← Асылбача-Бекбача 3/7

Ат байгеден кур калса, Байгеден бөлүп берели, Ат ордуна төө чапса, Жана байге берели, Күн батыштын тарабы, Шүдүңкүт тандап уй чапса, Жөө кишиге байге бер, Жөө жүгүрүп чыкканга. Алтындан санап жүздү бер, Сайышка чыккан балбанга. Батыш менен чыгыш де, Чыгыштан чыгат кыргыз де, Аларың кырк миң алтын де, Жөө күрөшкө чыкканга, Мусулман менен капырды, Буга да кырк миң алтын де. Мергендери жамбы атсын, Атып кетсе жамбыны, Кырк миң алтын сый алсын. Теке тырмыш көл бука, Он миң алтын байгеге, Кур калтырбай буларга. Чатыраш ойноп ордо атсын, Булар куру калбасын, Жеңип алган тарабы, Беш миң алтын байге алсын, Тогуз коргоол ойносун, Ойуну куру болбосун, Ойноп копкон жеринде, Койуну куру болбосун, Койуну куру болбоско, Беш миң алтын а болсун. Кара койум дүмпүлдөк, Ака чөлүм, чөөбөрү, Балдар этек кармамай, Баары ойнолсун кыргыздын, Ойундары бүт калбай, Ар ойундан жеңгени, Алтын алсын кур калбай. Акындары айтышсын, Тыңдары улак тартышсын, Селкинчек салып тебишсин, Ыр ырдашып жеңишсин, Куру болуп калбасын. Баарына алтын берилсин. Шумпал алыш, алма алыш, Буга да керек чоң намыс. Маңдайы тердеп күч кеткен, Убара болуп калбасын, Байгеси жок кур кетип. Кылданып жаштар теңге эңмей, Чечендер тилин жанысын, Сыйласын кыргыз карысын, Ат минер алы бар болсо, Алып барсын баарысын. Аз калганда өмүрү, Көптү көрүп алышсын, Карылар барсын чалкайып, Аксакалы жайкалып, Кемпирлер барсын чайпалып, Элечеги заңкайып. Атасы барда эл тааныр, Аты барда жер тааныр, Балдар калып калбасын. Билеги жоон алашта, Балбан калып калбасын, Калкты карап жалтанган, Хандар калып калбасын. Хан менен калкты бийлеген, Сардар калып калбасын. Кең көкүрөк, кууш айак. Алпың калбай бүт баргын. Кортундулап айтканда, Кырк уруу кыргыз болгонуң, Алтымыш ата алаш деп, Ушул атка конгонуң. Токсон уруу өзүбек, Толгон түрүк болжолуң, Калтырып салтың койбогун, Кырк төрттүн ашын беребиз, Кем-керчиңер болбосун. Бир көрүнөөр кезегиң, Түбөлүгүн ойлогун. Капыр менен мусулман, Бет келишер убагың, Ай менен күндүн кулагы, Кагылышар кыйамың, Ашка барам деп барсаң, Жоо жарагың кылдагын. Таң атканда намазда, Түштө тамак убакта, Кечиндеси болгондо, Күн уйага батарда, Найзамды кармап ыргагын. Тарамышың чыйратып, Кара бойуң чыңдагын, Жүз жууганга ар күнү, Аптабаңды камдагын, Жоолук, самын керектүү, Бар нерсеңди жамдагын. Ойлоп тапкын ойуңда, Жок нерсеси калбасын, Баары болсун колуңда. Ашка кел деп чакырдык, Батыш менен чыгышты, Түндүк менен түштүктү, Эл койбой жердин боорунда. Көбү келет кекенип, Эби келди алаштын, Эми талап алсак, деп, Айрыкчасы каңгайдан, Кара кытай, калмактан, Шибе, солон, манжудан, Ашка келсе беш урук, Байкап көрүп чамаңды, Кайра жанбайт чабуудан, Кырылышып көнгөнбүз, Кайра качпа чабуулдан, Олуйа Кошой абамдын, Кыздын кызы тукуму, Ала барсын Бактыбай, Баатыр Бозой жээниңди, Өлүмдөн коркор эр эмес, Мен көргөмүн пейлини. Жыйырма үч менен жыйырма беш, Ортосунда чамасы, Эндекей жүргөн эр экен, Балбанга кийер кийимди, Болбосун анда чаласы, Беш уруктан ким чыкса, Өзүм чыгам Бекбача, Атка чыкпайт калгандар, Жөө көрүшкө жарачу, Балбандар бар бир канча. Эшигиңдин