Калмактын эли сандалып, Сан кара болуп жыйналып, Чогулушуп болгунча, Бир аралап барайын” Дегенди алып ойуна, Карарып жаткан кошуунга, Ээрдин кесе тиштенип, Кара жанган күч келип, Кайраты артык Асыл эр, Эңиш тартып жөнөдү, Асыл келет жол менен, Алда канча ой менен. Түндө кеткен Бактыбай, Бара жаткан жол менен, Жедигердин кошууну, Капташып калды жолуна. Кужур-кужур сөздөрүн, Тыңшап калса Бактыбай, Жедигердин эли экен, Тосо чыгып Бактыбай: — Катын баасы баарыңар, Караңгыда уурданып, Кандай жүргөн чагыңар? Ким да болсоң жашырбай, Кебиңди айта салыңар! Уга салып Каракөз: — Үнү ачуу заар экен, Кененим бекен, ким экен? Ылаа деген немесин, - Четке желип чык, — деди, Кимдер экен сүйлөгөн, Анын жайын ук, — деди. Ылаа желип чыгыптыр, Бактыбайдын жанына, Барып айтып туруптур: — Караңгыда калдырап, Жолдо жүргөн сен кимсиң? Келе жаткан көпчүлүк, Хан Каракөз жедигер, Муну абдан билгиниң! Жедигер эли дегенде, Оштоно сүйлөп Бактыбай, Өтө болуп көөнү жай: — Ким да болсоң, арачым, Каракөзгө айтып бар, Куру кетпей угуп кет, Менин атым Бактыбай. Бузуктун кирип тилине, Бузулупсуң, жедигер, Ар канча жаман болсо да, Ар кимдин жакшы өз эли, Хан Каракөз пейлинен Жанганы жакшы эмеспи, Ойлонсо айткан акылым, Ойлонбосо Каракөз, Өзү билсин акырын. Ар канча жакын болсо да, Кыргыз эмес кылымга, Кылымдакы урууга, Жакындашпайт калмактар, Жедигер менен биздерге. Айырмабыз канча бар, Барган киши кайта бар, Менин айткан кебимди, Төкпөй-чачпай айтып бар, Жалпы кыргыз туташып, Биригели, тил алса, Коросон менен испандын, Кошуп алсын олжосун, Болбой койуп Каракөз, Өзү шылдың болбосун, Кененим бүгүн өзү жаш, Элүүгө толук чыккан жок, Өзүн ээрчип урпагы, Асыл болду кызыл чок, Бекбача жатат былк этпей, Бейлин көрдүм мен анын, Берен болчу неме экен, Баарысынан мыктысы, Эре болчу эр экен, Мага келип Бактыбай, Арачы болот дебесин, Коркуп менден жалтанып, Салаачы болот дебесин, Тил албаса Каракөз, Жазасын колго беремин, Курбалдаш элек бир элдик, Айтпай койду дебесин, Мында турбай кечигип, Менин ушул бар кебим. Ылаа кайта барыптыр, Уккан-көргөн кептерин, Түк калтырбай салыптыр, Угуп алып Каракөз, Санын чаап каткырып: — Кара кыргыз Бактыбай, Теңтуш киши кептенип, Мага салам айттырып, Бул кудайдын иши экен, Жалгызектин Бактыбай Качантан бери катарга, Кошулушкан киши экен? Айтса эле кеп экен, Жөөлүгөн экен Бактыбай Мени менен тең бекен?! Деп каткырып бир далай, Аскерин карап сурданып: — Кимиң барсаң аның бар, Жөөлүбөсүн Бактыбай, Жолумда турбай жоголсун, Дөөрүбөсүн Бактыбай, Жөнү менен тим болсун! Деп айттырып Каракөз, Жана кайра кеп кылса, Башын алып кел, деди, Тотой деген бар эле, Толуктун бири ал эле. — Тотой балбан барып кел, Кетсе койгун эркине, Кеп талашса кержеңдеп, Башын кесип алып кел! Күүлөнүп Тотой барыптыр, Каракөз кебин салыптыр, Хан Бактыбай карарып, Ачып көзүн каранып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Туз таткандай тамшанып: — Каракөздүн кеби деп, Айтып келген сенби? – деп, Кызыталак жедигер, Акимди кырып тилине, Алжып бокту жедиң, деп, Ал айтканың чын болсо, Келген экен эбиң! – деп, Найзасын алды колуна, Сайар жерин белгилеп. Бактыбайдын өңдөрү, Карасур тартып көрүнүп, Каар жүзүнөн төгүлүп, Манастап ураан чакырып, Тоодой болгон Тотойго, Токтобой тийди качырып. Камындырбай Тотойду, Как жүрөккө муштады, Муштаганда найзасы, Кыр аркасын талкалап, Аркасынан