← Чигитей 7/7

Чигитейди үйүнө, Киргизип алып Мадыбек, Оолугат мага күпүлдөп, Мен ошого ардыгам. Билмексен болуп турайын, Билгизбей колду жыйнагын, Тымтыракай чыгарып, Таластын тарпын кетирип, Ыраактан келген эрлерге, Айдоого келген элдерге, Айабай тартуу мал берип, Кучакташып достошуп, Кош айтышып коштошуп, Өмүр бойу тынч алып, Тынч жатып ээлейин. Мен Таласта калайын, Мурункудай хандыкты, Колуңа алып жарлыкты, Жети ата болуп хан өткөн, Атактуу калаа Алматы, Ал казактын шаары экен. Ар жагы Алтай, Илени, Быйагы Капал, Шиберди, Ортосун ээлеп сен жаткын. Үч жылда бир Каңгайга, Үч-төрттөн төөгө зар берсең, Үйүңдө жата бересиң. Медеркан менен Мөңкөтай, Талаада кылып кеңешти, Ээлемек болду ал экөө, Алматы менен Таласты. Бөлүнүп калды Медеркан, Урушкандай бултулдап, Эти семиз булкулдап, Өзү жакыр култулдап, Сакалы кыска мултулдап, Элди баштап кулжуңдап, Жолго түштү купулдап. Түлөөгө арнап айдаган, Алып барды малдарын, Касиеттүү киши, деп, Калтырбаган чалдарын, Тобо-томук кылсын, деп, Ала барган кээ бирөө, Эркелеткен балдарын, Каркылдаган Мадыбек, Башында бар касиет, Ал Чигитей эр үчүн, Кызмат кылды ар качан, Өтө жакшы ак ниет. Бээнин баарын мууздатып, Кой менен уйду кескилеп, Түктүү сан кылып талатып, Алдырып келип Мадыбек, Ак куржунун дагы ачып, Жетимиш жамбы болжолдоп, Жеткирип элге пул чачып, Карып, Бакыр, жетимдер, Калды баарын муң басып, Бир табак алтын алгандар, Көтөрө албай калгандай, Калдайган кара тоо басып, Жетим-жесир карыптар, Сокур, чолок, майыптар, Дубана менен эшендер, Басалбай жаткан кеселдер, Колу кыска нечендер, Пул алышып күүлдөшүп, Күлкүсү батпай ичине, Күңгүрөнүп күүлдөшүп, Нары-бери чууруп, Дүбүрөшүп жүр дешип, Ак сакалдар жаштарга, Ойун-күлкү табылат, Тобо кыл деп арстанга. Айлана курчап күмбөздү, Ал күнү кетпей кеткен эл, Ошол жерге түнөштү. Түнөгөн түнү эл нетти, Өтө сүйкүм жагымдуу, Ошол күнкү түн өттү. Ак сакалдуу карылар, Көк шиберге барышты, Көрпөчө бүктөп салышты, Күрпүлдөтүп айттырып, Көкжал төрө Манасты. Ал жерге келген катындар, Ак элечек оронуп, А кудайлап чуулдашып, Арстан Манас баатырдын, Арбагына жалбарып, Басып турду чубашып. Айланып басып катындар, Тегеренбейт күмбөздү, Төрүнөн өтсөк уйат, деп. Орто жаш эркек барлары, Таң аткынча кудайга, Наалыш кылып жалбарды. Кээ бирөө бала жок, десе, Кээ бирөө малым аз, деген, Кээ бирөө баарым бар, десе, Кээ бирөө наамым пас деген, Окшошпогон шум жалган, Ошондой нечен кубулуш, Өтүп кетип бараткан. Таң саргарып аткынча, Наалышы менен түндү алган. Айкөл Манас арстандын, Күмбөзүнөн арбактан, Шек болгон жок кылайган. Эч кимиси элебей, Мадыбектен башка жан. Узун кулак Мөңкөтай: “Касиет качты булардан, Меники Талас болду” – деп, Өз ойунда кубанган. Күмбөзгө келген толгон эл, Желеге бээ толгондо, Айылды карай чубаган. Мөңкөтайга Мадыбек: — Кайда кеткен Медеркан? Көнбөдү мага, — деп, Же сен менен Медеркан, Жүрдү беле деги? – деп, Мөңкөтайдан Мадыбек, Ойлонбогон эч бир шек, Айылга барып түшкөндө: — Медеркан кайда кеткен? – деп, Улам сурайт Мадыбек. Жоголгонун эл билбейт, Ага кандай жооп берет? Мадыбектин алты үйгө. Алтымыштан үй-үйгө, Ирети менен киргизип, Жайа бычып, жал керткен, Казы-карта жылкы эттен, Мисте, мейиз, жемиштен, Сары кант, шекер, бал менен, Тамагын жакшы беришкен, Мурунку чыкса талаага, Кийинкиси киришкен. Үч күнгө кетти маминтип, Күнү-түн мейман