, деп, Күмбөздө турган жеринде, Эки катын, үч эркек, Киши анда беш эле, Үчөөн жумшап Мадыбек, Чигитей турган сенделип, Үчөө калды бул жерде. Мөңкөтай менен Медеркан, Айылга жетип барышып, Айыл башы экөө тең, Кул-кутанын шаштырып, Чапкылатып бир демде, Айткан малды таптырып, Чогултуп малы жам болду. Анткен менен жанагы, Казактан келген Медеркан, Айабай көөнү кир болду. Карыларын калтырбай, Каркыттаган балдарын, Караңгыда жаткырбай, Кара кыргыз көп журтту, Ээрчитип алып Мөңкөтай, Күмбөздү карай жөнөдү. Зулпукан үйгө барыптыр, Өткүр ыкчыл келинден, Сөөгү башка керилген, Сумбаттуу сулуу кыздардан, Акырын басып суйсалган, Ырсактап күлбөй сумсайган, Күмүш оймок уздардан, Келин ага катындан, Кем-керчи жок акылдан, Далайын издеп таптырган. “Төрт-беш күнү биздерге, Кызмат кылып бергиле” Деп бөлдүрүп аларды, Караштуу кылып алты үйгө, Үйдүн баары төтөгө, Өйүз-бүйүз бүктөткөн, Тартылуу нечен көшөгө. Туш туурдугу манаттан, Сарамжалдын кеми жок, Кыргыз күтчүү санаттан. Секичеги дейылда, Мадыбектин катыны, Жасаган үйдү барынча, Он кертимден жүк жыйып, Жүгүнө гилем жаптырып, Алакийиз, түрдөмө, Тикмелерин жаздырып, Айу талпак, көлдөлөң, Макмал менен тыштаган, Бар керегин жам кылып, Мына минтип Зулпукан, Элдин алды келет, деп, Күтүнүп болду тайарлык, Келбетүү келген келиндер. Самооруна чай койуп, Дасторкон ачып буластап, Бар тамагын жай койуп, Сымбатуу кыргыз кыздары, Чай куйуучу ушулар. Чай чыны кармап булайып, Кыйгачтап суна бурулуп, Агарып чети кылайып, Абай кылып байкаса, Токтобойт көзгө таанылып, Буулу жаандай мунарык, Кызмат кылыш андайда, Кыз балдарга ылайык. Кант, жемишин ылгашып, Кыргыл тарткан немесин, Көрсөтпөй бөлүп алышып, Дасторкондун бетине, Келиштире салышып, Кеңеш кылып олтуруп, Дасторкондун бетине, Жетимиш уруу тамакты, Жай-жайы менен толтуруп, Мейманкана алты үйдө, Бештен келин, бештен кыз, Бирден жубан баш болуп, Карап булар турду эле. Байкабай калган кыргыздар, Казактардын Медеркан, Айылда жатып жай албай, Же арстан эрдин күмбөзгө, Ак сакалдын бири эле, Калып калбай, жөн барбай, Барайын десе көөнү кир, Барбайын десе калышка, Бурумдуу айла таба албай, Эки этеги салбырап, Ат сооруга жайылып, Арка этеги далбырап, Мойнун салып кылжыйып, Өзү семиз неме эле, Бети тердеп мылжыйып, Күмбөздү көздөй бараткан, Алдында кеткен Мөңкөтай, Катын-эркек, кары-жаш, Күллү кыргыз бараткан. Кеч кирип калды келбей, деп, Мадыбек менен Көкөйү, Кеңкол жакты карашкан. Кооп калган буралып, Нары басып ыраактап, Кайра басып керилип, Баатыр бала Чигитей, Копкон экен ыргалып. Манастан калган тукуму, Ооруп онтоп копсо да, Ак калпак кыргыз журтуна, Атайын айтып ыр калып, Жомок болуп сөздөрү, Ооздон-оозго