Канчоро менен Шаймамбет, Кылган иши кыргызга, Кылым элге дайындуу, Алар кантип эстелет? Урпагына уу берген, Чыныга куйса шуу деген, Жакып хандай как башты, Кандай адам эскерет? Атын укса ар кимдин, Бүткөн бойу сезкенет. Көмсө кара жер албай, Таштап атса талаага, Айбан туруп сезгенип, Карга-кузгун коно албай, Сууга салса суу жукпай, Майлаганда май жукпай, Кучактатып кара итти, Жерге көөмп таштаса, Топосун бузуп уй ачып, Өлүгүнө жолобой, Тиштебестен ит качып, Карга-кузгун, ит жебей, Кайып жандын көзү ачык, Сүйлөйүн десе тили жок, Элге кастык кылган, деп, Элге жаккан эмгеги, Эрге кастык кылган, деп, Айбанаттар качкан кеп, Булар жатса жамбаштап, Жерге убал болот, деп, Бул жаткан жерден чөп жесек, Айагынан суу ичсек, Бизге убал болот, деп, Уйлар көрүн ачкан дейт, Эркелетип эр кылып, Эрди баккан эл экен, Элге кара санаган, Канчоро менен Шаймамбет- Дал экөөндөй болчу экен, Эл кайгырып кимди эстейт? Элине жаккан кызматы, Айал- эркек дебестен, Тирүү жандын баары эстейт. Ал өңдөнгөн адамдар, Өзү өлсө да аты өлбөй, Элге кылган иши өлбөй, Унутулбайт турбайбы, Бул өңдөнгөн кишини, Унутуп койгон ким болсо, Төбөсүнөн урбайбы, Алтымыш уруу Алаш деп, Ак калпак кыргыз баарыңды, Анык кудай урбайбы, Азирет арбак урбайбы, Айабагын барыңды, Карап, кыргыз, турбайлы. Бекбачанын айтканын, Баары угуп алышты, Бара келди, баатыр, деп, Барайтканы акыл, деп, Тон жакасы болгондор, Журт атасы болгондор, Ар уруунун баштыгы, Эл жакасы болгондор, Жай-жайына барышты, Күн-түнү жок күдүрөп, Камын кылып калышты, Болжогон айдан калбастан, Балтыкка көчүп барышты, Дөбөдөй болгон токсон миң, Үйдү тигип салышты, Мамыга тартып кермени, Суурулган күлүк, жоргону, Кежимдеп үрдүк жабышты, Келиштирип кермеге, Абдан байлап салышты. Күн чыгышта беш урук, Аш берет кыргыз деп угуп, Он сегиз менен жетимиш, Боорунан сийген немеси, Баары калбай чогулуп, Найзаларын ыргашып, Кылычтарын кылдашып, Балтанын сабын чыңдашып, Канжарларын камдашып, Мизин ууга сугартып, Үзөнгү боосун бекитип, Олоңдорун оңошуп, Оронгунун тукуму, Беш уруктун улугу, Балтыкты карай чубурду. Ашка келип түшкөндө, Алды-артына көз жетпей, Айткан менен сөз жетпей, Жазгы келген келгиндей, Кара таандай куйулду. Алдынан тосо барышты, Беш урукта беш улук, Беш бөлүнүп түшкөндө, Жасоолдор айта салышты, Элиңдин саны канча деп. Үй беребиз анча деп. Минтип сурап калышты. Оронгунун тукуму, Баш улугу болуучу, Кейпи суук бадирек, Айтып турган кеби ушул: — Алты жүз миң эл менен, Алты миңче эр менен, Аш берем деп чакырдың, Айлыңа издеп мен келем. Көкөтөйдөн ашында, Ээси жоктой иш кылып, Коңурбай менен Нескара, Ороңу, Жолой дагы бар, Мурадил, Уушаң бар анда, Айтканындай иш кылып, Сыр алдырып кыргызга, Аты чыкса байге албай, Эр сайышып чыгалбай, Жөө күрөштө жыгылып, Андан жана байге албай, Мергендик кылып жамбы атпай, Түп көтөрө кыргызды, Айдап алып түз кайтпай, Кетерде жылкы алыптыр, Кектеп жүрүп Манасың, Бейжинге колун салыптыр, Сен көрбөгүн мени андай! Эмне десең макул деп, Акылыңа көнбөймүн, Коногуңду жебеймин, Түшпөй туруп атымдан, Түп көтөрө алашты, Айдап алып жөнөймүн.
