Кызылкыз салган чуулган
Каракөздөн кеп угуп, Барамын деп дем уруп, Көк күмбөздүн коохарын, Алыптыр кыргыз бир барып, Амалы арткан белем, деп, Күмөндөнүп шек кылып, “Жүйрүн дөөнүн дүйнөдө, Бар сыйкыры бузулду, Жер жүзүндө сыйкырчы, Заманабыз кысылды”, Деп ойлонуп Кызылкыз, Болжол кылган жерине – Талдынын агын жээгине, Асман менен сызыптыр, Ак булутту аралап, Көкөлөп сыйкыр учуптур, Таласка өттү түз мындан, Асмандан жүрүп көз салган, Асманда жүрүп Кызылкыз, Күмбөздөн учуп өтө албай, Көкжал түрү Манастын, Арбагынан жазганган. “Сайып курч кыраан Манас, деп, Уктум эле ар кайдан, Чын белем элдин кеби, — деп, Чымыркандым эми, — деп, Дал үстүнөн артылып, Учуп өтүп кетем» — деп, Канатын ирмеп күүлөдү, Кайрат менен жүрдү эми, Артылып учуп өтөрдө, Мыктысынган Кызылкыз, Көөнү айнып, көз тунуп, Опкоолжуп жүрөк эс чыгып, Өтө албады түз учуп. Айланып учуп Кызылкыз, Айчүрөктүн чийирин кууп, Төрткөлдүн төмөн жагына, Гүлбактын түштү жанына, Асталай басып барганы, Айбанча тамдын алдына, Аныктап байкап карады, Көз алдына келтирди, Көөдөнгө сыйгыс санааны: “Алда кандай заман?” деп, Капты айланып жөнөдү, Чакырган жерге барам, деп, Асмандан көрүп Асылды, Жүрөгүн сынап багам, деп, Баш он эки дене бир, Буту эки колу кырк, Оозунан жалын от чачып, Арасынан бутунун, Өркөчтөнүп кан агып, Он эки башта көзү көп, Баарынан күйгөн жалын өрт. Чыга калды алдынан, Ким көрсө үмүт үзгөндөй, Аманат кара жанынан, Селт этип карап койгон жок. Канкордун уулу кабылан. Оозунан чыккан жалынды, Бүркүп көрдү Кызылкыз, Жердин бетин от алды, Талдынын бойу бүт жыгач, Таман күйүп жок калды, Ар канча отун бүрксө да, Асылга зыйан кылбады, Бутунан аккан сел калды, Аны ишке салганы, Кызыл кан агып бара албай, Килтилдеп уйуп калганы, Ошол кезде Кызыл кыз, Түргөн чийдей жоондугу, Жылан болуп алганы, Ачайтып тилин чыгарып, Аймап соруп жалмады, Канча катар оп тартып, Ордунан козгой албады, Үч күндүк жерден тартуучу, Мындай нечен чанданды, Айласы кетип Кызылкыз, Амалсыздан сандалды, Асылбача Кызылкыз, Ал экөөнүн иши бул, Калгандар көрө албады. Аркырады шер болуп, Каман болду корсулдап, Жолборс болду күркүрөп, Жалтанып койбойт кара көк, Жалын ооз, таш жүрөк, Козголор бенде көрүнбөйт, Коргошун салмак, жел билек, Буура болду чамынып, Балбан болуп көрүндү, Үстүнө соот жамынып, Мерген болуп жаа тартты, Милте чоктоп ок атты, Адам кылчу өнөрдүн, Баарын койбой иштетти, Байкап көрсө Асылдын, Качан чоочуп солк этти, Жолоочу болуп жол азган, Салам айтып жылмайып, Асылга жетип келгени. Алик албай саламга, Сөз салбастан “бала”га, Залкарың турду кара көк, Келбети элден бир бөлөк, Көзүн көрбөс кылам, деп, Көз байлоо дуба салганы, Байланды бекен көзү деп, Жакыныраак барганы. — Не жумуш бар, жаш бала? Мен көрбөгөн жат бала?! Асыл эрден кеп угуп, “Кер кылбады шыйкыр, — деп, Мага болду кыйын кеп, Чакырып барса Каракөз, Барам депмин макул деп, Сыйкыр өтпөс кандай сыр, Аны ачып билем” деп, Жерден алып топурак, Ээрди-мурду кыбырап, Топону чачып жиберди. Зыркаар айдап, топо учуп, Асыл шерге баралбай, Туруп калды токтолуп. Бул эмине шумдук, деп, Кызыл кыздын ошондо, Кыйалы кыркка бөлүнүп, Кылганым сыйкыр кыргызга, Зыйансыз болот белем, деп, Кабыргасы сөгүлүп, Санаадан жаш төгүлүп: “Калганы кийин болор, — деп, Алты ханга барайын, Ашкере өзүм көрүнүп”, Дегенди ойго төндүрүп, Асманга туман тундуруп, Алдында нөшөр куйдуруп, Шамал менен айдатып, Күн жаркырап чыкканда, Өтө катуу күн ысып, Ооз ачылып дем кысып, Кумгандакы чай кайнап, Чоктой болуп күн ысып, Кишинин баарын тер басып, Кары-картаң кеселмен, Кайгы