← Асылбача-Бекбача 1/5

Калдыктын колго түшүшү

Кара нээт хан Калдык, Чакмакташты өлтүрүп, Жүрүп кетти далдаңдап, Этек жеңи салбаңдап. Түнкүсүн уктап жата албай, Күндүзүндө дем албай, Баркөлдүн ары жагында, Куландын сары сайында, Куту бий, Манас, Кумулдан, Чабуулга барган кыргыздар, Чогулушкан ал сайга, Бекбачаны таба албай, Каңгайга чейин барганга, Ачык жооп алалбай, Же кайра кетип калганга. Дүрбү салып каңгайга, Барар жолун арытып, Карап туруп хан Калдык, Кыргызды көрдү кең сайда, Ара салды андайда. Дүйнөнүн бетин куруткан, Жесир кылып жубанды, Жетим кылып уланды, Көргөн жерде улуткан, Карап туруп кытмыр хан, «Бекбача мында келбептир, Каңгайга чейин барууга, Же кайра кетип калууга, Ачык жооп бербептир, Абдан жайын билем деп, Ар тарапка көз салды, Кулан кууп адырда, Жалгыз жүргөн элөөрүп, Көрүп калды бир жанды. Кыргызга кетер жол жагын, Тосоттоп Калдык барганы, Жалгыз жүргөн ал жайда Жагалданып кулан кууп, Жагалмайдын көзү экен, Көзү тургай өзү экен, Кызыгып кууп куланды, Антип жүргөн кези экен, Жагалмай кетер жолуна, Чыга калды белеске, Күүгүм кирген бүрүлдө, Тура калды элеске. Элести көрүп Жагалмай, Душман болуп калат деп, Айагынан шек албай, Изимди карап артымдан, Келген балдар экен деп, Кетип барат жайма-жай, Эч нерсени ойлобой, Эндекей жүргөн баланы, Эбин табар чараны, Ойлоп калды хан Калдык, Кире берме бийактан, Чыга берме айактан, Элөөсүз капыс жар жакка, Тура калды хан Калдык. Найзаны кармап кезенип, Ээрдин тиштеп белсенип, Калдык турат кекенип. Жарагы жок колунда, Жамандык жок ойунда, Жаркылдаган Жагалмай, Кирип келди тепсетип. Кечмеликтен кечерде, Эрдиктен калдык тайганы, Ураан айтып качырып, Өзүнүн дайынын айтпады. Эшик төрчө жанынан, Өтө берип баратса, Эшик эндүү айбалта, Дал төбөгө чапканы, Туулгасы жок башында, Эндекей жүргөн баланын, Жайната мээсин чачканы, Элөөсүз жүрүп күмөнсүз, Жагалмай өлүп жатканы. Эми Калдык нетиптир, Акыл ойлой кетиптир, «Кыргызга кирсем аралап, Бугубай менен Такырбаш, Булардан кантип жан калат? Аралап элге барайын. Бир амалды табайын, Бекбачанын кеби деп, Таратып ийип буларды, Каңгайга кетип тынайын. Өлгөнчөктү каңгайда, Баш мааналап турайын, Аттын этин не кылам, Жаш Жагалмай балбандын, Эти таттуу эмеспи, Жолдо азык кылайын». Такырбаштан жазганып, Бугубайдан апкаарып, Аралап элге баралбай, Жагалмайдын эттерин, Шылып алып артынып, Акмалап келип эл четин, Ат откоргон кишиден, Үч кишиге жолугуп, Алдындагы сур атты, Торко менен жабуулап, Тору кылып бул атты, Сүйлөгөн сөзү тизмектүү, Жагымдуу элге эң таттуу: — Амансыңбы, кыргыздар? Ат багыпсың какырда, Артынан кетип баратам, Маңгыт Калдык капырга. Жерге кирсе Калдыкты, Артынан бирге кирүүгө, Көккө чыкса Калдыкты, Көк асманда жүрүүгө, Бекбача байлап белимди, Сактап алыш душмандан, Алтымыш уруу көк алаш, Ак калпак кыргыз элимди,. Эр Чакмакташ, Кардыгач, Хан Кетиркей аларды - Жай-жайына тараттым, Жалгыз өзүм Бекбача, Калдык ханды кубалап, Каңгайды карай бараттым. Такырбаш менен Бугубай, Ниреден келген Жагалмай – Аларга барып сен айткын. Жүрө бербей дүбүрөп, Жай-жайына тарашсын. Эр