Кыйынсынган кыргыздын, Кыйындыгын көрөйүн. Кылымдын баары чогулду, Малы-башы – баарысын, Камчыга ченеп бөлөйүн! Деп Отур хан күүлөндү, Ашка келген көпчүлүк, Отордун көрүп түрпөтүн, Үрпөңдөшүп коркушуп, Урумдан келген усундар. Кошула кетти чуу туруп. Маңгыт, тыргоот элдери, Таңгуттан ашка келгени, Беш урукка кошулуп, Караан болуп бергени. Короосун, Испан, Индыстан: «Кыргыздын бели бүгүлсө, Кошулалы моңгулга, Кийликпестен кирели, Шибе, солон, манжуга». Сөз байлашып Кеденге, Оогандын эли абайлап Аңдып турат бир жерде. Истамбул, Багдат, мисирлик, Кеңеше кетти биригип: «Колдон кеткен Багдатты, Алып берген Кененим, Кара жанга күч келсе, Душманга боосун чечтирбей, Кыргыздын үйү токсон миң, Биз кайтарып берелик, Бириндеп кыргыз тараса, Жан айабай кирелик, Жер жүзүндө бендеде, Баш кесер болбой моңгулдай, Жан айап кайдан жүрөлүк, Аб-Зейин бул элдин, Кимге кимдер болушат, Абдан байкап билелик». Алар антип жатканда, Токсон миң үйдө эр бүлө, Бүт калбастан аттанды, Ары-бери тынбастан, Чапкан киши короктоп, Найзалары сороктоп, Катын-калач, жаш бала, Эми кандай болот деп, Ыйлаган бар шолоктоп, Ошол кезде карасаң, Кудай бетин көрсөтпө Манастын уулу кара көк, Башына сары чалынып, Үстүнө кызыл жамынып. Оозунан түтүн буркурап, Көзүнөн жалын шыркырап, Отко койгон чайнектей, Үн угулуп шыркырап, Майтору менен аралап, Топко кире бергенде, Жарыла берди быркырап, Тең жарылып турган эл, Жайнай берди дыркырап. — Сени менен урушуп, Кан жаласам экен деп, Алдап алып келбедим, Аш берем деп кылымды. Мен чакырып келгенмин, Кастарлап келдим чакырып, Кадырлап конок ашым же, Өчөгүшүп болбосоң, Өз башыңды азыр же! Канасың абам Бактыбай, Отор хандан башкасын, Конокко бөлүп айдабай! Бекбачадан кеп угуп, Кырк уруу кыргыз айлына, Бөлүп-бөлүп жөнөттү, Айбаты элди колоту, Бөлүүгө салды конокту. «Өзүм кылган аш үчүн, Өксөтсөм жакшы болобу? Ашка кел деп чакырып, Чыр чыгарды деп айтат, Чатакташып Отор хан Чатак тапты деп айтпайт. «Аш берген киши айыпкер, Той берген киши кылмышкер»,- Байыркынын кеби экен». Деп ойлоду Бекбача, Отор ханды жүр деди, Аркасында элдерин, Жасоолдорду сүр деди, Жасоолдору эл сүрүп Чубап калды дүрдүгүп, Улак тартып, кунан чаап, Алдыман чыгып күтпөйсүң, Аш жебеймин кыргыздан, Мен айылыңа түшпөймүн. Жойпулук кылып Бекбача, Жойполоңдоп сен мага, Кур кебиңе кубанып, Алданбаймын мен сага! Деп Отор хан ороңдоп, Чылгый үйдүн терисин, Толгоп өргөн камчысын, Толгой кармап имерди, Эр Бекбача баатырды, Камчы менен жиберди. «Калмакка камчы чаптырып, Кантип жүрөм ат минип?!» Асый өгүз терисин, Алакан кылган булдурсун, Кунуна уйдун терисин, Бүлдүргө тарткан бүлдүрсүн, Кайаша айткан катынды, Кан сийгизген булдурсун, Оңдой кармап алганы, Ороңдогон Оторду, Оройлото салганы. Түшкөнү тийип бетине, Төшжары жери тилинди, Жакасы ылдый куйулуп, Жаагы кетти кан жалап, Эшик эндей териси, Жаагында турат салаңдап. Тартып алып камчысын, Сооруга атын салганы, Топоңдотуп кубалап, Айдап жөнөп калганы. Орун берип оңдурбай, Көтөргөн үйгө кондурбай, Кара суунун буткулга Айдап барып салганы Өлүүсүн бирдей үй, Коногуна бергизди,
