← Чигитей 1/8

Чапкынчылардын так талашуу кыргыны

Калдуубеттин Отору, Тартып алган хандыгын, Сатай колдон бошоду. Каңгайдан бошоп кош болуп, Кайран Сатай оштонуп, Коктукатка барыптыр, Кош колдоп эли алыптыр, Кошулушуп эл менен, Козголбой жатып калыптыр. Калдуубеттин Отору, Коктукаттын элине, Өзү хандык чагында, Иш башкарган бегине: “Айдама кошуун кара аскер, Айалдабай келгиле, Менден салам силерге, Ат минээрим, баарыңар, Калбай мында келгиле. Таңгыт, манжу элине, Кат жазып кабар бергиле. Баары келсин калбасын, Баспай жатып албасын, Балакет кыргыз Чигитей, Биздин элге барбасын, Кары-жашың кеңешип, Тапкыла мунун айласын!” Деп буйрукту жазыптыр, Чабарманы барыптыр, Отордун жазган каты бар, Ордого кирип катты алып, Сатайга берди түз барып. Чабарманы жаңы экен, Ал меңсепте болгондо, Отор өзү хан экен, Ким экенин Сатайдын, Биле албоочу бала экен. Колуна Сатай катты алып, Кат көтөрүп барганда, Чыгарбай аны карматып, Отордун кылган иши, деп, Кыдыртып шаар айлантып, Кабар салып калкына, Каңгай, манжу, таңгытка, Андан башка бул жерде, Арасында барларга, Кат жиберди далайга: “Мурунку Сатай, мен ханмын, Ойлогун, каңгай, тил алгын, Кылымдын баары жеңе албайт, Кыргыздан чыккан балбанын. Хан болгондо Отордун, Каарына өзүм кармалдым, Бутта кишен, колдо аркан, Ээн басалбай саргардым. Керсары тартып муңайдым, Кетти менин ыраңым, Чигитей келип бошотту, Чексиз мында кубандым, Кайра келип бул жерде, Тагыма минген убагым. Калдуубет келип батыштан, Каардуу ойрот кошулуп, Каңкордон калган кыргызга, Канча сапар катышкан, Калбай өлүп түгөндү, Кан төгүлгөн кагыштан. Батай, Катай биригип, Калдуубеттин Отору, Каңгайлык сага билинип, Дөрбөн келип кошулуп, Кыргызды карай жөнөдү, Бет алган жакка чуу салып, Кызыл кан агып жошулуп. Ойунда ишти кылганы, Сатай менен Медеркан – Бизди айабай кыйнады, Медерканды Чигитей, Таласына кетирди, Талабына жеткирди, Коктукатка баргын, деп, Козголтпой сура шаарды,деп, Мени мында келтирди. Кат жазып Отор чабарман, Жибериптир бул жерге, Чабарманын байладым, Жазаа кылып айдадым, Эми калган журтума, Мындай кабар салмагым: Эби келсе, эл-журттан, Отордон коркуп элеңдеп, Чигитейге барбагын. Бузуктугу маңгыттын, Бүткүл элге тайындуу. Баш көтөрүп, эр чыгып, Башка эл менен тең чыгып, Каңгай келе жатканда, Аркачан келип маңгыттан, Узартпай колду кыскартат. Маңгыттан келсе бир киши, Эр өлүмү, мал пулду, Баарын каңгай эл тартат.” Сатайдын каты барыптыр, Манжу, таңгыт, каңгайлык – Баары кабар алыптыр, Барбайлы деп чогулуп, Кеңеш кыла калыптыр. Каңгайдын эли баспады, Козголбой жатып алганы, Коржоңдогон Отордун, Колунда киши калбады. “Барбасам болбойт Каңгайга, Падыша тактым ал жайда, Бузуктук кылган ким экен, Мурдунан көзөп жетелеп, Кыдыртайын ааламга!” Деп кызталак чоң Отор, Жайылданып алыптыр, Чигитей менен кээри жок, Коктукат шаары кайда, деп, Коржоңдоп жолго салыптыр, Коктукатка барам, деп, Коржоңдоп Отор баратыр. Убайым санаа кыргызда, Түгөнбөгөн көп жатыр, Каңгайдан казак кутулду, Манжу, каңгай, таңгыттан, Калган олжо аттардан, Чигитей алыш ойдо жок, Ырым кылып жалгыз мал, Аралаш казак элине, Арбын малды айдаткан. Олжо менен кээри жок, Ойротто мындай неме жок, Алтын менен арбын мал, Аны менен кээри жок, Ааламда мындай неме жок, Эчтемени элебес, Эр экен өтө кенебес, Каңгайлар элден кеткели, Ак калпак кыргыз алаштын, Ардыгы ичтен кеткени. Таластан кайра Медеркан, Алтайына жеткени. Казактын калкы жай жатты, Кара чайын кайнатты, Актап койуп таруусун, Талканынан жеп жатты. Кымыздан тарткан аракты, Жаштары ичип ар качан, Кызымтал болуп баары жаш, Кыйалда санаа