Үнү ичке таратпай, Берген сүт тышка кеткени. Таратып этин карартпай, Саалган сүт тартып кеткени, Айтса жомок ыр экен, Байыркынын кептери. Күндө бирден мууздатып, Канын берди кептердин. Күнү кыркка толгондо, Туруп кетти Бактыбай, Сак сакайтты Кененим, Этинде так калтырбай. Баатыр Асыл, Көкбөрү, Бешимгече салышты, Андай кезде Көкбөрү, Арамдык ойлоп алышы. Камчысын булгап имерди, Каптатып элин жиберди, Тополоң чаңда билинбей, Качып жолго киргени, Аралашкан жоо менен, Асыл муну билбеди, Өздөрүнүн тилинче, Бир кишиси сүйлөдү. Топ-топ болуп качыптыр, Туш келгендей басыптыр, Кеч киргенде урунбай, Асылды карай барыптыр, Түн ичинде уу-чууга, Аралашып калыптыр. Эртең менен Орунбай, Эл өлчөөсүн караса, Элүүчө киши калыптыр. Элди Асыл көргөнү, Көкбөрүнүн артына, Из кубалай жөнөдү. Орунбай элүү кишини, Айдап алып кетиптир, Кененимге жетиптир. Кепти угуп Кененим, Кайда кетти зоруң? — деп, Тажиктерден сурады. Көкбөрүнүн кеткенин, Элге айткан кептерин, Баарын укту Кененим. Жылбас деген бир ат бар, Сөөгү начар, чабал мал, Болбосо анда канат бар. Күлүктүгү Жылбастын, Мааникерден кем эмес, Тулку бойу Жылбастын, Тотучалык деги эмес. Тайчабар деген бар эле, Бирин-серин муруту, Ак ала болгон чак эле, Орто бойлуу он жашар, Балачалык бар эле, Так ошого Кенендин, Айткан кеби бул эле: — Жылбасты мин, Тайчабар, Узатпастан Асылдын, Изин кууп жетип бар, Атаң кайтсын деди деп, Менин кебим айтып бар. Алты күндүн алдында, Беш жылдык мөөнөттү мен берсем, Айткандан кайткан боломун. Тилимди алып Таласка, Кайтып келсин кулунум. Мен Кененим болголу, Жаза сүйлөп көрбөдүм, Айтып баргын, Тайчабар, Кайтып келсин бөбөгүң. Тайчабар кетти жээлигип, Илбирстен качкан эликтей, Жылбас барат элирип. Бешимде жетти Тайчабар, Майторудай бууданга, Кененим кебин угузду, Асыл өңдүү балага, Кайаша айтар чама жок, Касийеттүү атага, Бура тартып жөнөдү, Кайра артына Таласка, Тайчабар, Асыл жанаша, Көргөн элең тамаша, Учурады беш жейрен, Жолдо кетип баратса. Жылбас менен Тайчабар, Тепсетип алды баарысын. Бешөөнү Асыл байланды, Күүгүм кире Таласка, Коргонго жетип барганы, Эр Кененим төрөгө, Салам айтып калганы. Алик алып саламды, Бир карады баланы, Кармашкандан кажыбас, Болгон экен убагы, Жыйырма бештей толуптур, Ошол кезде курамы. — Кайсы жерде жеттиң? — деп, Тайчабардан сурады, - Сен жеткенде Асылга, Күндүн кайсы убагы? — Жетисуунун белинде, Жедигердин элинде, Анда жеттим бешимде. Келе жатып жейрен кууп, Шамда келдим бул жерге. Эшикке чыгып Кененим, Аттарды барып караса, Сары тап болуп байлоодо, Жайы-кышы турган Жылбасы, Сууга салган чычкандай, Майторуну караса, Жылма тер болуп көөдөнү, Боор этине кетпептир, Карчытка тери жетпептир. Тулпарлыгы билинди, Билгизбей Кенен сынаса, Сынаганын ким билди, Майторуга эр Асыл, Күрүчтөн жемди илдирди, Кара суудан каптырды, Алып келип астырды. Мындай таптап Тору атты, Мингенден тартып көндүрдү. Атты таптап Асылым, Аттын сырын алыптыр, Элине кылып кызматты, Эмгеги менен жагыптыр. Кайта кирип кененим, Минтип айтып калыптыр: — Алпештеген кулунум, Кубатысың муунумдун, Белге таңуум, медерим, Беренден калган белегим, Он беш жаштан бер жакка, Элиңе тийди керегиң. Кыйбастыгың билдирдиң, Кел десем кайра келгениң, Мындан кийин кулунум, Эл багар ишин саа бердим, Эч кайда баспай жан багыш, Жатаар ишин маа бергин. Хан катары арамдар, Кат жазып элчи жиберди, Беш жылдык мөөнөт мен бердим, Убада сөзгө туралбайт, Болжоп койдум ой менен, Үч жылда кайра келерин. Үч жылда келет алты арам, Арбагы Манас жар болсо, Жазасын