← Асылбача-Бекбача 5/7

Индыстанга дем берип, Дайарданып жаткандыр, Кадамебиз катпасын, Желип чыгар ат калбай, Отордун аты калганы, Чубатууга салбады, Көрүп тутуп абаке, Майторуну чабамбы? Кыйалыма бүккөнмүн, Кызы талак Отордун, Жекеге чыкса эрдемсип, Кесип башын аларда, Чыгыш менен батыштан Түштүктөгү Индыстан, Чогулушту он үч хан, Жамандык келбейт биздерге, Иран менен Арактан, Мисир менен Басыра, Бизге жакын чынында. Жөө күрөшкө ар качан, Индыстан Түктүүкурт, Ошол чыгат жулунуп, Жээниң Бозой абаке, Барбай туруп албасын, Башын катып кулуйуп, Түктүү куртту мен көрдүм, Ар кандай адам корккудай, Түрү суук тулуйуп, Эмчеги турат салаңдап, Эки жашар баладай, Кар жиликтин булчуңу, Кысыр эмди танадай, Алакандын бүлтөгү, Эт чыгарган чарадай, Соорусу менен далысы, Тай чабуучу талаадай, Отор чыкса сайышка, Менден башка кимиң бар? Түктүү курт чыкса күрөшкө, Иним Бозой жетип бар, Айтып болуп насаатты. Коштоп алып Кератты, Чубатууга салганы, Майторуну чаппады, Минген бойдон калганы, Беш күн ара кондуруп Жасоолдор атты айдады. Атты айдатып жиберип, Башка ойунду салганы, Сайышка өзүм чыгам деп, Отор чыгып калганы, Оторду көрүп Бекбача. Өрт жалындай заарданды, Түпөктүү найза ыргады, Кыйырдап кыркты сайуучу, Кыйалы мунун кармады. Отор келет көгөрүп, Короодой чокмор өңөрүп, Алты кабат туулганы, Тултуйтуп башка көмөрүп. Минген аты Кызылсур, Кыйкырып чыккан Отордун. Кызматын мунун угуптур, Укмак тургай көрүптүр, Оторду көргөн кишиге, Укмушу көп билгенге, Анча мынча дөбөнү, Көмөрө чаап жалпайтып. Өнүп турган чынарды, Илип алып найзага, Бутактарын тартайтып. Жалбырагын салпайтып, Сүр көрсөтүп алыптыр, Көрүп турат баарысы, Түр көрсөтүп алыптыр, Кылганын элге дайындап, Кыр көрсөтүп алыптыр, Кылымда мендей ким бар деп. Сыр көрсөтүп алыптыр, Кылаарын мурун белгилеп, Чыр көрсөтүп алыптыр. Келе жаткан Отордон, Чымдуу жерлер чытырап, Суусу агып чылпылдап, Какырга калса капташып, Таштар учуп чыркырап, Топурак учуп буркурап, Эпкининен шамалдап, Жел айдады зыркырап. Карап турган көп элден, «Өлөрүнө жер таппай, Кутурган экен Бекбача, Билип турду Оторду, Чакырып ашка ошону, Калкына алып келиптир, Кан аралаш жошону!» «Манастан бери карата, Такта куруп Таласта, Жыргап жаткан кыргызды, Айабай олжо алабыз, Бекбача өлүп калганда, Отор сайып алганда». Конокко түшпөй чыр кылып. Отор туруп калганда, Кошулушкан моңгулга, Элдин баары кубанып, Ээрчитип элим алпарган, Эрдин бары кубанып, Иран, Ирак, мисирлик, Өңү өчүп кубарып, Кыргыздын баарын муң басып, Тумандап көзү тунарык. Жагалданган куу калмак, Жанынан тойгон бул калмак, Найза бойу келгенде, Тура калып токтолуп: — Ой, Бекбача, Бекбача, Жер тиктебей түз карап., Көрүп тургун өзүмдү, Угуп тургун сөзүмдү, Аш берем деп апкаарып Ашка кел деп кат жазып, Алып келдиң Бекбача, «Өзү келип катылган, Бала ыйлабайт», — деди эле. Кабар айтып, кат жазып, Катылган бала сен болдуң, Өзүң жатар көрүңдү, Өзүң каздың белендеп. Казган көргө салайын, Канчалык бар алашың, Колдогонун көрөйүн! Өлүп калган Манасың, Топосун көккө сапырып, Жоготойун Таласың,

