← Асылбача-Бекбача 3/4

Көз жиберип караба. Карасаң таанып билүүчү, Тик бооруңдан тилүүчү. Сен экөөңөр тең өлүп, Силер менен мен өлүп, Эртеңки күнгө жете албай, Биз калбайлык түгөнүп. Балдарга айтып үйрөтүп, Эшикке чыкты сүйрөлүп. Дарбазадан шыкаалап: — Карача менен Алача, Ак чөйчөккө суу алып, Бачым кел, — деп чакырат,- Окмогой менен Чокмогой, Тоого кеткен аң уулап, Он күн болду келбеди, Бүгүн келбейт окшонот, Эмгичекти жок турат. “Чыйрак балдар белем? — деп, Чыр чыгарган манжунун, Чын эдебин берем” — деп. Бекбача ичтен кубанат, Чөйчөктө сууга күбүрөп, Тегеретип имерип, Сууну чачып жиберип, Таазим кылып бүгүлүп, Калп эле канчык жүгүнүп, Каткырыгы таш жарып, Кара күчкө сүйүнүп: — Келдиңби аман баатыр? — деп, Ыйлап ийип бышаңдап, Чылбырдан алып түшүрүп, Таскактап катын жүгүрүп, Билинип калса өлдүм деп, Кара жандан түңүлүп: — Карача менен Алача, Окмогой менен Чокмогой – Балдарыңдын кулдары. Балдар жаман ат койду, Сен тапшырган Беттибет. Айтып кеттиң кетерде, Эмне деп ат койсо, Ошону кабыл алгын деп, Сенин кебиң бузалбай, Мен жүрөмүн макул деп. Беттибетти кокустан, Айтат деп канчык чакыр деп, Беттибетке уу берип, Небак эле сойгон кеп. — Балдар менен Беттибет, Ууга кеткен бирге, — деп, Алдын ала угузуп, Бекбача оозун буултуп: — Элиң аман, жер аман, Турасыңбы падышам? Кырк төрттүн ашын берипсиң, Баргызбадың падышам. Кыз тийбей жесир тийипмин, Алдырбадың падышам. Балдарымды баксын деп, Айттырбаган экен деп, Ойлоп калдым падышам. Айткан менен Беттибет, Айткан кепке бек экен, Эмгичекти бул элге, Сыр бербеди эр экен. Кыргызды кырып манжулар, Кыз-катынын олжолоп, Алып келди деп угуп, Аман болсо падышам, Бир күн келер дечү элем. Эми келсе падышам, Айлабызды табар деп, Эки балаң, Беттибет, Пикирлешип жүрчү элек. Карача менен Алача, Бачым балдар жүгүр, — деп, Мал сойчуну чакыргын, Кысыр эмди кер тайды, Биз сойолу бүгүн, — деп, Бүгүн тайды сойбосок, Кулак-мээни тундурат, Ичтен балдар күдүңдөйт, — Тамак жерге шайым жок, Кек алам деп манжудан, Алыскы жерден келдим — деп, Алганымдан кеп сурап, Абдан жайын билем, — деп, Он үчкө чыкты балдарым, Таңуу кылып белиме, Тартынбастан кирем, — деп, Кыргызды кырган манжунун, Тик боорунан тилем, — деп, Жок экен үйдө балдарым, Кыргыздан алган катындан, Балалуу боло албадым, Эки балам эр экен, Эми толду дарманым. — Эртең келип көрүшөр, Эсен болсо балдарың. — Түшкө чейин келбесе, Алдынан тосо барамын, Эр жетип калган балдардын, Мен көрөйүн караанын, Бүгүн эркин жатайын. “Эртең эбин тапсам” — деп, Ойлоп турган шум катын, Түшкө чейин келбесе, Алдынан барам дегенде, Ачык болуп арамдык, Өлөрүн анык билгенде, Шашыла туруп от жагып, Суу жылытып камданып, Бар керегин жамгарып: — Топо болдуң, тер болдуң, Жол азабы эң кыйын, Таза сууга жуунгун. Деп бу канчык түйүлүп, (Элебей алган Бекбача, Моңгулдан чыккан жалапты) Таскактап катын жүгүрүп, Башка кылып талапты, Ченебей сууга уу салып, Шек алдырбай буйдалып, Өзү бетпак суу куйуп, Бүткөн бойун жуунтуп, Эт көйнөгүн кийгизип, Эптүүлүгүн билгизип, Эшикке чык деп балдарды, Көз кыруусун тийгизип: — Тазаланып келем, — деп. Тазаланып болгон соң, Төшөк салам белендеп. Эшикке таштап чайнекти, Майторуга жеткени.

