← Чигитей 4/8

Түбүбүз бирге тууган, деп, Таңгытка барсаң өзүң бил, Түп атам өткөн экен, деп, Жерди таштап бекерлеп, Батышка барсаң өзүң бил. Барсаң түркмөн эл бербейт, Эл турмайлык жер бербейт, Кайдан келдиң сен ким, дейт, Баш калкалап банаалап, Тура албайсың бир элге, Ата-бабаң мурасы, Ушу пейлиң барында, Баталбайсың башка элге. Кайда кетсең анда кет, Көрүнбөй биздин көзгө! — деп, Катай катуу сүйлөндү. Ойуна кетти Отордун: “Батай, Катай экөө тең, Араң турат жандары, Кара бойу жаралуу, Ырп этер жок дарманы, Катар экөөн сулатып, Канын ичип тойсомбу? Кел бери деп Сатайды, Үксөңдөп туруп ошондон, Хандыкты алып койсомбу? Далай күнү бир жаткан, Какайдын этин тең таткан, Дөрбөнгө барсам болорбу? Олураңдап ал дагы, Оңдурбай мени койорбу?” Барарга жерди табалбай, Каңгайга эми баталбай, Катышып койуп кыргызга, Чигитей келсе кантем, деп, Уктап үйдө жаталбай, Кейпи кетип,өңү азып, Күндөн-күнгө муң басып, Басынып Отор болгону. “Атасынын бир көрү, Батай, Катай- экөөн тең, Жаралуу го болжолу, Таштап койуп буларды, Сатайга барсам болбойбу? Коркутсам Сатай колумда, Байакы такта ордумда, Дагы такка минейин, Чигитей мында жогунда.” Ойлонуп Отор капырдын, Токтоду акыл ушуга. Бетердин басып бир бутун, Оңдонуп Отор турду эле, Эшикти карай чыгууга. Көрүп Батай калыптыр, Күркүрөгөн чоң Батай, Олтуруп калбай салыптыр. — Элди бузуп ириткен, Эл бузугу бул Бетер, Жөн коппой, Отор, ордуңдан, Баспайсың бутун сен бекер! Бут басканда шааны бар, Жайын, Отор, айта сал! Ана-муна дегинче, Айсал-үйсөл дедирбей, Отор чыга берди эле, — Коппой, Бетер, олтур! — деп, Батайдан ачуу келди эле, - Эл карысы деп жүрсөм, Эл бузугу экенсиң, Калк карысы деп жүрсөм, Калк бузугу экенсиң, Какжаңдаган куу баш чал, Карганда болуп бузуку, Кай муратка жетерсиң?! Бутуңду басса Оторго, Ордуңдан кобо каласың, Темтеңдеп ээрчип бир кулду, Тентек чал, кайда барасың?! Башыңды жөлөр кишиң жок, Бир талаада каласың! Акыл десең тилимди ал, Тилдеди десең көөнүңө ал, Чыккын, Бетер, эшикке, Кайда барсаң анда бар! Айтып Батай жаман тил, Отор менен Бетерди - Экөөнү катар кекетти, Эшикке чыга бергенде, Катайы айтат бир кепти: — Байкаталы көз салып, Эшикке чыгып-киргенде, Бетер менен Оторду. Биргелешип ал экөө, Олтурабы бир жерде, Сен экөөбүз жарадар, Же чуу салабы бул элге? Он эки күндүк орто жол, Коктукатка барабы, Сатайга барып үксөңдөп, Калааны тартып аларбы? Чигитей угуп кабарды, Бир балааны табарбы? Бузуктун иши ушундай, Бүткүл каңгай амалдуу. Оторду кууп ийди, деп, Чигитейге эл барбайт, Барган менен эл анда, Чигитей элге тил албайт. Ай балта, кылыч эгешип, Сен экөөбүз ээрчише, Чыгып койдук кыргызга, Карсылдашып теңдешип. Отор шамал жел эле, Келип калса кыргыздар, Агызып кетер сел эле. Көңүлү сууп жай алып, Тура турсун Отор, деп, Мен айтканым ал эле, Эшикке чыккан жоголду, Тың сүйлөдүң сен эле. Деп Батайга Катай кеп салды, Угуп Батай Катайга, Капаланып деп салды: — Туулганда бир башка, Боолугу бар өлүмдүн, Чигитей менен Отордун, Кимисинен өлөбүз, Аны кимден көрөбүз? Артынан барсак жалынып, Ага жакшы болобу? Кол куушуруп ал айтып, Кыргызга барсак кошулуп, Чигитей аман койобу? Келген күнү өлүмдүн, Боолугун анан көрөлү, Экөөнө тең баш ийбей, Бөлүнүп туруп өлөлү, Мен айыксам көрсөтөм, Баарысына өнөрдү! Батайдыкын акыл, деп, Унчукпай Катай макул, деп, Сокмоктуу сөздөн бүткөнсүп, Чаласы жок кеп-кеңеш, Үйүндө булар калыптыр. Бетер чыкса эшикке, Аттанып Отор алыптыр, Кайда барат экен, деп, Кабарын укпай бекер, деп, Карыган Бетер бүгүлүп, Карсылдап тизе жүгүрүп, “Атынан айтып кычырсам, Үйдөкү