Таласка баш баккандагы кыргын
Жедигердин Каракөз, Коросондун Салаасы, Кеңеш кылып алышты, Испандыкты кетирбей, Испандыктын элине, Арага элчи салышты: — Ханы өлдү Сакычак, Хан көтөрсүн бирөөнү. Сакычакты баргын деп Айтканы жок бир киши, Хан туруп чыгып какчаңдап, Ырас болду өлгөнү. Арасынан шыйгарып, Хан көтөрсүн бирөөнү. Качып берсе калың эл, Менден коркуп качты, деп, Асыл карап турабы? Адатынча аралап, Арык койдой кырбайбы? Азканакей элиңди, Астын-үстүн кылбайбы? Испандын эли тил алсын, Кантип Асыл кырбасын, Кызыл канын агызып, Кылгылыкты кылбасын? Барбаса Асыл аркаңдан, Жедигер менен коросон, Хан Каракөз, Салаадан, Биз айтабыз күбөлүк, Ким болсо хан испанга, Элге да болсун түбөлүк, Кол кармашып үч улук, Көкбөрүгө кошулуп, Түбөлүк доор сүрөлүк, Эли кимди көтөрсө, Бүткүл испан элине, Ханы ошол түбөлүк. Испандын эли турушуп, Элчинин кебин угушуп: — Хан Каракөз, Салаанын, Акылы терең турбайбы, Бизди кантип кетирсин, Тээтиги Асыл кырбайбы, Коросон менен жедигер, Как ошондой кылбайбы. Коросон менен жедигер, Кырылып көбү түгөндү, Кызыл кан агып жошулду, Кыйаматка кошулду, Кырдырып колун түгөтүп, Хан Каракөз, Салаалар, Кабагын бүркөп түнөрдү, Мындан турган биз өлүп, Испанда жаткан эл өлүп, Эки тарап тең өлүп, Өлүп атып түгөнүп, Жылма болуп калбайлы, Арабыздан бир киши, Хан көтөрүп шайлайлы. Тете деген бар эле, Илебинди теңсинтпей, Эрмин деген ал эле, Чогулушуп күдүңдөп, Хан көтөрдү аны эле. Хан болуп Тете кубанып, Кынына батпай дууланып, Дүркүрөп испан чубашып, Жедигер менен коросон, Кошулушту түз барып. Жедигердин Каракөз, Коросондун Салаасы, Испандан Тете кошулуп, Асыл менен алышып, Каны агып жошулуп, Заманды, Жоомарт, Буйтуна, Хан Сакычак, Илебин – Беш баатыр өлүп мултуйуп, Көкбөрүгө кошулду, Кылмышкер болуп култуйуп, Олтурган экен Көкбөрү, Көгөрүп бети тултуйуп, Кабагын ачпай бүркөлүп, Кар жаачу күндөй чүмкөлүп, Каракөз айтат ошондо, Кара жанга күч келип: — Сен Көкбөрү, болголу, Далай иштин болгону, Сенин айткан кебиңди, Коросон, испан, жедигер, Моңгул, маңгыт элдери, Бузган киши болбоду. Барабыз дедиң кыргызга, Басташып келип бул журтка, Баатырдын көбү жоголду, Кыргыздан Асыл он беште, Тең келген киши болбоду, Келсин депсиң келатсак, Асылбача жолдо экен, Теңине алып койбоду. Теңсинбесе бир бала, Курушту куйка терибиз, Үрпөйдү төбө чачыбыз, Ачууландык баарыбыз, Бир жанга кантип ал келбейт, Чогулушсак баарыбыз, Деген ойло кумсардык, Байрак тиктеп туу сайдык, Найза күүлөп төш жайдык, Биз көпчүлүк, ал жалгыз, Канат керип дагдайдык. Чогуу туруп үч урук, Чокчоңдодук урушуп, Соот-тонду жыртышып, Найзанын учун түйрүлтүп, Балтанын сыртын баткалап, Кылычтын мизин кетилтип, Ат олоңун бекитип, Айанбай салдык урушту. Заманды, Жоомарт, Буйтуна, Бирден-бирден мушташты, Дөөкүрсүгөн эрлерди, Кыргыздын Асыл баласы, Кара жерди жыттатты, Илебин менен Сакычак – Экөөнү катар сулатты, Беттешип чыккан ким болсо, Тоо да болсо кулатты, Тобу менен сулатты. Каптап кирдик өчөшүп, Аз өлбөдү, көп өлдү, Кала жаздык түгөнүп. Илебин менен Сакычак, Катар өлүп кеткенде, Испандын колу турбастан, Жөнөп берди дүрбөшүп, Хансыз калган караандар, Атайын киши жыйдырып, Хан көтөрдүк Тетени, Анан келдик алдыңа, Бурулуп киши кетпеди. Бизден мурун карааны, Сен кийипсиң, Көкбөрү, Асыл өңдүү адамды, Бизден мурун ким көрдү. Жан бүткөндөн жан алган, Өз-жат дебей жалмаган, Жалаңгыч сарык атанган, Кененим бекер калыптыр. Уулдун уулу Асыл дейт, Улутун ошол алыптыр. Он төртүндө Сейитим, Кең Керкитке барган, дейт. Кара