күтүптүр, Мадыбектин көр дүнйө, Күткөнүнө түтүптүр. Күмбөздөгү түлөөнү, Кошо эсепке алганда, Бир жума күн бүтүптүр. Түлөө бүтүп эл тарап, Жай-жайына кеткени, Кечиндеси ак үйдө, Зулпукан менен Мадыбек, Көкөй бар казак ал үйдө, Эрмектеше кеткени. Азыраак четин чыгарып, Көкөй айтты кептерди. Мадыбек эркин киши эле, Элебеген эчтеме, Күүлдөгөн неме эле, Мадыбектин Зулпукан. Башта эле жайын айтканбыз, Байкабаган түк жайды, Баш аламан күң эле, Көкөйдүн айткан кептерин, Эрди-катын ал экөө, Түк билген жок дегеле. Мадыбектин үйүндө, Калемкаш деген күңү бар, Шектенип айткан кеп болсо, Чечип айтып ийичү, Өтүмдүү кызыл тили бар, Аты күңдүн Калемкаш, Серпөөлөнүп каш серпип, Улоо аттай ыргыштап, Кыйа басып кылт берип, Сүйлөгөнгө өтө маш, Ошо кезде Калемкаш, Он алты менен он жети, Ортосуна чыккан жаш. Чигитей жок ал үйдө, Мөңкөтай жок дагы үйдө, Үчөөнөн башка киши жок, Калемкаш бар бул үйдө: — Ата ордуна карманган, Ата болдуң, Мадыбек, - Айтып койуп атынан, Баштамак болду Калемкаш, Баш жутуучу далай кеп, Эне ордуна энем, деп, Ээрчип жүрдүм, Зулпукан, Билбегендер сураса, Өзүмдүн тууган энем, деп, Далайы жүрөт кыргыздын, Мадыбек бай бул кызын, Кимибизге берер, деп. Айаш жеңем Көкөйжан, Далай кепти айтты, — деп, Байкабай койдуң экөөң тең, Сылык өскөн киши экен, Сырдап айтып кайтты, — деп. Чочуп кетип Зулпукан: — Ой, кара бет шумпай кыз, Бул айтканың кандай сөз? Айткан сөзгө сыр жукпас, Сыр жуккан нерсе жууса да, Мурункудай жөн чыкпас. Сен сырдын жайын билипсиң, Биз угалы айтып бак! — Айаш энем кептерин, Айтып сизге берейин, Акылымча жеткенин. Баккан атам Мадыбек, Калемкаш менин кызым, деп, Жашырбай айтам, энеке, Ырас чыны ушул кеп. Медерканды атакем, Эки-үч кайта сурады, Жооп бербей жоголду, Укмамыш болуп калп эле, Мөңкөтайдын кулагы. Өзүң барып алдырап, Өтө шашып буластап, Атакемди Ошко, деп, Сур жоргоңду кошто, деп, Сен жумшапсың, энеке, Бай-байбиче кылган иш, Мен билбеймин дегеле. Атакем кайра келгенде, Жаш Чигитей арстанды, Медеркан менен Мөңкөтай, Карабай экөө таштады. Айаш энем Көкөйжан, Далай кепти экөөнө, Туйундуруп айтканы. Угуп болуп Мөңкөтай, Бузук кебин баштаган, Буруп айтып таштаган. Медеркандын көңүлү, Ошол кепти укканда, Калган экен биз жактан, Башкадан чыкпай ушак кеп, Мөңкөтай бузук салыптыр, Куйкалансын сакалы, Медеркан көөнгө алыптыр, Ошол үчүн Медеркан, Бул тойго келбей калыптыр. Жаман атты кылганы, Жабышып калар иш эмес, Жандатып айтса ишенип, Уккандар калар киши эмес. Айаш энем Көкөйгө, Мөңкөтай айткан жалаа жаап, Көкөйдү айтпай жеке эле, Чигитей менен Көкөйгө, Ал экөөнө кара жаап, Мүчөлү быйыл балаңдын – Ал Чигитей арстандын. Бузуку эмей эмине, Мөңкөтай силер кишиңер, Энесиндей кишиге, Жалаа жаап айтканы. Эп келер эле чаптаса, Эркин атам бай жакка, Көкөйдөн угуп бул кепти, Түшүнбөй силер калдыңар, Мен боломун чоң капа! Элейип тиктеп Зулпукан, Көлбүгүп төрдө олтурган, Кулагын салып Мадыбек, Унчукпай калды далайга, Бул эмне укмуш кеп, Бири айтса бузук кеп, Улам бири айтканда, Көбөйө берет ушул кеп. Көкөй турду ал жерде: — Бир азыраак кебимди, Айтып койгум келди, — деп, Баш көтөрүп жаш бала, Эс-акылын жыйганда, Шашылып калды Мадыбек, Түлөө чырак кылганга. Медеркан менен Мөңкөтай. Катар экөөң баргын, деп, Жумшаганда Мадыбек, Бастырган пейли эң жаман, Менин эрим Медеркан, Акырайа бир тиктеп, Сен жумшадың, Зулпукан, “Балага