Саранжа, Калдык, Көкбөрү, Тете, Салаа барышып, Кызылкызга кол берди, Сенден жарлык болсун деп, Чогулушуп жол берди. Кызылкыз айтат бир кепти, Көңүлгө тийер шум кепти: — Эй, калайык, калайык, Бул айтканың ылайык. Кастарын тигип кыргызга, Алты хан эли турабыз. Мен бир келген кишимин, Билбеймин элдин биришин. Ылайыктап ичиңен, Башкаргыла бир кишиң. Каракөз барды ал айтып, Барайын дедим, келишим, Азыраак сыйкыр билемин, Силерге жардам беришим, Мусулманбы, каапырбы, Ким экенин билбеймин, Кыргыз сенин кай кишиң? Кызылкыз кебин укканда, Хан Калдык айтат ушунда: — Биз катышкан кыргыздын, Айтып адам болгусуз, Булардын кылган кылмышын, Ат жеткен жерге жан койбой, Адамдын баарын кырышын. Бул олтурган алты хан, Баарысына кыргыздын, Арылгыс санаа табылган. Коросон, испан, жедигер, Маңгыт, муңгул менен тажиктен, Кызыл канга бойолуп, Өлүп кетти далай эр. Айткан менен кеп жеткис, Кыйын болгон кез экен, Кыргызга бүгүн кол жеткис. Көөнүбүз толгон күнүбүз, Өзүңүз жаңы келдиңиз, Барабан уруп чыгалы, Бар аскерди жыйалы, Сиздин күчкө жөлөнүп, Асылды байлап алалы, Анан кала бергенде, Биз Таласка баралы, Анан калба салалы, Асыл колго тийгенде, Айанып кантип калалы, Береги турган Таласка, Ат жарыша баралы. Кененимди алганда, Кеңири жол бар анда, Жолуң ачык шар болот, Кайда болсо барганга. Алты шаар, Анжыдан, Алар арзан баарыдан, Самаркан, Ташкен, Наманген, Чай кайнамда алабыз, Ар жагы Кашкар, Хотенге, Ат изин салып барабыз, Лопнур, Азык, Аралды, Биз каратып жанабыз, Атбашыда Бактыбай, Түп көтөрө чабабыз, Уугун учтап шиш кылып, Куйкасын тилип туз куйуп, Унуткусуз иш кылып, Антип кекти алабыз; Кутубий, Манас дегенде, Турпан, Кумул, Баркөлгө, Алтай, Чөйчөк, Илеге, Ысыккөл, Текес дегенге, Ат бастырып барабыз; Казак, кыргыз бир тууган, Кечээ Бэйжинге Манас барганда Кыргызга казак тең турган, Жылкы кууса бир кууган, Кеп-кеңешин бир кылган; Бэйжинди колго алганда, Казактын элин каркыттап, Үрбүсүн анда хан кылган, Казактан калган элдерди, Качанда ага тең кылган? Алтайдын жолун тостуруп, Айдаркандын Көкчөдөн, Калган элди кем кылган? Кыпчактын ханы Төштүктү, Ооруса Манас бел кылган, Алтымыш уруу алаштын, Баарысы окшош тең тууган, Атагы түрк болгону, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз ушул кез. Алтымыш уруу алаш дейт, Кырк уруу кыргыз жана дейт, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз эли дейт, Чогултуп айтса бул бир кеп, Биз жүрөбүз бурут деп. Саны да көп, эли көп, Ат бастырып булардын, Алган жери дагы көп, Шагы сынбай эмгиче, Келип жаткан эри көп; Тоодой алтын зары көп, Оторго батпай малы көп; Ойрон болгон кыргызда, Акылчы көп, чечен көп, Алты жашка чыкканча, Кененимди бечел деп, Угулуп жүргөн бул бир кеп, Жалгыз Асыл баш бербей, Бизге болду кыйын кеп. Чогулуп келдик Талдыга, Кезеги толгон маалы деп, Чакырып келдик Кызыл кыз, Чакташса чама келбеген, Кылымдан ашкан сыйкыр деп. Жүйрүн дөөнү жалмаган, Кененим арзан киши эмес, Ойлоп көрсөк кыргызды, Оңойлук менен жеңилбес. Душманды кандай алабыз? Ишти кандай кылабыз? Адашып калган акылды, Чогултуп кандай жыйабыз? Менче болсо, алты хан, Аттаналы түз мындан, Ат арытып тон тозуп, Капкайдан келдик алыстан, Кан төгүшүп жатабыз, Карчалышып намыстан, Алып келдик атайлап, Кызылкызды калыстан, Тартынбайлы ойлоңор, Коркпогун өлүп калыштан, Тартынар кыргыз эл эмес, Өмүрлүк кыргыз чабыштан, Таласка жылып баралы, Туруп бербей чогулуп, Тушма-туш уруш салалы, Чыканак жерге салдырбай, Чырым уйку алдырбай, Чын мүшкүлдү салалы, Жерге эгин салдырбай, Оторго малын жайдырбай, Токойдон отун алдырбай, Тосуп жатып алалы, Тумтак күнү түгөнүп, Түгөсүн кыргыз амалы, Алапайын таба албай, Куурулуп калсын заманы. Карылары какшаса, Катындары боздосо, Чыркырап чалдары ыйласа, Чымын жаны кыйналса, Кыргыздын бели сынабы Мындай жумуш кылбаса? Талдыда жатып хан Калдык, Кыргыздын тапты