Манас айдап жиберген, Которуп ордун башкага, Эки ингендин бойунда, Эркин ойноп жатканда. Керкиттин эли келе албайт, Эл башкарган башканы, Авазири балбаны, Баары кыргыз тарабы. Андан ары ат жетпейт, Ат жетсе да эл келбейт. Жети дөөнүн элинде, Эл башкара калбаган, Баарын кыргыз жалмаган, Кыргызды жеңбей калбайбыз, Белиңди бекем байласаң. Деп Көкбөрү күркүрөп, Таласты карай чубагын, Аттангын, деп дүркүрөп, Көкбөрү жарлык кылганда, Асылдан коркуп жазганып, Таласка аскер барганга, Таласка барсак өлдүк, деп, Барбасак кордук көрдүк, деп, Ажал жетпей өлдүк, деп, Кара аскер жүрөт күбүрөп, Мине албай атка кээ бири, Тушалып буту бүжүрөп. Көкбөрү жуткуч жол баштап, Хан Каракөз кол айдап, Жер сойулуп дүңгүрөп, Байрактары желбиреп, Коросон, испан, тажиктин, Чамалаш тили бир экен, Баарысынын үстүндө, Көкбөрүсү пил экен. Маңгыт, калмак тили бир, Жедигер тили бир башка, Көкбөрү баштап баратып, Тарашанын жонунда, Капташып калды асылга- Кабылан Манас тукуму, Кайраты артык ушуга, Айчыгы алтын кызыл туу, Кырга сайып таштады. Кыргыздан чыккан кыраандын, Кыйкырыгы таш жарып, Жолунан тосо чыкканы, Камчысын булгап Көкбөрү, Каршы алдынан чапканы, Хандан жарлык болгондо, Калбай аскер каптады. — Тостурганың кал, — деди, Тостурбай өтүп кеткениң, Таласка кире бар, — деди. Таласка барсаң тең бөлүн, Коргонго баргын бир бөлүм, Күмбөзүнө барамын, Колду баштап мен өзүм. Коргонго колду киргизбейт, Кененим бар коргондо, Келген аскер ушул, деп, Урушу менен болгондо, Мен күмбөздү бузам ошондо. Көкбөрү айтты акыл, деп, Коросон, испан, жедигер, Таласты карап беттеди. Ашырабы Таласка, Бала жолборс жеткени, Бар кайратын ашырып, Манастап ураан чакырып, Желегин жерге жапырып, Жетик тууган эр неме, Бек кайгырып ачынып, Аралап асыл киргенде, Жүрөгү өлгөн нечен жол, Жедигер, испан, коросон, Жайнай берди чачылып, Арасы ачык коо болду, Ат буйдалбас жол болду, Найзага утур келгени, Жер жастанып жоголду. Жайнап кошуун бөлүндү, Манастын уулу Жайдары, Алтын айдар жаш Асыл, Ал жалаңгыч көрүндү. Капташып калган бенденин, Каны агып төгүлдү. Тарашанын белинен, Такыр бирин ашырбай, Койгону жок кайран эр, Чандандын шорун катырбай. Шап-шап кылып бөлүнтүп, Көзүнүн жашын төгүлтүп, Найзанын учу жеткендин, Кабыргасын сөгүлтүп, Тобу менен сулатып, Дөмөөр баштай томпойтуп, Башы жок жаткан киши көп, Мойундарын чолойтуп. Арка жагын карабай, Качты баары дүрдүгүп, Баш аламан чуулдап, Кетип барат сүрдүгүп, Аркадан чаңы түрүлүп, Күрөгөндөй сүрүлүп, Коросон, испан, жедигер, Тажик менен калмакка, Качып барып биригип, Булар качып келгенде, Көкбөрү калды теригип: — Тете, Салаа, Каракөз, Аркаңан айың айтпаймын, Бетиңе айтам көзмө-көз, Үч улук катар турупсуң, Бир жандан качып уйалбай, Жалдырап карап турушуң, Болбогон ушул ишиңер, Аркаңда колбуп токсон миң, Айдап жүргөн кишиңер, Бир кишиден жазганып, Кайтып келдик дедиңер, Бул айткан кандай кебиңер? Кебиңерди ит уксун, Ит укпаса ким уксун! Дөнө баатыр сен элең, Белге таңуу эр элең, Кыйналып калган күндөрдө, Кызмат кылар дээр элем. Тилимди алып сен баргын, Алың келбей баратса, Аркаңдан кирчү мен бармын. Ана-мына дедирбей, Ачып көздү жумгунча, Байлап келгин сен эле, Мурун өлгөн баатырлар, Сага качан те эле? Көкбөрүдөн кеп угуп, Артык балбан деп угуп, Эми байлап келем, деп, Дөнө кирди оолугуп. Бастыра түшүп токтолуп, Аркасын карап чокчойуп: — Ой, Көкбөрү, Көкбөрү, Эркине койсом Асылды, Эси жоктон көпкөнү. Сакадай карчап ыргытып, Саргартып айдап келемби? Кежирлик кылып баспаса, Кесип башын келемби? Ээрдин тешип сүйрөтүп, Же бүтүн алып келемби? Ачык айтчы