Чигитей менен Отордун алгачкы беттешүүсү
Андан мурун Чигитей, Каңкай менен Таластын, Башы-айагын калтырбай, Баарын тегиз көрбөгөн, Тобокел кылып бел байлап, Токтобой эми жөнөгөн. Шымалды көздөй толгонуп, Ашып түштү Чигитей, Төө жайлоонун туу белден. Кандырга кирип жол тартып, Каңгайды көздөй оң тартып, Каңгырап жаткан тоо менен, Шаркырап аккан суу менен, Өрөөнү кеңир төр менен, Өрдөк кечкис көл менен, Кулан баскыс чөл менен, Куулар өтпөс көл менен, Куу тайган баскыс чөл менен, Түрүлүп аккан сел менен, Түмпүйгөн токой чер менен, Артуу-артуу бел менен, Адам жүргүс жол менен, Бөктөр-бөктөр бел менен, Мөмө жыгач жер менен, Бөксөдө улуу жол менен, Мөлтүрөп аккан суу менен, Мөндүрдөй аппак кум менен, Бөлүнүп жүрүп олтурду, Күн эсебин чунагың, Он экиге толтурду. Оңунан иши келиптир, Ойундагы талабын, Колуна мунун бериптир. Адашып кетпей башкага, Каркыранын Ташмойнок, Аш бергенде ал жерге, Арстан Манас көк жалың, Чыгып келген Ташмойнок, Мойноктун чыгып кырына, Дүрбүсүн алып колуна, Көз жиберип карады, Үч каркыра көк төбө, Тоосу менен ойуна. Топтоп болгон адам көп, Адамынан малы көп, Ары бери чубашып, Айдап жүргөн дагы көп, Аркы терки түрү көп, Адам билгич сүрү көп, Чуру – чуу түшүп ыйлаган, Чоң-кичинин үнү көп, Жердин бети күбүрөп, Жан – жаныбар дүмүңдөп, Какшаган элдин үнүнөн, Күн тийе албай күдүңдөп, Бул эмне шүмдук? деп, Мундайды мурда көрбөгөн, Угуп аны билбеген, Тобокел кылып чунагың, Камчыга бөлөп Тору атты, Ызы – чуу түшкөн көп элге – Ошого кетип баратты. Эки кыркуу, бир өзөн, Аттап өтүп баратып, Ат айабай чунагың, Каттап өтүп баратып, Ак сакалдуу бир чалга, Учурап калды жанашып. Көрө койуп чал айтып: — Аа, кокуй налат! Деп айтып, Айланайын кулунум, Атыңдын башын бургунуң, Айал кылып тургунуң, Чалдын кебин угуп ал, Чанаңдаган жетимим, Андан кийин жолго сал! Энтелеп шашып алыпсың, Элирип чаап калыпсың, Эң эле жаман экенсиң, Бир балааны таапсың. Талаада ыйлап мен турам, Тар болгон бүгүн заманам, Каныбызды калмактар, Кармап алып байлаган, Жылаңайак токмоктоп, Куйкасына туз куйуп, Таманына шиш кагып, Кокуйлатып айдаган. Алты күндөн бер жакка, Күнүгө бирден кар кылат, Көрүп турган эл журтка, Кең дүйнөнү тар кылат, Камчыга бөлөп токмоктоп, Челектей башын тоо кылат, Мына мындай иш кылып, Казактын элин кыйнады, Кылганын көрүп калмактын, Ошону үчүн биздин эл, Мына минтип ыйлады. Сен да барсаң ал жерге, Кийимиң башка, ат бөлөк Турушуң элден бөпбөлөк, Бир балааны табасың, Башыңа кайгы жыйасың, Анда кандай кыласың? Ал жерге барып көргүнчө, Көрбөгөн жакшы, чунагым! Түптүүдөн тукум Чигитей, Укканда мындан кенебей, Жалындап ичи куйгөн чок, Жолдошу көп немедей: — Казактын ханы ким эле? Кабарын айтып бергиниң, Кыйнаган калмак чоңу ким? Кыйарын атып бергиниң. Байатан айткан кебиңдин – Кыйнаган менен кыйналган, Эки жагын билем мен. Ак сакалдуу чал айтат: — Ханымдын аты Медеркан, Калмактын ханы Отору, Хан болгонго казакка, Какшатып урат ошону. Күндө бир убак тебээлейт, Кыргызың колдоп койот, деп, Тузду ачуу чылатып, Куйкасын тилип себээлейт. Кепти укту чалынан, Кейпи кетип, өңү азып, Курчуду жүрөк абыдан. Үстүндөгү темир