көчкөнү, Жети аты кубар сан болду, Булардын аты өчпөдү, Азайбады, көбөйдү, Аз элде тагдыр ушу экен, Дагы бирди көрөлү. Кеңкол жакта эл келчү, Көкөй карап турду эле, Карыйасы Мадыбек, Кара буура Чаткалга, Кайрылып мойнун бурду эле. Көкөйдүн карап турганын, Дүрбү менен шыкаалап, Медеркан карап калыптыр. Бой теңшеген Чигитей, Жандап өтүп кетиптир. Көрүп турган Медеркан, Айабай көөнгө алганы, Күмөн кылып Көкөйдөн, Агара жери калбады. Элди баштап элеңдеп, Бара жаткан Мөңкөтай, Колун булгап Медеркан: Токтой турчу бери, — деп, Кечээ Мадыбек барып Ош жакка, Кайтып келген кездерде, Сен айткансың бир кепти, Менин эсимден чыкпай жүрдү эле. Мени жумшап мал жый, деп, Сени жумшап эл жый, деп, Куран окуп келем, деп, Кете берип Мадыбек, Чигитей менен Көкөйдү, Таштаган экен турбайбы! Найзага темир кара курч, Аштаган экен турбайбы! Сапса болуп Медеркан, Сулуусунган Көкөй күң, Таштаган экен турбайбы! Каралап жүрүп кыргызга, Мен катынымдан айрылсам, Өмүр бойу бир жүрсөң, Олтуруп-кооп келгинче, Мадыбек тилдеп күпүлдөп, Сенин көөнүң агынча, Туйунуп мени калсын, деп, Айтканыңа ишендим. “Азамат эрдин ичине, Ээр-жүгөндүү ат батат, Ургаачынын ичине, Кара баштуу эр батат” Курбалдаш элең, Мөңкөтай, Казактан келген Медеркан, Жашырбай ичте сырды айтат. Казакка кайра барбаймын, Кара жүз катын Көкөйдүн, Жүзүн көрө албаймын. Бурулбай жүрүп түз басып, Жетисууга барайын, Толтойдон бери карата, Баш көтөртпөй жылында, Жедигерди кул кылды, Кары-жашын ылгабай, Катындарын тул кылды, Калгандары муң кылды. Бүткүл кабар салайын, Бүлдүрбөй жыйнап тил алса, Коросонду кошо алып, Коромжунун куну бар, Каны абдан ката элек, Кызылы өңүп бата элек, Аны кошо алайын. Чыгыш жагы Ооганга, Чабааган кылып бир бала: “Силерден тартып Сомбилек, Алып кеткен Тынымкан, Өлүп кеткен Бакдөөлөт, Тынымкандын айынан, Чигитей деп бир бала, Тынымкандан туулган, Чыйрак чыкты кыргыздан, Моңгул менен кытайга, Күн бербей салды чуулган. Таңгыт, манжу журтунан, Далай баатыр жыйылган. Келгендер тирүү калбады, Башын кесип байланды, Ата-баба, кубаар сан, Ээлеп келген шаарды алды, Чогулалы кылым, — деп, Жок кылалы муну” деп, Буга да кабар салбасам. Түбүбүздөн бер жакка, Түгөттү кыргыз казакты, Айдап жүрүп Көкчөнү, Баласы жетим өксөдү, Баштап жүрүп Көкчөнү, Манжуудан көзү өткөнү, Музбурчак менен Үрбүнү, Үйүндө уруп жүн кылып, Азар түмөн кол менен, Айдап жүрүп Бейжинге, Айабаган кол кылып, Манастын уулу Семетей, Үмүтөйдү өлтүрдү. Медетбекти хан кылып, Казактын кегин кетирди. Өмүр бойу казакты, Тең тарттырып азапты, Кененим менен Бекбача – Ал экөөнүн тушунда, Азыраак казак тынч жатты. Ат мингенде Сомбилек, Талап алып Каңгайды, Тартып алып шаарларды, Хан