алдында, Бирден атың шай болсун. Кырк төрт үйгө тул салган, Кырк төрт катын жам болсун, Оозунан чыккан сөздөрү, Шекер менен бал болсун, Үнүн уккан кай бирөө, Эми кантип угам, деп, Уйку көрбөй зар болсун. Кыргыздардын айалы, Кара жаак, жез таңдай, Кандай туулган экен, деп, Кылым элге даң болсун, Шаңкылдаган жез комуз, Кыз колунда бар болсун, Зыңгыраган обону, Сыздырып бойдон тер алсын. Уккан сайын уксам, деп, Моокуму элдин канбасын. Айкөл Манас төрөдөн, Айак жагы Бекбача, Айтар кебин камдасын. Кошой менен Бакайдын, Айтканына сөз жеткис, Көргөнүнө көз жеткис, Кохарды ташка катпасын, Арышы жетсе канчага, Айтуудан тилин тартпасын. Айкөл шерди айткандар, Ар тарабын ойлосун. Телегейи тең болсун, Ар кандай айтса эп келет, Ким калтырып койбосун. Алтымыш уруу алашты, Баш коштурган Манасты, Тенип калган кыргызга, Жер кылган Кеңкол, Таласты, Токсон уруу түрк уулун, Чогултуп оозун каратты, Алтымыш уруу алашты, Он төрт ханга суратты. Абдан ачуу келгенде, Козголбогон Күн чыгыш. Күжүрөгөн көп элди, Өз үйүндө чуулатты, Тартып алып тактасын, Таздын уулу Үрбүгө, Кырк төрт күнү суратты. Сорандык Сошойа, Жүйрүн дөөдөн үйрөнүп, Өнөр алып жүргөндө, Алоокенин чоң уулу, Алачыктай Коңурбай, Эсен ханды ээ кылбай, Кантонду басып киргенде, Элчилешип Эсен хан, Сорандыкка караштуу, Жердин көбүн бергенде, Кайта келип Сошайа, Эсен ханга киргенде, “Жерди бөлүп мен бердим, Каары жаман Калчага, Катышпайлы” дегеле, Калбалашып Сошайа, Качып келип Кытайдан. Казакка келип эл болгон, Хан Көкчөдөн таарынып, Кыргызга келип токтогон. Тиктегенин көргөн эр, Тилегин кудай берген эр, Айтканы кабыл келген эр, Акылы артык кеменгер, Казакка келип турганда, Сошайа аты жоголуп, Алмамбет атка конгон эр, Ар кандай айтса эп келер, Узун бойлуу кең далы, Туткандын чыккан далдалы, Угабыз көк жал Чубакты, “Нойгуттан ногой көп эмес, Чубактан Манас эр эмес, Айтылган элдин макалы, Ар кандай айтсаң бап экен, Айтылар Чубак чагы экен. Хан Жакыптын Сыргагы, Акбалта хандын Чубагы, Сорандыктын Алмамбет, Согушка туулган чунагы, Эни менен таштай бер, Айтаарга келген кыйамы. Айтышканда сөзү бир, Тиктегенде көзү бир, Айрышканда бөзү бир, Жаткан жерде жатын бир, Копкон жерде койуң бир, Кармашып турган колу бир, Ойлоп турган ойу бир, Бара жаткан жолу бир, Жайытында малы бир, Көкүрөктө жаны бир, Конушунда айыл бир, Пайда-зыйан баары бир, Алаштан чыккан он төрт хан, Биринин көөнү кирдесе, Баарысынын көөнү кир, Чогулушуп турганда, Орунду алган олуттуу, Ойунча алган конушту, Ак калпак кыргыз көп алаш, Ордолуу алаш журту, деп, Ошол атка конушту. Оорактуу Манас баштаган, Өтүп кеткен кырк эки, Тирүү турган Бактыбай, Бекбача менен бар эки, Санаты кырк төрт кишиге, Аш бербей койсок болчубу? Томсоруп карап турганда, Анда кыргыз оңчубу? Өтүп кеткен кырк төрттүн, Эрегишкен жоосу көп, Ээрчип жүргөн доосу көп, Акылдашы андан көп, Андайды айтсак сандан көп. Ошончо журтту ийгерип, Олутун таап жер берет, Ордолуу алаш дедирген, Эстегенде көөн тойгон, Айтканда оозго жык толгон, Ажыдаар ооз, жалын көз, Өлүгүн койгон жери, деп, Арбагы колдоор элди, деп, Таластан алаш кете албай, Айланып жүргөн ошол кеп. Кызыганда айтылган, Кыргыздан чыккан Кыз Сайкал,