балык жегиз, — деп, Баш маана болгон кыргызга, Байбиче берген жемиш” деп, Балага берип жатканда, Байкабай калды Мадыбек, Сени жумшап жиберди: “Той беремин уулума, Тойдун камын кылгын” деп. Мен кармап турдум балыкты, Тиктеп туруп Медеркан, Эки көзүн талытты, Кудай урсун Мөңкөтай, Же ойноо бала жаш эмес, Же шылкылдаган мас эмес, Мага айтпады бул кебин, Силерге кошо айтканы, Арбак урсун жакшы эмес. Уруксат бергин, Мадыбек, Кой дебегин, Зулпукан, Мен Алтайга кетемин, Кайда кеткен Медеркан, Аны кайдан билемин. Ойумда турат элестеп, Болор-болбос күмөнүм. (Таалай эки,.жүрөк бир Тапкан сөзүм күмөндүр) Бир тарабын карасам, Ал Каңгайга киргендир. Калдуубеттин Оторго, Кабар айтып жүргөндүр. Жүрөгү калып Отордон, Жалтанып калган эр десе, Бакдөөлөт менен Коромжу, Ооган менен коросон, Кол сура деп ошондон, Жедигерге дагы айт, деп, Мөңкөтай жумшап ийгендир. Ойлошумча мен Көкөй, Экөөнү жумшап Мадыбек, Мал менен элге жиберди, Кечигип калып бир күнү, Кийинки күнү эл келди, Ара жерде бул экөө, Кеңеш кылып жүргөнбү? Ошондон бери карата, Мен ойума алдым күмөндү. Карматып бергин атымды, Алтайга кетсем экен, — деп, Көкөй жеңе шашылды, Беш-алты күн тургун, деп, Зулпукан болбой асылды. Өтө момун киши экен, Угуп туруп шум кепти, Мадыбек байкуш жашыды, Дагы айтат Калемкаш: — Ыйлабагын, атаке, Уулуң аман, башы жаш, Кастык кылган силерге, Акыры болот өзү пас. Медеркан менен Мөңкөтай, Кара болсо нээттери, Жер кучактап жатпайбы, Айкөл эрдин арбагы, Бул экөөнү жөн койбой, Төбөсүнөн баспайбы, Тузуңа кылса каралык, Кусуруң сенин урбайбы, Жараткан жалгыз кудай бар, Буларды өзү ылгайбы, Кеңеш кылса жаман кеп, Кесириң сенин урбайбы, Кечилдин баарын ыйлаткан, Эсири аман турбайбы, Эзген казы, кошкон май, Тузуңа кара санаса, Душманды кудай урбайбы, Төбөсүнөн сезгенип, Топо жыттап тынбайбы, Беш-алты күн тур десе, Болбойсуң, айаш эне, сен, Конбой, жатпай кетсең да, Кутулбайсың жемеден. Жаман эмес жакшыдан, Катын эмес эркектен, Күбөлүк кылса Мөңкөтай, Ал Медеркан эриңдин, Көөнү тынбайт түк сенден, Эби келсе кетпегин, Эңсесин кесет Чигитей, Эрегишкен иттердин. Ошо күнү жакшы го, Ойноп-күлүп кеткениң. Арамдык кылган айарлар, Өткөн экен Таласта, Мындан мурун далайлар, Күн көрө албай жоголгон, Канчоро баштап канча жан. Карылардан угушум, Медеркан сага ишенбейт, Алда канча какшасаң, Калемкаш кеби акыл, деп, Көкөй жанбайт макул, деп, Өзүнүн эки уулу бар, Ойноп калган ат минип, Бой тартып катын алалек, Каптап келсе каңгайлык, Ниетинде Көкөңдүн, Алып кайра келем, деп, Болбой Көкөй койгону, Алдырып келип аттарын, Ээрчитип жакын жолдошун. Кош эмесе кеттик, деп, Беркилер калды жол болсун, Аман болгун кетсең, деп. Бул кептерди Чигитей, Эмгичекти угалек. Айта албайт Калемкаш, Бир үйдө жүрүп чоңойгон, Менден кичүү иним, деп, Зулпукандын ойунда: “Чигитейге Калемкаш, Катын болот эле, деп, Уулум албай койбосо, Атамдын үйдө күңү деп, Ойлогону ушул кеп. Мунусу жакшы кеп эмес, Кош акылдуу эки сөз, Айабаган бокту жеп. Мурункудай эр болуп, Атка минип шаңданып, Аттанар чагы боло элек. Ал Чигитей чунактын, Аккан эти, сынган сөөк, Калыбына толо элек. Сөөк толуп, эт бүтүп, Кычшып барып басылып, Мурункудай күч кирип, Баштагыдан кыйла эле, Жакшыланып калды эле, Эки жыл ашып, үч жылга, Айак басып барды эле. Муну мындай таштайлы, Коросон, ооган, жедигер, Чапмак болуп Таласты, Куралгандан баштайлы.