бергин, сен, балам, Келе албаса үч жылда, Беш жылдык болжол Бадакшан, Сени менен мен барам. Барган менен кулунум, Эрдигиңди талашпайм, Эч ишиңе карашпайм, Өмүржандын Кызылкыз, Алып келет алты хан. Сыйкырга өтсө Кызылкыз, Байкап көрүп чамасын, Азизхандын Алмамбет, Ала келген эт көйнөк, Аны сага тапшырам. Көйнөктү чечип кийгизем, Көкжалдан калган белектин, Кысылса тийсе керегин, Аны элге билгизем, Өзүм көрүп көз менен, Көөнүм тийип келбесем, Тынч алып кантип мен жүрөм? Жана, балам, чалаң бар, Отуз эки ат машы, Жетимиш эки жөө машы, Баарын сага көргөзөм, Бар өнөрүм үйрөтөм, Андан кийин өлбөсөм. Эр адиси бир жүз төрт, Толук билгин азамат, Жанып турган кызыл өрт. Деп Кененим, жүргүн деп, Асылбача-Бекбача, Эгиз түгөй шерди алып, Жалгызектин Бактыбай, Жандан ашкан эрди алып, Жергенин Сары талаасын, Жүрүп кетти бетке алып, Баш кошкону төрт киши, Бир жүз төрттүү үч киши, Толук билбейт бир иши. Жайдары тууган Кененим, Жанындакы эрлерин, Бирден атка мингизип, Бирине-бирин киргизип, Найзалашкан сайышка, Балталашкан чабышка, Колтуктарын чойушка, Чокмор менен койушка, Кылычты кындан суурушка, Кыйамын таап урушка, Шилтегенин куткарбай, Мойунунан таарып турушка, Арыбастык-талбастык, Апта-апта урушта, Канжар менен сайышка, Сайганда канын жайышка, Жанын койбой алышка, Бирден –бирден көрсөттүм, Асылбача, Бактыбай, Ар күнү булар жулушта, Бекбачаны бир четтен, Мелтиреп тиктеп турушка, Үч баланы токсон күн, Жумада бирден таап берип, Адис кылып көндүрдү, Уктабай турган жумушка. Койун колтук алышмай, Колтукташып турушмай, Ача кармап ыргытмай, Табарсыктан бут менен, Оңкосунан чыгышмай, Жата калып көтөрмөй, Күч чыңдашып жөтөлмөй, Аркасына сүрүшмөй, Башын такап көөдөнгө, Төбөсүнө көтөрмөй, Отуз эки ат машы, Жетимиш эки жөө машы, Токсон күндө бүтүптүр, Булардын кылган ишине, Караан калган кара жер, Катуулуктан түтүптүр. Соотторун булуптур, Сонун жумуш болуптур, Жергенин Сары талаасын, Талаа-талаа тилиптир, Кээ кезекте буттары, Тизесинен кириптир. Жердин бети тилинип, Кененимдин көзүнө, Асылбача, Бактыбай, Баатырлыгы билинип, Белде кемер үзүлүп, Бүтүн калбай бүчүлүк, Найзанын учу мукуйуп, Балтанын мизи түйрүлүп, Кылычтын мизи кетилип, Чокморлору былчыйып, Бадана тондор бурчулуп, Олпоктору жыртылып, Ичтен кийген буулумдун, Этектери кырчылып, Торгой көз темир күрөөкү, Тарпы калбай бузулуп, Жаалы салып карашып, Өңдөрү эчен кубулуп, Сүйлөй албай бирерде, Балдырап тили бурулуп, Ого бетер өчөшүп, Ошондой кезде бой уруп, Кара тер агып былчылдап, Бучкагынан чубуруп, Бүткөн бойу суу болуп, Чылпылдап ылай жуурулуп, Азуулары качырап, Айнектей көзү чачырап, Бүдөмүк тартып күдүңдөп, Буулуккандай күжүлдөп, Үндөрү күндөй күркүрөп, Адамсыз талаа дүркүрөп, Адырдакы айбанат, Арыштап айак таштабай, Тушагандай бүжүрөп, Кызарып кыздан күн батып, Агарып сүрүп таң атып, Токсон күн калды аркада, Айы үчкө барганда, Жай-жайыңа кайткын, деп, Жообун берди балдарга. Тарамышы чыйралып, Булчуңу катып бошобой, Баштары шишип күпүйүп, Жол-жол болуп жошодой, Атбашы кетти Бактыбай, Бир жүз төрттү үйрөнүп, Ачык болуп көөнү жай, Кармашарга эл болсо, Бодолгосуз жолу шар, Кездешип калган душмандын, Кетер жолу болот тар. Асылбача, Бекбача, Таласка барып жай алды, Бейчеки баскан барбы, деп, Бел-белден Асыл жол чалды, Күзгө салкын шамалда, Ит агытып, жаа тартты, Токойдон жолборс, бугу атты, Төр-төрдөн карап айуу атты, Курбудан кулжа сулатты, Текесин таштан кулатты, Илбирс менен чөө атты, Ийри мойун төө атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.