чыкканы, Мына минтип Тотойго, Найзанын канын чыктады. Караңгыда ким билди, Манас деген үн билди, Жедигердин өлгөнүн, Ал караңгы түн билди. Жалгызектин Бактыбай, Жалаң кылыч колго алып, Калың жерге жол салып, Кырын бузбай кыйратып, Кызыл канды агызып, Сабын бузуп бөлүнтүп, Чар тарапка капканын, Кездемедин боосун чубалтып, Баш аламан суналтып, Жеткенин сайын ыргытып, Көгүчкөндөй зыргытып, Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Окчундап качкан немесин, Кетирбеди Бактыбай. Жебеге керген ок жетип, Жети-сегиз немеси, Катары менен тең кетип, Топчу кулак кер аты, Тулпарлыгы билинип, Тууралап качкан немеси, Найзага калды илиниип, Мен-мен деген жедигер, Как боорунан тилинип, Жалгызектин Бактыбай, Баатырлыгы билинип, Жедигердин Каракөз, Бактыбайга кездешип, Батынып найза сала албай, Айбатынан аптыгып, Бута атым жакын бара албай, Байкап көрсө кошуунун, Туу кармаган зорунан, Миң кишинин чоңунан, Алты киши жок турат. Амалы кетип алдырап, Тил байланып жалдырап, Кара тумоо болгондой, Мууну кетип шалдырап, Барабанын тарттырып, Айласы кетти калдаңдап, Барабан үнү чыкканда, Туруп калды Бактыбай, Каракөз турат далдаңдап, Саранжа менен Көкбөрү, Булардан кабар угалбай, Тете менен Саладан, Андан кабар ала албай, Же качуунун эбин таба албай, Тел музоо болуп турганда, Тете менен Саланы, Орунбайдын миң балбан, Ойронун элдин чыгарып, Коросон менен испанды, Койбой айдап алыптыр. Аңгычакты болбоду, Калмактар келди анталап, Аркасынан Асыл шер, Келе жатат канжалап. Төрт урук эли бет келди, Мен-мен деген эрлериң, Сынала турган кез келди. Баатыр Асыл Бактыбай, Орунбайдын миң балбан, Четке чыккан немесин, Миң балбан турат бастырбай, Калың жерин аралап, Асыл менен Бактыбай, Тете, Салаа, Каракөз, Кийимин башка которуп, Ат бастырып чыга албай, Бети калың ултаңдар, Минтип калды уйалбай. Каңгайлардын Саранжа, Башы бышкан түгөнгүр, Канча карчаш мындайда. Кабар уккан калың эл, Кабар алып алдыртан, Ар бир эрдин башына, Бирден тайар ат турган, Алтымыш менен он бештин, Ортосунда калбаптыр, Кабар уккан кыргыздан. Келген элдин ичинде, Найза сайар мыктуу бар, Балта чабар ыктуу бар, Чокмор менен шыктуу бар, Мылтык аткан мерген бар, Жаага огун керген бар, Сойулга андес тыңдуу бар, Билеги жоон балбан бар, Бири онду жеңген бар, Ала көөдөн дардаң бар, Ар бир кылда адам бар, Капкачандан бер жакка, Бук болуп жаткан кыргыздар, Кой деген киши болбоду, Кой дегенге болобу? Тополоңдоп тоз болуп, Топурак учуп боз болуп, Каптап кирди кыргыздар, Жалындап күйгөн от болуп, Чуңкур чуңкур жерлерге, Көлчөк болуп кан толуп. Беш уруктун элдери, Ажал алып жакадан, Айдап мында келгенби? Кантер айла таба албай, Акылы кетип сенделди. Күмбөзгө барып Кененим, Амандыгын билгенде, Карабуура, Чаткалдан, Айланып кайта жүргөндө, Тажиктердин Көкбөрү: “Кезеги эми келди – деп, Кененим коркуп коргондон, Чыкпай койду билдим” деп, Чымырканып чыйралып, Үйдөй чокмор колго алып: “Ачып көздү жумганча, Мен күмбөзгө барайын, Чокмор менен талкалап, Топурагын тоз кылып, Оорагымды чыгарып, Күмбөздү бузуп салайын” Дегендерди ойго алып, Күркүрөгөн чоң тажик, Күжүлдөп келе жатканда, Аркасында кошууну, Дүрүлдөп бара жатканда, Эр Кененим көп колго, Капташып калды Саздаңда. Карасуунун боткулу, Камалып калды буткулга, Тажиктердин көп колу, Арстан туулган Кененим, Ат, кийими баарысы, Тажиктин эли экен