кылдым деп ал мени, Сомбилек өлүп кеткели, Ар жылында чуу салып, Каңгайлар берди эдепти. Аз келгенсип анысы, Тартып алмак Чигитей, Керектен чыккан тарп болуп, Тетиги бетбак Көкөйдү. Өлгөн сайын өөрчүдү, Түгөнгөн сайын түтөдү, Өз-жат дебей дегеле, Кыргызга киши түтпөдү. Ооруганда жарадар, Өзүң болуп дабагер, Пирим элең бир чети, Мен Таласта турганда, Өзүң менен акылдаш, Казан-айак катташкан, Теңтуш элең бир жери, Ушул айткан кебимдин, Эби сага келеби? Тиктеп калып Мөңкөтай, Оозун ачып эстенип, Ойлонгонсуп бир далай, Шайтандын изин басканы, Буда сырын айтканы: — Ардыгым жок башкага, Ата-бала эки – арстан, Ал экөөнө кылганга, Кызматыма эч качан. Чигитейди үйүнө, Киргизип алып Мадыбек, Оолугат мага күпүлдөп, Мен ошого ардыгам. Билмексен болуп турайын, Билгизбей колду жыйнагын, Тымтыракай чыгарып, Таластын тарпын кетирип, Ыраактан келген эрлерге, Айдоого келген элдерге, Айабай тартуу мал берип, Кучакташып достошуп, Кош айтышып коштошуп, Өмүр бойу тынч алып, Тынч жатып ээлейин. Мен Таласта калайын, Мурункудай хандыкты, Колуңа алып жарлыкты, Жети ата болуп хан өткөн, Атактуу калаа Алматы, Ал казактын шаары экен. Ар жагы Алтай, Илени, Быйагы Капал, Шиберди, Ортосун ээлеп сен жаткын. Үч жылда бир Каңгайга, Үч-төрттөн төөгө зар берсең, Үйүңдө жата бересиң. Медеркан менен Мөңкөтай, Талаада кылып кеңешти, Ээлемек болду ал экөө, Алматы менен Таласты. Бөлүнүп калды Медеркан, Урушкандай бултулдап, Эти семиз булкулдап, Өзү жакыр култулдап, Сакалы кыска мултулдап, Элди баштап кулжуңдап, Жолго түштү купулдап. Түлөөгө арнап айдаган, Алып барды малдарын, Касиеттүү киши, деп, Калтырбаган чалдарын, Тобо-томук кылсын, деп, Ала барган кээ бирөө, Эркелеткен балдарын, Каркылдаган Мадыбек, Башында бар касиет, Ал Чигитей эр үчүн, Кызмат кылды ар качан, Өтө жакшы ак ниет. Бээнин баарын мууздатып, Кой менен уйду кескилеп, Түктүү сан кылып талатып, Алдырып келип Мадыбек, Ак куржунун дагы ачып, Жетимиш жамбы болжолдоп, Жеткирип элге пул чачып, Карып, Бакыр, жетимдер, Калды баарын муң басып, Бир табак алтын алгандар, Көтөрө албай калгандай, Калдайган кара тоо басып, Жетим-жесир карыптар, Сокур, чолок, майыптар, Дубана менен эшендер, Басалбай жаткан кеселдер, Колу кыска нечендер, Пул алышып күүлдөшүп, Күлкүсү батпай ичине, Күңгүрөнүп күүлдөшүп, Нары-бери чууруп, Дүбүрөшүп жүр дешип, Ак сакалдар жаштарга, Ойун-күлкү табылат, Тобо кыл деп арстанга. Айлана курчап күмбөздү, Ал күнү кетпей кеткен эл, Ошол жерге түнөштү. Түнөгөн түнү эл нетти, Өтө сүйкүм жагымдуу, Ошол күнкү түн өттү. Ак сакалдуу карылар, Көк шиберге барышты, Көрпөчө бүктөп салышты, Күрпүлдөтүп айттырып, Көкжал төрө Манасты. Ал жерге келген катындар, Ак