Сууга салды бала атты, Чылбырга тийер ал барбы, Кайра тартып жөнөдүк, Балага берип тамакты. Ал түнү жаттык таң атты, Биз санадык бар атты, Аркада калды Керат деп, Санаты кем бир атты, Дүрбү салып караса, Кере күндүк эл жактан, Көрүп калдык караанды. Жолдун кошкон атпы, деп, Ким болсо калба тапты, деп, Күүлөй- күүлөй жөнөдүк, Учуп көнгөн канатты. Жеткен жерде тааныдык, Бактыбайдын Кератты, Учту десек көрүнбөйт, Уча турган канаты, Көзүбүз көрдүк баарыбыз, Куйругу менен чапкылап, Жайдак боз ат баратты. Жетип келди топ сыйкыр, “Таң калба, деп, Кератка, Анда бала бизге айтты, Көрдүңөрбү боз атты?” “Жалгызектин Жалманбоз Мен болом” — деп ат айтты, “Жалынан тиштеп Кератты, Көтөргөнүн билемин, Таманы жерге тийген жок, Асманда сызып келемин.” Баладан угуп бул кепти, Айтып келди кабарды, Аш бышымда келет го, Бактыбайдын Кераты. Байкап көрдүк баарысын, Тирүү келер бирөө жок, Байгеге чапкан көп атты, Беш күн нары айдадык, Үч күндүк келдик бер жакка, Эки күндүк жол калды. Куйруктары булактап, Кулактары шалактап, Арыган көрдүк көп атты, Алдыңкы колу очоңдоп, Арка буту чочоңдоп, Келатат көрдүк топ атты, Каңгайлыктын аты окшойт, Баары окшош каратты. Үч күндө келет сенделип, Болжоп көрсөк чамасы. Аңгычакты көрүндү, Топчу кулак Кераттын, Келе жаткан карааны. Кераттын келип көөн тынып, Бактыбайдын айтканы: — Атыңды сүрөп чыгарган, Эртең түштө келгиниң, Эсептеки алтынды ал, Эртең түштөн калганың, Алтыны жок атыңды ал. Жалган болбойт айткан кеп, Шүдүңгүт деп уй чапсаң, Желмайан деп төө чапсаң, Чубатууга азыр сал! Көптүн иши көп экен, Көп турмайлык көл экен, Желмайан деп төө таптап, Шүдүңгүт деп уй таптап, Антип жаткан көп экен. Уй менен төөнү жөнөттү: — Бир күн айдап барасың, Түнкүсүн суутуп саласың, Эртеңки күнү шашкеде, Берини карай чабасың! Муну айдаган жери түз, Уйдун саны эки жүз, Төөнүн саны алты жүз, Эки жүз уйдан тогузга, Байге сайды угузуп. Чыккан уйга жүз алтын, Оонабаска он беш, — деп, Он беш төөгө байге бар, Алдында чыгып келгенге, Бир миң беш жүз алтын бар, Оонабаска алтымыш. Айдасаң эми айдадың, Сыйкырчылар айдагын. Айдап барып кондуруп, Аса байлап койдуруп, Таң атканда чалдырып, Кара суудан кандырып, Балдардын баарын сийгизип, Жалпы баарын мингизип, Уйду салып алдына, Койо бергин удаалаш, Артынан төөнү жүргүзүп! Атка кеткен адамдар, Жетип келди аңгыча, Болжогон түшкө үлгүрүп, Үч ат келди белгиге, Каңгайлыктын бир аты, Кыргыздардын эки аты. Тирүү калбай бүт өлүп, Түгөнүптүр калганы. Ашка келген хандардын, Өлүп калып аттары, Кайгы басты аларды: “Аш берем деп кылымга, Чакырып келип баары элди, Чама жетип чарк келбей, Чакташа турган баатырдын, Экөө өлүп жыйналды, Өлбөй тирүү тургандар, Аттары жок жөө калып, Антип жаны кыйналды. Чакырган ашка турбайбы, Бизди ушундай кылганы!” Аңгычакты болбоду, Төөлөр келип калганы. Каткан деген кыргыздын, Төөсү чыгып байге алды. Аталаш жакын тууганы, Алп Бозойдун агасы, Буржуй деген бар эле, Үч жүз үйлүү бай эле, Тогуз уйдун төртөөнө, Буржуйдун уйу келиптир, Калгандарга такыр жок, Олжону кыргыз бөлүптүр. Аштын күнү толгону, Кетээр маалы болгону, Мал табуучу ырчылар, Эми уйкусун койгону,