амалын, Анык деди ойунда, Кыргызды минтип аларын. Хан Калдык айтса акыл деп, Баарысы кайыл макул деп, Кызылкыз айтты ошондо: — Кеңеш кылдың алты хан, Байатанкы кеңешиң, Акыл дедиң абыдан. Талдыга болжоп кат жазып, Сен чогулуп келгенче, Асыл келсе бул жерге, Жол береби кыргыздар. Ойуң менен ой-тоону, Аралап элин жүрөргө, Хан Манастан бер жакка, Тоздурбай элин сактаса, Жалаңгыч сарык ат койуп, Жактырып баары мактаса, Жаңы өспүрүм Асылга, Беттешип бенде чыкпаса, Эл өстүрдү мени деп, Элин эркин сактаса, Элге кылып кызматты, Ичкен тузун актаса, Бөлүнүп чыксаң бириндеп, Кекилик, чилдей тербесин, Танабың тартып боо такпай, Эдебиңди бербесин, Самсаалатып сай-сайда, Каныңды чачып жүрбөсүн. Сыйкыр өтпөй кыргызга, Шылдың болот окшоймун, Менин да бар күмөнүм. Сегиз миң жыл жашаган, Далайдын башын ашаган, Жер бетинде Жүйрүн дөө, Канча динди жасаган, Сыйкырдын бири ал эле, Салтанаттуу жан эле, Жалгыз барып Кененим, Өлтүрүп тилин жеди дейт, Ошондо турат күмөнүм. Шааддаттан калган көк күмбөз, Сейитим бузуп алыптыр, Ичиндеги дүйнөнү, Карып-жакыр, мискинге, Таркатып баарын чачыптыр, Бир укмушу болбосо, Күмбөздү кантип ачыптыр? Угуп жүргөн улама, Улуулардан угушта, Жүйрүн дөө кийген эт көйнөк Барбы деймин кыргызда. Эт көйнөк жайын сурасаң, Кулак салгын мен айтам, Азырети Жакыптын, Көз жашына чылаган, Исмаазамдын дубасын, Ар күнү кырктан окуган. Азизхандын Алмамбет, Бир күнү керек болор деп, Бейжинден качып чыкканда, Ала келген деп угам. Ошол көйнөк бар болсо, Аны менен бет келиш - Асман-жердин арасы. Кененим бүгүн саламат, Элинде турат эсен-сак, Маңдайда Асыл бар турат, Жалгыз кирсе аралап, Асманга учат топурак, Кызыл кыйан сел агат, Сууга барып кошулат. Алды менен дем урбай, Жок жеринен кеп урбай, Койго тийген карышкыр, Жалгызмын деп карабай, Кара башын айабай, Аралап кирет жаланып, Карышкырдай бир Асыл, Көп экен деп билбесем, Көптү көзгө илбесе, Деп Кызылкыз айтты эле, Баарысынын көңүлү, Өрт өчкөндөй катты эле. Сынамак кылып көрөм, деп, Кызыл кыз сырын билем, деп, Буйрук берди хан Калдык, Барабанды ургун деп, Жез барабан кагылып, Аскер атка камынды, Баары чуркап жабылды, Казасы жеткен адамга, Ажал-өлүм табылды. Барабанды укканда, Чымыроон үнү чыкканда, Чымырканып Асыл шер, Кан төгөөр белги карматып, Сыртына кызыл жамынды, Калыбектин урушта, Кан чачышкан жулушта, Арстан Күлүс абакең, Атайын берген Кененге, Белек көйнөк бар эле, Баласы Асыл баатырга, Кийип ал деп берди эле, Кийилүү көйнөк этинде, Кишиден калар тартынып, Асылдын жок нээтинде, Сары түгү айланып, Заары чыгып бетинде, Кызылкыздын кылыгы, Кете элек азыр эсинде. Өрттөй көздөн от жанып, Мындан мурун Асылдын, Найзанын учу тийбеген, Маңдайында алты хан, Эрде бүтүн калбаган, Ат туйагы тийбеген, Жерде бүтүн калбаган, Топчулугу үзүлбөйт, Соотто бүтүн калбаган, Бырык-тырык тагы жок, Этте бүтүн калбаган, Бала жолборс Асылдын, Бар куршугу кармады, Туура кармап найзаны, Кекер менен турганы, Хан Калдыктын буйругу, Балбан чыкпай жекеге, Бөлүнбөстөн чекеге, Жабыла баары шарт койуп, Таласты карай жөнөдү, Карап турган эр Асыл, Майторуга камчы уруп, Манастап ураан чакырып, Беттеп кирди качырып, Кызылкыз кылып сыйкырды, Айланасын Асылдын, Канаттуу учуп өтпөсө, Айбан баскыс зоо кылды, Асман тиреп заңкайган, Ак карлуу бийик тоо кылды, Тоонун түбүн от кылды, От туташып күрүлдөп, Күйдүрүп баарын жок кылды, Жамгыр куйуп шабырап, Май төккөндөй жанган от, Алоолонуп жалындап, Атырылып өркөчтөп, Суулар акты шарылдап, От менен суудан айанбай, Алды аркасын карабай, Баатыр Асыл киргенде, Жалыны жайнап бөлүндү, Суулар какшып чөл болуп, Кургак сайлар көрүндү, Ала тоолор заңкайган, Ача берди арасын, Тосо албады көп сыйкыр, Көкжал шердин баласын, Элге аралап кирерде, Айуулар чыкты саксаңдап, Кара кулак шер чыкты, Кызарып көзү чакчаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.