тон, Бүчүлүгүн бүчүлөп, Опчулугун опчулап, Кара бойун топчулап, Бөрү тилме көк найза, Бекемдеп кармап колуна, Бурулбастан чу койду, Жыйылган каңгай тобуна. Кире берсе белестен, Айдап келе жатыптыр, Бир кишини жолунда. Ким экенин билбеди, Он беш экен айдакчы, Бурулбай барып тийгени, Ачып көздү жумгунча, Баарын жалмап жиберди. Кылчайып артын карады, Бутунда тушоо, колдо аркан, Куйкасынан сары суу, Таманынан кан аккан, Турган экен бир адам. — Өзүң кимсиң, атың ким? Бутта тушоо, колдо аркан, Болуптурсуң көөнүң кир. Сомбилектин уулумун, Чигитей атым менин бил. Колуңду койуп байлоого, Өзүңдү койуп айдоого, Жалжылдап түрө тиктеген, Эки көзүң жайноодо, Өзүң кимсиң? Жериң ким? Канатташ жүргөн каралаш, Короолош айлың сенин ким? Тарпыңды сенин чыгарып, Кийгизбей тартма жылаңач, Башыңдан жыдып чыккан чач, Көзүңдөн аккан кандуу жаш, Кыйнаган сени кишиң ким? Алдында айткын сен өзүң, Адамга кылмыш ишиңди, Андан кийин билдиргин, Айдап жүргөн кишиңди. Кебиңдин угуп шаанысын, Керектүүдөн болсоң сен, Сага кастык кылгандын, Кетирейин баарысын. Бар болсо сенин кылмышың, Айдап жүрүп эркинче, Ай –ааламды кыдыртсын. Байлоодо колу турган эр: — Уругу казак биздин эл, Атымды уксаң Медеркан, Короолош болуп кыргызга, Каңгайдан көрүп кордукту, Бойолуп канга келатам. Узартып айтар жерим жок, Атың болсо Чигитей, Атаңдын аты Сомбилек, Көргөн күнүм мына бул, Каңгайлардан олжо алып, Кыргызга кызмат кылам, деп. Казак, моңгул аралаш, Жүрүчү элек бир жайлап, Жергелей тартып желени, Өйүз-бүйүз бээ байлап. Кээ-кээзинде моңгулдар, Байкоосуз алым алчу эле, Баш бербеген тентеги, Анча-мунча жылкыдан, Айдап кетип калчу эле. Ошентип жүрдүк бир далай, Бекбачанын Сомбилек, Каңгайды барып каратты. Тартууга алды көп малды, “Жылында берет каңгайлык, Алып тур деп колуңа” Каңгайды мага каратты. Сомбилек баатыр өтүптүр, Карматып жатат каңгайлык, Кадимкидей адатты, Калдуубет уулу Отору, Какшатып мени айдатты, Кыйыныраак көрүнөт, Кыргыз, казак дегенге, Бул капырдын кайраты. Байлоого колум түшкөлү, Үч айдан ашып баратат, Накай күндүн эсеби. Баатырдын уулу сен болсоң, Кызмат кылып баатырга, Байланган киши мен болсом, Бошотуп мени ала кет, Так атаңдай эр болсоң. Өлөт элем мен мурун, Өмүр көрүп келатам, Өткөн ишти башыман, Өтүрүк эмес чынды айтам. Ким экенин билбедим, Алты күн болду чоң уруш, Күнүндө эмес түнүндө, Барабан үнү угулат, Көз байланган бүрүлдө. Себеби менен ошонун, Тирүү келдим бул күнгө. Мурун мундай эмес го, Күндөн-күнгө казабы, Көбүрөөк мага көрсөткөн, Окшобогон азабы. Бир күнү колум байлатат, Таманыма шиш кагып, Чыркыратып шор катат, Куйкамды тилип туз куйуп, Көзүмдү менин жайнатат. Камчыга сабап бөлөтүп, Кандуу жаш агып күнү-түн, Кайгы менен күн өтөт. Жаткызып койуп тикенге, Ошол жерге түнөтөт. Кебин укту Чигитей, Колун түшүп чечкинче, Бутундагы кишенди, Ачып алып салгынча, Карала ат менен Көкөйү, Кирип келди аңгыча. Келген Көкөй катынга, Чигитей айткан кеп экен: — Кара мүртөз, боору таш, Кайышпаган эр экен. Жеңе Көкөй, жол болсун, Үч Кошойдун бөксөдө, Кең Таласта жол коштум, Намыс үчүн аттанып, Таластан келдим бул жерге, Талапташ болгон