деп, Атынан айтып акырды, Көкбөрү, деп чакырды, Баатырдын үнүн укканда, Күркүрөгөн Көкбөрү, Акылынан шашылды: “Үнү ачуу заар экен, Көрбөдүм эле уккан кеп, Бул Кененим өзү экен, Бетке чыксам белсенип, Далайды алган эңшерип, Мен өлөмбү тепселип, Темирбек атам кептенип? Арзан өлүп бербейин, Кун аламын деп келип. Белди берип аскерге, Каптатып ийип Кененге, Кайра тартып барайын, Ар кайда кеткен бектерге, Бел байлайым деп туруп, Мен өлбөйүн бекерге. Бектер менен биригип, Беш урук бирге болгондо, Биз жарайбыз керекке. Бул жерде жалгыз мен өлүп, Теңдеше албай Асылга, Саранжа калмак ал өлүп, Тете, Салаа дагы өлүп, Хан Каракөз кошулуп, Калбай хандын баары өлүп, Маңгыттан келет хан Калдык, Адашып жүрүп ал өлүп, Беш жылга уруш узарбай, Биз калбайлы түгөнүп”. Акылын ойлоп аныктап: — Таабалды баатыр кана? – деп, Атынан айтты бакылдап. Хан чакырды мени, деп, Мен угайын кебин, деп, Таабалды келди энтелеп. — Сен Таабалды эр элең, Мен Көкбөрү хан менен, Оорагың элге тең элең, Жыгылар жерде Таабалды, Жөлөк болор дээр элем. Кененимге барып кел, Кесип башын алып кел, Көөкөргө канын куйуп кел, Жүрөгүн кошуп сууруп кел, Ак калпак кыргыз дегендин, Заманасын кууруп кел, Бар дебедим Асылга, Мындан мурун сени мен. Асыл өзү жаш бала, Таанылбаган башкага, Оорагың сактап, Таабалды, Жумшабадым мен ага. Деп Көкбөрү айтканда, Өзүнөн өзү шаттанып, Көйрөңсүнүп мактанып, Жүрүп кетти аттанып, Кетип барат күүлөнүп, Кененимдин мен башын, Келемин деп байланып, Аңгычакты Көкбөрү Аскерди тур деп камданып: — Алып келсе Таабалды, Сүйүнчү улак тартыңар, Кыргыздын кымбат кыздарын Бирден алып жатыңар, Алдырып койсо Таабалды, Мылтык менен атыңар, Жебени чендеп тартыңар. Кененимди кулаткын, Төрт бутка атып кула атын, Бастырбай сазга сулаткын, Буйругумду кылгын, — деп, Оозунан бурап көк түтүн, Айтып турат Көкбөрү. Айал-үйөл кылбады, Таабалды карап турбады, Көкбөрү мактап койгонго, Көөп кеткен турбайбы. Көкжал төрө Кененим, Көөпайды карап турганы, Күркүрөгөн Таабалды, Күүлөп найза сунганы, Ак жолборстой Кененим, Таабалдыны найзасын, Учунан улай кармады, Кармаганча Кененим, Найзаны тартып алганы. Оңдоп кармап имерди, Өткүр тууган кара көк, Өз найзасын бооруна, Таабалдыга жиберди, Ээси экенин Таабалды, Өткүр найза билбеди. Жүрөгүн найза аралап, Жүлүндөн чыкты жаралап. Таабалдынын найзага, Илип алды Кененим, Аскери кылды тажиктин, Көкбөрүнүн дегенин, Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүрдөй кылып ок атып. Мылтыктан жалын чыккан жок, Боздоп учат аткан ок, Зыркырап үнү бир башка, Ташка жанып каккан ок. Топурак учуп боз болуп, Токтобой тоолор козголуп, Суу чайкалып чулкулдап, Ак сазаң балык жылтылдап, Кара суунун буткулда, Жайнап жаткан канаттуу- Каз-өрдөк учуп каркылдап, Аңыр учуп аңкылдап, Каракунас, көк кытан, Таманын суудан тарта албай, Канаттары салпылдап, Асманга учуп чыга албай, Суунун бети шарпылдап, Коргошун, коло, чойун ок, Сууга түшүп чулпулдап, Алай-дүлөй тарсылдак, Баш аламан барсылдак, Очогор үнү зүңкүлдөп, Жер айрылып дүңкүлдөп, Бараңдын үнү барсылдап, Ашкере үнү таанылбай, Кулак тунган карсылдак. Тажиктердин Көкбөрү, Аскерине билинбей, Аркада калган элдерди, Издеп кетти салпылдап, Сиркенин Сары талаада, Жеткен жерде Көкбөрү, Капташты кара балаага. Муну мындай таштайлы, Кара нээт хандардын, Чогулганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.