Карыганча кара нээт, Сен жүрөсүң бокту жеп, Калжаңдаган неме эле, Мен жүрөмүн мейли, деп. Тапшырып Отор кеткендир, Сатайдан кабар бергин, деп. Уруксат бердим, бара бер, Оторуңа кабар бер, Козголбосмун ордуман, Аман болсо Чигитей, Чык эшикке, Бетер! – деп, Айдап Сатай жиберди. Пейлин Сатай бузуптур, Эшикке чыгып кеталбай, Апкаарып Бетер кусуптур, Жүрөгү чыгып апкаарып, Басалбай Бетер тамтайып: “Бар пейлимди билди, — деп, Сатай кандай болду, — деп, Иттен бетер чык деди, Чыкпасам эми болбойт” – деп, Эшикке чыгып ал бетер: “Хан Сатайдын үстүнө, Кириптирмин мен бекер. Канымдын менин чачар, — деп, Кардымды жарып кабакка, Сүйрөтүп барып таштаар, — деп, Ит жесе мени арман жок, Көмдүрүп Сатай таштайт го, Кой деп айтар дарман жок. Отор, Батай, Катайга, Өзүм барып айтпасам, Мындан башка айлам жок. Мени Сатай эске алып, Издеп-сурап тапкынча, Түндө уктабай жол тартып, Белдүүлөргө барайын, Бар кебимди айтканча.” Бетер кары какжаңдап, Бет алып долго салыптыр, Белдүүлөр жаткан чогулуп, Бектерине барыптыр, Батай, Катай ал экөө, Баш көтөрүп аңгыча, Эстерин жыйнап алыптыр, Бетер кары келди, деп, Токтоно албай чоң Отор, Этек-жеңи делбиреп, Батай менен Катайдын, Астына чуркап ал келет: — Батай, Катай – бектерим, Бекер Отор келбедиң, Айтайын деп мен келдим, Бетер агам келгенин. Чогулушуп угалы, Бетердин болсо кептерин, - Кылчайып артын бир тиктеп, - Бетер ага, бери келгин, Отордун кебин угуп тур, Үйгө кирип как жайып, Абышка Бетер туруптур. Отор опсуз сүйүнүп, Дем албай жаны жүгүрүп, Бетердин кебин уккунча, Чыдай албай күйүгүп. Ормойо тиктеп Батайы, Одурайып Катайы, Оройу суук үч итке, Бетер кебин айтканы: — Коктукаттын калаага, Отор барган аларга, Силерге, балдар, жибердим, Учурап калып талаада. Уккандырсың Отордон, Силер байлап жүргөндө, Сатай колдон бошонгон. Бошоткон киши Чигитей, Такка минген ал Сатай. Коктукатка шүк келбей, Хандык өкүм колунда, Качан болсо ал Сатай, Кыргыздын сүрөт доорунда. Орун берип оңдурбай, Коктукаттын шаарында, Оторду бир күн кондурбай, Силерге Отор кеткенде, Билмемиш болуп Сатайга, Барып келдим бир кезде. Тамаша талгак кеп салдым, Өзүң улук болгондо, Унутуп калдың, деп салдым, Башканы койуп мен бетер, Меңсеп бергин деп бардың. Менден угуп бар кепти, Бетине Сатай каар септи, Айтканы жок ал Сатай, Баштан-айак түз кепти. “Өлүмүң бүгүн дары, — деп, Сен билмексен болгон кары, — деп, Мен жүргөмүн саа, Бетер, Бир киши го мейли деп. Отор тойду бергенде, Сен жөөлүдүң го бокту жеп. Хандыкты алдың ал күнү, Кайгыны салдың кай күнү, Чигитей баатыр кетирди, Башка түшкөн муң күндү, Колума кайра жеткирди, Жыргап жаткан бул күндү. Талаадан келген Оторду, Түшүрбөй кайра кетирдиң, Батай менен Катайга – Жаш балдарга жеткирдиң. Ачуум келсе сени мен, Ушу жерде сойом, — деп, Бооруңду кактап жөн эле, Чокко салып тойом!” – деп, Үйүнөн кууп чыгарды, “Көрүнбөй көзгө жогол!” – деп. Укпаган кебим калбады. Баары көргөн-билгенин, Айтып барды Бетери, Одураңдап ошондо, Отору жаман кекенди. Кекенип Отор боло элек, Кеп ордуна толо элек, Бала Батай дегендин, Ачуусу келип бэкемдеп, Оторго тийди жемелеп: — Бетер сен кары болбой кал, Көзүң кызыл, сакалы ак, Карылык жашка толбой кал! Оторуң жакшы киши эмес, Ойлоп, Бетер, билип кал! Угушумча көп элден, Укмуш кулак билгенден, Маңгыттын тартып жабырын, Көп кырылган биздин эл. Хан Калдык качып баана деп. Түбүбүз бирге экенбиз, Мен келдим, каңгай, сага, деп, Себеби менен Калдыктын, Коктукаттын тагына, Сатай минген бул бир кеп. Калдуубет келди караандаш, Ойрот, буйрат, чоң солто, Канча дөөлөр баш болуп, Сомбилектин колунан, Өлүп кетти далай жаш. Түбү тууган маңгыттын, Өзү