Мени менен теңдешип, Пайданы кайдан табасың! Теңтуш киши кептенип, Өткөндө камчы чабарсың! Алтымыш уруу алашты, Алтымыш жерге бөлөйүн, Иран менен Иракты, Убара кылбай жыйыпсың, Алардын кыйындыгын көрөйүн, Сапырып ийип жөнөйүн, Айтканымды кылбасам, Адам болбой өлөйүн, Эрдик менен сайышам, Кезек менен кирели, Ким экен баатыр билели, Армандуу болбо Бекбача, Мен турамын кезек ал, Алдыңкы кезек сеники, Соңку кезек меники, Алдында кезек мен алсам, Жоголосуң жалгандан, Оолуккан бойдон мен сайсам! Отор айтып турганда, Кара көк тууган Бекбача: — Опурулуп ороктоп, Оозуңа келген кепти айтып, Оолугасың сороктоп, Алың келсе калмагым, Айанбагын барыңды, Катынчалык демиң бар, Мен билемин алыңды! Ата-бабам мурасы, Душманга бериш кезекти, Мурун кезек мен алсам, Кийин кимден аласың. Кекенишкен эсепти? Кезек бердим, сен алгын, Өзүмө кезек келгенде, Эбиңди тапчу мен бармын! Отор айтат ошондо: — Акыл айтсам болбодуң, Мурун кезек мен алсам, Сен Бекбача оңбодуң, Кел кезекке тургун деп, Кержеңдеп калмак күүлөндү, Бекбача туруп бергенде, Жан алчудай сүрдөндү, Жалындап көздөн от жанып, Жаасын салып бетине, Алда канча түрдөндү. «Чокмор менен чокуга, Чапсам кетет чачырап, Кенедей көзгө көрүнбөй, Жер бетинде жок калат. Найза менен сайайын, Илип алып көтөрүп, Эл аралап барайын. Көзү менен көргөндө, Ашка келген баары жан, Коркуп мага багынат, Бекбачага кошулган, Кыргыздан башка уруудан. Жан соогалап тартуу деп, Арбын дүйнө табылат, Төрт тараптан келгендер, Бүткүл мага жалынат. Эгер андай кылбасам. Бөлүшкө элди салганда, Кыргыз эмес алашты, Айабай бөлүп алганда, Мага олжо бергин деп, Баш оорутуп чыр кылат, Туруп берген Бекбача. Өзүм Отор сайганда Өлүмдөн кандай кутулат? Кезектешсек экен деп, Эсирген кыргыз Бекбача, Эбин таптым амалдап, Бекбачаны сайганда, Келе берсин калган хан, Кол куушуруп сабалап, Нөөмөт жетпей көбүнө, Эшигимди сагалап». Ойлонуп Отор өзүнчө, Колуна кезек тийгенде, Оморбай туруп эрди алып, Оорутпай турду жанды алып Кол куушуртуп өзүнө, Жер жүзүндө элди алып. Оодара сайып алам деп, Колуна найза карманып, Оозунан түтүн буу жанып, Оңдонуп минип комдонуп, Орто тоодой зоңкойуп, Чаначтай көөп дардайып Тайган кууган текедей, Мурундары барбайып, Бөйөн менен жыландай, Жети муунду чайандай. Уусун чачып зарданып, Качырып кирди кырданып. Түп атасы ороңгу, Кошой сайып өлтүргөн, Атын атап үн салып, Аркасында Отордун, Жөө туман түшүп чаң калып: «Алдынан кайдан барайын, Май сооруга басайын, Көмөрө сайып Тору аттан, Тартып алып найзамды, Как далыга бир койуп, Көтөрүп алып барайын», Ойуна алып ошентип Ак каңкы эрдин башы деп, Куймулчактын учу деп, Жыгылар жери ушу деп, Кызыл сур менен кылаңдап, Кыйын Отор кара ниет Качырып найза шилтеди, Болжогон жерге муштады, Карыш жери найзанын, Кызыл канга чыктады, Бекбача минген Майтору, Эки колу бүгүлүп, Тизелей түшүп оңолду, Отор калмак найзасын, Кокус сынып кетет деп, Тарамыш желим жаткырып, Колу менен чырмаган, Мелтиреген таш сайып, Найзасы кеткен таш жарып, Андай нечен сынаган, Учун ууга сугарткан, Таштан тайбас найзасы, Бекбачадан тайганы.