мурунтан, Медеркан акем мынаке, Атыңан, Көкөй, түшө кал. Өмүрлүк бирге жүргүнүң, Бүтпөстүн доорун сүргүнүң. Кишенде колун чечкиниң, Үйүңө алып кеткиниң. Баралбасаң үйүңө, Каңгайы жок тынч жаткан, Башка жакка өткүнүң. Андан кала бергенде, Калың кыргыз, казактын, Медеркан тарткан азаптын, Эсебин алып келермин. Таласка барсаң элге бар, Жиберди деп Чигитей, Мадыбек деген эрге бар. Байлаарыңа бээ берет, Сойуп жесең кой тайар, Былк этпей жатып жесең да, Өлгүчөктү бардыгы, Үйүңдө турат дапдайар. Башка жакка барганда, Байкоосуз жатып алганда, Медеркан өөдө боло албайт, Тамандап басып кобо албайт, Же өлүп кетет саруулап, Бул токмоктон соо калбайт. Беттешкен жерде, жеңеке, Жайыңды сенин сурагам. Мөңкөтай деген немеле, Элден чыккан илегер, Сынык менен түзүктү, Сокур менен бучукту, Ич оору менен өтмөнү, Өпкө оору менен өзгөнү, Эркек эмес катынды, Ооругандын баарыны, Эбин тапкан эр эле. Мен берейин бир белги. Эл үчүн тартып азапты, Мен үчүн көрүп казапты, Кыргызга кызмат кылдың, деп, Каңгайлар муну аксатты. Айыккынча алганың, Таласка барып жай жатчы. Колуна берип бир шамшар: — Мадыбекке бергин, — деп, Үйүңөн чыкпай күнү-түн, Мөңкөтай бирге жүрсүн, — деп, Айдап келген чоңдордон, Ылгап минген жылкыдан, Жыбылжыган жоргодон, Алып келип миндирип, Азгандан келди эки-үчөө, Көкөй менен Медеркан, Кошулду жолдон үч адам, Беш болду киши санаты. Айдаган аты отуз бир, Мингенинен башкасы. Мадыбекке баргын, деп, Чигитей бала узатты. Аттанып алып талаадан, Ажырашып баладан, Ат айабай Медеркан, Тынчы кетип жарадан, Күнү-түнү бир тынбай, Таласка кетип бараткан. Таласка барып жайланып, Мадыбек менен табышып, Мөңкөтайдан дары алып, Мурункудан жакшыраак, Медеркан бойу соо болду. Адамдын уулу ушундай, Таманына каккан шиш, Куйканы тилип куйган туз, Ойунан кетип жоголду, Байлаганы бээ болуп, Сойгону семиз тай болуп, Жатып калды Медеркан, Эми көөнү жай болуп. Медерканды узатып, Сомбилектин Чигитей, Кыйнап жаткан казакты, Кызталак Отор кайда? деп, Алдында Жылантору атты, Камчы үстүнө камчылап, Айанбай бала баратты. Чигитей жетип баргынча, Отор кабар угуптур: Медерканды бир бала Бошотуп алып кетти, деп, Бутта кишен, колдо аркан, Койбой баарын кести, деп, Айдап жүргөн он бешти, Түгөтө кырып баарысын, Түбүнө анын жетти, деп. Медеркан бошоп жатпады, Өзү менен беш киши, Айдаганы, мингени, Жыбылжыган жоргодон, Отуз алты атты алды. Угуп алып чоң Отор, Опурулуп сүйлөнүп, Ого бетер күүлөнүп, Жазгы келген киргин суу, Бузулуп өңү түрдөнүп: — Атай, Көтөк! Кандай кеп, Байлоодо жүргөн Медеркан, Отуз алты ат алып, Аман-эсен кетти, — деп? Уйалбай айтып келишет, Муштумдай болгон бир бала, Он беш эрди өлтүрүп, Түбүбүзгө жетти, — деп! Кара таандай калмаксың, Каарандан башка пайдаң жок, Жашырбай чынын айтканда, Баарың тирүү арбаксың, Бер жакта карап турганың, Жанына коркуп барбапсың. Оторго айтсак угат, — деп, Кеңеш кылып талаада, Кебиңерди жайлапсың, Он беш эрди бир бала, Канткенде жалгыз жайласын?! Атым кайда, алып кел, Менин атым келгинче, Манжулардын Татайы, Сен алдында барып кел! Жумшаса Отор турбады, Татай мойун бурбады, Топтон чыкты бөлүнүп, Тоодой доңуз көрүнүп, Ат