Эми тура алган жок, Буга казак эл чыдап. Медеркандын алганы, Үчөө эле катыны, Эң кичүүсү катындын, Көкөй эле аты бу. Караңгынын чапанын, Калдайта башка чүмкөнүп, Катын да болсо эркектей, Кара жанга күч келип, Төбөгө чачын түйүнүп, Тумтуйта туулга кийинип, Медеркандын Ак болот, Ач билекке илинип, Ургаачы жолборс экенин, Каңгайларга билдирип, Алты күнү түнүндө, Дүрбөөн салып, эл кырып, Алаштап ураан чакырып, Катуу тийет каңгайга, Бет келген жактан качырып, Катуу тийип жапырып, Таң агарган мезгилде, Чыга берет шашылып. Кечке чейин көрүнбөй, Бир кемерге жашынып, Алты күнү тындырбай, Каңгайдын шорун катырып, Жетинчи күнү кечинде, Кайта кирди бакырып, Кыргызга барбай болбойт, деп, Көкөй кетти бастырып. Мингени жорго аладан, Баш аламан койгулап, Баатыр Көкөй бараткан, Кабар алмак нээтинде, Каңкору жаткан Таластан. Күнү-түнү бир тынбай, Кирпик кагып уйку албай, Ат чалдырып, аш ичпей, Аманат жандан безиптир, Алпечтүү катын Көкөйүң, Жыйырма алты күндөрдө, Үч Кошойдун бөксөгө, Койгон бойдон жетиптир. Бөксөдөн чыкты бөлүнүп, Буруу жол менен Таласка, Келе жаткан көрүнүп, Кашатка чыга калыптыр, Жайык төр өзөн Кеңколду, Жалдырап тиктеп алыптыр, Катын да болсо ал Көкөй, Жерге айраң калыптыр. Көз жиберип ар жакка, Баарын тиктеп алыптыр, Айкөл Манас сайдырган, Багын тиктеп алыптыр, Алмамбет келип салдырган, Шаарын тиктеп алыптыр, Алды жагын караса, Ит агытып, куш салган, Бир топ жан келип калыптыр. Көзүнө бирөө көрүндү, Көкжалдыгы билинди: “Ким экенин билейин, Дартымды угар эл болсо, Арзымды айтып ийейин, Ит агытып, куш салып, Өзүнчө жүргөн эл болсо, Сыр коргонуң кайсы? деп, Сыздырган бойдон кирейин.” Камдагай бутка шымданып, Каскаксыз найза колго алып, Каарын салып жүзүнө, Кара сур болуп муңканып, Жете барып ал Көкөй, Айтып турду кеп салып: — Мен алыстан келген жолоочу, Көрбөгөн же билбеген, Элди издеп келатам, Атактуу Айкөл жердеген, Жерди издеп келатам, Айкөлдөн бери карата, Бузулбаган каймагы, Элди издеп келатам, Атагы Талас, чоң Кеңкол, Жерди издеп келатам, Айкөлдөн тукум барбы, деп, Эрди издеп келатам, Бөлүнсө караан болучу, Бүлдүрсө топтоп койучу, Белди издеп келатам, Каманды көрсө коркпогон, Кармаштан кумар канбаган, Шерди издеп келатам, Уруш десе күүлөнгөн, Кан ич десе сүйүнгөн, Чырды издеп келатам, Жалгыз кара бир башын, Сан кишиге баалаган, Көп экен деп жалтанбай, Жанын айап калбаган, Тыңды издеп келатам, Жооп бергин тобуңар, Бар кебимди уктуңар, Менин атым Көкөймүн, Чигитей барбы бул жерде, Уулду издеп келатам, Ак калпак алаш журтуна, Арка болгон аркачан, Муунду издеп келатам, Ак шумкар түнөп өтүүчү, Туурду издеп келатам. Тулпардан калган туйакты, Тунжурдан калган чунакты, Ак калпак кыргыз журтуна, Өчпөй күйгөн чыракты, Жети атадан бер жакка, Жеткилең болгон сурагы, Өз-жат дебей чыр салган, Кара сууга кан куйган, Өлөңдүү жерге өрт койгон, Жалынсыз күйүп өрт болгон, Жалгызды издеп келатам. Жараар болсо керекке, Жабырымды эми айтам. Көкөй турса жабырап, Жабыла сүйлөп калышты, Ит агытып, куш салган, Жаш балдары бабырап, Нес оору тийген немедей, Чигитей турат жалдырап, Кара көздүү Сулуукай, Сүйкүмдүү сөздө муңу бар, Ушулардын ичинде, Мөңкөтай деген бирөө бар: — Алыстан келдим мен, дедиң, Көөнүмдө айтам түгөнгүс, Көйнөктөн бетер кир, дедиң, Элиң менен жериңди, Алдында айта кетпедиң, Ким экенин билбедиң, Кайдан келген адамсың, Жайың айткын билдирип. Арстандан тукум жок эмес, Арзандык