Көк жал тууган Бекбача, Коржоңдогон Оторго, Акимдигин билгизди, Аңдап турган элдерди, Ийинге баарын сийгизди. Туу байлаган үйлөрдү, Туш-туштан кошок кошушуп, Атайлап айтып Манасты. Баш коштурган алашты, Байандап айтып ырчылар, Баардык элди ыйлатты, Эр Семетей, эр Сейтек, Кененим төрө Сейитим, Асыл бала арстанды Эр Бекбача көк жалды, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Айанбай кылган кызматты, Биргелешип моңгулга, Далайлардын келгенин, Айыр түштүү жумур баш, Адамзаттан артылып, Көйкаптагы перинин, Дөөлөрүн жеңип келгенин, Канча жылы карчашып, Кан кечишкен Калдыктын. Кармап башын кескенин, Айкөл Манас баштаган, Өлбөй тирүү бар туруп, Өзү менен кырк төрттүн, Бүгүн ашын бергенин, Кабар уккан калайык, Калбай баары келгенин, Көрүнө айтып жашырбай, Чатакты Отор салганын, Жок жеринен жаңжал таап, Жарылып жаагы калганын, Калгандардай күттүрбөй, Сазга камап салганын. Басса буту чылпылдап, Олтурса куйрук чыланат, Бул кордукту Отордун Өзү таап алганын, Ырчылар ырдап салыптыр. Арданып Отор калыптыр. Он күнү элди кондуруп, Самоор менен чай койуп, Куурдак менен май койуп, Ичкен чайдын ичине, Каймак менен бал койуп, Үч күндө бирден коноктун, Кир кийимин жуудуруп, Жөнөтмөк болду аттарды, Жеңишти карай чубуртуп, Жасоолдору жакылдап, Токтобостон жапылдып Угузуп турат мамындай, Оозун баспай шакылдап: — Кырк беш атка байге бар, Жүз миң алтын баш байге. Он абасы, он беш миң, Эр сайышат балбандан, Даңк атакты алгандан, Атка чыккан балбандан, Кыргыз менен моңгулдан, Жөө күрөшкө чыгаары, Капыр менен мусулман, Арап жактын элдери, Көбүнчө төө мингени, Он миң алтын байге алсын, Төөсү чыгып келгени. Күн батыштын элдери, Уйга ынак деди эле, Уй болсо чапсын мингени, Уйдан чыккан жүйрүккө, Он миң алтын берели. Жорго салсын коо бузган, Байге алсын алтындан. Кеште ойносун билгендер, Кер эсепке киргендер, Утуп алган кишиге, Санап үч миң алтын бер. Кыдыртып көчсүн кумулак, Бирин-бири кубалап, Кумулагын ойносун, Утуп алган азамат, Колу куру болбосун, Буга алтын миң болсун. Ака чөлүм, чөбөрү, Кара куйум, дүмпүлдөк, Жылдыр токмок, дымбыр-дым, Теке тырмыш, көл бука, Балдар этек кармамай, Кыргыздардын ойуну Баары ойнолсун, бүт калбай, Көк бөрү тартып теңге эңиш, Эки жакка бөлүнүп, Ойун ойноп жеңгенге, Кур койбой алтын беребиз, Санаты миңден кем эмес, Коосунда калар кеп эмес, Айдоого кетти сай буудан, Санаты бир миң жети жүз, Тандалып чыккан сап буудан, Бактыбайдын алдына, Барып турду Бекбача. Эки колу боорунда, Урмат салам айтканча. — Келипсиң, иним кебиңди айт, Келген иштин, жөнүн айт, — Алдыңа келдим абаке, Топчу кулак Кераттын, Карып калган чагы эле, Кошолу атка хан аке? Топчу кулак Кераттан, Өтөр күлүк элде жок, Өрүү калган Кератты, Өксүп калып баратса, Өкүм күлүк тор аттын, Өкүмүнө салаарбыз, Өткөрүп байге аларбыз, Майторуну чаппадым, Элдин сырын байкадым. Батыш менен чыгыштан Аш берем деп чакырсам, Келгендердин канчасы, Аш көрөм деп келбеди, Астыртан кабар алышып, Илме-чалма сүйлөшүп, Чаап алам деп келгени, Чыгыштагы беш урук, Усун, мангут, тыргооттор, Таңгут ага кошулуп, Коросон, Ооган, Испанга, Кокусунан желберип, Сен да бизге кошул деп,