айабай жөнөдү, Артынан чаңы бөлүнүп. Ким болсо келген ыраактан, Татай барса алдынан, Каңгайлар калды ойлонуп, Кетет деп каны төгүлүп. Бара жатса чоң Татай, Татынакай жаш бала, Алдынан калды көрүнүп. Кызыл жүздүү, ак беттүү, Кыздан сулуу келбеттүү, Айдардын учу жылтылдап, Тизип койгон немедей, Төп келтирип берметти, Мурду кырдач, кара каш, Кабагы бийик, өңү саз, Эрибес боору, кара таш. Өзү бала болсо да, Миң кишини кырчудай, Кирип кетсе аралап. Караанын көрүп чоң Татай, Байкап келет чамалап. Аңгычакты Чигитей, Келип калды жакындап, Ойноо бала чунактын, Ат суроочу пейли жок, Токтоно албайт жаш бала, Ээ бербей турат колу шок. Көргөн жерде Татайды, Баатырдын уулу Чунактын, Көзү өрттөй кызарды. “Каңгай эмес бул ким? – деп, Баш болгон элге Медеркан, Тигинтип жүрсө байлоо жеп, Жамбашы жерге тийбестен, Күнү-түнү айдоо жеп. Колу бошой түшкөндө, Таласка кетти кайра, — деп, Артынан келген каңгай бейим, Кубалап жете барам, — деп. Өткөзүп ийип мындайды, Канткенде болом адам” – деп, Найзаны кармап чунайтып, Артынан чаңын чубалтып, Көчүктөп минип оңдонуп, Бетинен чыгып сары түк, Каны качып томсоруп, Аңтара сайып жөнөдү, Чоң Татайды бир койуп. Эр сайып мурун маш эмес, Тогуз-ондун ортосу, Ойноо бала эселек, Оодара сайдым, дегенсип, Олойуп тиктеп калыптыр. Жыгылып – кооп чоң Татай, Аты турган жанында, Оңолуп минип алыптыр. “Алмадай болгон бала деп, Атактуу баатыр Оторго, Аңтара сайда мени, деп, Айтып кандай барам? – деп, Өңү сулуу жаш бала, Аты тулпар мал экен, Аңтара сайып баланы, Жетелеп алып Тору атты, Андан кийин барам” – деп, Минген атын күүлөдү, Күркүрөгөн чоң Татай, Күчү менен кирди эми. Колуна өткүр курч алды, Белине кете курчанды, Элебей турган баланы, Ээр кашынан көтөрө, Табарсыкка бир сайды. Найзанын учу жетерде, Темирден кийген күрөөкө, Учу илинер кездерде, Ылачындай курган жаш, Найзаны кагып жиберди, Найза каккан балтаны, Оңдоп кармап имерди, Маңдайга келген Татайды, Чокудан ары бир койду. Тоодой бойлуу чоң Татай, Балтадан өөдө болбоду, Эми ажалы жеткен бейим, Бул ааламдан жоголду. Татайды сойуп хан болуп, Баатырдын көөнү жай болуп, Татай менен он алты, Бешимге чейин жоготуп, Бура тарта берерде, Отор калды жолугуп. Келатып Отор байкаса, Чоң Татай жатат талаада, Эчтеке менен кээри жок, Элебей турат жаш бала. Мадыбек киши чакырып, Той бергенин уккан ал, Сомбилек уулун алдым, деп. Ал Каңгайдан чыккан хан: “Чигитей эмей ким? – деди, Аты жөнүн сурабай, Адамкор Отор билди эми, - Айтпасам атым кирер, — деп, Чигитейди ким сойду, Калган эл кайдан билер?” – деп, Келатып Отор токтолуп, Кеп айтычуу окшонуп: — Атамдын аты Калдуубет, Өлтүргөн экен атамды, Кыргыздан чыккан Сомбилек. Аскер жыйнап кол алып, Алыстан келе жатамын, Атамдын кунун куусам деп. Сомбилектин тушунда, Колтукчу казак болуптур, Медерканды казакка, Хан көтөрүп койуптур, Алым бер, деп жылында, Каңгайды казак соруптур. Узатып ичтен тургун, деп, Коктукаттын шаарына, Хан көтөрүп Сатайды, Каранды кылып Каңгайды, Каратыптыр ал жайды. Жагынып Сатай кыргызга, Төөлөргө жүктөп чубатып, Алтын-күмүш - зарларды, Айдатыптыр малдарды, Калдуубеттен мен Отор, Айткан