Учкаша минип Тору атка, Качып катын кеткени, Манжу, моңгул чоңуна Кабар айтып жеткени, Айбан да болсо Майтору, Билип турат көзү ачык, Сүйлөйүн десе тили жок, Арамдыктан сөз ачып, Жакындап катын барганда, Кошкуруп калды жер чапчып. «Бекбача өлөт бир демде, Тору атты анан минебиз, Чоңдорго кабар беребиз.». Эки бала бир катын, Чогулушту биригип. Ырайымсыз иш кылды, Моңгулдун чыккан жалабы, Арам сийдик эки кул, Ал манжудан тамганы, Эр Бекбача баатырдын, Бүткөн бойу жыйрылып, Дүр-дүр этип чыйрыгып, Кырс-кырс этип үн чыгып, Исиркектенип суу чыгып, Кайнаган суудай тызылдап, Бүткөн бойдон буу чыгып, Катындан болуп арамдык, Кылганын билип жамандык, Сойулуп тери кеткиче, Карта-курта тырманып, Кийимин кийип камданып, Тышынан каба курчанып, Жоо-жарагын колго алып, Таңга жакын болгондо Үйдөн чыкты чубалып. Жан үзгөндө чиренип, Үнүн угуп барам деп, Кара ниет шуркуйа, Карап турган кубанып. «Бекбачага куйганым, Көбү заар, азы суу, Басып жүрөт кенебей, Алда кандай укмуш бу?» Тору атты чечип минерде, Бурулбай жолго кирерде, Адамдан эстүү Майтору, Чылбырды сууруп алганы, Көк чөпкө жаткан оронуп Катынды чапчып чыгарды, Шамшары бар жанында, Жалаң кылыч колунда, Катын чуркап калганы, Чаптырбастан Бекбача, Желке чачтан кармады, Балдардын дайынын сурады, Мукактанып айталбай, Буйдалып катын калганы. Тегеретип имерди, Терекке чаап жиберди, Энесин көрүп күйүгүп, Чөптөн чыкты жүгүрүп, Балта менен Бешилик, Кармап колго түйүлүп, Жерде жаткан сойулду, Кармап алды Бекбача, Тоңкойуп балдар жыгылды, Кыйырдата чапканда. Кемегеден Майтору, Жайнап кызыл чок кетти, Отту чапчып тартканда, Чөпкө жалын от кетти, Кучкачтары дүр этти, Там, даракка от кетти. Баса минип тору атка. Бекбача жөнөп кеткени. Келгенин да кеткенин, Бекбачаны билбеди. «Тим жүрбөгөн шуркуйа, Талашкандар башташып, От койуп кеткен экен» — деп, Элдин ошол күмөнү. Аркардай болуп көз жайнап, Кулжадан бетер баш чайкап, Тору ат кетип баратат, Бекбачанын денинен, Тырсылдап тери жарылып, Сары суу менен кан агып, Суу менен атка жармашып, Жалы жыдып Тору аттын. Куйругу түшүп бул аттын, Кычышып бойу кырсылдап, Капталын кашып Майтору, Тиштеп тартып баратат. Ташка келсе сүйкөнүп, Жыгачка этин тыттырып: «Адамы жок жер менен, Айбан баспас чөл менен, Таласка эптеп жеткирип, Ана өлсөм экен» — деп, Кетип барат Майтору, «Кулунумда кучактап, Кененим бакты башында, Тай кезимде талтактап, Куйругум салып сыртыма, Ойноп өстүм Таласта. Кунанымда койон кууп, Асылбача эр минди, Жаңы бышты кезимде, Жалыма тумар тагылды. Сайа кууп душманды, Тулпардыгым таанылды. Асыйым он беш болгондо, Бекбачага туш болдум, Күрүч берди жемиме, Күмүш какты бутума, Адам уулу көрбөгөн, Минип барды Көйкапка, Кастык кылып кара жүз, Карып болдум бул чакта. Бекбача ичкен уу өтүп, Жал куйруктан айрылдым, Түшүп калып талаага, Таласка жетип эр өлсө, Аркада калбай тартайып, Карып болбой Майтору, Ээси менен тең өлсө!» Ойлоп барат кайран ат, Заардын өтүп зардабы, Муундары шылкылдап, Ажырап барат бөлүнүп, Кабырганын баштары, Чыгып барат сөгүлүп,. Арыбы артык Майтору, Күндөп-түндөп баратат, Адам эмес, айбанга,

Жанга койбой көрүнүп. Терилери тилинип Кабыргасы каркактап, Сойулуп түшүп жүн калбай, Шыйрактары тартактап, Жердин тартып танабын, Баштагыдай жүрө албай, Көөдөндү жайып алчактап, Кычышканга чыдабай, Капталын кажап кылчактап. Ооп түшпөй Тору аттан, Бекбача кетип баратат. Ээрдин кашын кучактап, Бүт денеден аккан кан, Мөндүрдөй болуп буурчактап. Тиш тери калбай төгүлдү Муундары ажырап, Шалак-шалак бөлүндү, Жакшы жүрмөк бар экен, Жакшы өлмөк жок экен, Мойнуна алып өлүмдү Өткөнүн ойлоп Бекбача, Санаасы санга бөлүндү: «Кан төгүшүп кармашып, Канды суудай чайкалтып, Жүргөндө кандай өлбөдүм? Алданып жаман катынга, Ажырап сөөгүм өлгөнүм! Колтуктарды чойушуп. Чокморлошуп койушуп, Жүргөндө кандай өлбөдүм? Найзаларды сайышып, Сайдырбастан кагышып, Сайышта неге өлбөдүм? Салп этек күңгө алданып, Заар ичип өлгөнүм, Балталашып чабышып, Туулганы жарышып. Калкандарды кыйратып, Тарамышты чыйратып, Чабышканда өлбөдүм. Башыма чыккан чач калбай, Ээгимде сакал бүт калбай, Ак сазан болуп түк түшүп, Жылбырска болуп өлгөнүм! Жазганы экен кудайдын, Жазаланып өлгөнүм! Асаба – желек – туу сайган. Атышта кандай өлбөдүм? Бүгүнкүдөй кор болуп. Мына минтип өлгөнүм, Кол кармашып күрөшүп, Колтукташып тирешип Олпокторду жыртышып, Соотторду, булушуп, Жүргөндө неге өлбөдүм? Жүрөгүмдө муңум бар, Этимдин аккан каны бар, Эптеп мени Таласка, Жеткизе көргүн, жаныбар! Көйкапка барып кол салып Дөөлөр менен кармашып, Жыландан бетер арбашып, Анда кандай өлбөдүм? Айлымдын четин көрө албай, Армандуу болуп өлгөнүм! Канын төктүм канчанын, Жинин чачтым мынчанын, Бей ажал өлгөн адамдын, Же кысасын тартып жатамбы? Каргышка кеттим дегендей, Алым келсе асырап, Каркытаттым бабамды, Жазыксыз камчы чаппастан, Энемдей сүйдүм жеримди, Эркиндеттим элимди, Кеңири туттум пейлимди, Акка салып нетимди, Ажарлуу туттум бетимди, Ажыраттым сөөгүмдүн, Түшүрдүң бөлүп этимди. Канатым сынып кетилди, Кайгыдан жүрөк эзилди, Баш болдум деп жашымда, Чайкабадым кесирди!» Амалы кетип шай кетип, Жыгыларга Тору аттан, Ооп калган кезинде, Айланып жерди кыдырып, Асмандын бетин сыдырып. Келе жаткан Кызылкыз, Учурап калды тушугуп, Айыктырып алсам деп, Ар акылды санады, Абдан байкап карады, Эч амалы калбаптыр, Айыгыштын чарасы. Сөөгүнүн жүнү калбастан Танапташкан тамырдан, Тартып турган тарамыш, Ажыраптыр бүт калбай. Төрт бөлөк баштын талаасы, Бөлүнүптүр жик түшүп. Жыгылар чагы болуптур, Төбөсү менен тик түшүп, Амал кылар жери жок, Төрт жүз кырк төрт устукан, Ажыраптыр деги жок. Саны үч жүз алтымыш, Алты тамыр баарысы, Баары чирип жарылып, Сөөк менен калганды, Тери кармап туруптур, Заар алайыл дегенден, Төрт айакча куйуптур, Эрдик менен Бекбача, Эмгичекти туруптур. «Ушул бойдон таштасам, Арбагы урат Манастын, Тузу урат Алаштын. Суусу урат Таластын». Деп ойлонуп Кызылкыз, Байкап көрсө Майтору, Басаар шайы калбаптыр, Капталында тери жок Кабыргасы көрүнүп, Аркалары арсайып, Кабыргасы каркайып, Териси жок, эти жок. Сөөгү калган тартайып. Ичи ачышып Кызылкыз, Сыйкыр менен сыр байлап Көргөн элге таанылгыс, Майторуга жүн байлап, Бекбачаны эр кылып,