элечек оронуп, А кудайлап чуулдашып, Арстан Манас баатырдын, Арбагына жалбарып, Басып турду чубашып. Айланып басып катындар, Тегеренбейт күмбөздү, Төрүнөн өтсөк уйат, деп. Орто жаш эркек барлары, Таң аткынча кудайга, Наалыш кылып жалбарды. Кээ бирөө бала жок, десе, Кээ бирөө малым аз, деген, Кээ бирөө баарым бар, десе, Кээ бирөө наамым пас деген, Окшошпогон шум жалган, Ошондой нечен кубулуш, Өтүп кетип бараткан. Таң саргарып аткынча, Наалышы менен түндү алган. Айкөл Манас арстандын, Күмбөзүнөн арбактан, Шек болгон жок кылайган. Эч кимиси элебей, Мадыбектен башка жан. Узун кулак Мөңкөтай: “Касиет качты булардан, Меники Талас болду” – деп, Өз ойунда кубанган. Күмбөзгө келген толгон эл, Желеге бээ толгондо, Айылды карай чубаган. Мөңкөтайга Мадыбек: — Кайда кеткен Медеркан? Көнбөдү мага, — деп, Же сен менен Медеркан, Жүрдү беле деги? – деп, Мөңкөтайдан Мадыбек, Ойлонбогон эч бир шек, Айылга барып түшкөндө: — Медеркан кайда кеткен? – деп, Улам сурайт Мадыбек. Жоголгонун эл билбейт, Ага кандай жооп берет? Мадыбектин алты үйгө. Алтымыштан үй-үйгө, Ирети менен киргизип, Жайа бычып, жал керткен, Казы-карта жылкы эттен, Мисте, мейиз, жемиштен, Сары кант, шекер, бал менен, Тамагын жакшы беришкен, Мурунку чыкса талаага, Кийинкиси киришкен. Үч күнгө кетти маминтип, Күнү-түн мейман күтүптүр, Мадыбектин көр дүнйө, Күткөнүнө түтүптүр. Күмбөздөгү түлөөнү, Кошо эсепке алганда, Бир жума күн бүтүптүр. Түлөө бүтүп эл тарап, Жай-жайына кеткени, Кечиндеси ак үйдө, Зулпукан менен Мадыбек, Көкөй бар казак ал үйдө, Эрмектеше кеткени. Азыраак четин чыгарып, Көкөй айтты кептерди. Мадыбек эркин киши эле, Элебеген эчтеме, Күүлдөгөн неме эле, Мадыбектин Зулпукан. Башта эле жайын айтканбыз, Байкабаган түк жайды, Баш аламан күң эле, Көкөйдүн айткан кептерин, Эрди-катын ал экөө, Түк билген жок дегеле. Мадыбектин үйүндө, Калемкаш деген күңү бар, Шектенип айткан кеп болсо, Чечип айтып ийичү, Өтүмдүү кызыл тили бар, Аты күңдүн Калемкаш, Серпөөлөнүп каш серпип, Улоо аттай ыргыштап, Кыйа басып кылт берип, Сүйлөгөнгө өтө маш, Ошо кезде Калемкаш, Он алты менен он жети, Ортосуна чыккан жаш. Чигитей жок ал үйдө, Мөңкөтай жок дагы үйдө, Үчөөнөн башка киши жок, Калемкаш бар бул үйдө: — Ата ордуна карманган, Ата болдуң, Мадыбек, - Айтып койуп атынан, Баштамак болду Калемкаш, Баш жутуучу далай кеп, Эне ордуна энем, деп, Ээрчип жүрдүм, Зулпукан, Билбегендер сураса, Өзүмдүн тууган энем, деп, Далайы жүрөт кыргыздын, Мадыбек бай бул кызын, Кимибизге берер, деп. Айаш жеңем Көкөйжан, Далай кепти айтты, — деп, Байкабай койдуң экөөң тең, Сылык өскөн киши экен, Сырдап айтып кайтты, — деп. Чочуп кетип Зулпукан: — Ой, кара