← Чигитей 2/8

Эсиң барда көзүңдү ач, Этегиң жыйнап акыл тап, Жан кишиге билгизбей, Жан жолдоштон котчу алып, Батай, Катай – балдарга, Сен үйүнө барып бак. Бетердин тилин алсаңар, Бириктик деп үчөөңөр, Беймаал жатып албаңар. Таңгыттын Дөрбөн баатыры, Тарчылык келип башына, Таанып калды кыргызды, Бирден санап билдиңер, Абадакы жылдызды. Бир Чигитей жалгыз баш, Ийинге баарын сийгизди, Медеркан менен Сатайга, Кол жапканын билгизди, Кармалып жүргөн Сатайды, Кайра такка мингизди. Медерканды Алтайга, Калкына кайра келгизди, Сойгон жерден эт уулап, Эт жетпесе, сорпо уулап, Жан сактап калган казакка, Таптатып күлүк мингизди, Кыргыз эмес алашка – Баарына пайда тийгизди. Кандай экен эл бакмак, Кол узартып, эл тапмак? Ойлоп баарың билгиле, Мыкты болсоң сен, Отор, Биргелешип төртөөңөр, Чигитейдей жүргүлө. Таңгытка барып кеңеш сал, Батай менен Катайды, Калтырбай экөөн кошо алпар. Бөксөнүн жака бойунда, Кара кытай эли бар, Ага кабар салыңар, Айабай берип мал-пулдан, Баштан айак калтырбай, Манастан бери карата, Болуп жаткан чоң чырдын, Калтырбай баарын айтыңар. Каңгайдан өтсө билет, деп, Тоо бөксөдө биз барбыз, Бизден жолду бошотсо, Шаарыңа келип кирет, деп, Чаңбейсендин ойунда, Сары деңиз бойунда, Кара кытай ордосу, Ханынын баары ушунда, Каңгыра какшап зар айтып, Жайыңды угуз ушуга. Кытайдан келсе кошулуп, Алтымыш уруу алаштын, Агызкын канын жошултуп! Бетерден угуп кеп-кеңеш, Аттанып Отор жөнөптүр, Батайды карай тепеңдеп. “Батай менен Катайга, Байатан уккан кептерим, Баарын айтсам экен” – деп, Бастыра түшүп токтолуп. Кылчайып артын караса, Кары Бетер туруптур, Оторду кудай уруптур: — Бетер кары, сен, — деди, Кайратым толгон бул кезде, Бир кыргызча боломун, Бетер, муну бил! – деди, Сатайдын кирип алдына, Кеп-кеңештин түп-жайын, Мага кабар кыл! – деди. Алың келсе Сатайды, Алып барып маа бергин, Алың ага келбесе, Күчаладан ачытып, Гүмжан кылар уу бергин. Тилекти колго тийгизсең, Коктукаттын тагына, Сатай хандын ордуна, Бетер, сени мингизем. Тапшырып Отор далай кеп, Далпылдап жолго салыптыр, Этек-жеңи далбайып, Салпылдап кетип баратат, Эси оогандай эндиреп, Шалпылдап кетип баратат. Оңолбогон чоң Отор, Коктукаттын шаарына, Түшүрүп Бетер жөн койбой, Курсагы тойор аш болбой, Сүйүнүп кулак кош болбой, Баштагыдай чоң Отор, Жагалданып оштонбой, Батай менен Катайдын, Ордосуна барыптыр, Ууру кылган канчыктай, Кылмышкер болуп алыптыр, Сыр алдырбай кишиге, Ордого кирип барыптыр. Батай, Катай жарадар, Онтоп, ооруп жан кейип, Кара тер басып ал кетип, Найза тийген сом эттен, Ириң менен кара кан, Салаа-салаа ал кетип, Кырк кабырга, он мойун, Арка, омуртка аралаш, Кыйрап калган немедей, Кайсы экени билинбейт, Батай менен Катайдын, Көрбөй көзү күүгүмдөйт. Ошондой кыйын кезинде, Отор барды кечинде. Эшиктен кирип калп эле, Каткырган болуп ырсактап, Мойнун булгап кыйшактап, Шум түлкүдөй шыйпактап, Үй тартуучу устадай, Буралып бели кыйкактап: — Айыктыбы, баатырлар, Анча-мунча жараңар? Алдыңа келип турамын, Атым Отор агаңар. Алдында кеттиң сен экөөң, Дөрбөндү алып таң кетти, Салышып жүрүп кыргызга, Айым менин нак кетти, Жанымда калбай жалгыз жан, Чубап Каңгай ал кетти. Сен экөөң болуп жарадар, Көңүлүм тынбай мен калдым, Көп ойлонуп санаадар. Дөрбөндү алып чу койуп, Чубап кетти таңгыттар. Бурулбай жолго киргеним, Буруп айтсам кеп болбойт, Коктукаттын шаарына, Токтобой жетип келгемин. Билбей жүргөн экемин, Кайтып келип Сатайдын, Ээлеп такка мингенин. Билбей эле ордого, Түз бастырып кирмекмин, Бетер кары жолукту, Алып койду мойнуман, Ажал салган боолукту. “Сатай келген мында, — дейт, Батпайсың турба