← Чигитей 1/7

Чигитейге келген кырсыктар

Каңгайлардын Бетери, Кыйынсынып алыптыр, Кыргыздан келген Чигитейдин, Кыйырынан тиймекке, Бөлүнүп жолго салыптыр. Ээги кетип карыса да, Карылык басып ал кетип, Эби кетип калса да, Жарылдап турду ал жетип: — Жалгыз атчан, жалгыз баш, Жаныңда жок акылдаш, Кайдан келе жатасың? Кабарың мага айтасың. Керектүү болсоң өтөөрсүң, Керексиз болсоң кетээрсиң, Тил албай койсоң өчөшүп, Тим эле өлүп кетесиң! Атым менин Бетермин, Келе жаткан көп колдун, Жайын айта кетейин. Калдуубеттин Отору, Коктукаттын шаарына, Хан кылганбыз ошону. Сатай ханды баш кылып, Калгандын көзүн жаш кылып, Кары-жашы дебестен, Кылчайып карап койгонду, Калтырбай баарын отоду. Каңгайды чаап алсак, деп, Кара кытай козголду, Баатырын сайып түшүрдү, Кытайдын ишин бүтүрдү, Каңгайдын калкын качырды, Кайратын журттан ашырды, Батай, Катай касташып, Чак келалбай жашынды, Таштап берди эл-журтун, Акырыйа тиктеген, Калбай баары чачылды. Токсон миң кытай эл менен, Барамын дейт Таласка, Ушунчалык дем менен, Кыргызга барып келдим, — дейт, Кан агызып сел менен, Ээн талаада сербеңдеп, Келаткан киши ким элең? Мактанып Бетер бүт айтып, Ойундакы барлыгын, Калтырган жок эч сырын. Бириндеп өзү бөлүнүп, Калган экен каңгай, деп, Аа Чигитей кайгырбайт. “Чогуу болбой баары, — деп, Кытай, каңгай биригип, Кырылышып жатканда, Көрүп турбай аны, — деп, Талашканың менмин, — деп, Талаптууң бери келгин, деп, Такыр баарын кыйратып, Кетпейт белем деги, — деп, Отор келер бекен” деп, Ойлонуп турган жери жок, Оолуккан чунак баланын, Эрдигинде чеги жок. — Атың кимсиң, аксакал? Атыңды айтчы мен уксам, Андан кийин атымды, Сага айтып угузсам. — Сурасаң атым Бетермин. Тайынсыз киши эмесмин, Тактада Отор барында, Такыр элге керекмин. Улугум Отор эр менен, Олтурса бирге олтурам, Басса-турса бир турам. Баш бурбайым жумшаса, Башкага айтпайт кылайтып, Сырын менден башкага. Сатайдын шаарын алганда, Карылык кылбай сура, деп, Айткан эле ал мага. Муну менен касташкан, Калды баары балаага, Ага-ини кектешип, Батарына жер таппай, Тайанарга эр таппай, Батай, Катай - ага-ини, Алар калды талаада. Өзү келет манжулар, Өзү келет таңгыттар, Кытай келип кырылды, Ээрчитип келем сандалтып, Өлбөй тирүү калганды. Көөдөнүн өөдө көтөрүп, Көйрөңсүп Бетер кеп салды, Отордун атын укканда, Ачуусу келип Чигитей, Кара бойу калтылдап, Өрттөй көзү жалтылдап, Азуулары кычырап, Ууртунан көбүк буртулдап, Титиреген немедей, Токтоно албай солкулдап. Оторду угуп коркту, деп, Бетер болот куш убак. Токтолуп бала кеп айтты, Токмоктон жаман бек айтты: — Угуп ал, Бетер чалым, сен, Мен Чигитей! – деп айтты. Беттешер болсо Оторуң, Барып кабар бере сал, Келе албаса Оторуң, Акылдаш киши мен, дедиң, Кошо ээрчип кетип кал! Батай, Катай, Дөрбөндү, Андан башка жүргөндү, Түп калтырбай түгөтөм, Баш көтөргөн көйрөңдү! Коктукат бүгүн барамын, Өз колум менен хан кылган, Сатайдын кунун аламын, Бооз болсо катыны, Ичин анын жарамын, Жалгызмын деп ойлобойум, Жандан тойгон баламын! Жасаган айкөл атам бар, Арбагы качан дапдайар, Атагын уккан душмандар, Апкаарышып баш тартар. Мен өңдөнүп жашырбай, Алты атасын ким айтар. Айтканыңа кош болдум, Айтпасаң атың жашырып, Сени өлгөндөргө кошмокмун. Турба, бастыр ылдам! – деп, Алайа карап тиктеди. Чаарын көрүп көзүнүн, Каарын көрүп жүзүнүн, Бетердин мойну шылк деди. Убайым тартып, кайгы жеп: “Учурап кайдан калдым, — деп, Карыбай катып калсамчы, Калдайган кара талаада, Калтырбай айтып бокту жеп” Кет деди деп кете албай, Же кетпеймин деп айта албай, Ыргылжың болуп турду