Жагалмай, Бугубай, Картайып калды Такырбаш, Бизге келбей кетти деп, Көңүлүнө албасын. Жагалмайга жолуктум, Бар кебимди угуздум. Ниреден жалгыз менмин дейт, Такырбаш менен Бугубай – Адар менен келдим, — дейт. Жаш эмеспи Жагалмай, Кайта кет деп айтканда, Сүйүнбөдү элжиреп, Мен да бирге барам деп Болбой турду мелтиреп. Болбой кет деп тилдедим, Таарынгансып буруйду, Келеби, келбей кетеби, Анасын ачык билбедим, Такырбаш менен Бугубай, Талаада минтип жүрбөсүн, Кайгайга барса Калдыкты, Анык билем сүйбөсүн. Айтып болуп Калдык хан, Аттанып кетти шарт койуп. Калдык жөнөп кеткенде, Такырбашка барышты. Кыргыздын бири ат койуп. Бекбача баатыр келди деп, Сизге айткан кеби деп, Зир-зиберин калтырбай, Баарын айтып болгону. Бугубайды таптырып, Жөө кишиден чаптырып, Укканын айтты Такырбаш, Анда айтат Бугубай, — Бекбача келип жолукпай, Кеткени, кандай Такырбаш? Келип кетти дегени, Түйүнү бар кеп турат, Бекбача келбей кеткени, Жүйөсү бар иш турат, Кандуу Калдык маңгыттын, Артынан жүрсө кубалап, Жагалмайдай биз дагы, Бирге барсак экен деп, Жол торгосок божурап, Катуурак айтса барба деп, Күдүңдөп калса кобурап, Барган менен болбойт деп, Бир далай жолум торгойт деп Кеткени чын Бекбача, Таарынбаса Жагалмай, Келет эле бул жакка. Айта кетер барып деп, Кеткен окшойт Жагалмай, Кайра тартып Лопнурга. Кештеден бетер саймалап, Такырбаш кебин айтканда, Хандан кепти укканда, Араң турган кара аскер. Аламан койуп чуркурап, Жүрүп берди аркага. Такырбаш менен Бугубай, Жер- жерине кетишти, Жалган кепке көөнү жай Баатыры өлсө кыргызым, Карабай таштап кетет деп, Моңгулдун айткан кеби бар. Кытмыр Калдык өлтүрүп, Кеп калтырган Жагалмай, Кескилеп Калдык эттерин, Калдык алган мамындай. Качкан Калдык алдырап, Каңгайга барды самсаалап, Чаңбейсенде Курчун хан, Жанайдан өлүп кеткенде, Ордуна Калдык хан болуп, Аскерге алып эркегин, Моңгулдун башы маң болуп, Шибе, солон, манжуга, Кең дүйнөсү тар болуп, Айдап барып Лопнурга, Баарысы өлүп жоголуп, Жана Калдык барыптыр, Жалгыз башы кокойуп, Шибе, солон, манжуда. Бөлөк-бөлөк топ болуп, Калдыктын алып буйругун, Хан кылар киши жок болуп, Калдыкка ээрчип бөлүндү, Моңгулдун эли чөкчөйүп, Карысы көп, жашы аз, Карасаң элди бөкчөйүп, Калдыктын жүрүп артынан, Азайып кетти түгөнүп, Кыйары Калдык баргандан, Солон, шибе, манжудан, Кеп кеңешке чакырып, Көп жыйнады булардан. Кээ-кээсинде арамза, Күлө сүйлөп жагынып, Кыйамына келгенде, Кыйкырып сүйлөп бакырып, Бир ийинге сийгизди, Беш урукту жапырып, Бекбача келип калат деп. Күчүн топтоп шашылып, Найза сайар шыктуудан, Балта чабар мыктуудан, Кылычка кыйын ыктуудан, Атканын жазбас мергенден, Керичке огун кергенден, Билеги жоон балбандан, Бири миңди алгандан. Жеңишке шашып чыккандан, Беттешкенин жыккандан, Этегин жеңин түргөндөн, Мен эрмин деп жүргөндөн, Мактап койсо көпкөндөн, Жалынга кирген өрттөнгөн, Өзүнүн алын билбеген, Үйүр-дүйүр сүйлөгөн, Бөрк ал десе баш алган,

