← Асылбача-Бекбача 6/7

Мен барам деп айталбай, Мен мусулман дегендер, Камалып калды токтолуп, Кошойдун уулу Жалгызек. Карындашы Агадил, Агадилдин кызынан, Эркек бала туулган, Аты Бозой койулган. Бала Бозой баатыр деп, Жыйырма беш менен жыйырма алты, Ортосунда бар экен. Узун бойлуу кең далы, Чубакка окшош тутканы, Ажыдаар ооз жалын көз, Алмамбеттен кем эмес, Эбин табат ар иштин, Андан чыгат көп кеңеш, Өлүмдөн башын тартпаган, Өлөмүн деп качпаган, Хан Сыргактын пейли бар, Кара көздөн от жанып, Карчытынан кан тамып, Хан Семетей нуру бар, Алгыр бүркүт түрү бар, Ак жолборстун сүрү бар. Сепкили жок ак беттүү. Ийриси жок түз сөздүү Айтканы элге жагымдуу, Ай ааламга таанылуу. Кара бойу катуу күч, Кармашканын кылган түз, Тулку бойу туура күч, Тутушканын кылган түз. Тутушкан менен душмандын, Туура күчү жетпеген, Тирүү душман кетпеген, Кармаганы камбылдан, Кылган иши даңгылдан, Карап көрсөң Бозойду, Кебетеси-кешпири, Гүлчоронун как өзү, Элебей тиктеп турушу, Кененимдин мүнөзү, Хан Кошойдой көрөгөн, Алагадил кызы Алмакан, Муну кандай төрөгөн? Мусулмандан жан чыкпай. Түктүүкурт байге алат деп, Түңүлгөн хандын баарысы, Жалгызектин Бактыбай, Бозойго жакын барышы: — Жээним Бозой, кен элең, Сыртыңдан сынап билчүмүн, Жумуру баштуу айры төш, Адамзаттан эр элең, Индилерден Түктүүкурт, Майданга келип отурду, Ак калпак кыргыз алашка, Башына кайгы туудурду, Чыгасыңбы балбанга, Жарайсыңбы намыска? Сайышка чыгып Бекбача. Сайып алды Оторду, Уруш болсо жекеме жек, Бекбача чыгат болуучу, Таң тамаша майданга. Аттуу сайыш, жөө күрөш, Бекбача чыкса баарына, Анда жакшы болчу эмес. Чыгат элем карысам да, Калдык менен кармашта, Тарамышым кыркылып, Текир болгон бир колум, Серпишкенге жарабайт, Найза менен сайышка, Качан болсо Бактыбай, Аа, балам, чыга берет тартынбай. Түктүүкурт жүрөк алыптыр, Мындан мурун чыкканын, Тирүүлөй жеп салыптыр, Баатыр Бозой козголуп, Тиктей калып томсоруп: — Айтканың чын, сөзүң ак, Жылаңач чыксам мага уйат, Кийип чыгар шымым жок, Бир тосолго иш турат. Унчукпастан Бактыбай, Көрпөчөсүн ачтырып, Көкөтөйдүн ашында, Көп жыйындын кашында Ороңгуга зор Кошой, Күрөшкө кийген кандагай, Каныкей энең жасаган, Урпактан урпак эмгиче, Бактыбайга келгиче, Катылып келе жаткан шым, Алып барды кийгин деп. Арбактуу Манас, Кошойдун, Арбагы ийбеп жөлөөр деп, Бозой алып кийди эле, Ойрон Бозой баланын, Тизесинен келди эле. Кошой кийсе тар келип, Ажыбай менен Ырчы уул, Тарткылашып бергенде Олуйа Кошой кийгенде, Сүйрөлүп калды деди эле. Бырышып калган белем деп. Катталуу жатып канча жыл. Киришип калган белем деп, Чойуп койгон киши жок, Тырышып калган белем деп, Он беште отуз балбанды, Тарткылачы, балдар, деп. Бактыбай айтып чойдуруп, Көрүп турган кишиге. Аркан бойу чойулуп, Алып келип кийгизсе, Тушарынан келди эле, Алаштын баары таңданып, Кандагай кийип ал Бозой, Душманын карап шаңданып, Тамак барбы мага деп, Тиктеп калды тамшанып. Алты балбан көтөрүп, Алты чара эт алып, Күйүктүрөт кымыз деп, Алты чанач сүт алып, Алып келип куйду эле Алты чара келген эт, Алты алып койду эле, Алты чанач ак сүттү, Алты ууртап койду эле, Өзөгү араң ойгонуп, Түлкү тойут болду эле,