Майтору колу бүгүлүп, Демигип тура калганда, Үзүлүп кетти белинен, Отордун сайган найзасы. Майторунун сооруга, Кан куйулду шырылдап, Найзасы сынып кур калып, Турду Отор шалдайып. Бекбача баатыр бурулду, Айбат менен каарданып, Мурас калган Сыргактан, Сыр найзаны колго алып, Аккан канды карабай, Жаранын оозун таңбастан, Сол жагына оролду, Сол айланып оң болду, «Манастап» ураан чакырып, Оторду баатыр качырды. Жаралуу болбой сак болсо, Сайбайт беле анчалык, Ал Манастын тукуму, Жаман сайат башкача, Жаралуу болсо жан ачып. Майторудай тулпары, Ооздук тиштеп нидерди, Одурайган калмакты, ТАкыр колтук алдына, Таамай муштап жиберди. Найзанын учу жеткени, Чыдай албай бадана, Чыдаштык бербей чынжырлар, Чатырап чыгып кеткени, Кош өпкөсүн жаралап. Жүрөгүн найза аралап, Оодарып жыкпай Оторду, Сайган бойдон Бекбача, Найзага илип көтөрдү, Бекбача минген Майтору, Кабаттап кантип көтөрдү, Төрт айагы Тору аттын, Казыктай жерге кагылды, Туудай болгон куйругу, Жер бетине жайылды. Кошулгандар Оторго Коркунуч кирди ошондо, Чыр тапты Отор жөн турбай, Сайышка чыгып мөөрөйгө, Одураңдап жокту айтып, Чолосу тийбей өлөөргө, Жөө балбанды камдады, Индилердин элинен, Түктүү курт чыгып алганы, Индилердин түктүү курт, Быжыгыр тармал кара чач, Андай бенде элде аз, Жолум үйдөй башы бар, Жолбун иттей кашы бар, Камандай кашка тиши бар, Кылган далай иши бар, Бир жегенде Түктүүкурт, Беш-алты батман тамак жейт, Алтымыш күн жөн койсо, Кана тамак мага дебейт. Арак ичсе, суу ичсе, Челектеп ичкен аракты, Көлчөктөп ичет сууларды. Токойго кирсе аралап, Шер менен жолборс, каманды, Катары менен кармаган. Деңизге барса суу бойлоп, Уктап калган жайанды, Алып келчү көтөрүп, Бир айылдуу кишинин, Эти антип камдалган, Жылында бирден пил кардап, Согумуна жеп келген, Өчөгүшүп нечен пил, Такыр алы жетпеген. Түктүү куртка бет келген, Кутулуп бирөө кетпеген. Алыскы жоого барбаган, Инди,чын, какан журтунан, Англис, бараң ушундан, Иран, Ирак, Араптан, Нечен сапар күрөшүп, Бенде жыга албаган, Жаман жери Түктүүкурт, Күрөштө жыккан кишини, Тирүүлөй тытып жеп алган. Чийки тытып эт жеген, Бендеден чыккан бир айбан! Эки көздүн чуңкуру, Лоптун бүткүл көлүндөй, Сакал менен муруту, Сагыранын чөлүндөй, Бетинен чыккан ыдыгы, Айателдин чөлүндөй, Манжасы жок таманы, Таманы пилдин бутундай, Колдору ийри буурсундай, Эки буттун жилиги, Тамга арткан устундай. Кечкил тумшук, дөң маңдай, Жикир мойун дүм далы, Туткандын чыккан далдалы, Белсенип чыккан баатырдан, Тирүүлөй жеген канчаны, Жалпак мурун, капкан бел, Жер бетинде бир балбан, Жыгалбаган кеп экен, Эки далы кең экен, Мүчөсү балбан баарысы, Телегейи тең экен. Өзүнө-өзү ишенип, Шор дайранын бойунда, Индыстандын ойунда, Жалгыз менмин дээр экен. «Мен чыгам деп балбанга. Теңдешер киши такыр жок, Туулупмун бекер жалганга, Арманым ушул»,- дээр экен. Кешмирдин Кынтын жеринде, Ошондо туулган неме экен, Туурасы кайсы, бой кайсы. Жылаңайлак, жылаңбаш, Кийими жок жылаңач, Чылбардай бар өргөн чач, Жылдыздай көзү жылтылдап, Уйдай мууну шылкылдап, Эшектей кулак делдейип, Оозу чолок кемейип, Алдынкы эрди телпейип, Келип турду майданга. Кирген нардай деңкейип. Ким чыгат деп турган эл,