дөөнү какшатып, Жадыкөй катын, төрт уулун, Катары менен сулатып, Бөлүп берип мал-пулун, Керкиттин элин кубантып, Кызын алып Кылжыке, Сулайматты жубантып, Көк күмбөздү талкалап, Жан жүрбөстүн Кызылкум, Урушка чыгып чалкалап, Жети дөөнүн баласын, Түгөтө кырып кан жалап. Сулайматты жоготуп, Балыкчыны хан шайлап, Жети баштуу желмогуз, Жолбун иттей аны айдап, Өткөн экен Сейитим. Анын уул Асылдын, Өзүң көрдүң бар ишин, Ага кылар амалың, Эми кандай бар ишиң? Деп Каракөз айтканда, Күрс дегинче жөтөлүп, Көкбөрү башын көтөрүп: — Тете, Салаа, Каракөз, Сурасаңар менден сөз, Бир чатырда турабыз, Жоголушуп бетме-бет, Кек алар болсоң кыргыздан, Кезеги мунун келген кез. Түрк уулунун баарысын, Чогултуп Манас бийлептир, Түбүбүз бирге алаш, деп, Манастын уулу Семетей, Ак калпак кыргыз деп келди, Атабады алаш деп, Айчүрөктү талашып, Жедигерди кыйратты, Чакырып ураан Манас деп, Семетейден бер жакка, Өзбек менен казакты, Таманынан жөлөдү, Жедигер, тажик, түркмөндү, Киши ордуна көрбөдү, Түрк уулунун ичинен, Тоңгустун тогуз тукумун, Өз жагына бөлгөнү, Чавшен, жапан ыраакта, Алар колго келбеди, Моңгул, манжу эки урук, Бөлгөнүнө көнбөдү, Кененимдин колунан, Моңгул, тажик, маңгыттан, Баш көтөргөн көп өлдү. Сейтек менен Кененим, Жедигер, сени кул кылды, Толтой менен Кыйазды, Катары менен сулатып, Башыңа каран түн кылды. Өзүңдө киши жоксунтуп, Таластан сага хан кылды, Тажиктен чыккан Көкбөрү, Как ошого ар кылды. Коросон, испан, жедигер, Моңгул, маңгыт, тажикти, Чогултуп сени жам кылды, Кошулдуң деп монгулга, Коросон, испан, тажикти, Баш көтөртпөйт Кененим, Маанайын элден пас кылды. Коросондун Дабытай, Испандакы Ачакан, Тажиктердин Темирбек, Коктукатта хан Чыктей, Куландын сары сайында, Козголбой жаткан үч моңгул, Калдагай кулак Чойун алп, Жез киндиктүү Кыкымат, Темир тондуу Шалкымат, Адам жеңгис баары алп, Кол салдың деп кыргызга, Жалаңгыч сарык Кененим, Баарынын канын агызса, Алты урук келсек чогулуп, Эми неге келдиң, деп, Теңдик кепке келбесе, Тентек уулу Асылды, Күүлөп бизге жиберсе, Карың казык болгуча, Башың жастык болгунча, Кан төгүшүп урушуп, Теңешели кыргызга. Темирбек атам өлгөндө, Жаш экемин ал чакта, Мени кандай жөн койгон? Кандай жерден шар алса, Бир кедейди баш кылса, Хан болуп кедей эл бийлеп, Касиет кантип токтосун? Багдатты жөөт кысканда, Барып калып кененим, Жөөттүн элин жүдөтүп, Далай алым төлөтүп, Төрт жаштакы баланы, Бааша койуп кетиптир, Бала бааша атанып, Ал муратка жетиптир. Иран менен Багдаттык, Көз каранды болуптур, Жеңилгенге жөлөк деп, Калыс атка конуптур. Жашырбай чынды айтканда, Тенимде жаным бар чакта, Рахымым келер жерим жок, Кыргыз деген бул журтка! Алты уруктун элибиз, Алты орунда жерибиз, Албай кантип койобуз, Аласыз болсо кебибиз. Азгашпаса пейлибиз, Тарыхы толду кыргыздын, Алдырбайбыз эми биз! Моңгулга кабар салабыз, Жаңылап киши алабыз, Маңгыттан келет хан Калдык, Атасындай эр болсо, Андан пайда табабыз, Коросон, испан, тажиктер, Өзүбүз карап турабыз. Ар канча мыкты болсо да, Асыл өзү жаш бала, Кененим кайрат кылалбайт, Көз кызарып карганда, Не да болсо көрөлүк, Жумуру баш бир жанга. Карсылдашып көрөбүз, Ажал жетсе урушпай, Жатсак да үйдө өлөбүз. Батыш менен чыгыштын, Баары душман кыргызга, Ооган менен индиден, Андан кабар сурайбыз, Алыбыз келбей баратса, Кытай кылбайт жардамды, Беш Бейжиндин калаасын, Тартып алган Коңурбай, Себеби менен Манастын. Араңдан зорго колго алды, Уссундун эли урумда, Беребиз кабар ушуга, Калбай баары бүт келет, Бизден кабар укканда.