Асылбача менен Бекбачанын бешик тойу
Балдар үчкө келгенде, Сейитектин Кененим, Чоң Таласта той берди, Тойго кел деп чакырган, Кабар уккан эл келди. Алматы, Капал казагы, Аттанып баары бүт келди, Үчкаркыра, Ысыккөл, Иле, Алтай ал келди, Күнөс, Текес, Бешбалык, Баркөл, Турпан бул келди, Лопнур, Азык, Кумдайра, Калбай келди булар да. Арал менен Жалаңсуу, Тузкөлдүн эли калбады, Чатыркөл эли кошулуп, Бүт Таласка барганы, Хотен, Жеркен, Кең Кашкар, Абалкан, Темир, Жанадил, Айдап элин барганы. Мурунку аты Араник, Кийинки аты Анжыдан, Ташкен менен Самаркан, Калбай тамам эл барган, Бадакшан, Балык, Букардан, Каракалпак, түркмөндөн, Тажик, калча, жудадан, Калбай тойго чубаган. Оогандакы кыргыздан, Ламдын бели Кыймадан, Боз үй тиккен Кыйбадан, Үчарал, Үргөнч бойунан, Акунхандан бер жакка, Келе жаткан тобунан, Үйүндө эркек калбаган. Жетисууда жедигер, Коросондун элинен, Кошулуп келди нечендер, Урумдакы уссундан, Көп адам келди ушундан. Ногойдун эли калбады, Теке түрк калбай барганы, Жыргалдуу Кеңкол, Таласта, Жыргап жаткан кыргыздар, Үйүн тикти белендеп, Чакырган эл келер, деп. Жыргалдуу Кеңкол, Таласка, Кайкап түштү, эл келди, Жыргап жатат кыргыздар, Бир-бирине дем берип, Күлүктү байлап жем берип, Шылуундар минип атына, Комуздарын колго алып, Торгойдон муңдуу күү чалып, Келиндер кагып жез комуз, Ырчылары үн салып, Жасоолдору башкарып, Конокко бөлдү элди алып. Үч жүздөн бээси тууганга, Бештен берди конокту, Жүз элүүдөн белүүгө, Үчтөн келди коногу. Элүү бээси тууганды, Конокко кызмат кылдырды, Кылымды баскан Кененим, Кыйалындай иш кылды, Конокко тогуз кондурду, Майга баарын тундурду, Самавары кайнаган, Дасторкондун бетинде, Дүр-дүнүйө жайнаган, Салган жерден алдырып, Дасторконун жыйбаган, Кылымда далай хан өткөн, Кененимдей кылбаган. Бир жүз элүү күлүккө, Байге бар деп угузду, Бир миң беш жүз жылкы деп, Баш байгеге тургузду. “Айдап кет атың чыкканда, Ала турган мал ушу. Алыскы эл мал айдап, Кете албасаң жериңе, Атың чыкса байгеге, Элүү миң алтын аласың, Оонабаска жүз жылкы, Кете албасаң алыска, Бир жылкыга эсептеп, Отуз беш алтын аласың, Жетимиш эки хан келдиң, Бирден киши чыгаргын, Калыстар атты айдасын, Алматынын шаарына, Аса байлап, ат суутуп, Эртеси атты жолго сал, Карабуура, Чаткалдан, Байрак сайып тосуп ал”. Мына ушулар жасоолдун, Айткандары туйуп ал. Бир миң үч жүз сап буудан, Саналып жолго чубаган, Жетимиш эки калыстан, Отуз алтоо ат айдап, Ортодон атын кошот, деп, Эми кандай кылат, деп, Карап турат эл жардап, Жасоолдор менен жарышып, Ырчы келди тил кайрап, Үнү менен улашып. Кыл, кыйагы так сайрап, Ыраба деген ырчы бар, Ырдаганы ушундай: — Алматы менен Самаркан, Арасы мунун чеп болду. Чыгыш жагың бир бөлүн, Батыш жагың бир бөлүн, Кайрыдинден азыраак, Беттеше албайт саа чыдап, Батыш жактан бириң чык, Чыгыш жактан бириң чык, Кан төгүлүп той болбойт, Жөө күрөшүп балбан жык. Тер агызып, күрөшүп, Чыксаң алар байгеңди ук, Ком-чому менен жүз нар ал, Жыгылсаң карап куру кал. Жасоолдордон кеп угуп, Жарай эки бөлүнүп, Жардап карап турушту. Чыгыштан чыккан балбаны, Чынар деген киши экен, Батыштан чыккан балбаны, Нуран деген киши экен. Эр кийимин кийгизип, Балбанга экөөн киргизип, Беттешип кирди бул экөө, Ийиндерин тийгизип, Алты күнү күрөшүп, Жыгыша албай койушту, Ажыра десе укпады, Алар качан болушту. Чынардын жайын сураса, Кырк бир эрдин бөйрөгүн, Чыгара кармап алган дейт, Нурандын жайын сураса, Алтымыш эрди сойгон дейт, Ага качан койгон дейт, Кой деп айтса укпады, Ажыратып жибер деп, Хан Кошойдун жээни эле, Алп Бозойду жумшады. Алптын иши ар