мага бирөө жок, Кыргыздан атаң өлдү деп. Уламалап уктум мен, Эл ичинде билгичтен, Кызыл кан өтүп токтобой, Кара боорум ичимден, Элимден жыйнап эр алдым, Эптүүдөн нечен бенде алдым, Казактын келип элинен, Медер ханды кармадым, Каңгайда турат жеримде, Сатайды айдап салгамын. Медер ханды байлаттым, Таанытып элге ар күнү, Сатайды кошуп айдаттым. Алты күндөн бер жакка, Көп жыйылган эл канча, Эки бөлүп экөөнү, Мен айдатам ар жакка. Медерканды бир бала, Бошотуп алып кетти, деп, Укканда болдум мен капа, Беттешсе белдүү бармын, деп, Алдымда, Татай, баргын, деп, Жибердим эле эл жакка. Келатсам Татай өлүптүр, Медерканды бошотуп, Отуз беш жылбас жоргону, Жылкыдан тандап бөлүп тур. Татайды көрдүм ич күйдү, Жылкыдан тандап жоргону, Жыбылжытып ким бөлдү? Келе жатам аны үчүн, Атым Отор баатырмын, Өз көзүм менен көргөлү. Угуучу элем укмуштап, Сомбилектен Чигитей, Калган экен уулу деп, Алтымыш уруу көп алаш, Бел кылат экен муну деп. Бул жерге келип мен көрдүм, Чигитейди сенби деп. Чигитей болсоң чыныңды айт, Ички пикир, сырыңды айт, Каракчы болсоң кайра тарт. Атым Отор меники, Катылган бенде соо калбас, Анчалыктан жылкыны, Кимдер уурдап, ким албас. Жылкыга кайгы жебеймин, Татайдын кунун куубасам, Тынч алып уктайм дебеймин. Атамдын кунун аламын, Атайын Талас барамын, Манастан бери карата, Таласты кыргыз шаар кылып, Каңгайларга ар качан, Кара жерди тар кылып, Келген экен кар кылып. Эми кетем Таласты, Боз-ала топо чаң кылып! Топурагын тоздурам, Кулак угуп көргөнгө, Көңүлүн элдин куш кылам, Коргонун кыргыз бош кылам, Айдатып барып кыргызды, Үй башына кул кылам, Аттуу-баштуу эл башын, Кең дүйнөсүн тар кылам, Чуулдатып ыйлатып, Катындарын тул кылам, Эрке алдырбай кыздарын, Эбегейсиз күң кылам, Уулуңа катын алдырбай, Кызыңды эрден туудурбай, Тукумуңду жок кылам, Кыргыздын атын өчүрөм, Кыргыздын тарпын чыгарып, Тымтыракай түшүрөм! Алтын-күмүш-зар менен, Алданбаймын мал менен, Алар кегим кыргыздан, Кызыл дайра кан менен! Камынып келдим бул жерге, Жөлөнүп келдим белдүүгө - Батай, Катай эрлерге. Дөрбөнүм бар жанымда, Жүз элүү миң аскерим, Колбуп турат артымда, Ошол үчүн аттандым, Мен кыргыздын дартында! Айтып Отор токтолду. Каңгайдын угуп бар кебин, Одураңдап оолуккан, Отор деген неменин, Чигитей айтат ал кебин: — Менин атым Чигитей, Каракчынын бири эмес, Атымды айтып билгизбей. Түп атабыз айкөлдөн, Ошондон бери карата, Келе жатат биздин эл, Бир бузулуп козголбой. Кыргызга болду Талас жер, Ал Таласты ээлеген, Аа дүйнө кеткен Манас дээр, Кыдыртып айтып атамды, Тантып кепти салбайын, Талабың Талас алмакбы? Талап алып кыргызды, Каңгайга кайра бармакпы? Чигитей тирүү кетирбейт, Акылынан адашып, Тентиген сендей калмакты, Ишенип эки-үч кулуңа, Ээрчиген аскер колуңа, Таласты алам дегениң – Акылыңдын жогу да! Сомбилекте уул бар — деп, Угуптурсуң мурун да. Жашырбай айтам көрүнөө, Башыңды байлап келипсиң, Жаш кезиңде өлүмгө, Байлаптырсың Сатайды, Өлтүрсө кыргыз атаңды, Медерканды айдапсың, Казактын арбын жылкысын, Арак кылып кымызын, Төрт айдан бери карата, Кысырын сойуп жалмапсың. Кылганың ойло, сен Отор, Түк арманың калбапсың. Урушар