мында, — дейт. Манжу,таңгыт – баарына, Калганда каңгай калкына, Сатай кабар салган, — дейт, Ошол үчүн сага, Отор, Жардам берип кошулар, Аскер барбай калган, — дейт, Элдин баарын бөлүнтүп, Эбин таап салган, — дейт. Батай менен Катайга, Барып айткын аларга, Бош орун жок бул жерде, Мурункудай чогулуп, Силер ойноп жатарга, Канча жылы турсам да, Каңгайлык албайт катарга. Тоо башында биз дедик, Токтоо кылбай келдик, деп, Кара кытай калкына, Кабар сала баргын, — дейт, Карк алтынды айабай, Кадырлап аны алгын, — дейт. Ошентип кийин барбасаң, Ак калпак кыргыз Чигитей, Кутулар жериң калбады, Жалгыз эле сен эмес, Атка минген төртөөңдү, Катары менен жалмады.” Бетер кары акылман, Айтпаган кеби калбаган. “Эбин тапсам Сатайды, Эки эле күндө сойом, — дейт, Эч бир жанга туйгузбай, Эл тынчытып койом, — дейт, Эбине Сатай келбесе, Кеп-кеңешин угам, дейт, Силерге кабар кылам” дейт. Коктукаттан силерге, Таап келдим ушул кеп. Кожурап Отор түшүптүр, Теңтуш өскөн эмеспи, Муну булар күтүптүр. Эми Бетер нетиптир, Эрмектеш өскөн Сатайга, Кебим бар деп айтарга, Бетер кары кириптир. Курбалдаш өскөн калжаңдап, Калжың кебин салыптыр. Калп эле күлүп ал Бетер, Калжыңдашып алыптыр: — Эшиктен келдим мен Бетер, Тагыңды мурун тарттырып, Кайра алган сен Сетер, Алдыңда минген күмүш так, Алда кайдан бепбекер. Бекбача мында келгени, Кой кайтарып кыр-кырда, Шыбыргак жаан, куйунда, Жүрүүчү Сатай сен элең, Хан ордосу базарды, Биличүү Бетер мен элем. Күмүш такка сен миндиң, Күндө базар кыдырып, Күл-ала болуп мен жүрдүм; Багыңды ачып Бекбача, Баашалык такка сен миндиң, Кыдырып базар баасын деп, Кыйноону тартып мен жүрдүм. Сатай, чачың ак болду, Отуз жылдан көбүрөөк, Мингениң күмүш так болду. Бирге туулуп, бирге өскөн, Теңтуш эле Бетер, деп, Эсиңе алып койсоңчу. Корооңдо жүрдүм аралаш, Коңшулаш болуп чамалаш, Жайлоого чыксак бөлүнбөй, Канатташ жүрдүк жамаалаш, Шаар ичине келгенде, Күн-түнү жок аралаш, Кайгыда өтүп баратат, Картайып кеттим кайран баш! Сатайга Бетер арткы артат, Алда канча сөздү айтат. Бек болголу ал Сатай, Бетердин жайын билүүчү, Мейли жүрө берсин, деп, Билмемиш болуп жүрүчү. “Жакындашсам бул Бетер, Жаныма жабыр табар, — деп, Баштагыдай дагы бир, Чоң калбаны салар, — деп, Өлтүрүп койсом болбос” — деп, Кайран Сатай ойлоп кеп, Бетерге Сатай туйгуза, Айтып ийди түрдүү кеп: — Карыганың билбейсиң, Калжаңдап, Бетер, сүйлөйсүң, Кечээ эле кылган кебиңди, Мени кимдер билет, деп, Билмемиш болуп жүргөнсүң. Калктан чыккан кара нээт, Калышың тирүү канымет, Кулагың салып байкап ук, Мен айтайын саа, Бетер, Жалган эмес ырас кеп, Билмексен болуп жүргөмүн, Теңтуш экен мейли, деп. Калдуубеттин Отору, Батай, Катай кошулду, Биргелешип той берди, Чогулуп далай эл келди, Атайын кагаз жазышып, Мага киши жиберди. Ойлонбодум мен бардым, Тузакка түшүп каларым. Көрбөйт экен мээнетти, Жек көрөт экен дөөлөттү, Ошол жерде сен барсың, Кыргыздын түбү Манастан, Кыдыртып койбой кеп салдың. Угуздуң көпкөн жаштарга, Кыргызды карай кол тартып, Каңгайдан колду баштаарга, Масилетте бирге элең, Сатайды Бекер таштаарга. Ортого койгон кеп-кеңеш, Отор, Батай, Катайга, Отурдуң, Бетер, Биргелеш, Кеңешти мыктап кылдыңар, Эл ичинен кектүүнү, Эп келтирип жыйдыңар. Тартып алды хандыкты, Оторду шайлап хан кылды, Тамтыгымды кетирип, Тарпымды менин чыгарды. Билмексен болуп, сен Бетер, Бүгүн меңсеп сурайсың, Көрбөсөм да көргөндөй, Көрүп турам пейлиңди. Эшиктен кирип кыйшактап, Келгениңде билгемин, Кетирдиңби башкага, Келген Отор бегиңди. Орун бербейт Сатай, деп, Батыруучу сени ал, Батай менен Катай, деп Жиберип ийип ал жерге, Эми келип турасың, Сатайдын алы кандай? – деп.