Асылбачанын тизгин алышы, кыргыздардын жыргалы
Элчилер кайтып келиптир, Оозчо айткан кептерин, Бир-бирден айтып бериптир. Алты хан абдан кеп угуп, — Кененимдин чоңдугу, Баш жутуучу зордугу, Хан катары көрбөгөн, Бул эмине кордугу! Деп Калдык катуу күүлөндү, Коргондо жаткан баатырга, Каймана сырттан сүйлөндү, Жамгырда аккан кыйандай, Бузулуп өңү түрдөндү: — Мен хан Калдык айтамын, Кулак салып угуңар, Айтканды кабыл кылыңар, Карап минтип турбаңар, Аттангыла баарыңар, Беш жылды болжоп кетти, деп, Эндекей калды кыргыздар. Мен барайын коргонго, Көкбөрү бар күмбөзгө, Тете, Салаа, Каракөз, Аралап баргын элдерге. Кабарлашып туралы, Киши койуп ар жерге, Жөнөп кете берели, Кара жанга күч келсе. Качып жолго салалы, Өзүбүз айткан беш жылды, Болжол кылып алалы, Бадакшан менен балыктын, Арасында Куукумга, Биз чогулуп баралы. Хан Калдыктын кеби, деп, Абыдан келип эби, деп, Коросон, испан, жедигер, Күмбөздү көздөй жөнөдү. Тажиктердин Көкбөрү, Эл аралап жөнөдү, Элдин ичин көргөлү, Колунан келсе кыргызды, Тирүүлөй жерге көмгөлү, Маңгыттардын хан Калдык, Кырк миң аскер кол менен, Коргонго барды калдайып. Мындан мурун сүмбөлөп, Сандолунду аткалы, Сайып койгон коргондо, Дарбазанын оозунда, Алтымыш катар терекке Алып келип таңдырды. Кунан уйдай огу бар, Тышын темир каптаган, Жигин киши таппаган. Копурук менен кулатып, Сандолунга салдырды, Куржун башы дарыны, Кулагына куйдурду, Колодон кылган сүмбөнү, Кулдуратып аркадан, Окту чындап урдурду. Нуршабдар менен от берди, Атканда дүйнө солк деди, Каптаган темир жарылып, Жайнаган сансыз ок кетти. Чайпалып көлдүн деңизи, Чайкалып тоонун эгизи, Кырк миң аскер маңгыттан, Хан Калдык баштап жүз киши, Бир четинде калыптыр, Калган кырк миң аскерди, Сандолун огу алыптыр, Кылчайып артын карабай, Караганга жарабай, Хан Калдык качып кетиптир, Тете, Салаа, Каракөз, Саранжа, төртөө биригип, Күмбөзгө булар жетиптир. Сандолун үнү угулду, Бизди атып жатат деп, Саргарып өңү кубулду. Алды–аркасын карабай, Кайра тартып чу койду. Артынан түштү Бактыбай, Алдынан Асыл шер чыкты, Хандары колго кирбеди, Асыл менен Бактыбай, Карапайым аскерге Калганына тийбеди. Кабар угуп ал элден, Тажиктердин Көкбөрү, Эл аралап кетти деп, “Элге бүлүк салбасын, Элден олжо албасын, Белдүү тажик Көкбөрү, Кыргызга кыргын салбасын, Кырылып кыргыз калбасын”, Дегенди ойго алышып, Асыл менен Бактыбай, Ат күлүгүн айабай, Айап жанын калалбай, Бирине-бири карабай, Кеңкол өрдөп жөнөдү, Ашмурабаш жети түр, Ишенбесең барып көр, Майбулак менен жаакташ, Арасында талаада, Орунбайдын миң балбан, Аралашып аларга, Тажиктердин Көкбөрү, Калбалашып жатыптыр, Бирден чыгып жекеге, Бөлүнгөндөн чекеге, Кыргыздардын кырк балбан, Кызыл канга батыптыр, Кыйрап өлүп жатыптыр. Орунбай баштап миң балбан, Чын шаштысы кетиптир, Кысталаңда кыргызга, Бактыбай андан жетиптир. Өкүргөндөн бакырып, Өрүктүн башын жапырып, Айкырыгын ашырып, Алманын башын жапырып, Манастап ураан чакырып, Манастын аты чыкканда, Бактыбай үнүн укканда, Тажиктердин Көкбөрү, Алып учуп жүрөгү, Ал Бактыбай баатырдын, Алдына утур келгени, Колундагы найзаны, Оңдоп кармап сермеди. Күүлөп найза сундурду, Күүсү кулак тундурду, Бар кайратын чогултуп, Бактыбайга бет бурду. Темирбек деп бакырып, Катуу найза сундурду. Бактыбай карап турабы, Балакет найза колго алды, Машыгып кеткен эрендер, Башын тартпас өлүмдөн, Баш жутуучу берендер, Найзаларын кагышып, Кайта-кайта сайышып, Найзаны таштап салышып, Чокморлорун алышып, Колтуктарын чойушуп, Чокудан нары койушуп, Акакташып турушту, Тилдерин салып