менен тукуму, Оморулчуу тоо эмес, Оңойлук менен кишиге, Алдырып койор жоо эмес. Мына бу турган Чигитей, Сомбилектен калыптыр, Мадыбектин уулу эмес. Ак калпак кыргыз алаш журт, Бүлүнүп көргөн журт эмес. Элөөсүз айттың ким болсоң, Бу Көкжалдан калган тукуму, Карап эми турчу эмес. Чигитейди билгизип, Келген киши кимсиң? деп, Мөңкөтай айтып турду эле. Карала атты камчылап, Бастыра түшүп токтолуп, Байкуш катын жабырап, Башынан түштү кеп салып: — Жакынкы өткөн заманда, Маңгыттан чыккан Калдуубет, Качып барган калдайга, Сомбилектен куугун жеп. Кулагым угуп жүргөмүн, Айтып жүргөн Медеркан, Калдуубеттен Отор деп, Эркек бала туулду, деп. Каңгайды алып Сомбилек, Хан көтөргөн Сатайды, Адам башы көтөргүс, Канчалык алым олжо алды, Жылында берип турганга, Тилинен мөөрлөп кат алды, Узатып берип тургун, деп, Айткан экен Сатайды, Алтай, Капал, Илеге, Атагы казак дегенге, Медерканды хан кылып, Койгон экен ал жерге: “Кыргыздан келбейт бул жерге, Жылында берчүү алымды, Медерканга бергиле.” Сатай алман салыптыр, Медеркан барып жылында, Өткөзүп аны алыптыр, Бир алыптыр Сомбилек, Андан кийин барбаптыр. Эки жылдын алдында, Каңгайлардын журтунан, Эки бала тың чыгып, Табай, Катай аттары, Эл бүлүнткөн чыр чыгып, Отор ага кошулуп, Элди жыйнап той берип, Сатайды кууп салыптыр, Хан болгон Сатай ордуна, Отор болуп алыптыр, Моңгул, калмак, таңгыттан, Анжу менен манжудан, Эстүү-баштуу эр жыйнап, Калтырбай кары тең жыйнап, Карылардан кеп сурап, Эрлерине угузат. Таңгыттан Дөрбөн оолугуп, Чогулушуп олтуруп, Кеңеш кебин салыптыр, Беш уруктан чогултуп, Жүз элүү миң аскерди, Отор жыйнап алыптыр. Таласты талап алам, деп, Талапка жетсе мудаам, деп, Аттаныптыр каңгайдан, Казактын калкы жатыпбыз, Кабар укпай алардан. Атагы казак баары элди, Айдап малын талады, Сомбилек койгон Медеркан, Каңгайлык келип кармады, Акыл айтар киши жок, Казак ээсиз калганы, Өзүмдүн атым Көкөймун, Көңүлүм тыным албады. Карала ат минип камдандым, Катын да болсом каардандым, Алты түнү тынчыбай, Каңгайларга чыр салдым, Күндүзү жаттым аң-аңда, Түндөсү бардым чыр сала. Таласты көздөй жөнөдүм, Чыдай албай жапаага. “Сурай-сурай Мекеге, Барат” деген укмуш бар, Учураса кара баш, Уламалап кеп сурап, Талас кайда? деп сурап, Жыйырма алты күн болгондо, Бүгүн келип турамын, Көрбөгөмүн, уккан жер, Көкжал өткөн Кеңколго. Казактын калкы ушундай, Каңгайлык келип жер басып, Тынчы кетти биздин эл. Семизин кармап сойдурду, Уланын кызмат кылдырды, Келинин алды каңгайлар, Кыз сулуусун жыйдырды, Кылбаганы калбады, Кары менен жашыбыз, Ыйлап баары зарлады, Хан болдум деп Медеркан, Сомбилекке жөлөнүп, Казакка салды арманды. Эркектен бирөө бастырып, Бул жерге келе албады, Мен Медеркан катыны, Силерге келдим айткалы. Айтып Көкөй муңайды, Агып жашы чубалды: — Барсаң кыргыз, өзүң бил, Барбасаң, кыргыз, өзүң бил, Кармоодо эрим, көөнүм кир. Башка эмес башыңа – Сомбилектин уулу деп, Бул Чигитей жаныңа, Кабар айтып болдум, — деп, Көкөй кайра бурулду, Алдында минген Карала, Камчы менен бир урду. Бастырып жөнөй бериптир, Чигитейдин ойуна, Далай неме келиптир, Калгандарга кеп кылбай, Кыймыл этип кыңк этпей, Ачылып ээрди бүлк этпей, Бастырган бойдон Чигитей, Атасы – баккан Мадыбек, Укканын айтып аа, берет. — Уруксат бергин маа, ата, Болбогун капа сен, ата, Колуңду жайып батаң бер, Тулпардан тандап атың бер, Соотуң менен туулгаң бер, Мен барайын Каңгайга, Келип калса