Асылбачанын Сакычак баштаган беш баатырды сойушу
Бөксөлөй тартып бастырып, Темир тоонун сыртынан, Чыгып келди баатыр шер, Кулжалуу төрдүн кырына “Жалгыз мага жолугуп Жайнаган аскер бул экен, Кастап келген кыргызды, Муңгул, тажик эл экен, Бөлүнүп кетип булардан, Бүлүк салып тынч элге, Бүлүндүргөн болбосун, Дүрбү салып Кеңколдун, Эсендигин билем”, — деп, Ооздугун чыгарып, Отко койуп тору атты, Суулугун чыгарып, Суу каптырып тору атты Өзү чыгып кыраңга, Көчүгүн койуп олтурду, Үстү эптүү бир ташка. Турнабай салып караса, Таластын эли жай жаткан, Андан нары караса, Желеги сары көп аскер, Барабан согуп, баң тартып, Бейабанды чаңдатып, Мана минтип келаткан. Асыл баатыр жаш чунак, Тааный албай болду таң, Таласты карай бет алса, Жолунан тосуп чыгарга, Башка жакка баратса, Барып сырын угарга, Карап калды буларга. Коросон менен Жедигер, Биригип келген эл эле, Кененим өзү хан кылган, Коросондо жаңы хан, Жедигерде Жаанбай, Жергесинен Кыйаздын, Жээн жагынан туулган, Каракөз деп бир бала, Өзү өткүр тили так, Өзгөчө болгон бул бала. Тажиктердин Көкбөрү, Ичи заар, кара жүз, Жашыруун киши жиберип, Чынкожо, Толтой, Кыйаздан, Кабар айтып бу жактан, Жедигердин элине, Бүлгүнчүлүк салыптыр. Эки тарап эл болуп, Каракөз сөзү эм болуп, Жаанбай жагы кем болуп, Алдын алып Каракөз, Таласка киши бастырбай, Жол тостуруп, эр койуп, Жаанбайды өлтүрүп, Каракөз өзү хан болуп, Хан Каракөз ат конуп, Көкбөрүдөн тил алып, Коросон барып аттанып, Кененимден келдим, деп, Жаңы ханга кеп салып, Жаңы ханга жагынып, Жай алып далай туруптур, Дарттуулардан кеп сурап, Далай сонун угуптур, Кара нээт Каракөз, Анык кудай уруптур. Жаңы ханды аздырып, Тоого алып барып азгырып, Жаңы ханды жайлады, Кылычка канын майлады, Башын кесип байланды, Жаңы хандын ордуна, Дабытайдын тагасы, Коросонго баш болуп, Ал түгөнгүр шайланды, Дабытай кунун кубам, деп, Жанына кылыч байланды. Испандан алды кабарды, Испандык айтты барарды. Асылбача көргөн эл, Коросон, испан, жедигер, Кошуун курап, кол жайкап, Келген экен ошол эл. Үч уруунун элинде, Белдүүдөн бар жетимиш, Айдап келген кошууну, Токсон алты миң имиш. Байыркынын иштерин, Киши айтып билгисиз, Балбандын тону темирден, Көтөрүп киши жүргүсүз. Кырда карап олтурса, Таласка жолун салбады, Болжошкон жери эл экен, Тарашаны бетке алды. Каракөз кытмыр, арамза, Жедигер отуз эки миң, Коросон отуз эки миң, Испан отуз эки миң, Оргутуп жерди чаңдатып, Каракөздүн буйругу, Сарыдан байрак карматып, Так байрактай кыргызды, Саргартамын деп айтып, Алдыга бешти чаптырды, Аларга мындай тапшырды: — Жолдо киши учурап, Жолтоолосо кеп сурап, Татыксыз кепти салгыла, Баарың сүйлөп кожурап, Акылман киши кептенип, Сыр чыгарба божурап. Тажиктин элин билгенде, Көкбөрүнү көргөндө, Менден салам айткыла, Амандашып кайткыла. Коросон, испан, жедигер, Калбай келди дегиле, Коросон менен испанга, Өзү барды дегиле. Хан Каракөз жиберген Сизге, баатыр, келдик де, Бизге жолдош болдук де. Аскер токсон алты миң, Үч хандын эли биз дегин, Теңибиз Талас кирелик, Уруксат берсең сиз дегин. Балбаны бар, баатыр бар, Коросон, испан ханы бар, Хан Каракөз дагы бар, Сизге бизди жиберди, Эртең келип калат де, Азыр аскер өтө кыл, Кыргызга бүлүк салат де. Беш киши жолго киргени, Белдүү Асыл баатырдын, Жолдо экенин билбеди. Көкбөрү жатат кошуунда, Келе жатат беш киши, Көрүшмөккө ушунда, Жетип келди беш киши, Асыл эрдин тушуна. Кырдан ашып кылт берип, Сыртты карай киргенде, Майторуга зоңкойуп, Баатыр Асыл минди эле. Көмөскө менен желбеди, Көк колот менен чуратып, Көк жалың жетип келгени. Көрө салып беш киши: — Аты-тону келишкен, адамдан башка не киши? Кыргыз болуп калбасын, Ата кокуй, бул киши! Кыргыз болсо нетебиз? Биз беш киши бул жалгыз, Байлап алып кетебиз, Айттырып кепке канабыз, Көкбөрүнүн алдына, Байлап алып барабыз, Андан кийин кыргыздан, Эркин чалгын чалабыз. Дегенинче бул бешөө, Бабырашып баратты, — Токтогунуң, ким болсоң! Бала жолборс шер айтты. Үнүнөн бешөө