бет шумпай кыз, Бул айтканың кандай сөз? Айткан сөзгө сыр жукпас, Сыр жуккан нерсе жууса да, Мурункудай жөн чыкпас. Сен сырдын жайын билипсиң, Биз угалы айтып бак! — Айаш энем кептерин, Айтып сизге берейин, Акылымча жеткенин. Баккан атам Мадыбек, Калемкаш менин кызым, деп, Жашырбай айтам, энеке, Ырас чыны ушул кеп. Медерканды атакем, Эки-үч кайта сурады, Жооп бербей жоголду, Укмамыш болуп калп эле, Мөңкөтайдын кулагы. Өзүң барып алдырап, Өтө шашып буластап, Атакемди Ошко, деп, Сур жоргоңду кошто, деп, Сен жумшапсың, энеке, Бай-байбиче кылган иш, Мен билбеймин дегеле. Атакем кайра келгенде, Жаш Чигитей арстанды, Медеркан менен Мөңкөтай, Карабай экөө таштады. Айаш энем Көкөйжан, Далай кепти экөөнө, Туйундуруп айтканы. Угуп болуп Мөңкөтай, Бузук кебин баштаган, Буруп айтып таштаган. Медеркандын көңүлү, Ошол кепти укканда, Калган экен биз жактан, Башкадан чыкпай ушак кеп, Мөңкөтай бузук салыптыр, Куйкалансын сакалы, Медеркан көөнгө алыптыр, Ошол үчүн Медеркан, Бул тойго келбей калыптыр. Жаман атты кылганы, Жабышып калар иш эмес, Жандатып айтса ишенип, Уккандар калар киши эмес. Айаш энем Көкөйгө, Мөңкөтай айткан жалаа жаап, Көкөйдү айтпай жеке эле, Чигитей менен Көкөйгө, Ал экөөнө кара жаап, Мүчөлү быйыл балаңдын – Ал Чигитей арстандын. Бузуку эмей эмине, Мөңкөтай силер кишиңер, Энесиндей кишиге, Жалаа жаап айтканы. Эп келер эле чаптаса, Эркин атам бай жакка, Көкөйдөн угуп бул кепти, Түшүнбөй силер калдыңар, Мен боломун чоң капа! Элейип тиктеп Зулпукан, Көлбүгүп төрдө олтурган, Кулагын салып Мадыбек, Унчукпай калды далайга, Бул эмне укмуш кеп, Бири айтса бузук кеп, Улам бири айтканда, Көбөйө берет ушул кеп. Көкөй турду ал жерде: — Бир азыраак кебимди, Айтып койгум келди, — деп, Баш көтөрүп жаш бала, Эс-акылын жыйганда, Шашылып калды Мадыбек, Түлөө чырак кылганга. Медеркан менен Мөңкөтай. Катар экөөң баргын, деп, Жумшаганда Мадыбек, Бастырган пейли эң жаман, Менин эрим Медеркан, Акырайа бир тиктеп, Сен жумшадың, Зулпукан, “Балага балык жегиз, — деп, Баш маана болгон кыргызга, Байбиче берген жемиш” деп, Балага берип жатканда, Байкабай калды Мадыбек, Сени жумшап жиберди: “Той беремин уулума, Тойдун камын кылгын” деп. Мен кармап турдум балыкты, Тиктеп туруп Медеркан, Эки көзүн талытты, Кудай урсун Мөңкөтай, Же ойноо бала жаш эмес, Же шылкылдаган мас эмес, Мага айтпады бул кебин, Силерге кошо айтканы, Арбак урсун жакшы эмес. Уруксат бергин, Мадыбек, Кой дебегин, Зулпукан, Мен Алтайга кетемин, Кайда кеткен Медеркан, Аны кайдан билемин. Ойумда турат элестеп, Болор-болбос күмөнүм. (Таалай эки,.жүрөк бир Тапкан сөзүм күмөндүр) Бир тарабын карасам, Ал Каңгайга киргендир. Калдуубеттин Оторго, Кабар айтып жүргөндүр. Жүрөгү калып Отордон, Жалтанып калган эр десе, Бакдөөлөт менен Коромжу, Ооган менен коросон, Кол сура деп ошондон, Жедигерге дагы айт, деп, Мөңкөтай жумшап ийгендир. Ойлошумча мен Көкөй, Экөөнү жумшап Мадыбек, Мал менен элге жиберди, Кечигип калып бир күнү, Кийинки күнү эл келди, Ара жерде бул экөө, Кеңеш кылып жүргөнбү? Ошондон бери карата, Мен ойума алдым күмөндү. Карматып бергин атымды, Алтайга кетсем экен, — деп, Көкөй жеңе шашылды, Беш-алты күн тургун, деп, Зулпукан болбой асылды. Өтө момун киши экен, Угуп туруп шум кепти, Мадыбек байкуш жашыды, Дагы айтат Калемкаш: — Ыйлабагын, атаке, Уулуң аман, башы жаш, Кастык кылган силерге, Акыры болот өзү пас. Медеркан менен Мөңкөтай, Кара болсо нээттери, Жер кучактап жатпайбы, Айкөл эрдин арбагы, Бул экөөнү жөн койбой, Төбөсүнөн баспайбы, Тузуңа кылса каралык, Кусуруң сенин урбайбы, Жараткан жалгыз кудай бар, Буларды өзү ылгайбы, Кеңеш кылса жаман кеп, Кесириң сенин урбайбы, Кечилдин баарын ыйлаткан, Эсири аман турбайбы, Эзген казы, кошкон май, Тузуңа кара санаса, Душманды кудай урбайбы, Төбөсүнөн сезгенип, Топо жыттап тынбайбы, Беш-алты күн тур десе, Болбойсуң, айаш эне, сен, Конбой, жатпай кетсең да, Кутулбайсың жемеден. Жаман эмес жакшыдан, Катын эмес эркектен, Күбөлүк кылса Мөңкөтай, Ал Медеркан эриңдин, Көөнү тынбайт түк сенден, Эби келсе кетпегин, Эңсесин кесет Чигитей, Эрегишкен иттердин. Ошо күнү жакшы го, Ойноп-күлүп кеткениң. Арамдык кылган айарлар, Өткөн экен Таласта, Мындан мурун далайлар, Күн көрө албай жоголгон, Канчоро баштап канча жан. Карылардан угушум, Медеркан сага ишенбейт, Алда канча какшасаң, Калемкаш кеби акыл, деп, Көкөй жанбайт макул, деп, Өзүнүн эки уулу бар, Ойноп калган ат минип, Бой тартып катын алалек, Каптап келсе каңгайлык, Ниетинде Көкөңдүн, Алып кайра келем, деп, Болбой Көкөй койгону, Алдырып келип аттарын, Ээрчитип жакын жолдошун. Кош эмесе кеттик, деп, Беркилер калды жол болсун, Аман болгун кетсең, деп. Бул кептерди Чигитей, Эмгичекти угалек. Айта албайт Калемкаш, Бир үйдө жүрүп чоңойгон, Менден кичүү иним, деп, Зулпукандын ойунда: “Чигитейге Калемкаш, Катын болот эле, деп, Уулум албай койбосо, Атамдын үйдө күңү деп, Ойлогону ушул кеп. Мунусу жакшы кеп эмес, Кош акылдуу эки сөз, Айабаган бокту жеп. Мурункудай эр болуп, Атка минип шаңданып, Аттанар чагы боло элек. Ал Чигитей чунактын, Аккан эти, сынган сөөк, Калыбына толо элек. Сөөк толуп, эт бүтүп, Кычшып барып басылып, Мурункудай күч кирип, Баштагыдан кыйла эле, Жакшыланып калды эле, Эки жыл ашып, үч жылга, Айак басып барды эле. Муну мындай таштайлы, Коросон, ооган, жедигер, Чапмак болуп Таласты, Куралгандан баштайлы.