болсоң кайрат кыл, Соотуңду кийип бүтүндөп, Кемериң курчап байлангын, Жалгыз өзүң сен эмес, Эрден миңи болсо да, Жолуңа салчу мен бармын. Баатыр болсоң кайрат кыл, Бабырап айтпай куру сөз, Күч көрсөтүп айбат кыл! Жолуңдан азган Оторсуң, Өз элинде жай жаткан, Медерканды айдапсың, Сомбилек койгон Сатайды, Аны кошо айдапсың, Алып барып Таласка, Аларды кандай кылмаксың? Тийе албайсың кылына, Тымтыракай түшүрүп, Жоготомун чынында! Жалгыз бирөөң барбайсың, Каңгайга тирүү ырымга, Айкөлдүн арткы тукуму, Айтылып келе жатабыз, Бүткүл дүйнө кылымга. Кимдер өрнөк алган бар, Өнөгү тийип колуна, Кол салышып кыргызга? Бел байлапсың, сен Отор, Эп келбеген жумушка! Айтып болуп Чигитей, Токтолуп калбай кенедей, Алдында сайып Татайды, Жүрөгү токтоп ченебей, Бабыраган Оторду, Бендеби деп бейлебей, Мен-менсиген Каңгайды, Бучкагына теңебей; Найзаны булгап колго алып, Бузулуп өңү сумсайып, Шамал чыкчу булуттай, Чамбыл тартып кумсарып, Тик качырып кырданып, Билине турган кез болду, Кимиси баатыр, ким коркок, Баатырлыгы ылганып. Качырса бала Чигитей, Карап Отор турабы, Кара мүртөс калмакты, Колдоочу кудай урабы, Күүлөдү найза булгалап, Буркурап артта чаң калды. Мингени буудан кара сур, Күркүрөп калмак келе атат, Аңгычакты артынан, Матай, Катай, Дөрбөнү, Жүз элүү миң аскери, Келген экен чогулуп, Баары муну көргөлү. Отун алып, бээ байлап, Эптеп багып жан жайлап, Жүргөн анда көп казак, Сомбилек деп ураанды, Чакырганда Чигитей, Уккандын баары таңданат. Качырышып тик келди, Бүркөшүп кабак чүмкөлдү, Сайдырбастан бир бирин, Кагышып найза өттү эми, Айланып эрлер сайышып, Эрикпестен алышып, Бирин-бири алган жок, Эрдик жолун табышып, Же аттары чарчап калган жок, Эртеден кечке жарышып. Найза, кылыч, балтадан, Табалбай арга баарынан, Кол сунушуп бир-бирин, Жан айабай кармашты, Жакасына жармашты, Кара мүртөс Чигитей, Оозуна албайт Манасты. Отор менен Чигитей, Өздөрүнүн бир башын, Миң кишидей баалашты, Бири кыргыз, бир каңгай, Эл намысын талашты, Карап көрүп турган эл, Кара жандан жадашты, Айланды күнү үчкө тең, Отордун карды ачканы, Себеп кылып тамакты, Ал майдандан качканы: — Курсагым ач, тамак жеп, Келе калсам канетет? Чигитейге айтканы. Ата-баба наркы экен, Тамак ичем дегенди, Кой дебестен бар деген – Барсаң баргын, Оторум, Тойгузуп кел курсагың. Өзүң менен элиңди, Белиңе таңуу эриңди, Түгөтүп тумтак күнүңдү, Жазгы эгиндей отойун, Сагыныпсың атаңды, Жаш кезиңде кошойун! Отор кетип келген жок, Айтканың танган сөзүнөн, Отор өңдүү шерменде, Каңгай эмес калган журт, Кара баштуу элде жок. Күндү-түнгө улантып, Түндү-күнгө айлантып, Аттан түшпөй көп аскер, Карап турат жардашып. Келбей Отор койгону, Келемин деп Чигитейге, Айтып кеткен Отордун, Өтүп кетти болжолу. Чигитей кайрат чыңдады, Кара сууга кан куйчуу, Карандай жерден чыр тапчуу, Кайраты мунун кармады. Түпөктүү найза көк желек, Топтоп турган аскердин, Тийчүү жагын белгилеп, Жылантору күлүктү, Ыргыштатып теминет. Эрдигине жараша, Ылайык минген тору аты, Тоо текедей элирет, Токтоно албай тору аты, Ооздугун кемирет, Тойго барчуу немедей, Токтоосуз кирди делбиреп. Белгиси Дөрбөн эр эле, Белсенип