калбаган. Өлөңүн айтып жеңишип, Той беришип эңишип, Чубуруп жүрүп кечкече, Той-торопо ээрчишип. Төрлөргө малы жайылып, Төшөктө чалы былк этпей, Жамбаштары жай алып, Жергелей тартып керүүгө, Желеге кулун байлатып, Казактын эли жатыптыр. Таласта бар Мадыбек, Кыргыздан укса далай кеп. Кошамат кылып эл айтат: — Каңгайды калбай таратып, Баатыр чыкты, Мадыбек, Чигитей биздин бала, — деп, Кармалып калган казактар, Калкыңа келип каралап, Айлыңда жүрүп караандаш, Кайра барып Алтайга, Касиет конду башына. Жергелей тартып, бээ байлап, Жергесинин баары май, Жетер-жетпес жардысы, Жети жүздөн кой айдап. Олуйа Манас айкөлдөн, Хан Жакып көчүп келгели, Камбылдан наркы Баркөлдөн, Ошондон бери карата, Душманга нөөмөт бербеди, Тушуна киши келбеди, Туурдугуңду тилбеди, Канчородон түк башка, Сүтүңө күчүк тийбеди. Азыраак кейиш ал кезде, Келген экен кыргызга, Семетей келип кайрадан, Толгон экен кыргыз да, Ошол кезде ак калпак, Болгон экен кыргызда. Айагы жүрүп кыдырып, Сомбилектин Чигитей, Кылганы журтка угулуп, Каңгайлар качып туралбай, Эки ингенге жыйылып, Эркин болдук кыргыз, деп, Эчтеке менен кээри жок, Козу ордуна тайды жеп, Катыны каймак жалабай, Балдары майга карабай, Өтө эркин болуптур, Көңүлү толуп кыргыз жай, Келиндер тайлак байлашып, Кемпирлер куйрук чайнашып, Кары-жашы дебестен, Эртеден кечке ат кетпей, Эшигине жайнашып. Бай деп атка ээ болгон, Бешжүздөн кулун байлатып, Отуздан бээси тууганды, Эсепке алып койбогон, Аны айак жарды ойлогон. Кыздары кийип кызылды, Кырмызы көйнөк узунду, Келиндер кийип кетени, Жаздыкка тартып кештени, Уулдар кийип шайыдан, Ай сайын да жаңыдан. Эркек-кары аралаш, Жаштарынын кийгени, Түрдүү-түрдүү шай болуп, Козу ордуна сойгону, Кысыр эмди тай болуп, Эркинче кыргыз жатыптыр, Өз алдынча мар болуп. Кымыздан тартып аракты, Кем-керчи жок керегин, Келиштире камдашты, Бир жерге тигип бештен үй, Мырзалары жай жатты. Көк бөрү тартып, кунан чаап, Курбудан кулжа уулашат, Каз-өрдөккө тынч бербей, Шумкарын салып куулдашат. Карылары былк этпей, Казы кертип жеп жатат, Тамаша менен кеч кирип, Жана айланып таң атат. Кыз беришип, той болуп, Өөдө-ылдый иш өтсө, Орто жерде ой болуп, Ошентип кыргыз жатыптыр. Чигитей багып чоңойтуп. Мадыбек элге чоң болуп, Короолош конуп Мөңкөтай, Кол жеткис бууда зор болуп, Чигитейге жакындап, Бирге жатып, бир копкон, Баарынын иши оңолуп, Каркайып төөлөр чубашып, Арак ичип,мас болуп, Кары-жашы дуулашып, Ак калпак кыргыз жатыптыр, Калдуубеттин чоң Отор, Каңгайды көздөй басыптыр. Өзүмдүн шаарым, дегенсип, Өзүмдүн тагым, дегенсип, Коктукаттын шаарына, Бурулбай Отор барыптыр. Муну сүйгөн киши жок, Мурдун чүйрүп бур этип, Бурулуп баары карыптыр. Ордого кирер орун жок, Отор барып түшүүчү, Олтурчу тактын дайны жок, Коктукат кантип калган? — деп, Ошондо Отор ойлонот. Батай, Катай биригип, Отор тойун бергенде, Кыдыртып айтып өткөндү, Айтып берген неме эле, Ошол шаарда туруптур, Бетер деген кары эле, Хан болгондо Оторго, Чоң кеңешчи ал эле. Бетер келип кеп айтат: — Бери кел, Отор, — деп айтат. Мурункудай Коктукат, Сага болбойт куш убак, Сатай туйуп калбасын, Карматып туруп сойдурат. Сен өлтүрүп койбой душманды, Ичине салып бушманды, Бошотуп муну Чигитей, Сатай келип шаар алды. Сен чабарман жибердиң, Жыйнап кел деп, көп жанды, Калмак, манжу, таңгытка, Сатай салды кабарды, Сатайдын сөзүн ырас деп, Сага киши барбады. Бул жерде туруп батпайсың, Бир күн конуп жатпайсың. Батай менен Катайдын, Келгенин билсе Каңгайга, Атайын барат Сатайы, Барса Сатай оңдурбайт, Бүткөн бойу жарадар. Үй-бүлөсү санаадар, Ооруп жаткан жаштарды, Ушул Сатай соо кылбайт.