басып эң шашып, Кыбыладан кырданып, Кызыл сур тартып сурданып, Буркурап шамал жүргөндө, Борошолоп жамгырлап, Коргоолундай тай төөнүн, Мөндүр куйуп ийгенде, Койнунан колу чыга албай, Ашыккан киши сийгенге, Тоолорго толук кыш болуп, Жакага жалтыр муз тоңуп, Агып жаткан кара-суу, Кыңшылаган кыз болуп, Акимсиген төрөлөр, Катырып койгон кыш болуп, Коросон, испан, жедигер, Маңгыт, муңгул, тажиктер, Келгенине бушман жеп, Кыргыз салып сыйкырды, Бизди кырат экен, деп, Ойуна албайт эч кими, Кызыл кыздын иши деп, Тирүүлүктөн үмүт жок, Өлүм жактан кайгы жеп, Таласка кыргыз жеткирбей, Тамам кылат экен, деп. Ооганды Манас алганда, Дубакөй көп Ооганда, Ошолор сыйкыр салганда, Сыйкыры артып кыргыздын, Ооганды жеңип алган деп, Айтылып жүргөн бул бир кеп. Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында, Ат сүрөгөн чактарда, Азизхандын Алмамбет, Коңурбайдан амалы, Алда канча ашкан, деп, Калкка маалым мурунтан, Канча түрдүү болгон кеп. Жер көрүнбөй чүмкөлүп, Күн көрүнбөй бүркөлүп, Түнөрүп баткан кездерде, Жер жарылып үн чыгып, Жаркырап-жайнап күн чыгып, Жалтыр муз эрип жыбырап, Карлар эрип суу агып, Жылгалардан шырылдап, Тоңуп калган тили жок, Торгойлор сайрап быжырап, Торгой менен тең сайрап, Азуусун айга курчутуп, Суу ордуна уу жутуп, Кыз бойунча жасанып, Колуна кызыл гүл алып, Кырчын талдай буралып, Жаагынан саамай чубалып, Басып келди түгөнгүр, Пери кызындай суналып. Каракөздөн башкасы, Көрбөгөн соң тааныбайт, Арызын айтып наалыбайт, Кызылкызды көргөндө, Кыз экенин билгенде, Көкбөрү менен хан Калдык, Эсинен танды бул экөө, Жер табалбай сийгенге, Таазим кылып Каракөз: — Талдынын бойу агынга, Алдыңды тосуп келгемин, Өзүңдөн жооп болгондо, Өзгө элге кабар бергемин, Болжолдун он күн алдында, Хандар келсе уйат деп, Беймаал болуп калат деп, Өзүм мында келгемин. Кабар берген ким экен, Анык аны билбедим, Асылбача Таластан, Ошол күнү келгени, Кабызет кылып карпаңдап, Каршылаштым барпаңдап, Колуна курал албады, Мага курал чаптырбай, Мана минтип кардады. Бир колумду шакшактан, Талкандап чаап таштады. Коросон келип кол салды, Он балбаны бир барды, Адам кылар иш эмес, Он балбанды чогултуп, Бир шилтеп башын алганы, Кылычын канга майлады, Испандыктын чоң пилин, Найза менен жайлады. Мындан мурун эр өттү, Найза менен пил сайып, Кандай балбан алганы? Бир найзадан чыга албай, Пилдин шору кайнады, Маңгыттан чыкты Калдалаң, Калдалаңдын сыпатын, Кантип тилим айта алам. Бендеден башка беренди, Белдүү туулган эренди, Бир сайгандан чыгарбай, Жер алдына жиберди. Мындан мурун Асылды, Далай жолу көргөмүн, Мен көргөндөн көбүрөөк, Артып кетти өнөрү. Кандайлыгын билбедим, Муңгулдан келди Саранжа, Улам балбан жиберип, Салгылашты далайга. Чыккан балбан ким болсо, Чырпыктай чаап турганда, Чыдай албай чуу тартып, Ортого алып киришти, Дегеле амал кыла албай, Өлүм жолун билишти, Өзүңүз көрүп турасыз, Дөбө-дөбө жыйылды, Кандай сайды жалгыз жан, Баш аламан жыгылды. Ат өлүгү ар тоодой, Ар кайда жатат тартайып, Эр өлүгү ар жерде, Толуп жатат суналып, Өлбөй жаткан дагы бар, Ичегиси чубалып. Аңгыча келип Көкбөрү, Ажыратып чыгарды, Өчөшүп туруп Саранжа, Канча адамды кырдырып, Ашкере калды убалга, Андан кал бергенде, Табийат түрдөп кубулуп, Тарлык келди адамга, Жер таба албай кыйналдык, Баш калкалап барарга. Жайдын күнү кыш болуп, Кара суулар кыз болуп, Төшөгүнөн кобо албай, Төрөнүн баары кыш болуп, Түгөл айла кеткенде, Кызыл кыз келдиң кез болуп. Жаркырап күн ачылды, Жалпы жандар жай алды, Ушунчалык өзүңө, Менден уксаң кабарды, Баштан өткөн ишибиз, Бизден уксаң абалды.