кирген балага, Бет келбей бенде дегеле, Мен-менсиген Батайы, Каңгайлардын ичинде, Балакеттин бири эле. — Жалгыз бала Чигитей, Аскерге кирсе аралап, Карап туруп кырдырсак, Биздерге жаман ат калат. Катай, Дөрбөн – сен экөөң, Коркуп чыкса жүрөгүң, Байкап тургун чамалап, Чигитейди жеткирбей, Чымырканып Батайы, Астынан жете барганы. Мен дагы сендей эрмин, деп, Кара желек найзаны, Ал капыр колго алганы. Кулжуңдашып урушуп, Куйкалары курушуп, Кенедей токтоп калган жок, Аты-жөнүн угушуп. Качырып найза сайышып, Соотторун булушуп, Балта менен чабышып, Калдагай темир калканын, Кыргагынан жарышып. Батайдын жашы жыйырма беш, Кыргыздан келген Чигитей, Онго толук чыга элек. Келгели болду канча күн, Капкайдан келген каңкайлар, Кеткени жок тебээлеп, Татай өлдү алдында, Кызыл каны себээлеп, Бирөө кетсе, бирөө бар, Арты-артынан тебээлеп, Чигитей, Батай бет келип, Баатырлык жолун талашып, Баш тартышпай еңсенип, Баатырлардын кайраты, Баарынан ашып айбаты, Баатырдын уулу Чигитей, Көрсөтмөк болду Батайга, Татайды сайган кайратты, Көмөрө сайып Батайды, Кара көзүн жайнатты, Айласын мунун таптырбай, Каңгайларды кыйратты. Токтоо кылбай көп каңгай, Чогуусу менен каптады, Жыгылып калган Батайды, Калың кол келип курчады, Ала баатыр Чигитей, Куршугу мунун кармады, Карап тура албады, Бөйрөктөн тийип бакырып, Бөөдө кыргын салганы. Катуу үн чыгып акырып, Кабылан Манас көкжалдын, Атынан айтып чакырып, Кара кошуун каңгайга, Катуу тийди жапырып. Жеткен жерде Каңгайдын, Кара боорун тилиптир, Тогуз-ончо немесин, Ыргыта сайып ийиптир, Караандуураак көрүнгөн, Карааны чоң канчасын, Найза учуна илиптир. Караган аны киши жок, Батайды Катай өңөрүп, Дөрбөндүн атын жетелеп, Оторуна кетиптир. Артынан аскер чубаган, Баш-аламан бараткан, Атайын келген Чигитей, Ырааккы жери Таластан, Кайра тарткан аскерди, Канын суудай агызып, Кыйырын бузбай кыйратып, Кырк-элүүдөн сулатып, Караанын көргөн каңгайды, Чөкөтаандай чуулатып, Имерип тийген жаандай, Ителги тепкен таандай, Кызыл канын чубуртуп, Сайып барат айанбай, Таталап каңгай баратат, Кылчайып артын карабай. Эрдик эмей ал кандай, Жүз элүү миң кишиге, Жалгыз кирген тартынбай! Чайкалып жаткан көл кандай, Кызыл каны чуурган, Кырылышкан күн кандай, Кыраан бала Чигитей, Кыйалына өлүмдү, Кылча ойлонуп эске албай, Найзанын учун кан кылып, Калмактын башын маң кылып, Ачык жолун жар кылып, Жарык күнүн тар кылып, Айдап барды Оторго, Калтырбай баарын жам кылып. Батайды койуп чатырга, Катайы турган кам кылып. Каарданып Катайы, Калкынан чыгып аттанды, Чигитей эми кантет? – деп, Калмактын баары шаттанды. Чигитей жетип аңгыча, Чечип алып кетиптир, Байлап койгон Сатайды. Камынып чыккан Катайы, Караанын көрдү Сатайды, Камчылап атын жөнөдү, Кармайым деп атайы. Кууп Катай барганча, Тунжур бала Чигитей, Турабы карап аңгыча. Сатайга жакын каңгайдан, Төртөө жете барыптыр, Бошотуп чечип кеткени, Кошуунда көрүп калыптыр, Кир болгон көөнү булардын, Жуулуп кири жарыптыр, Куру барбай барган төрт киши, Кур атын ала барыптыр, Кур атка минди Сатайы, Уруксат берип Чигитей, Отор мындан баргынча, Сурай бер, деп Каңгайды, Жиберип ийди