Карып калган кезиңде, Какжаңдай бериш жакшы эмес, Күдүңдөп күлү калакай, Жакжаңдай бериш жакшы эмес, Кары болсоң карыдай, Саксаңдай бериш жакшы эмес, Айтарга сөздү берди, деп, Бакжаңдай бериш жакшы эмес, Келгин деди мени, деп, Дакдаңдай бериш жакшы эмес. Ашыкканың бир кеп бар, Карынын жашы, айта сал. Угуп Бетер токтолуп, Улутунуп үшкүрүп, Буйт дегинче чүчкүрүп: — Сага келдим, Каратил, Келгенимдин жайын бил, Айткалы сырын келгемин, Батай, Катай иниңдин. Калдуубеттин Отору, Кек алам деп кыргыздан, Калың элди козгоду, Инилериң ал күнү, Эң алдында коштоду, Баатырлык атка конгондо, Битине батпай кош болду. Кыргызга барып жеңдирип, Сатайга такты миндирип, Жаралуу болуп Батайың, Кан жөткүрүп Катайың, Балалык кылып ой кыска, Ал экөөнүн, Каратил, Кай кылыгын айтайын!, Кубалап ийди Оторду, Качып Отор жоголду. Жаралуу болду Дөрбөн, деп, Манжу, моңгул, таңгытты, Дүпдүрөңдөп сүрдүң, деп, Түп атаңдан бер жакка, Баш калкалап баана издеп, Качып жүргөн экенсиң, Тек жайыңды билдим, деп, Көөнү калат дебестен, Батай, Катай – экөө тең, Катар айтты жемелеп. Коктукат кетти ал Отор, Көзүнүн жашы себээлеп. Карыйабыз Каратил, Айтып койгун ошого, Калбасын көөнү менден, деп, Ошол үчүн, Каратил, Мен алдыңа келдим, — деп. Угуп болуп Каратил, (Көзү сокур жаман тил) Олойо тиктеп Бетерди, Оголе жаман кекенди: — Бузук эмес Отор, — деп, Бузук Бетер сенсиң, — деп, Жаман эмес Отор, — деп, Жаман Бетер сенсиң, — деп, Сен жаныңды багып жай жатпай, Жаштарга айтып канча кеп, Таарынышты жаштар, деп, Жүрөсүң эми темтеңдеп! Келе жаткан жаш балдар, Кээде кепти алучу, Кээде албай калучу, Жаш ашкан соң элүүдөн, Кеби өтпөй каруучу. Өмүр көргөн адамзат, Өтөр күнү мына ушу. Убара болуп бүжүңдөп, Ушак ташып бүжүрөп, Балтыр биттей күбүрөп, Сакалың ак, чачың ак, Саксаңдаган ит Бетер, Антип жүрүш кайсы кеп? Мен укпадым урушту, Оңой эмес жумуш бу. Үйүңө барып, сен Бетер, Ойгонбостон жаткын! — деп, Каратил болбой койгону. Кылмышкер болуп Бетери, Эшикке чыкты кеткели, Өтүп кетти сөөгүнөн, Каратилдин кептери, Эшиктин чыгып алдына, Ал Оторду эстеди: “Коктукатка барайын, Бар деп айткан Отордун, Не жумушу бар экен, Байкап аны калайын.” Коктукат көздөй жөнөдү, Батай, Катай, Каратил, Кеткенин мунун көрбөдү, Батай, Катай, - эки жаш, Эки башка санаасы – Экөө болуп эки баш, Бири бармак Оторго, Бири барбас болгонго, Кеп талашып эки баш, Алар антип турганда, Каратил жетип барыптыр, Бетердин айткан бар кебин, Буларга айта салыптыр: — Бетерден уктум кептерди, Билбедим Бетер кеткенби? Эмне кеңеш тапты, деп, Угайын деп силерден, Келдим эле мен, — деди. Батай, Катай унчукпай, Башын салып олтурду, Атасы менен бир тууган, Атасындай Каратил: — Акылы кыска эки акмак, Айтканымды көөнүңө ил, Бириңдин көөнүң Отордо, Сатайда көөнүң бириңдин. “Өз жериңден чыккынча, Өз элиңди саткынча, Өлгүн” деген макал бар. Оторду сүрсөң бузук, деп, Сатайды сүрүп салсаңар, Улуктугу кызык, деп, Элдин баары экөөңдү, Жаман көрөт бузук, деп. Ата-энеден жаш болдуң, Жетим өскөн чунактар, Эми элге баш болдуң. Отор да душман силерге, Жаңкалактап сөз менен, Айдап барып кыргызга, Кан төгүшүп жүрөргө, Теги моңгул уругу, Пайдасы тийет берерде. Сатайды сүрсөң шаарынан, Качып келип турдуңар, Чигитейдин каарынан, Эсебин чындап алат го, Чогултуп туруп барыңан. Силерге айтар кебим бар, Тил алсаңар кабыл ал, Тээ Чаңбейсендин ойунда, Кара кытай ханы бар, Баш калкалап, мал тартып, Ошондон аскер алыңар. Чогулушуп биригип, Чигитейди жыксаңар, Андан кийин Оторду, Сүрүп анан таштаңар. Сатайды сойуп кан ичип, Тагына минип эл билип, Татынакай жатсаңар. Каратил