экөө туйунса, Каным кетер төгүлүп.” Тебетей ыргап, кол булгап, Бир туурага бет алып, Жүрүп берди жулжуңдап. Өзү кыйар арамза, Калдуубеттин Отору, Кычырган жери буйак, деп, Баручу жагын болжоду, Капташты экөө бир жерде, Калың токой бир черде, Айланып жүрүп киришти, Ортосунда бир жерге. Ойлорунда турушту, “Келбейт деп буга эч бенде, Күдүңдөп Бетер кеп баштап: — Күйөрүм, Отор, — деп баштап, Кулагың угуп сен кеттиң, Күүлөндү Батай кыйгачтап, Экөөбүздү бир деди, Кудай урсун бул экөөн, Түпкүлүгүн билбеди. Атка минип алыпсың, Сен кайсы жакка жүргөлү? — Жашырсам болбойт мен, Бетер, “Сай калар да, сел кетер” Ушул жерден аттанып, Отор жүрбөйт бепбекер. Аттанып жолго салармын, Коктукатка барармын, Коркутуп туруп Сатайдан, Шаарды тартып алармын. Улуктук колго тийгенде, Күмүш такты мингенде, Күүлдөгөн бул экөө, Барбаганын көрөйүн, Айтканымды кылбасам, Отор болбой өлөйүн, Кечиктирбе, Бетербай, Пейлимди буздум жөнөйүн. Бетер анда кеп айтат: — Болбойсуң, Отор, — деп айтат, Сатайга бүлүк саларсың, Бир калбаны табарсың, Кыргыз, моңгул, - баары жоо, Таңгыт жоолоп аа кошо, Сен кайда барып батарсың? Мен айтамын сөзүм жай, Батай менен Катайдын, Атасы менен бир тууган, Каратил деп кары бар, Каратилге баралы, Каратил менен тилдешип, Кабарлашып жаналы. Бетердин айткан кебине, Болбой Отор койгону, Мойнун буруп толгоду, Баланча күнү, Бетер чал Коктукатта болгун, деп, Күн эсебин болжоду. Мингени күлүк чаалыкпас, Күндө чапса талыкпас, Сатайдан тартып так алмак, Кетип барат далбактап. Өзүм баатыр дегенсип, Асынып жааны мойнуна, Атканын жазбас мергенсип, Кындуу кылыч белинде, Кандуу найза колунда, Кара темир калканы, Калдаңдап турат жонунда. Отор жетип барыптыр, Коктукаттын оозуна: — Дарбаза баккан ким? — деди, Мен Отор хан бил, — деди, Тактаны берсин Сатайың, Көрүнөө айтып кир! — деди, Тапшырсын минер тактаны, Кирдетип Сатай койгондур, Кулпунта албай бакчаны. Кечикпей такты бат берсин, Жан керек болсо маа келсин, Тойгон болсо жанынан, Бербеймин такты деп көрсүн! Кароолчу айтып барыптыр, Бар кепти укту Сатайы, Сайышарга чама жок, Сатай карып калыптыр. Башын салып жер тиктеп, Олтуруп калды бир далай, Аңгычакты болбоду, Кирип келди бир малай. — Кел, малайым, бол, — деди, Ылгаган атың мин, — деди, Кат берейин колуңа, Кийликпей жолго кир! — деди. Ойунда турат Сатайдын, Батай, Катай келбеди, Келбегенде билиптир, Кубалап аны ийгенде. — Жаңы баатыр бектерге - Батай, Катай дегенге, Катты алпарып тапшырып, Кайта келгин! — деди эле, - Эшикте Отор болбосун, Жибербей сени койбосун, Мен турганда тактада, Дегеле жаман болбойсуң, Түпкүлүгүң ойлогун. Хан жумшаса калдаңдап, Буту жерге тийбестен, Катуу чуркап далдаңдап, Калдалаңдап шашылып, Катуу жаман ашыгып, Ордого Отор келгинче, Өтүп кетти шашылып. Ат айабай катуулап, Чоң жолго кирбей бөксөдө, Адыр менен сабуулап, Түн уйкусун бөлүптүр, Түн бойунча жөнөптүр. Күндө тыным албаптыр, Ат чалдырып баспастан, Азык ичип албастан, Карбаластап олтуруп, Батай, Катай дегенге, Катты ханы эрлерге, Алып барып берди эле, Катты окуп Батайы: — Тургун, Катай, баралы, Ажыратып Сатайды, Биз Отордон алалы, Оторго орун бербестен, Чыгарып элдин четинен, Карып калган Сатайдын, Хандыгын кошуп алалы, Кыйын болсо кыргыздар, Кырчылдашып багалы. Улуктук менсеп нең улук, Батайдын пейли бузулуп, Катайына муну айтты. Аттанып Отор кеткенде, Кош эмесе, деп койуп, Калган Бетер карысы, Оторго айткан кеңешке – Каратилге барышы: — Келгин, Бетер, келгин, — деп, Эми неге келдиң? — деп, Үч-төрт жыл болуп баратат, Жаш баладай учкайак, Сен жүрөсүң делдеңдеп.