Алты чара келген эт, Алты тайдын эти эле, Алты чанач ичкен сүт, Алтымыш челек сүт эле. Чараны жерге таштаса, Талкаланып жоголду. Чаначтын баары жарылып, Эки жагын каранып, Эрди, мурдун жаланып, Басарына калганда, Жана жетти жигиттер, Алты чара эт алып, Алты чанач сүт алып Чараны колго кармады, Бирден-бирден алганы. Бирин эки албады, Табакта неме калбады, Сүткө көзүн салбады, Кымыздан тартып көөкөргө, Куйуп койгон арактан, Беш көөкөр ичип алганы, Ордунан туруп козголуп, Басарына калганы, Бата берди баркырап, Бар мусулман чуркурап. Артыкчасы Бактыбай, Камчысын салып мойнуна, Жашып ыйлап буркурап: — Баргын, балам жол болсун, Арбагы Манас колдосун, Олуйа кошой бабамдын, Жолборсу жолдо жойлосун! Камбыл болгон чабандес, Энөөлүк анча жакшы эмес. Эр Кененим эренден, Тирүү кеткен беренден, Сурайм жардам сага мен! Олуйалар колдосо, Оорактуу Манас жар болсо, Намысты алып берет деп, Үмүт кылам сенден мен! Эндегей чапан сыртынан, Эр белгиси чапанды, Тартып алды Бактыбай, Баргын, баатыр, баргын, — деп, Айтып калды Бактыбай. Түктүүкурт Бозой көрүшүп, Көөдөндөшүп тирешип, Оңдоп-солдоп булкушуп, Оң тескери алышып, Орой- торой чалышып, Букадан бетер сүрөшүп, Бурадан бетер жөөлөшүп, Кочкордон бетер койушуп, Мурдунан канды чубуртуп, Аркырашып алышып, Айанбастан кармашып, Айландырып имерип, Ыргытышып жиберип. Төрт айактап тик түшүп, Кайта келип жармашып. Жердин бети тытылып Оодарылып таш калды, Коморулуп чий калды, Аңтарылып чым калды, Көлчүк болуп жылтылдап, Чуңкур жерди суу алды. Күндүз-түнгө айланды, Кастык кылар бекен деп, Карап турган эки жак, Балбандарын кайтарды. Күркүрөгөн үн чыгат, Күн күркүрөп жаткандай, Сескендирип сүр чыгат. Арадан кетип түн калып, Агарып сүрдү таң атып, Күн экиге айланды. Түн экиге айланды, Карап көрсө балбандар, Карчыт тери канталап Билектери сойулуп, Карчыганын балык эт, Кандар агып чубуруп Кара бойдон аккан тер, Былчылдап ылай жуурулуп, Күн үчүнө өткөндө, Түн экиге жеткенде, Түктүүкурттун улугу, Өзү кешмир уругу, Куларып деген хан эле. Көтөр, балбан, көтөр деп, Көзүңдү ачкын неттиң деп, Кайратың кайта кетти деп, Качырып келип Куларып, Сөөм болжоп найзаны, Түктүү куртту бир сайды, Тартып алып найзасын, Алып Бозойду бир сайды. Куларыптан найза жеп, Баатыр Бозой арданды. Түктүүкурттун белинен, Камтый кармап алганы, Айкөл Манас колдо деп, Айкырыкты салганы, Түктүүкуртту алп Бозой Так көтөрүп алганы, Ажалы жетип Куларык, Карап турган убагы. Тегеретип имерди, Куларыпты алп Бозой, Түртүүкурт менен жиберди. Түктүүкурт тийген оңобу, Аты менен Куларып, Талкаланып жоголду, Дайыны калбай күл болду. Алтын тургай балбан жок, Куларып менен Түктүүкурт. Талкаланып күм болду, Индыстандын элине, Ай караңгы түн болду, Ар түрдүү салган ойундан, Алган бенде болбоду, Жамбы атарга камынды, Моңгулдан барды миң мерген, Шибеден барды миң мерген, Солон менен манжудан, Мындан барды көп мерген, Аш көрөм деп келгендер, Калганы жок келбеген, Мылтыгын жышып октогон, Милтесин кызыл чоктогон, Жалгыз кара бир башы, Миң кишини токтоткон, Жалгыз кылды жараткан, Канчасы келди андайдан,