айтып болгону, Ачык кебин айтпады, Башын чайкап Батайы, Айткан кепке болбоду. Батайдын көрүп кабагын, Унчукпай Катай токтолду. Кайсы жакка бараарын, Кайсы жакка тураарын, Кимдин алын сураарын, Кимден аскер кураарын, Биле албай булар калыптыр. Балакет баскан Бетери, Коктукатка барыптыр, Коктукат барган Отору, Олтурган экен бир үйдө, Сатып алып короону. “Аркадан Бетер келер, — деп, Ачык кабар берер” — деп, Жоо жарагын аттанчуу, Аты-тонун белендеп, Түндөсү уйку уктабай, Күндүзү тынчып дем албай, Турган экен элеңдеп, Кирип келди Бетери, Ээгинде сакал сепеңдеп. Эптүүлөнүп Оторго, Баары көргөн-укканын, Айтып берди Бетер кеп. Жай алар көөнү кабар жок, Кайсы жакка агарын, Ачык билген жана жок, Үшкүрүп Отор олтурду, Кандай кылат амал жок. Бетер кары булкунуп: — Кокуй, Отор, не болдуң, Олтурасың улутунуп! Атыңды минип камдангын, Жоо жарагың бүт алгын, Чуркан салып бул шаарга, Сатайдан хандык колго алгын, Келбегенин көрөлүк, Келберсиген экөөнүн- Каратил менен балдардын. Айласыз турган ал Отор, Абдан акыл ушул, деп, Алдырып чыгып байлоодон, Атын минип делбиреп, Ачылып көзү жумулуп, Ордого келди кеңгиреп. Сатайдын кеткен кишиси, Эмгичекти келелек, Карыган Сатай амалсыз, Алсырады сендиреп. — Болгун Сатай, болгунуң, Тактаны ылдам бергин, — деп, Керилип жатчуу чойулуп, Бакчаны ылдам бергин! — деп, Башында улук мен элем, Байкоосуз улук сен болдуң, Өз ордума келдим, — деп, Кекетип Отор турганда, Барган киши келиптир, Баары кебин Сатайга, Калтырбай айтып бериптир. Үмүт үзүп айактан, Үкүс угуп буйактан, Алдыртан кылып кабарды, Канча миң аскер кол алып, Карыган Сатай аттанган. Кайсы экенин ким билет, Коктукаттын калаасы, Чакчелекей, будуң чаң, Өлүп жаткан андан көп, Көчөнүн ичи кызыл кан. Ой-тоонун баары чаң болду, Орустан бери карата, Уккан элге даң болду. Кытайдын ханы угуптур: — Кызыталак Отор, — деп, Кыргызга барып катылып, Калбаны тапкан ошол, — деп, Атасы өлгөн Калдуубет, Аркасынан кошом, — деп, Эки бөлөк эл болуп, Эрегишип урушуп, Өлүп кетер бекен” – деп, Тобуке деген бир балбан, Токсон миң аскер жиберет. Отор алган калааны, Өлтүрүп жаны тынчыган, Сатай кары адамды. Бу кабарды Таласта, Чигитей угуп калганы, Угуп туруп Чигитей, Чыдап тура албады, Алтай менен барам, деп, Медеркан көздөй аттанды. Кутупту көздөй жол тартып, Кур семирген тору атчан, Кутурган бала оң тартып, Өткөн чактан азыр чак, Калган экен бой тартып. Желектин башын жапырып, Жез найза кармап чамынып, Карагай найза өңөрүп, Кара мүртөс Чигитей, Атасынча көгөрүп, Кайрылбай жолго салыптыр, Медеркан менен тилдешип: — Жай жаткын, — деп сүйлөшүп, Жабыр салба тынч элге, Кол жыйам деп дүрбөтүп. Жалгыз өзүм аламын, Моңгул, манжу, таңгытты, Кытайды кошо жүдөтүп, Койо берген болчумун, Атка минер немесин, Байакында сүрдөтүп. Барган-келген кербенден, Барып келген элдерден, Угуп жүрөм далай кеп, Кытайдан келген Тобуке, Токсон миң аскер келген, деп. Тобуке, Дөрбөн башка жоо, Батай, Катай, Отору – Үчөөнүн жолу башка жоо. Өлүптүр Сатай карыбыз, Өлсө кандай кылабыз, Кылган кызмат биз үчүн, Ким өлтүрсө Сатайды, Көргөндөрдөн угарбыз, Ошондон кунун кубарбыз. Таласта бар Мадыбек, Алтайда сенсиң, Медеркан, Алышкан душман көп болду, Батыш менен чыгыштан. Кабар алгын экөөң, — деп, Жалгыз башым барайын, Кыргыз үчүн кыйналып, Кыйноого тууган баламын, Кыйамына келтирип, Кытай, таңгыт, моңгулдун – Баарын жеңип алармын, Өчөшсө кытай баш тартпай, Чаңбейсенге барармын. Айтып койуп Чигитей, Аттанып кетти Алтайдан, Өлгөн Сатай шаарына – Коктукат көздөй бараткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.