солушуп. Айбалтасын алышып, Айанбастан чабышып, Найзанын учу такылдап, Чокмор тийип шакылдап, Айбалтанын уңгусу, Туулгага чакылдап, Бактыбайдан Көкбөрү, Өөдөлүк кылат кысталак, Көрүп туруп бул ишти, Кыргыздын эли кысталат. Ачып көзүн бардашып, Ажыдаардай арбашып, Алар антип жатканда, Аскердин баары кырылып, Жүз кишисин ээрчитип, Хан Калдык кайра качканда, Кайраттуу канкор Кененим, “Бактыбай, Асыл нетти экен, Күмбөзгө барып келемин, Кай тарапка кетти экен?” Деп күмбөздөн из чалып, Күмбөздөн көөнү тынч алып, Бактыбай менен Асылдын, Атынын изин чалыптыр, Ашмурага барыптыр, Келе жаткан ат изи, Эки айрылып калыптыр. Топчу кулак кер аттын, Изи ушул экен, деп Кененим жөнөп калыптыр. Келе берсин Кененим, Берен бала Асылдын, Кебинен айтып берейин. Майбулак өрдөп басыптыр, Бурана менен Төө жайлоо, Суусамыр менен Тараша, Такыр элге барыптыр, Элден кабар алыптыр. Калтырбай бара кетем, деп, Бөкөнүн бөксө жол менен, Үч Кошой, Сарыкоо менен, Капка менен Эчкилик, Калдырак Кара тоо менен, Маңдай жагы кең тескей, Жергенин сары талаасы, Жерин чардап эл көрүп, Кыргыздын кыраан баласы, Жаакташка барыптыр, Майбулак менен Жаакташ, Кошулушкан тумшуктан, Чыга калса кокустан, Бактыбайды дардайтып, Көкбөрү сайып салыптыр, Кылычын тартып кынынан, Баш кескели калыптыр! Кайран Асыл ошондо: “Кара кыргыз калкына, Кадыры өткөн жан эле, Канча атасы хан эле, Сайдырыптыр тажикке, Жер тайанбас жан эле!” Дегенди ойлоп Манастап, Бакырып баатыр сүрдөнүп, Көкбөрүгө чаптырбай, Ажыратып кеткени, Айтылып калды ыр болуп, Аңгемелүү кептери. Топчу кулак кер атка, Бактыбайды мингизип, Баатырлыгын билгизип, Бала баатыр барбаңдап, Пайдасын элге тийгизип. Бактыбайдын карчытка, Найзанын учу тийиптир, Кере карыш төрт эли, Ичкерилеп кириптир. Бактыбайды эр Асыл, Орунбайга тапшырып, Коргонго алып баргын, деп, Жүрүп кетти жаш арстан, Бачымдата бастырып, Аңгычакты Көкбөрү, Оозунан ашын алдырып, Эси оогандай далайга, Карап калып далыйып, Кылычы жалаң колунда, Кыйкырыгы таш жарып, Асылга тийди качырып, Кыргыздын кыраан Асылы, Камаарап койбойт шашылып, Келе жатат Кененим, Учурап калды Орунбай, Опсуз жаман шашылыш, Кененимди көргөндө, Аттан түштү ашыгыш. Көзүнөн жашын имерди: — Жарадар болду Бактыбай, Алып келе жатам, — деп, Болгон жумуш баарысын, Баарын айтып жиберди, - Атама алып бар дедим, Кара кыргыз калкына, Кадыры өткөн жан дедим. Көргөн жерде Кененим, Карап көрүп жарасын, Мен табам деп, чарасын, Эбеп менен себептен, Эзип туруп чапканы, Кабыгы менен кайыңды, Тышынан аны чаптады. Медет менен кубаттан, Эзип туруп ичирди. Дары куйуп жарага, Агызбай канын катырды. Атка минсе, болбойт, деп, Анда иши оңбойт, деп, Зембилге салып, көтөртүп, Коргонго алып жөнөттү. Алып барып жаткызып, Кашкулак менен кажырдын, Өтүн сурап таптырып, Түлкүнүн өтүн коштуруп, Бириктирип ийлетип, Ууга сугарткан найза экен, Мөшкөй уйду салдырып, Күнүгө үч маал ичирип, Бээнин сүтүн алдырып, Чоң чарага куйдуруп, Бактыбайды салдырып: — Буткул сууну жердеген, Кургак жерге келбеген, Сырты кара, боору ак, Суучулдук деген чымчык бар, Андан кармап келиңер, Жүнүн жулуп алгыла, Күнгө жайа салгыла, Чай кайнамда какжырайт, Талкан кылып тарткыла, Жараатына чапкыла, Сүт тикенден тергиле, Кайнатып туруп бергиле. Тапшырып Кенен баарыны, Кырма кызыл дарыны, Кайнатма кара дарыны, Катырып койгон сарыны, Адырашман, эрменден, Жашыл мийа дегенди, Кылтырык арпа, медийан, Ошолордун баарынан, Даны бар чөптөн чогултуп, Жетимиш эки уруудан, Чогулутуп туруп катырды, Күндө берип үч талдан, Бактыбайды бактырып.