бузук бул иттин, Айтканын көр, сөзүн көр, Сөзү бузук бул иттин, Атасы маңгыт чоңу экен, Энеси моңгул кызы экен, Орто жерде туулагн, Отор деген ушу экен. “Жээн үйгө киргинче, Жети бөрү кирсин” – деп, Эл айтканы чын экен. Той берем деп эл жыйып, Арактан берип мас кылып, Элебей туруп Оторду, Коктукаттын шаарына, Биз койупбуз баш кылып. Баш болгондо турбады, Барган жерде бул Отор, Көзүнүн жашын тыйбады, Көрүнгөнгө арыз айтып, Өңгүрөктөп ыйлады. Таңгыттан Дөрбөн элүү миң, Манжудан Катай элүү миң, Моңгулдан алдым элүү миң, Таласты көздөй жол тартып, Оторду алып ортого, Биз жөнөдүк кол тартып. Таласты талап алабы, Же талатып ийип Таласка, Талаада өзү калабы? Олтурган Отор ойлобойт, Пайда менен залалды. Ортого казак элдерди, Өз ойунча талады. Сатай менен Медеркан, Салпылдатып айдады, Колу менен буттарын, Кыймылдаткыс байлады, Ошентип жүрүп темтеңдеп, Таласка бара албады. Таласта жаткан кыргыздар, Биз жактан кабар алганбы, Сомбилек уулу Чигитей, Токтоосуз келип калганы. Одураңдайт үйүндө, Оңой эмес жоо саймак, Жыгалбай Отор калганы. Дөрбөндү аттан сулатты, Мен Батайды кууратты, Кабыргасын Катайдын, Калтырбай баарын кыйратты, Отор чыкпай койгондо, Каңгайдын калкы чубашты. Дөрбөндү сайып жыкканда, Таңгыттын журту чуулдашты, Моңгулдан мурун бузулуп, Таңгыттын эли чубашты. Жаралуу болуп биз жаттык, Отор улук болбосто, Элде жатып жан бактык, Оторду ээрчип биз барып, Опурулган жин кактык. Келип калды биздерге, Кезене албас жайыбыз, Жалтайып калдык чогулуп, Жалпы жаштар баарыбыз. Моңгул, манжу, маңгытты, Аралаш ушул бир журт, деп, Бетер кары, сен айттың, Ырас экен угушсак, Кыргыздын иши кыйын, деп, Кыйын ишке биз бастык. Кыйыны кыйын экен го, Кызыталак кыргыздан, Калбай такыр кыйраштык, Чандандардын калганын, Чалкалаган балбанын, Баарын койбой кыйраттык. Сатайды тактан түшүрдүк, Отордун ишин бүтүрдүк, Оорудан байкап элебей, Далайдан бери күтүндүк. Бузуктугуң сандан көп, Алдакей сөзүң мындан көп, Сендей, Отор дүйнөдө, Ала көөдөн дардаң көп. Мында турбай кетип кал, Кайда барсаң анда бар, Моңгулга келсе кол салып, Баш болуучу биздер бар, Атаңдын кунун кууп алсаң, Өз бетиңче кууп алгын, Атаңдын кунун куубасаң, Уйалбасаң тим калгын. Каңгайга келсе катышып, Кыргыздан чыккан Чигитей, Катай менен мен бармын! Батай жаман оолугуп, Басайып калды соолугуп, Кара тер басты Оторду, Карап муну отуруп. Козголуп өөдө комдонуп, Жүүртө басып оңдонуп: — Батай бала, не дейсиң? Баш-аламан кепти айтып, Баркы жок кандай сүйлөйсүң? Келип калса Чигитей, Баш болуучу мен, дедиң, Мында турбай, сен Отор, Кайда барсаң бар, дедиң. Атам менин Калдуубет, Кара эмес хан экен, Калдуубеттин алдында, Калганың тирүү бар бекен? Калдуубет уулу мен Отор, Жыпжылма түзөп кетемин, Батай, сени соо койбой! Кындык кесип кир жууган, Жерим менин бул Каңгай, Ата-баба, бир тууган, Элим менин бул Каңгай. Айтса кептин эби бар. Менин ата тегим бар, Мыктысынба, сен Батай, Атын угуп эл билген, Сенин атаңдын кайсы кеби бар?! Отор буга келгенде, Оолукту Катай жөн турбай: — Атам менин хан, дедиң, Бул айтканың кай кебиң? Жерим менин Каңгай, деп, Элим менин моңгул, деп, Бул айтканың кай кебиң? Түп атаңды, жайыңды, Мен туруп, угуп билгемин. Эки күн турса дем алып, Карды тойуп кампайып, Караандуу киши кептенип, Калат дечү дампайып, Кара жайга күч келсе, Качып барып бир жерге, Калат дечү жалбарып. Аз болгондо үч атаң, Азып жүрүп өлүптүр, Көп болгондо жети атаң, Тентип жүрүп өлүптүр, Өкүмүңө каңгайлык, Элебей туруп көнүптүр. Элге күйбөй жан баккан, Эп келтирип мал тапкан, Жайыңды таңгыт билиптир, Тил албай жолго кириптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.