эле. Оолуккан бала Чигитей, Унчукпастан Бетерге, Кошуунду алды кекерге: — Токсон миң кошуун көп кытай, Атаңдын көрү чөп кытай, Каңгайга келип эмине, Кан төгүлүп жүрөсүң? Топтуу караан кол болуп, Топтоп бир чал айдаса, Топоңдоп басып жүрөсүң. Баш кишиң жок силерде, Мен катышпаймын бул жерде, Ханыңа айтып баргыла, Баары көргөн-билгениң, Баштан-айак айткыла, Өчөшкөн болсо улугуң, Өлүмдү жүрсө сагынып, Үч ай күйөм келгиле, Келе албаса улугуң, Келбес жолун билдирип, Мага кабар бергиле. Баатырыңдан айрылып, Баш кишиң жок айдоодо, Жүрүптүрсүң кайгырып. Олжо албаймын бүлдүргө, Убайым салбай кеткиле, Жолдо жүргөн элдерге. Куткарган киши ким? десе, Чигитей кыргыз деп баргын, Кайсы кыргыз дебесин, Манастын уулу экен деп, Жашырбай айтып сен баргын. Билбесе эмики хандарың, Илгертен бери сактаган, Чоң дептерин карасын, Караса эле көрөт го, Аты чыгат Манастын. Деп Чигитей буйдалбай, Токсон миң кошуун кытайды, Токтотпой кайра чубатты, Кажы-кужу кыжырап, Калбай баары чуулашты. Ичинен эки кишини, Эл башкартып чоң кылды. Тобуңду бузбай баргын, деп, Таркап кетип калба, деп, Бекеринен катылып, Не кыламын, сага деп, Айдап ийип Чигитей, Кылчайып артын караса, Кетпей Бетер жүрүптүр, Кетердин жайын таба албай, Же өлүп жерге кире албай, Өзүн-өзү билиптир, Бир күндө Бетер карыган, Кетиптир кейпи абыдан. Өңү саздай бөлүнүп, Саруулаптыр абыдан. Баштагыдан бешбетер, Каары менен бир карап: — Бастыр, Бетер карыйа, Оторуңа баргын, — деп, Коктукатка барам, — деп, Бала баатыр Чигитей, Бастырып кетти делбиреп. “Өлтүрбөдү мени, — деп, Алда кандай кең экен, Бул кыргыздын пейли” деп, Кайра тартып артына, Каратилге келди дейт, Баары көргөн-билгенин, Кытайларды Чигитей, Жерине айдап ийгенин, Такыр айтып берди эле. Каратил угуп кылчайып, Бир кыйла туруп кыйкайып, Оозунда жалгыз тиши жок, Ачылып оозу ылжайып: — Андай болсо сен, Бетер, Ылдамыраак желе көр, Оторго кабар бере көр. Коктукатка барбасын, Кол салышып кыргызга, Кокус өлүп калбасын. Куру намыс кылбасын, Кокжойуп карап турбасын, Атынын башын бурбасын, Дөрбөнгө барып кеп салсын, Дөрбөн табар айласын. Моңгул, кытай, манжуга, Каңгайда жаткан баарына, Кыргыз кылбайт жакшылык. Бирине-бири эгешип, Түгөнүп кетип жүрбөсүн, Эл баатырдан какшынып. Батай, Катай - эки итке, Артынан жете барайын, Айтып кабар салайын, Атынын башын бурайын, Айыкпас оору экенин, Азыркы келген Чигитей, Ачыгын айтып аларга, Алып келе калайын. Бетер кетти Оторго, Каратил кары жөнөдү, Батай, Катай - чоңдорго. Бура тарткан Чигитей, Буркуратып Тору атты, Кайра элине жиберип, Чуркуратып кытайды, Эч нерсе менен кээри жок, Коктукат көздөй баратты. Ай караңгы түн болуп, Абыдан күүгүм кеч болуп, Кетип бара жатканда, Байкабай калды Чигитей, Бетер калды кез болуп. Арам өлгөн бул кары, Караанын көрүп баланын, Танап койуп тузактап, Ат бутуна салганы. Ат кыйшайып кылт этип, Аскадан түшүп кеткиндей, Бир тар жерди таап алды. Жерди казып ойуптур, Жер казык капкан болуптур. Өзү жайчы арам ит, Күндү жайлап жиберип, Жердин бети көрүнбөй, Агарып кар алыптыр, Жылантору тулпары, Жер капканга кол салып, Мүдүрүлүп калыптыр. Мүдүрүлүп ат кетти, Төшү кайсы, ой кайсы, Билбей келе жатканбы, Аскадан түшүп эр кетти. Аты калды кыйада, Өзү калды бир аңда, Жылантору жолотпойт, Жанына Бетер барарга. Колун сууруп алыптыр, Бөкжөңдөгөн Бетерди, Койкоңдогон Тору ат, Кууп жөнөп калыптыр. Кутулуп Бетер кетерде, Куйун шамал эпкинде, Кууп Тору ат жетти эле. Далыдан барып тиштеди, Башын булгап силккени, Бетер аттан ажырап, Оозуна чыгып Тору аттын, Бу дагы түшүп кетти эми.