Кан ал десе жан алган, Ак-караны билбеген, Айбан катар андайдан, Он миңге санын толтуруп, Айабай Калдык камданган, Базарда жүргөн катындан, Баарын билген жакырдан, Чычкан ооз, бака көз, Ээги түшүп калса да, Эпилдеп айткан кыйын сөз, Барынча кийип жасанган, Базарга барган азандан, Кечкече өзүн саткандан, Кеч киргенде кайткандан, Тартынбаган кандайдан, Таамай кебин айткандан, Жалганды чындай эптеген, Кыз кыйалы кетпеген, «Канчыкты дөбөт каппайт» — деп, Мындайлардан камдаган. Этек жеңи кырчылган, Сан-сан болуп жыртылган, Кара сууга кан куйган, Мусаапырсынып отурган, Дубана сымап жандардан, Мындайдан канча камдаган, Жаш агызып тургандан, Жандай чуркап ыйлаган, Келе жаткан жолуна, Томолонуп жаткандан, Арыз дартын айткандан, Жер алдынан суу куйуп, Үйдүн ичин көлдөткөн., Мындайлардан камдаган, Табакка алтын салгандан, Алтын, күмүш зар эмес, Жанын айап калбаган, Албарстыча жалбарган, Кетенчиктеп бүгүлгөн, Келинден бетер жүгүнгөн, Кандыргалап бүгүлгөн, Катындан бетер жүгүнгөн, Сарбашыл койун жетелеп, Бата тилеп жүгүргөн, Чөгө түшө кеткенден, Чекеси жерге жеткенден, Мындайлардан камдаган, Акыл айтып жаткандан. Апкаарып кимден шашпаган. Нускасын элге жайылткан, Сөз менен элди байыткан, Көөнү кирдүү ким болсо, Күзгүдөй ачып жарыткан, Кеп баштаган өткөндөн, Өткөн менен кеткенден, Мукактанып калбаган, Боз торгойдой сайраган, Мындайлардан камдаган, Төлгө салып, бал ачкан, Бара жаткан кишини, Сенин багың мындай деп, Жалооруп сүйлөп какшаган, Минген атын мактаган, Үйүңдөкү катының, Жайы мындай экен деп, Суратпастан аны айткан, Түрө тиктеп мараган, Басканыңдан байкаган, Кандай адам болду деп, Артыңдан койдой кайтарган. Он күндүн алды жагында, Басып кеткен жериңден. Изиңди кууп тапкандан, Дубалап топо чачкандан, Токсон күн болгон жогуңду, Көргөндөй көзөп тапкандан, Булутту койбой эркине, Каргаса карын жаадырган, Жалгаса жамгыр жаадырган, Шаңкайып турган асмандан, Алдында минген атынан, Соорусуна кар жааган, Кулагына күн чалган, Минген ээси көрүнбөс, Жер чаңдаган шамалдан, Жалыны асман тиреген. Алоолонгон от жанган, Каары катуу айбандан, Азуулары качырган, Айуулары саксаңдап, Шерлер жүргөн чакчаңдап, Пилдер жүргөн томпоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп, Камандар жүргөн корсулдап, Жолборсу турган күркүрөп, Түргөн чийдей ажыдаар, Көздөрү турган жаркырап, Көрмөк тургай буларды, Атын уккан калтырап, Мындайлардан камдаган, Кызылкыз кылып сыйкырды, Таласта жүргөн күндөрү Эсине түшөт Калдыктын, Элестеп көзгө Бекбача, Түнүндө уктай албаган, Бул сапар жеңип алсам деп, Айанбастан камданган. Камдана берсин Калдык хан, Эми Бекбачадан мен айтам. Лопнурдан чыккан аттанып, Артынан түшүп Калдыктын, Кай тарапка кеткенин, Келе жатса из чалып, Куландынын сары сайында, Жагалмайдын өлүгү, Учурады капташып. Калдык таштап кеткени, Отуз ашуун күн болгон, Кажыр талап, жору жеп, Карга кузгун, турмайлык, Сагызган дагы конбогон. Бекбача келсе жакындап, Ээң келди дегенсип, Чакчыгайлар чакылдап, Качандан бери томсоруп, Дымбырдым жаткан сары сай, Закым учуп закылдап, Жан үзө элек жаткандай Жумулбай көзү жалтылдап, Болбосо Калдык көздөрүн, Чукуп алган олойтуп, Кулагы калган темирдей, Керилип турат калдайып. Болбосо Калдык кулагын, Кесип алган молойтуп.