кандай, Кой десе тилин албады, Чынар менен Нурандар, Кычыратып тиштерин, Тилдерин кесе чайнады. Басып барып алп Бозой, Оң колу менен Нуранды, Сол колу менен Чынарды, Аткып белден кармады, Колу-бутун арбайтып, Бакадан бетер тарбайтып, Батыш менен Чыгыштын, Эки жаат элине, Алып барып таштады, Катар чыгып экөөнү, Баатыр Бозой байге алды. Аңгычакты болбоду, Жамбы атарга чубады, Кененим өзү барбады, Андан башка келгенден, Хандар өзү баш болуп, Мылтык атып, жаа тарткан, Аты чыгып маш болуп, Деги киши калбады. Үч жүз сексен бир кулач, Жамбы аскан кадаасы. Жаасын алып мойнунан, Бирден тиштеп огунан, Моңгулдун эли чубады, Алты жүз киши жаа тартып, Бири да ата албады, Артынан казак барыптыр, Мылтык атып жаа тартып. Бир миң беш жүз ок атып, Булар куру калыптыр. Түркмөн, тажик, бадакшан, Албай барган булардан, Барган менен убара, Атып адам албаган, Хотен, Жеркен, Кашкардан, Лопнур, Азык, Аралдан, Баркөл, Кумул, Турпандан, Ата албады бир адам, Бешбалыктын баарынан, Кутубийдин наамынан. Тазбайматтын Майбулак, Манастан барган канча жан, Ата албады эч бир жан, Текес, Күнөс, Иледен, Алтайдан бери келгенден, Ата албады жамбыны, Ылганып чыккан мергенден. Үч Каркыра, Ысыккөл, Чечдөбө, Нарын, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Жамбыны атып кададан, Түшүрө албай бир адам, Төгөрөктүн төрт бурчу, Чогулушуп турган жан, Кыргыздан башка элдерден, Жетимиш эки келген хан. Токсон илек киши деп, Эсебин айтып угузган, Кошойдун уулу Бактыбай: — Жамбыны өзүм атам, — деп, Байгесин билем жамбынын, Кырк миң кызыл алтын дейт, Кырк нарга жүктөп алам, — деп, Батасы журтту байыткан, Элге нуска сөз айткан, Арбактуу Манас айкөл шер, Чоң Бейжинге барарда, Бир күн калса аркада, Айкөл Манас баш болуп, Алдынан тоскон он төрт хан, Арбагы мага жар болсо, Касиеттүү атамдын, Айкөл Манас шер үчүн, Олуйа Кошой пир үчүн, Тирүү Бакай кары үчүн, Мергендигим суранам. Эр Алмамбет султандан, Билек күчүн сурайын, Айтылуу Чубак арыстандан, Өзүнөн үмүт кыламын, Өткүр түрү Сыргактан. Деп сүйлөнүп өзүнчө, Койуп барат Бактыбай, Топчу кулак, кер атчан, Бактыбайдын атканы, Жалгызектин ак бараң, Акбараңды октогон, Милтесин кызыл чоктогон, Каданын учун тиктеди, Ак милтеден чок жетти, Ак бараңдан ок кетти, Бир жүз кырк бир танапты, Таарып өтүп кеткени. Жамбыны жерге түшүрбөй, Кармап алды Бактыбай, Кырк миң кызыл алтынды, Санап алды Бактыбай. Намысы бирге алаш, деп, Бириңе бириң караш, деп, Жетимиш эки келген хан, Кырк алтысы мусулман, Жыйырма алтысы башкадан, Кырк миң кызыл алтынды, Бөлүшүп алды мусулман. Бул эмине иши, деп, Эсепке албай киши, деп, Ачууланды калган хан. Баш болуп чатак чыгарды, Кепти жасап моңгулдан: — Кычырды кыргыз тойуна, Карайлы иштин соңуна, Өз байгесин өзү алды, Иш келди деп оңуна, Чапкан атка күйөлү, Чыгып калса биздин ат, Бул тургандар бөлөлү. Соогат бербей кыргызга, Жолубузга жөнөйлү. Кирбей калса чапкан ат, Калбалашып көрөлү, Ат байгеден чатак таап, Кантер экен ошондо, Кыргыз деген кызталак. Угуп турган элдерден Уссундан тойго келгенден Башжаны айтат калганга: — Силерге кеңеш мен берем, Чатак салып кыргызга, Теңдеше албай кырылып, Түгөнөбүз урушта. Беттешип бенде жеңген жок, Манастан бери бурутка. Биз дагы өрттөй жанчу элек, Эки ингендин алдында, Эркибизче жатчу элек, Эриккенде аттанып, Кызыл уук кылып кытайды, Кыйратып элин чапчу элек. Бизди айдап кыргыздар, Алып барды Батышка, Сүргүн кылып таштады, Биздин элди Урумга, Жай аттанып коноктон, Жайыла тарап басалы, Ат өргүтүп бир күндөн, Ар кайсы жерде жаталы, Туш келген жерден жылкысын, Жылдырып айдап качалы.