Сатайды. Барса каңгай баш ийет, Падышабыз сенсиң дейт. Бат эле кеткен Отору, Бул кара каңгай эл билбей, Тактысына ээ болду, Сатайдын көөнү толгону, Бер жакты карай бастырып, Каңгайдан бирди койбоду, Күн батыш көздөй бастырбай, Калмактын жолун торгоду. Кылчайып бала Чигитей, Катай менен беттешип, Кагышып кирди эрикпей. Катай катуу мыкты экен, Тыңдыгы анын чын экен, Баатырлыкта кыл экен, Чымырканган Катайы, Чигитей экөө беттешип, Чырга толду талаасы, Бир беттешип алдырбайт, Ал кыргыздын баласы. Күнү-түнү кармашып, Катайдын кетти чаарасы. “Чарчады Катай билдим, — деп, Чуу салам деп кыргызга, Таңгыттан Дөрбөн келдиң” деп, Отор айткан бул бир кеп, Ханы айтса туралбай, Каарданып бул капыр, Кандуу найза кого алып, Катайды эрден куткарып, Каршылашып баатырга, Бу кан иччүүдөй сумсайып, Ачуусу келди Чигитей, Булуттан бетер кумсарып. Чарчап койбойт чаалыгып, Тыңдап кирген каңгайга. Каңгайлар турат дембелеп, Каны тартып ичине, Эр Чигитей эрикпей, Эр сайышка эңсенет, Күндөн күнгө күч алып, Жаңылап кирген эрине, Башына муңдуу күн салып. Күн салбай баатыр неткени, Жаңы келген Катайды, Каңтара сайып кулатты. Эр Чигитей өттү эми, Жумшаган Отор Дөрбөнү, Токтоо кылып туралбай, Чигитейге жетти бу. Сомбилек уулу Чигитей, Зоңкойгон нечен дөөлөрдү, Бучкагына теңебей, Опколжуп жүрөк солк этип, Козголуп койбойт кенедей. Кара жанга күч келди, Күнү-түнү толгунча, Жаңылап чыгып Каңгайдан, Кайраттуудан үч келди. Батай, Катай кулады, Кайраты качып булары. Таңгыттан келген чоң Дөрбөн, Чигитейди кездеди, Кекенип найза кезгерди, Мен-менсиген Дөрбөнгө, Эр Чигитей жеткени, Беттешкенин жер жасдап, Шер Чигитей жеткени, Жер жасдады Дөрбөнү, Тоңкойто сайып өттү эми. Тизилип сапка дапдайар, Сандаган аскер анда жок, Каптап кирип кетүүчү, Карап турган калк да жок, Каңгайдан башка жерлерде, Мындай кылыч наркта жок. Бала баатыр Чигитей, Жер тайанган Дөрбөндү, Башын өөдө көтөртпөй, Соорудан нары бир сайды, Соолгон иттин бооруна, Тосо албай темир сооттору, Найзанын учу кылтайды. Өлдү чочко жатсын, деп, Мыкты болсоң чапкын, деп, Бала баатыр Чигитей, Каңгайды карай кылчайды. Батай, Катай жарадар, Отор өзү баралбай, Эрлери басып чыкпаса, Аскери чыдап туралбай, Каңгайды карай чубады, Кара аскери ээ кылбай. Жаштык кылып Чигитей, Жадырап туруп алыптыр, Калтаарып калган немедей, Жалдырап туруп алыптыр, Майга тойуп жаткандай, Канга тойгон Чигитей, Малмырап туруп алыптыр, Кымыз ичип, кысыр жеп, Кымыз арак ичкендей, Кылчайып элди карабай, Жайма-жай туруп алыптыр. Чала өлүк болгон Дөрбөндү, Чакчелекей түшкөндө, Таңгыттар келип чогулуп, Алып кетип калыптыр. Өлбөй Дөрбөн жарадар, Бүткүл таңгыт санаадар, Таңгытта эмес санаасы, Каңгайларда жана бар. Өлүмдү алды мойнуна, Өөрчүп турган маңдайда, Эр Чигитей бала бар. Кайра тарткан бурулуп, Каңгайлык барат чубуруп, Артынан кууп барам, деп, Кара кырым каңгайды, Калтырбай баарын чабам, деп, Жаш балапан Чигитей, Токтобой турат эт жүрөк, Кайраты толкуп ээ бербей, Ашыгып турат делбиреп. Андан башка калган иш, Кандай болуп жатканын, Кудайдан башка ким билет? Муну мындай таштайлы, Манжу, кытай, каңгайдын, Кыргынынан баштайлы.