Ооздон-оозго айтылган. Орус хан кызы Кенжеке, Карахандын Агеркеч, Андан качпайт акыл кеп. Акылына көндүргөн, Алты жүз кызды чогултуп, Килем токуп, чий чырмап, Букарда жасап дүрүйө, Пулу оор карала, Иш жасатып көндүргөн, Алмамбеттин алганы, Каныкейдин сиңдиси, Кара хандын Арууке, Эркек эмес айалы, Баш карашып, бит сыгып, Байпак чечип, бут чойуп, Бирге басып, бир туруп, Маңдай-тескей олтуруп. Өйүз-бүйүз болушуп, Тамаша сүйлөп шаңк күлүп, Тазаланып кир жуушуп, Бир көөкөрдө кымызды, Талашпастан сунушуп, Суусаганда тең жутуп. Чогулуша калышып, Талпак салып, жүн сабап, Аз-көбүнө карабай, Оокат болсо тең жасап, Сайма үйрөтүп кыздарга, Кеңеш салып келинге, Баш ыйгарып аларды, Акыл-нуска кебине, Өтүп кеткен нечендер, Кайаша айтып какшатпай, Өмүрүнчө эч кимге. Жакшы болбой баарысы, Жаман да болот турбайбы, Акылы жок жаманы, Алды-аркасын карайбы, Жакшы иштешип ойунда, Жаман ишти кылганы. Кыргыздан чыккан Чачыкей,- Семетейдин алганы, Эси жок жаман иш кылып. Эстен түшүп калганы, Оозуна албай бир киши, Кептен түшүп калганы, Эр Көкчөнүн Буудайбек, Жалганды айтып ырас деп, Хан Көкчө менен Алмамбет, Арага айтып ушак кеп, Алмамбет кетип калганы, Жалган кепти ырас деп. Жакынынан айрылган, Айдаркандын эр Көкчө, Канатып өсүп жеткенде, Кабарым алыс кеткенде, Куйругум өсүп жеткенде, Оорагым алыс кеткенде, Ойлонбой минтип калдым, деп, Кейигени бөлөкчө. “Кубакай катын журт бузат” Макал болуп бул экөө, Жамандыкка айтылып. Келе жатат бул күндө, Көзүң көрсө көрбөгүн, Керге келбес жаманды, Ит дүйнөгө коргонуп, Кем көрбөгүн калганды. Өзүн өйдө көтөрүп, Жактырбаган башканы, Кишинин ушу жаманы. “Эр ойлосоң өзүңдү, Шер ойло, деп, калганды” Киши унутаар кеп эмес, Кошойдун айткан макалы. Элге күйгөн ким экен? Эл эстеген ким экен? Өлүп кетип жоголуп, Сөөгү сөпөт болсо да, Кары-жашы тең эстеп, Кейигени ким экен? Эсине түшсө кылт этип, Эригени ким экен? Элин эстен чыгарбай, Элдин тарткан эмгегин, Элине күйгөн эр экен. Келини ыйлап шолоктоп, Кызы ыйлап эчкирип, Эли ыйлап эске алып, Абысыны унутпай, Кысканы улап кураган. Үзүлгөнүн улаган, Жыртылганын жамаган, Билбегенин билдирген, Кылбаган ишке көндүргөн, Саамайын сылап тараган, Чачын тизип өрдүргөн, Кырга кылык жараткан, Келинге кеңеш карматкан, Касташкан душман келгенде, Качырышып жоо сайган. Кыз Сайкалдай эр болсо, Каныкейдей айалдын, Төрт тарабы тең болсо, Агеркечтей айтканы, Акыл-нуска кеп болсо, Ар түркүмдө иш тапкан, Аруукедей уз болсо, Айчүрөктөй асманда, Абалап учкан куш болсо, Кенжекедей кеңешкор, Ар кайда жеткен арышы, Айылда туруп сунса кол, Кыз Куйалы балбандай, Сарыбайдай дөө сайган. Сейтектей эр тапкан, Кененимдей уул тууган, Мындайларды дос-душман, Унутпайт эстейт ким болсо. Карадөөнүн колунда, Канча жыл жаткан бушманда, Баш ийбеген местейип, Кармоодо туруп душманга, Кылжыкедей бек болсо, Эркек эмес айалды, Унутпай айтат ким болсо. Чачыкей менен Буудайбек, Эсине түшсө кемпирлер, Түкүрөт жерге түү-түүлөп, Кылганын угуп кыз-келин, Дүркүрөп бойу жийиркенет, Мындайларды ким эстейт? Элден чыккан эренден, Мурун берен дегенден,