Кырк уруу кыргыз эл берди, Андан башка элдерден, Берген киши болбоду, Чыгыштан келген беш урук, Таңгут, маңгут кошулуп, Тыргоот, ойрот бир болуп, Урумдагы уссундан, Кеңеште бар көп адам: “Аш берем деп Бекбача, Алпыбызды өлтүрүп, Түктүүкуртту Бозойго, Шыбыш берип жайлатты, Алыскы жерге атты чаап, Аны мындай айдатты. Көй бууданды өлтүрүп, Көп баатырды жөө койуп, Таанылмак экен турбайбы, Өзү жалгыз дөө болуп, Желмайан менен шуудуңгүт, Эл оозунда макалда, Өтө башка бир шумдук, Көзү менен көрүүгө, Алардын жайын билүүгө, Атайын кастап чаптырып, Өлчөп көргөн турбайбы, Канчалык жоого уй жарайт, Канча доого төө жарайт, Жайын көргөн турбайбы, Турган жерде катышсак, Иран, Ирак, мисирлик, Буга жардам кылбайбы, Коросон, ооган, испандык, Шек алдырбай жылбайбы, Кол салган киши биз болуп, Түп көтөрө кырбайбы, Тукум курут кылбайбы, Сынбай бутуң аксайбы, Жилигиңди чакпайбы, Жып-жылма түптүз кылбайбы, Жылас кылып тынбайбы, Азыркысын кетели, Келеркисин дешели, Келер жылы жайында, Уруумдан, усун, кол кура, Чыгыштагы беш урук, Кол салалы кыргызга” Деп кеңешип киргенде, Өмүр жандын Кызылкыз, Эч кишиге таанылбай, Моңгул болуп дулуйуп, Уссун болуп тулуйуп, Шибе болуп чулуйуп, Солон болуп кулуйуп, Манжу болуп мылжыйып, Кидан болуп дыңкыйып, Канча түрдүү кубулуп, Арасында кеңештин, Бирге отурган болучу. Акырында бир манжу: — Моңгул сенде арың жок, Ар кыларга алың жок, Оторду кыргыз өлтүрдү, Урушу жок жеңиште, Кимдер балбан өлтүрчүү? Бирге келдик беш урук, Келер жыл деп жокту айтып, Колуңдан келбес ишти айтып, Куру кеңеш кылгынча, Тарап-тарап басалы, Жолундагы кыргыздын, Жылкысын айдай качалы. Келер жылы чогулар, Чырдын башын ачалы. Жөн жатпайлы чогулуп, Кыргыздын алып малын кууп, Илгертен бери карата, Эч кимдин колу тийбеген, Жоо дегенди билбеген, Эндекей жаткан кыргыз бар, Батыш жагы алардын, Жаңыжер, Улан, Нарынкол, Түштүк жагы Алатоо, Айлана курчап турган зоо. Чыгышка агат баш айрык, Түндүкө агат орто айрык, Батышка агып бурулат, Айагында бир айрык, Чогулушуп үч айрык, Иленин суусу аталып, Тегеренип айланып, Батышка кетет түз агып. Күнгөй бети көк камыр. Кыргыздар жатат мал багып. Текес деген эри бар, Күнөс деген ханы бар, Жылдыз деген көлү бар, Текес эри токсондо, Тебелесек жок сонго. Күнөс ханы карыйа, Күч коробойт аларга, Талап алып кетели, Мындан кайра жанганда.. Урумдагы уссундар, Убара болуп сандалба. Тирүү койбой кыргызды, Топ-топ кылып жыйабыз, Токтотуп туруп кырабыз, Чогултуп ташты жыйабыз, Кыйаматка аты өчпөс, Кыргыз бейит ат койуп, Мына минтип тынабыз. Кеңешин угуп Кызылкыз, Мындан кетип калыптыр, Уккан -көргөн иштерин, Бекбачага айтыптыр. Муну мындай таштайлы, Бекбачадай баатырдын Өлүмүнөн баштайлы.