Көкбөрү, Алып келер жолумду, Же чачынан кармап шылыйтып, Кан кылбастан колумду? Көөдөктүн угуп айтканын, Көкбөрү көөп жатканын: — Жалган айтпай чын айтың, Барганың деп мен айттым. Кандай кылсаң андай кыл, Эрдикти Дөнө карматкын, Көкбөрүдөн кеп угуп, Күүлөгөн кепти бүт угуп, Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, Оозунан чыгып ак көбүк, Күркүрөп Дөнө жөнөндү, Келе жаткан калмактын, Караанын Асыл көргөнү. Майтору минип болкойуп, Сырнайза колдо койкойуп, Он бештеги жаш бала, Опол тоодой зоңкойуп, Арбак конуп шаңданып, Көргөн бенде таңданып, Ондон жыйырма кулжа бар, Эки жакта чаң салып, Майторунун артында, Созулуп чыккан чаң калып, Келе жатат жаш арстан, Азуусу айга бүлөнүп, Жат душмандын көзүнө, Ажыдаардай сүрдөнүп, Көзүнөн оту жылтылдап, Алгыр бүркүт төрдөнүп, Ач арстандай чамынып, Алдында минген Майтору, Оозунан чыккан ак көбүк, Омуроого чачылып, Кош кулагын жапырып, Араандай оозу ачылып, Жаалысы келип жүзүнө, Манастап ураан чакырып, Асылга Дөнөн бет келди, Дөнө ойунда баланы, Аңтара сайам, деп келди. Күркүрөгөн күч менен, Жан алуучу түс менен, Беттешип найза сайышты, Сайдырбастан кагышты, Машы чыккан андестер, Кең майданда табышты. Оролуп найза сайышып, Оң-тетири салышып, Жан айабай жабышып, Туулгага балта чак этсе, Көөдөнгө найза так этип, Кылычтын баары кыйрады, Кылымдан чыккан кыйындар, Чыркыратып бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш башталды, Дөнө өөдө көрүндү, Заманды баатыр баш болуп, Өлгөн мурун баштакы. Кыйамына келтирип, Кызыталак бул калмак, Карчыганын балык эт, Качырып найза сайганы. Найзанын учу жеткени, Карчыганын балык эт, Карыш кирип кеткени. Кан куйулду жыбырап Майторунун сооруга, Камчы саптай куйулат. Асыл минген Майтору, Айбандан эстүү жаныбар Асылга найза жеткенде, Октос берип ыргыштап, Өксүтө берип кеткенде, Суурулуп найза калганы. Майтору октос бербесе, Жыгылып кала тас калды. Соорудан аккан кызыл кан, Көзү көрүп эр Асыл, Намыстанды абыдан: “Атам Манас эр болсо, Мени арбак урат го, Айбатым мындан кем болсо!” Канбасар деген дары бар, Жан калтада дапдайар. Дарыны алып колуна, Жалап алды тил менен, Кан куйулган жараны, Сыйпап алды кол менен, Оозу тийип, тил татып Колу тийип жарага, Кан кургады так катып. “Арбагы айкөл жар болсо, Канчасы чыкса жекеге, Бөлүнгөнүн чекеге, Айтканым жалган болбосо, Кетирбейин дегеле” Аңгычакты болбоду, Мыктысып Дөнө келди эле, Өзү ооп түшөт, деп, Карап турган кеп эле, Айнектей көзү чачырап, Ачуусуна чыдабай, Дөнөнүн тиши качырап: — Чын ачуум келди, Дөнө мен, Өлөсүң Асыл эми сен, Найзага илип көтөрүп, Алып кетем сени мен! Качырып кирди кызыталак, Оозунан жалын от жанат, Манастын уулу жаш Асыл, Андан кайдан жазганат. Качырышты эки дөө, Өтө сонун көрөргө, Баатыр шер кылды кайратты, Тоодой болгон Дөнөнү, Найзага илип жөнөргө. Ал Дөнөнүн найзасын, Сайдырбай кагып жиберип, Ылаачындай Асыл шер, Кайта тийди имерип. Манас, Манас, Манас! деп, Баатыр ураан чакырып, Бардап үнүн бакырып, Кый сүбөөгө найзасын, Уруп өттү качырып, Катуу урган найзаны, Дөнө тийген үстүнө, Кабаттап темир канчаны, Ал Сыргактын найзасы, Тепчип өттү анчаны, Аңтарып аттан түшүрдү, Орто тоодой барчаны. Тажиктердин ичинде, Күпүлдөгөн Көкбөрү, Көрсөтөмүн өнөр деп, Дүпүлдөгөн Көкбөрү, Дөнөгө айткан кеп менен, Бөлүнүп элден жөнөдү. Бастырып жөнөй берерде Бала жолборс Асылга, Басташып барып тийерде, Тажиктердин элинде, Атынек деген бар эле, Эл карыткан чал эле, Ат арбытып жол жүрүп, Жер арыткан чал эле, Шыйпаңдатып көк атын, Көкбөрүгө барды эле:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.