Таласка, Жакшы болбойт кыргызга. Кулжуң этип Мадыбек, Кулжуңдап далай кеп кылбай: — Кой, Чигитей, койгун, — деп, Тор этиң сенин толо элек, Аттанар чагың боло элек, Эл кыйналып, кысталып, Чубуруп качып бергенде, Тогузунда амалсыз, Аттанган экен Сомбилек. Тогуздан аштың азыраак, Онго жашың жакындап. Кангайга барам дегениң, Кандай айткан бул кебиң? Жүз элүү миң кол болсо, Балбаны жыйырма чоң болсо, Баштап жүргөн ичинде, Отору анын хан болсо, Табай, Катай, Дөрбөнү – Үч дөөсү анын бар болсо, Барамын дейсин, жакшы эмес, Тилимди алгын сен болсоң. Жылышып жүрүп кангайлар, Келерки жылы жеткинче, Чоңойорсуң эт катып, Кыргыздан жыйнап кол алып, Биз чыгарбыз алдынан, Аңгыча барбай жаткын, — деп, Мадыбек айты далай кеп. Чигитей туруп кеп айтат: — Атам эмес агамсың, Агалык жолун сактадым, Ата ордуна баккан деп, Ичкен тузуң актадым. Бөлөктүк кылып койду, деп, Агам айтып калар, деп, Ошол үчүн айткамын. Камоодо казак эл турса, Алда кандай болот, деп, Сар санаа кыргыз бул турса, Былк этпей жатыш кандай кеп? Бербесең бербе батаңды, Жуткамын эрте атамды, Каңгайга барбай тынбайым! — деп, Ал Чигитей карарды. “Болбойт экен бала, — деп, Атасынын белгисин, Жолдойт экен жана, — деп, — Ат тонун мунун белендеп, Бербесем болбойт буга, — деп, Сомбилектин арбагы, Ыраазы болбойт мага” – деп Падышалык казына, Баштап барды баланы, Катар-катар эчен тон, Күрөөкө, соот темир тор, Жыйналып келген ошондон, Чачып-чачып карады. Калдуубеттин күрөөкө, Корумжунун туулга, Балага ошол жарады. Кийгени темир үч кабат, Аттарынын ичинен, Чылктору деген ат жагат. (Кийинирээк Чылктору – Жылантору жез канат, Которулуп ат калат.) Күрөөкө тандап тон кийип, Жылантору ат минип, Найзаны сүйрөп жанына, Балтаны илип ээрине, Кылыч байлап кемерди, Курчанып бала белине, Каарын салып жүзүнө, Бирге жүргөн, бирге ойноп, Аралаш жүрүп чоңойгон, Карабай бенде түсүнө, Алайа түшүп тиктесе, Көзүнүн чаары бир башка, Көмөкөйдө сүйлөсө, Сөзүнүн заары бир башка, Аттанып бала жөнөдү, Тогуз менен онуңдун, Ортосунда бар жашта. Оңой эмес Чигитей, Каңгайды угуп сүйүнөт, Бастыра берди кийликпей, Кыргыздын эли дүбүрөп. Бирге жүргөн, бирге ойноп, Аралаш жүрүп чоңойгон, Кырк бала чыгып бөлүндү, Чигитейге кошулуп, Каңгайга бирге жүргөлү, Кылчайып туруп Чигитей, Кырк балага сүйлөндү: — Угушумча элдерден, Мурунку өткөн эрлерден, Түп атамдын кырк жигит, Кыркы кырык дөө экен, Эки чоро кийинки, Экөө эки дөбө экен, Андан кийин кыргыздан, Дөө дагы жок, дөбө жок, Өткөндөрдөй бирөө жок, Атка минип бастырса, Жалгыз жүргөн кеп экен. Кыркыңды барсам ээрчитип, Кызыгышкан урушта, Кысталышкан жумушта, Кырылып кетсең баарыңар, Атама да, өзүмө, Жаман атты маа калар. Эркин ойноп күүлөнүп, Элде доор сүргүлө, Мени менен бир барбай, Чигитей аман болсун, деп, Тилеп өмүр жүргүлө. Ээрчитип элдин балдарын, Эмгектүү кылып калганын, Эр атанып не пайда? Артына салып жаштарын, Азапка салып карыганын, Мен азамат болдум, деп, Антип жүрүү не пайда? Элдин тартса эмгегин, Эрени тартыш милдети, Эки-үчтөн киши ээрчитип, Эренмин деп жүрбөстү, Ат арытып, тон тозуп, Алда кандай болот деп, Үйдөкүлөр ойлошуп, Антип жүрүш жакшы эмес, Жашырбай айтсам силерге, Ушул акыл кеп-кеңеш. Убара болбой бекерге, Кыркың кайра кеткин, — деп. Кыркын таштап элине, Бастырып кетти Чигитей, Барычу каңгай жерине. Муну мындай таштайлы, Чигитей менен Калдуубет, Кармашынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.