аптыгып, Жүрөктөрү жарылып, Кете жазды жан чыгып. Эстери чыгып энтигип, Маңдайынан тер чыгып, Калтаарышып баарысы, Карап тура калышты. Асылбача эр айтат, Ал бешөөнө кеп айтат: — Ат жаратып, тон ылгап, Алыстан жүргөн кишисиң, Не ишиң бар Таласта, Кай тараптан келишиң? Жоокалатпай чыныңды айт, Боло турган сырыңды айт, Бултактасаң кеп жасап, Силерге даба табылбайт! Токсон алты байрагың, Тобун бузбай санадым, Атам Манас, мен Асыл, Кебиңди айтчы угайын! Хан Каракөз кеби, деп, Айтууга келди эби, деп, Жарыша сүйлөп калышты, Жабырап кебин салышты. Асыл баатыр кеп айтат: — Ажылдабай акмактар, Бирден айткын! – деп айтат. Жашырар жери калбады, Жедигерлик Койтолоң, Баштан-айак болгонду, Көкбөрү киши жиберди, Жаанбайды өлтүрүп, Каракөз ханы болгонду, Таласка киши бастырбай, Жол тостуруп койгонду, Такырайтып сайрады: — Коросонго барганы, Жаңы ханды өлтүрүп, Ордуна киши шайлады, Испанга киши жиберип, Андан кошуун алганы, Коросун, испан, жедигер, Колбутуп кошуун айдады, Көкбөрүгө баргын деп, Бешөөбүздү жумшады. Уруксат алып кел, деди, Таласка барам мен, деди, Ошого бара жатабыз, Көкбөрүгө көрүшүп, Жообун алып келгени. Жашырарын таба албай, Жайын айтып бергени, Четин эмес, чок орто – Баарын айтып бергени. Кебин угуп элдердин, Не жумуштап келгенин, Жайын билди эр Асыл, Коросон, испан, жедигер, Которулуп калганын – Баарын билди шер Асыл, Тажик менен калмактын, Алын билди эр Асыл, Теги жаткан маңгыттын, Кошулганын буларга, Дайынын билди шер Асыл, Кимдер душман, кимдер дос, Анык билди баарысын. Анда Асыл эр айтат, Айкөл Манас тукуму, Тартынбай турган шер айтат: — Коросон, испан, жедигер, Үч урук эли келдиңер, Баарыңарды башкарган, Көкбөрү экен билгиңер, Жобурап мында турбастан, Көкбөрүгө баргыла, Хан Каракөз жиберген, Кабарын андан алгыла, Көкбөрү деген бийиңе, Менден айта баргыла. Учурадык эрге де, Тарашанын белинде де, Атым Асыл билгин дейт, Бар сырыңды билдим дейт. Коросон, испан, жедигер, Тажик, калмак элиңер, Чогулушуп бир жерге, Анан мага келиңер. Беш киши сени беймаал, Өлтүрөр киши мен эмес, Жана таап келгиле, Бул беш урук сен эмес, Канчалык келсе сел каптап, Агызып кетер бекен деп, Айанып калчу мен эмес, Түп атамдан бер жакка, Жоодон корккон эл эмес. Көптүгүң сенин беш урук, Түп Бейжинден көп эмес, Коңурбай эмес, Көкбөрү, Мурадилче эр эмес. Турбай бешөөң кайтып бар, Көргөнүң менен укканың, Көкбөрүгө айтып бар. Туу белде турам эл карап, Чогулушсаң беш улук, Тобуңа тийем аралап, Беш уруктун элдерин, Алын билем чамалап. Таласты талап алганы, Келипсиңер сабалап, Ак калпак кыргыз алаштын, Туурдугу бүгүн Саламат. Атадан калган салтыбыз, Канкор баатыр Семетей, Калтырган бизге наркыбыз, Түгөнгүс кыргыз эли бар, Аттанып чыкса жалпыбыз. Элдер жыргап жай жатыш, Баатырлар барыш шартыбыз, Алышарга жоо десе, Кыргызда жок тартыныш, Көкбөрү деген төрөңө, Барып кабар айтыңыз. Асыл шерден кеп угуп, Бешөө кетти чубуруп. “Кете бергин деп койуп, Жаш бала чыгат жол тосуп. Төртөөбүздү өлтүрүп, Бирибизди жиберет, Амалы көп бала окшойт, Айтор, сырын ким билет...” Дегенди ойлоп байкуштар, Бачымдап бара жатышат, Өпкөгө атын тепкилеп, Камчылап атын токмоктоп, Ач белес кайкы кезеңде, Асыл чыгып калат деп, Мойнун созуп омсоңдоп, Жик-жик болуп көчүгү, Эңкейиште томпоңдоп, Коктуга келсе кажырдай, Алдын карап жогжоңдоп, Жан айабай мол жүрүп, Ат айабай жол жүрүп, Уйку уктабай түн катып, Сүрүп чыкты таң атып, Көкбөрүнүн тобуна, Кирип келди жанашып, Кутулдук деп кыргыздан, Бирин-бири карашып, Жеңишке салган күлүктөй, Тизгиндерин талашып, Үзөңгүлөр кагышып, Жаш баладай жарышып, Көкбөрүнүн тобуна, Калмак, тажик тобуна, Ат чабып кирип барганда, Жесекчилер жолунда, Токтогунуң, тургун, деп, Токтотуп аттан түшүрүп, Тогуздап таазим ургун, деп, Ат чабым жерге тургузуп, Тогуздап таазим ургузуп, Таанышпаган эл үчүн, Барасыңар кайда? – деп, Анан кебин урушуп, Баштан-айак салдырып, Баарлык кебин угушуп, Ким экенин билгенде, Анан барып жесекчи, Көкбөрүгө угузуп: