← Асылбача-Бекбача 4/4

Мурункудай көрсөтүп, Баскандай кылып жылдырып, Ачып көздү жумганча, Алып барды заматта, Ордо ханы Орунбай, Кабар айтып Кызылкыз, Акмаңдайга туйдурбай, Орунбайга сыр айтып, Бекбачаны бир жерге, Алып келип түшүрүп. Салык салып Орунбай, Алтымыш батман сүт алып, Бекбача менен Тору атты, Сүткө салып жуудурду, — Ошол бойдон коргонго, Алып барсак буларды, Заардын жыты таралып, Биз кырабыз кыргызды. Жууган сүттү Кызылкыз, Чоң казанга куйдуруп, Отко асып кайнатып, Кырмычык кылып катырып, Элди сактап калам деп, Ар амалдап иш кылып, Бекбачаны сүткө жууп, Сүттү отко кайнатып, Күйгүзүп заарды жоготуп, Сактап калды Таласты, Таластагы алашты, Ыраазы кылды арбагын, А дүйнө кеткен Манасты. Бекбачанын өлүмүн, Айтып элге угузуп, Ак кепиндеп аруу жууп, Жерден алган топурак. Жерге киши аманат, Сөөгүн жерге тапшырып, Акмаңдайга угузбай, Угузмак тургай туйгузбай, Эстүү баштуу аксакал, Абдан кеңеш кылышып: — Акмаңдайга айтпайлы, Бекбачаны угузуп. Бойунда бар Акмаңдай, Курсагы жетип чалкайып. Ашып кетсе элүү күн, Арага калса отуз күн, Төрөп алсын көз жарып. — Семетейден бер жакка, Жетим болуп торолмок, Бойго жетип чоңоймок, Сейитимден башкасы, Буларга мурас из калып, Эркек тууса Акмаңдай, Ак калпак кыргыз алдейлеп, Эрке кылып алалы, Кой баштатып суу кечер, Серке кылып алалы. Барарында Бекбача, Акыл айткан бир канча, Өлөрүн билип өзүнүн, Бүткөнүн билип өмүрүн, Бизге айткан турбайбы, Ички пикир көңүлүн. Сабыр кылып туралы, Акмаңдай аман төрөсүн. Элдер дегдеп күтүптүр. Эртеңки күнү баатырдын, Кыркын берсек экен деп, Эл дайындык күтүптүр, Шаршембинин күнүндө, Бейшембинин түнүндө, Көз байланган бүрүлдө, Бала жерге түшүптүр, Ыйлап бала баркырап. Арамдык бар ичинде, Антип жүргөн кишиге Бойуна кирди калтырак. Арамы жок ак ниет, Кишилердин денинен, Тер чубурду балбырап. Эркек бала экен деп, Катындар калды бажырап. Кубаныч кирди баарына, — Атагы кыргыз ак калпак, Эрсиз кыргыз калабы? Ээсиз Талас калабы? Эки катын көтөрүп, Жерден үзүп алалбай, Эси кетти баланын. Көзүн ачып Акмаңдай. Колу менен сыйпалап, Белгисин көрдү баланын, Эркектигин билгенде, Элге айтат Акмаңдай: — Бекбачанын саламын, Мен айтамын жашырбай. Эркек туусаң балага, Сомбилек атын кой деген, Баланын аты Сомбилек, — Бекбача тирүү өлүүбү? Талаадагы кишинин, Аныгын анын ким билет? Шайым кетип алсырап, Мен барамын эндиреп Айтпасаңар жашырып, — Жүр, кетели, жүрү — деп, Бекбача болбойт жетелеп, Эмчектин сүтүн Сомбилек, Тата турган чагы жок. Балага эмчек эмизер, Акмаңдайдын шайы жок, Ушундай кылып амалсыз, Алдыратат дүйнө шок! Өлбөй аман чоң болор, Ак калпак кыргыз элим бар, Ата конуш мурдагы, Атактуу Талас жерим бар. Атасын тартса Сомбилек. Артыла кеткен эр чыгар, Бешиктеги баланын, Не болушун ким билет? Кар кылбай, кыргыз, багып ал... Айткан сөзү түгөнбөй. Шылк дей түштү акмаңдай, Тагдырдын иши кыргызга, Жазууда ушул экен деп Жайын казып бүтүрүп, Ак кепиндеп аруу жууп, Акмаңдайды жердеди. Муну мындай таштайлы, Сомбилектин эми биз, Жомогунан баштайлы.