Керчитке огун кергенден, Жаага адис дегенден, Түндө өтчү келгинден, Күндүз болжоп ок атып, Атып алчу эренден, Танапка аскан жамбыны, Такыр атып барышты, Аталбады баарысы, Нөөмөттөшүп ок атып, Үч күн кетти арасы. Ашка келген адамы, Жетимиш миң хан саны, Карапайым калганды. Аны кимдер санады. Жетимиш миң хан атып, Жетик туулган эр атып, Жергесинен эл атып, Жамбыны ата албады, Жалгызектин Бактыбай. Буурул мурут чагы экен, Букарга барар табы экен, Сакалынын агы экен, Сапарга барар чагы экен, Жамбыны өзүм атам деп, Камданып калды Бактыбай. Түрсүлдөк деген аты бар Түбүнөн мерген салты бар, Кыйшайа минип алганы. Жамбыны атып алганы. Жүз элүү танап тарттырган, Элүүсүн таарый атканы. Хандар карап калдайып, Баатырлар карап далдайып, Элдер карап элейип, Мергендер турат делдейип, Көктү тиктеп көп адам, Катып калган селейип, Атар киши жокпу деп, Карап турган кезекте, Элден элкин бөлүнүп, Майторуну булкунтуп, (Эр Бекбача жээлигип, Алдында баатыр келбеген, Армансыз болсун баары деп, Карасы, ханы мергенден). Көзүр Чубак көк жалдын, Таш келтесин колго алып, Окчо кармап мелтиреп, Күүсү менен Тору аттын, Этектери делпилдеп, Тартып ийди машаны, Бири калбай кыркылды, Жамбыны тарткан Танабы, Жамбыны жерге түшүрбөй, Бекбача кармап алганы. Жамбыны колго алганча, Кайтып кетти Бекбача, — Кырк миң алтын соогаңыз, Сиздики, аба, болсун, — деп, Бактыбайга бергенин, Айтып кетти Бекбача. Көргөндүн баары баатырды, Бекбачаны жактырып: «Балбан экен, эр экен, Жолборс экен, шер экен, Ушунча жандан Бекбача, Ырысы артык неме экен, Кызыл түктүү пил экен, Кыраакынын бири экен, Балта чапса мыктуу экен, Найза сайса ыктуу экен, Мылтыкка мерген уул экен, Жетимиш эки өнөргө, Өтө жетик бул экен, Буга барып ким тийсе, Аны кудай урчу экен. Телегейи тең экен, Пейли асмандан кең экен, Кырк ууру кыргыз ак калпак, Ырысына Бекбача, Жаралып калган эр экен. Кабарын угуп жүрчү элек, Бүгүн көрдүк көз менен, Эр эле тургай шер экен, Теңдешкен бенде кем экен. Ырысы суудай шарылдап, Агып турган неме экен. Кара суудай кан кечсе, Камыкпастын бири экен, Так токсон күн урушса, Талыкпастын бири экен, Талкалашса тартынып Чалыкпастын бири экен, Минген аты Майтору, Кырк күн чапса кыргынга, Чалыкпай турган мал экен, Аркандай уккан кептерде, Ашырып айтат дечү элек, Айтканынча бар экен, Бактыбай карып калыптыр, Акылчыга зар экен, Жаш курамы Бекбача, Элүү ашкан чагы экен.” Сыртынан сынап турганда, Бабырашып жатканда, Кептерче учуп зыпылдап, Кызылкыз келди аңгыча: — Сыйкырчыдан калбаган, Ат айдоого барбаган, Ханың, караң- баарың ук, Аттан кабар мен айтам. Беш күн айдап барганбыз, Беш күн өөрүн алганбыз, Баш айагы он күндө, Атты жолго салганбыз. Чабууга барган сап буудан, Бактыбайдын Кераты, Кандай бээден туулган? Үмүтүм үзүп турамын, Үстүндөгү баладан. Койо берип аттарды, Аркасынан салганбыз, Чалкандуунун бойунда, Атты эсепке алганбыз. Ошончо аттын ичинен, Көрө албадык Кератты, Кайта карап жөнөдүк, Аркабызга ал атты, Бир күнчүлүк аркада, Калганын көрдүк ал атты. Адашып ачка өлөм деп, Элди мен кайдан көрөм деп, Ыйлап бала келатты. Баспай калган болукшуп, Агын сууга келгенде,